Айттык эле болбоду
Ошентип, Алмаз Атамбаев Президенттик кызматына киришкенде эле өз кадрларын жипке тизгендей тизип кирди. Аппарат жетекчилигине Жантөрө Сатыбалдыевди алып келди эле, коомчулук, эл анчалык жактыра берген жок. Жардамчылыкка ошончодон Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон, орус мүнөз Абдил Сегизбаевди алганына эл эмес, биз деле түшүнө албай турабыз. Себеби, президенттин жардамчысы деги карапайым калктын арасынан чыккан, элеттин эмне менен дем алаа-рын билген, шефинен мурун элге жакын адам болсо болмок да. Ал дагы эч нерсе эмес, буга чейин элдин айтканына карабай, жытыгып калган баягы Фарид Ниязов деген эренди кеңешчи кылып дайындады. Кеңешчилик го расмий деле чечүүчү кызмат эмес деңизчи, бирок, эл башчысына элдик кишилердин кеңешчи болгону дурус болмок... айттык болбоду, өзүнөн көрсүн....


Жыл аяктады, убада кантти?
Жыл башынан бери айтылып келаткан бюджет тартыштыгы, күтүлүп жаткан ЕврАзЭСтен келбей калган кредит, улутташтырылган менчиктен түшпөй калган киреше, бюджет жоопкерчилигинен качып, президенттикке аттанган Атамбаев деген сыяктуу маалыматтардын фонунда биринчи вице премьер-министр Өмүрбек Бабановдун маалымат жыйынындагы кабары - чак түштөгү чагылгандай болду. Бабановдун айтымында, 2011-жылдын бюджети толугу менен аткарылып, өкмөт жаңы 2012-жылга кошумча акча каражаты менен кирет экен. Эмненин эсебинен?
"ЕврАзЭСтин Кризиске каршы фондусунан берилчү 106 млн. долларга жакын кредити келбей, улутташтыруудан киреше түшпөй калуу коркунучун эске алуу менен биз башынан эле алдын-ала коопсуздук чараларын көргөнбүз. Каражат казначей эсебинде топтолду. Минфиндин алдында чыгымдарды катуу көзөмөлдөө милдети коюлган. Бүгүнкү күндө 7 млрд. сом тартыштыктын 3 миллиарды жоюлду. Салык жана бажы төлөмдөрүнөн 1,2 млрд. сом киреше түшсө, баалуу кагаздарды чыгаруудан 1,5 млрд. сом түштү. Бюджет ссудаларын кайтаруудан 500 млн. сом каражат табылды", - деди Бабанов. Ошентип Атамбаев баштаган өкмөт бюджет боюнча жоопкерчилигин толук аткарып, Бабановдун айтуусунда жаңы 2010-жылга 2 млрд. сом суммада топтолгон акча менен кирет. "Биз коалиция түзүлүп жатканда бюджет аткарыла тургандыгын белгилегенбиз", - дейт Ө.Бабанов. Албетте, бул билдирүү, бирок, анын тактыгын ЖоКенин депуттары айтаар....


... Кремль
Нариман дейт
Премьер-министрлик кызматка кимдер келээри али табышмак болгону менен, көшөгө артында ой-даа кызык көрүнүштөр уланып жатыптыр. Биз билгенден капчыгында калың акчасы менен көкүрөгүндө ат башындай амбиция байлангандардын бир далайы бул кызматка талпынып жатышкан учуру. Бирок, ошолор да иргелип отуруп негизги эки талапкер кадимки вице Бабанов мырза менен экс-мэр Нариман Түлеев. Кызуу көк-бөрү талаш ушул экөөнүн ортосунда жүрүп жатканын эшиттик. Бирок узун кулактар кабарлашкандай, Орусия тарап экс-мэрге ыктап, экинчи талапкерге анчалык ишеним көрсөтпөй жаткан имиш. Ботом, Нарышкин мырза Нариманга кандай жан тартты деп таң калып турубуз. Балким жо-горку жагы ошондой деп чечкенби?


Сахнада -
Сапарбаев, Тербишалиев
"Ак-Жолдогу" балык ооз депутаттар парламентти байырлап турганда "Кел-Келчи" Алишер Мамасалиев деген жаш, анан калса курч депутатты анабашчы "шефтери" ошол кездеги оппозициялык кесиптештери "СДПК" менен "Коммунистчи" депутаттарга тукуруп, аларды парламент трибунасынан жөн-салды эле иштерге колдорунан келишинче поктотчу эмес беле. Мындай курган дарт эми бул парламентарийлерге да жугуп, Ж.Сапарбаев менен Д.Тербишалиев бир кездери Мамасалиев баштаган ишти улантып жаткандай түс берүүдө. Буга акыркы учурдагы эле аты аталган эки эрендин парламенттеги айрым чектен чыгып, куру популисттик иш-аракетке өтүп бараткандары толук күбө. Шундан улам жаш парламентарийлер бул күндөр да өтөөрүн, керек болсо айрым маселелерде намыс кылбай эле Алишер акесинен кеңеш сурап турушса, саясатта ары-бери урунду болгон акеси үкөлөрүнөн жарым ооз кеңешин аябайттыр деген ойго келесиң да.


"Сабировский саясат"
Экс- "Ак-Жолчу" депутат, кадимки канкор Жаныш Бакиевдин кан досу Алишер Сабиров деген эрен бар эмес беле. Былтыркы кандуу окуялардан кийин жиги билинбей жоголгон. Мына ошол Сабиров доорон сүрүп турган учурунда Бишкектин "Турбаза" базарынын жанына "Жибек-Жолу" аталышында базар ача койгон. Ачсын. Анысына ич тардык жок деңизчи. Бирок, даана былгытма "Сабировский саясат" мына ушул жерде өкүм сүрүүдө. Тагыраагы, туура бир жыл мурун базардын жанындагы көчө боюнда жайгашкан соодагерлерди күч менен өз базарына кууп кирип байырлата коём деп балээге кабыла жаздаган. (Айрым соодагерлердин өкүм зордугуңду токтотпосоң базарын эмес башкасын да өрттөйбүз деген эскертүүсүнөн соң). Эми былтыркы саясаты кайрадан уланып, жергиликтүү соодагерлерди "биздин контейнерлерге гана соода кыласынар" таризинде ормон-опуза кылып жаткандыгын кулагыбыз чалды. Бул сапар мындай иштердин башында Алишер акенин аялы тургандыгы маалым болууда. Аял кишинин көпкөнү башкача болчу эле. Деги, сак болсок экен, көпкөнү көпчүлүккө тийбей.