Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ойлордун туу чокусу үшкүрүк
Биз кул болуп
жашагыбыз келбейт
"Жашоо - бейиш, биз бейиштин тозогунда жашайбыз! Тозогу ушул -
Кул эмеспиз, кулдай жашап келебиз. Кулдай жашап, кулдай иштеп…
Биз байлыктын, биз бийликтин кулубуз!
Каалагандай пайдаланат акылыбыз, эмгегибиз, күчүбүз -
өз тагдырыбызга да ээ эмеспиз өзүбүз. Укугубуз, эркиндигибиз да кесилген,
ар бир баскан кадамыбыз ченелип да бычылып, сүйлөр сөздү чектешкен.
Күлкүбүз да, ыйыбыз да башкаларга тийиштүү, алар гана күлсө күлүп,
Ыйласа ыйлап… биз ошого топук кылып жашайбыз.
Жашоо - бейиш, биз бейиштин тозогунда жашайбыз!
Жашоо - тозок, биз тозоктун бейишинде жашайбыз.
... Кул эмеспиз, кулдай жашап келебиз" деген ыр саптарым эске түштү.
Турмуштун ачуу чындыгы ошол. Биз кул эмеспиз, бирок акыркы жыйырма жылда кулдан айырмабыз жок калды. Өзүбүздү канчалык алдабайлы, сооротпойлу, кулдай жашап, кулдай эмгектенип келатабыз. Кыргызстан тизелебесе да, бир бутуна сыңар тизелеп турат.
Биз, баарыбыз жана ар бирибиз чындыкка жана акыйкатка тике карашыбыз керек. Бүгүн ондогон жана жүздөгөн мекендештер Кыргызстандын чегинен тышкары гана эмес, Кыргызстанда кул болбосо да, кулдай жашап, кулдай эмгектенип жатышат. Өткөндө эле, "Азаттык" радиостанциясы: "Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси жылына чет өлкөгө иштейм деп барган кеминде 200дөй жаранды кулчулуктан куткарат. Бирок быйыл жыл башынан бери эле кулчулукка кабылгандардын саны 400кө жеткенин кеңсенин жетекчиси Бермет Молдобаева билдирди" деп кабар таратты. Ушул алакандай кабардан эле, мекендештерибиздин арасынан кулчулук азапты тарткандардын саны жылдан жылга көбөйүп баратканы факт эмей эмне.
Кулчулук - жеке адамдын трагедиясы эмес. Бул - бүтүндөй элдин трагедиясы. Бул - Кыргызстандын трагедиясы. Демек, бүгүн Кыргызстандын атуулдары кул болуп жатса, анда эртең Кыргызстандын башка мамлекеттин алдында кул болуп калуу коркунучу бар. Биз мына ушул чындыкка тике карашыбыз керек.
Мен Кыргызстандын келечегине оптимисттик көзкараш жана маанай менен карагым келер эле. Бирок, турмуш чындыгы башка. Кыргызстан бүгүн чет мамлекеттерге жана чет элдик финансы мекемелерине 2 миллиард 865 миллион карыз. Быйылкы жылдын бюджети 20 миллиард сом таңсыктык менен кабыл алынган. Кийинки жылдын бюджети жыргап кеткен жери жок. Ал жылдын бюджетинде да ошончо таңсыктык бар. Бул - карыз үстүнө карыз алуу керек дегенди түшүндүрөт. Оорулуу адам кислород менен дем алып калгандай, карызы жок жашай албай калдык. А сата турган мамлекеттик мүлктү дээрлик акыркы кирпичине чейин сатып койгондой болдук. "Центеррадагы" 33%тик мамлекеттик үлүш деле Кыргызстанды экономикалык оор абалдан алып чыгып кетет деп айтуу кыйын. "Мегакомдогу" Максим Бакиевден мураска калган 49% акция деле жыртык-тешигибизди бүтөп жиберери күмөн. Дагы башка эмнебиз бар? Алтын кендериби? 700 тонна алтыны Кумтөр жыргатпаган, башка алтын кендери жыргатмак беле? Суубузду сатабыз дейбиз, электр энергиясын сатабыз дейбиз, ал деле өзүбүздү алдап-соороткон нерсе.
Атамбаев Кыргызстандын башына өтө оор мезгилде келди. Анан да: "Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз!" деп, тарыхка жүрөк титиреткен чакырык таштап олтурат. Биз, Кыргызстандын эли да эч качан тизелегибиз келбейт. Кул болуп жашагыбыз келбейт. "Биз тизелебейбиз, тизелеп жашагандан көрө өлгөн артык" деген чакырык алгач ирет 2006-жылдын ноябрь митингдеринде, Бакиев бийлигине карата айтылган болчу. Андан бери арадан төрт жыл өттү. Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7-апрелинде "тизелеп жашагандан көрө өлгөн артык экенин" далилдеди. Эми Кыргызстан да башка мамлекеттер алдында "тизелеп жашабай" тургандыгын далилдей алабы кеп ошондо. Биз эч качан кул болбостугубузду далилдей алабызбы?
Маселе ушунда. Эмне кылуу керек??? Эгемендүү Кыргызстанды канткенде башка мамлекеттерден болгон экономикалык көзкарандылыктан, "тизелеп жашоодон" куткара алабыз? Бул президент Атамбаевди гана эмес, ар бирибизди, атамекенин сүйгөн, кул болуп жашагысы келбеген ар бир адамды ойлонтууга тийиш. +з кезегинде мамлекет да өз элин өз жеринде жана башка мамлекеттерде кул болбой жашашы үчүн кепилдик кылуусу абзел. Кыргызстан жана анын эли мына ушул опол тоодой амбиция менен жашоосу керек.
Мунун баары барып-келип тышкы карыздар маселесине такалат. Кыргызстан өзүнүн эгемендүү тарыхында 3 миллиарддан ашуун карыз алса, анын 30-40%ти гана максаттуу пайдаланылган деп жүрөбүз. Анда калган акчалар кайда кетти? Эмнеге жумшалды? Атамбаев бийлиги бүгүн ушул маселени ачыктап, бул суроолорго жооп берүүгө тийиш. Ошондо гана Кыргызстанды 20 жыл бою максаттуу түрдө кургуйга түртүп, жок кылууга багытталган системанын маңызы ачыкка чыгат. Кыргызстандын душмандарынын бети ачылат. Кыргызстанды тизелетип, кул кылууга багытталган системанын жана анын аткаруучуларынын чыныгы жүзүн ачпай туруп, жаңы Кыргызстанды ку-рууга мүмкүн эмес.
Кыргызстандын 2 миллиард 865 миллион карызын - Кыргызстан жана анын эли эмес, Кыргызстанды ушул туңгуюк абалга апкелгендер төлөөгө тийиш. Бири Москвада, бири Минскиде жаткан качкын президенттер жана алардын жан-жөкөрлөрү эл алдында жана тарых алдында жооп бермейин, жаңы Кыргызстандын тарыхын ача албайбыз. Ансыз Кыргызстандагы коррупциялашкан жана криминалдашкан системаны түп-тамырынан жок кылууга мүмкүн эмес. Кыргызстанды башка мамлекеттер алдында экономикалык жактан көзкаранды кылган адамдар жазаларын алмайын - коррупция жана криминал бир башын кыйып салса, анын ордуна эки баш өсүп чыккан ажыдаардай жашай берет.
"Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз!". Бул опол тоодой бийик амбиция. Ким эле тизелегиси келсин?!! Ким эле кул болуп жашагысы келсин?!! Бирок, чет жерде кулчулукта жашап жаткан мекендештерибиздин саны жылдан жылга өсүп баратат. Бул - жеке адамдын трагедиясы эмес, бул - элдин трагедиясы, бул - Кыргызстандын трагедиясы!!! Мамлекет башына акыры ушуну түшүнгөн адам келген экен. Ушуга да шүгүр. Бирок, Кыргызстанды кулчулуктан сактап калуу, ал жеке гана Атамбаевдин иши эмес. Ал баарыбыздын, анын ичинде Кыргызстандын карызы 3 миллиард АКШ долларын көрүп-билип туруп, 20 миллиарддан таңсыктыгы бар республикалык бюджеттен кара курсагы үчүн 1 миллиард сом сураган парламенттин да иши. Аттигиниң десең парламенттик-президенттик болгон Кыргызстанда парламент өз кара курсагын гана ойлогону албетте өкүнүчтүү.
Бүгүн Кыргызстан тарыхтын жаңы барактарын ачуунун алдында турат. Эгер, биз жаңы Кыргызстанды кура албасак, анда Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт!

Болотбек Таштаналиев






400 адам
кулчулуктан куткарылды
Поездге түшүп, миңдеген чакырымдарды басып, бөтөн жерде акча табууну көздөгөн мигранттардын баары эле барган жеринен бакыт таба албайт экен. Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси жылына чет өлкөгө иштейм деп барган кеминде 200дөй жаранды кулчулуктан куткарат. Бирок быйыл жыл башынан бери эле кулчулукка кабылгандардын саны 400гө жеткенин кеңсенин жетекчиси Бермет Молдобаева билдирүүдө:

- 2011-жылы кулчулукка кабылгандардын саны кескин өстү. Бул Кыргызстандан чет жакка чыккандардын саны көбөйгөнү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Көпчүлүк адамдар коогалаң өңдүү социалдык карама-каршылыктардан коркуп, өлкөдөн кетип жатышат. Алар эч ким менен кеңешпей, чукулунан чет өлкөгө сапар алып, ал жакта кыйын абалга туш болуп калышууда. Мындан улам биз чет өлкөдөн куткарып келген адамдардын саны эки эсеге өсүп жатат. Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстандан кеткен эркек кишилер көбүрөөк Орусия жана Казакстанда кулчулукка кабылып, кара жумушка салынат. Ал эми кыргызстандык кыздар көбүнее Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында сексуалдык кулчулукка туш болуп келишет. Соңку мезгилде Кытайда да кулчулуктун ар кыл түрүнө кабылган кыргыз жарандары бар экен. Адистер мигранттардын кулчулукка кабылышынын негизги себебин маалыматтын жетишсиздиги, мыйзамды билбегени менен байланыштырып келишет.
Жакында Жогорку Кеңеш адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбоорун жактырып, ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жогорулаган. АКШнын Мамлекеттик департаментинин быйылкы баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө 27 миллион эркек, аял жана бала кулчулуктун ар кыл формасынан жабыр тартат. Документке ылайык, Кыргызстандын 60 000 жараны өлкө ичинде да, сыртында да адам сатуунун курмандыктары болгон. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан кулчулукка туш болгон жарандарынын саны боюнча Борбор Азияда Өзбекстан менен Тажикстандан кийин үчүнчү орунда турат.

Кубат Касымбеков
"Азаттык"
(Макала кыскартылып
берилди)








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??