Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат...
Мектеп "ворлорду"
даярдайбы?

Акыркы жылдарда карышкырлар көбөйүп кетти. Андай карышкырлар мектепте да бар. Карышкыр деп, биз мектеп рэкеттерин айтып жатабыз. Соңку жылдарда мектеп рэкетчилиги күч алып, Кыргызстандын ар бир мектебине жайылып кетти. Мектеп рэкетчилигине кабылбаган бир да окуучу жок. Рэкетчилик өлкөбүздүн ар бир мектебинде өкүм сүрүп келет. Бул көйгөй коомчулуктун кайдыгерлик мамилесинен улам жаралууда.

Мектеп рэкетчилиги
качан башталат
Окуучу куракта талап-тоноо сыяктуу көрүнүштөр - балдар 6-7 класс болгондо башталат (мындан төмөнкү класстарда салык салуу сейрек кездешет). Ушул мезгилде алардан жогорку класстагы балдар 6-7 класстын окуучуларын өзүнө тартып, четинен "братишка" кыла баштайт. Рэкетчиликтин тузагына да түшүрүү өзүнчө бир система менен жүрөт. Оболу, улуу балдар өздөрүнөн кичүүлөрдү карап-билип, тыңыраактарын өзүнө тартып, аларды өзү теңдүүлөр арасында "отвечала", "смотрящий" кылып дайындайт. Ошол "отвечала", "смотрящий" наамын алган балдар аларга акча чогултуп турушат. Акча бербеген, тил укпаган балдарды уруп-токмоктошот. Бара-бара баардык балдар аларга баш ийип берүүгө аргасыз болушат. Ата-энесине же мугалим, милиция кызматкерлерине айткандарды "козёл" атка кондуруп, ар кандай зордук-зомбулукка алышат. Ошол себептен көп балдар ата-энесинен көп нерсени жашырып келишет. Акыркы убакта, рэкетчилик кылуу мектеп окуучусу үчүн милдеттүү болуп калды.
Өзүнөн кичүү балдар тил албай, карамагынан чыкпашы үчүн жума сайын же атайы белгиленген убакта мезгил-мезгили менен жогорку класстын балдары "сходняк" (чогулуш) өткөрүшөт. Чогулган жерден тигилердин тили менен айтканда, "косьяк" кетирген балдарга алчусун берип, бир сыйра демин суутушат. Айтканын айткандай кылган инилерин балдар алдында мактап, аларга эч ким тийбейт. Бул төмөнкү класстын балдарынын психикасына амалкөйлүү чабуул десе болот. Себеби, таяк жеген балдар "мен дагы тилин алып, айтканын эки кылбай, акча таап берип турсам, мага эч ким тийбейт" деп ойлоп, "братандарынын" айтканынан чыкпай калат. Бара-бара мектеп рекеттеринен жабыр тартып келген бала чоңойгондо өзү да алардын ордун басып, өзүнөн жашы кичүү балдарды уруп-сабоо менен алек болушат. Алар да "братишкаларына" рэкетчиликтин чоо-жайын түшүндүрүп, көргөн-билгенин үйрөтүшөт. Ошентип рэкетчиликтин саны тыйылбай, мектеп рэкетинен жабыркаган балдар эртең эле өздөрү рэкетчилик кыла башташат. Мунун аркасы менен акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасында талап-тоноо сымал көрүнүштөрдүн саны өсүүдө.

"Ворлордон" кем калбаган
мектеп рэкеттери
Мектептердин ар биринде өзүнүн "смотрящийлери" болот. Алардын ортосунда, кримавторитеттерде болгон пикир келишпестиктер сыяктуу чырлуу учурлай кездешет. Андайда, балдар чогулуп, оболу, кимдики туура, кимдики туура эместигин аныктап, чыр "түшүнүктөрдүн" негизинде чечилет. Алардын ортосундагы жаңжалда ашыкча сүйлөгөн сөзү үчүн да жооп беришет. Алар мыйзамдарды, башкача айтканда темир тор аркасынан келген мыйзамдарды бекем сакташат. Эч ким ошол мыйзамдын чегинен чыккан иштерге барбайт. А эгер ошондой жолго барса анысы үчүн сөзсүз жазасын алат.

Он гүлүнүн бир
гүлү ачылбай
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин адистеринин маалыматтарына таянсак, Кыргызстанда ар бир 3 күндө мектеп курагындагы бала өз өмүрүн өзү кыят. Бул көрүнүш 8-9 класстагы балдарда көп кезигери айтылган.
Окуучулар арасында өмүрүн кыйган балдардын саны жылдан жылга көбөйүп баратканы байкалат: 2009-жылы 76 болсо, 2010-жылы 94, 2011-жылы ушул күнгө чейин 110 окуя катталган. Окуучулар арасындагы бул көрүнүштү адистер, кедейлик менен байланыштырышат. Алардын белгилегени боюнча, жаш балдарды басымдуу бөлүгү тең курактуу балдар кедей деп кемсинткенинен улам өмүрүн кыюуда. Арийне, бул да окуучулардын ажалдан мурда, өз өмүрүнө кол салып жатканынын бир себеби болушу ыктымал. Бирок, анын башкы себеби, мектептеги рэкетчилик - уруп-сабоо, талап-тоноо, коркутуп-үркүтүүтүн натыйжасы болуп жатат. Себеби, таяк жеп же "козёл" атанып калган окуучулар ызасына чыдабай, көп учурда өлүм жолун тандашууда.
Мектеп рэкетчилигинин айынан балдар он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кезде ажалын тапкандар да бар. Мисалы, жакында эле Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылында 11чи жана 9-класстын балдарынын ортосунда чыр чыгып, анын жыйынтыгында 9-класстын окуучусу Аманбек Байгазиев каза болгон. Балдар Аманбекти кан тамырлары үзүлгөнчө сабашкан.
Былтыр Кыргызстанда мектептеги зордук-зомбулуктун себебинен 5 бала мерт кеткен. Бир мисал, Чүй облусунун Алыкул Осмонов атындагы орто мектепте 11-класстын окуучулары 10-класстын окуучусун сабап өлтүрүп, жети жылга темир тор аркасына кетишкен. Мындан тышкары, сабалып, бычак менен уруп кеткен фактылар ондоп саналат.
Элге билинип калган окуялар, мектепте болгон рекетчиликтин чети гана. Себеби, көп учурда таяк жеген балдар ар кайсы шылтоону айтып, рэкет балдар сабаганын жаап-жашырып келишет. Мындай фактылар күнүнө республика боюнча миңдеп саналат (Кыргызстанда жалпы 2000ден ашуун мектеп бар эмеспи). Айткан күндө да, ал чыр мектептен нары кетпей, ошол эле жерден тынч бүтүп калат. Жазасын албаган мектептин рэкет балдары кутуруп, эч нерседен кайра тартпай калат. Мунун жыйынтыгы, балдардын өлүмүнө, ата-эненин көз жашына алып келүүдө. Бирок, ага карабай мектеп мүдүрү, мугалим, милиция кызматкерлери, ата-энелердин көбү рэкетчиликти жаап-жашырып келишет.

Балдардан кем
калбаган кыздар
Кыздар да эркек балдардан кем калбай байма-бай рэкетчилик менен алектенишет. Алар да "түшүнүктөр" менен жашап, алардын арасында "сеструха" ж.б. түшүнүктөрү бар. Андай фактыларга коомчулук өзү деле күбө болуп жүрөт.

Нуржигит Болотбек уулу