Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Бир арман
80 жылдык тарыхты жазса да калыс болсун
"Азаттык" радиосунун кыргыз бөлүмү уюшулгандан бери кабарчы, баяндамачы жана жетекчиси болуп иштеген, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин менен байланышып, айрым су-роолорубузга жооп алдык.
- Саламатсызбы? Ден-соолугуңуз, үй-бүлөңүз жакшыбы?
- Саламат. Теңирге алкыш, ушул тапта ал-акыбалыбыз абдан жакшы.
- "Азаттыктын" учурдагы иштери кандай болууда?
- "Азаттык" үналгысы мултимедиялык маалымат каражаты катары улам жаңы жаштарды ишке тартып, мезгил талабына шайкеш иш алып барууда.
- Сизди тарыхчы катары билебиз. Коңшулаш казактар кытайдагы императорлук китепканадан өздөрүнүн 40 томдук тарыхын таап, жазып чыгышты. Журналисттер арасында "биздин тарыхчылардын баары журналист болуп кетип, кыргыз тарыхы жазылбай калды" деген сөздөр айтыла калып жүрөт. Кыргызстандын тарыхы жакшы изилденбегенине өкүнөсүзбү?
- Аз сандуу улуттардын тарыхчылары ар тараптуу иш алып барганы (анын ичинде публицистикада, журналистикада да иштегени) алгылыктуу. Маселе - сапатта гана.
Казактар 80 томдук кылып жазса да аларды колдоор элем. Эң башкысы - калыс жазылсын. Эгерде алар Эне-Сай Кыргыз каганатын эскербесе, орто кылымдардагы кыргыз-казак аскердик шериктигин жазбай койсо, 1925-жылга чейин автономиялык жумурияты Кыргыз АССРи деп аталганын айтпай койсо, анда 4000 томдук иш болсо да "тузсуз" болуп калат. Биз да Ички жана Борбор Азия тарыхын калыс жазууга умтулушубуз абзел. Кыргыз тарыхын иликтөө усулдары эми гана калыс, бейтарап калыпка түшүүдө, ошондуктан жаш тарыхчыларга акбата берели. Мурдагы бийликтеги көшөкөр тарыхчыларга моюн сунбай калыс кылган маркум Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев сыяктуу профессорлордун арбагына да таазим этем. Албетте, Кыргызстандын тарыхы жакшы изилденбегенине кабырга кайышат. Бирок, аны иликтеп жаткан заманбап окумуштуулардын (археолог, этнограф, булак таануучу, архив таануучу ж.б. адистердин) учурдагы ар тараптуу эмгегин да айтпай койо албайбыз.
- Улуттун тарыхын жазууга мамлекет тарабынан кандай кам көрүлүшү керек?
- Бул суроону, негизи, бийликтеги азаматтарга узатсак. Менин жеке пикиримде, мааракелерге байланыштуу гана каражат издөө чектелбестен, түшүмү 20 жылда келчү жаш адистерди даярдоо жаатына арбын акча бөлүү зарыл. Маселен, эски тибет же монгол тарыхый булактарын окуй турган мыкты адисти чет жактан даярдоого бери дегенде 10 жыл кетет. Бийликтин деле капчыгы жука, бирок ушундай коомдук демилгелерге колдоосун ачык билдирсе... Улуттук Академия жана анын Тарых институту, Кол жазмалар жана Чыгыш таануу тармактары да чукул реформаланышы, каржылык колдоо алынышы абзел.
- Тарыхты жазууга мамлекет акча бөлүп берсе, жазат белеңиз?
- Мамлекеттен акча албай эле ушул маселени чечүү үчүн огожо болчу азыноолак иштерди аткарып келебиз. Орто мектептерге арналган окуу китептерибиз чыкты. Алардын жоболорун айрым орусиячыл саясат таануучулар "улутчул" деп сындаганын билем, бирок биз (мен жана ондогон пикирдештерим) тарыхый окуяларды калыс чагылдырдык деп санайм. Ал эми көп томдук тарыхты жазуу максатында автордук жамаатты түзсөк (бир киши эмес, чыгармачыл жамаат автор болсо), анын ишин мамлекеттик бийлик жана башка коомдук колдоочулар чогуу каржылап берсе, жалпылама эмгекти интернетке да жарыялап бергендей долбоор жаратсак, албетте, мындай ишти жетектөөдөн качпас элем.
- Ал эми, "Азаттык" радиосун түптөгөн Азамат Алтай, Аким Өзгөн сыяктуу инсандардын тагдыры менен "Азаттыктын" тарыхын алып, кийин качандыр бир кезде мемуар жазам деп ойлойсузбу?
- Ошондой купуя долбоорум бар эле, эми сурооңуз аркылуу ачыкка чыгарып койдуңуз. Мен Азамат Алтайдын бир асыл кебин айтайын: "Азаттыктын" кийинки мууну бизден да мыкты иштеп жатасыңар" деп ал мага бир нече жолу айткан. Мен өзүм бул жамааттагы туруктуу иштен кеткенимден кийинки жаш муун биздин учурга салыштырмалуу алда канча динамикалуу иштеп жатат деп санайм. Ал эми "Азаттыкта" эле эмес, башка тармактарда деле мурда иштегенин колко кылып, "менин ишим гана мыкты болчу, азыркылар эчтекеге жарабайт" дегендей ойду кыйыр же түз жазган айрым калемгерлерге айтаарым - өзү тууралуу чыныгы бааны ар ким сырткаркы сынчыдан алат. "Карга да өз баласын "аппагым!" дейт" деген накыл кеп бар эмеспи.
- Бүгүнкү күндөгү биздин экономикалык кадамдарга Европадагы серепчи катары кандай карайсыз?
- Кечиресиз, Европада убактылуу турганым менен, бул суроого дилетант катары гана жооп айта алам. Кесибим - экономист эмес. Менимче, сырткы экономикалык саясат көп багыттуу дипломатиялык саясат менен коштолушу керек. Жалаң гана бир "Байкенин" этегине эрмешсек, анда акыры талаада калаарыбыз бышык. Себеби ошол "Байкенин" өзү ар тараптуу болууга тырышып, ДСУга кирем деп чабалактап жаткан кез. Азимбек Бекназаров жакында "Де Фактого" маек куруптур. Эски коррупциячыл чынжырды толук үзө албай жатканыбызды кейип айтыптыр. Мындайча айтканда, Максимдин жаңы "куйруктарына" бөгөт керек. Ички экономикалык саясат да көп багыттуу болуп, элетти бутуна тургузууга огожо болчу заманбап ишканаларды колдоого алуу керек. Маселен, кээ бир облустарда айыл-ападан сүт же эт чогултуп тим болбой, ошол жеринен эле каймак, чучук (колбаса) өндүрө башташканын уктум. Таластагы калайык алиги төө буурчакты чет жакка чийкизат катары сатып тим болбой, ошол жеринен эле каңылтыр же айнек идишке салып сыртка сатса (азыктык заманбап экспорттук технологияны алдыңкы орунга койсок), анда алда канча көп каражат табаар беле дейм.


Эми бул - "экономика тарыхчынын көзү менен бааланган" пикир, б.а. карапайым кишинин гана ою.
Нурайым
Рысмамбетова




Чынбы? Жалганы !
Кенди изилдөөгө эле 1381 млн сом инвестиция келдиби?

"Кумтөр" алтын кени Кыргызстан же Борбор Азия чөлкөмү эле эмес, дүйнө жүзү боюнча ири кендердин алдыңкы сабында турат, тагыраагы 7 орунда экендиги жалпыга маалым. Кыргызстандын кен байлыктары "Кумтөр" кени менен эле чектелип калбасы да белгилүү. Мисалы, Иштамберди - алтын запасы баш-аягы 36,4 т., Жерүй - 80,9 т., Талдыбулак 64,4 т., Андаш - алтын - 19,5 т., жез - 70т. Дүйнөлүк рынокто алтын бир унциясы эле 1500 доллардан ашык акчага бааланып жаткан жагдайда биздин жерде катылып жаткан байлыктын баш-аягына көз жеткис экендиги талашсыз.

Мындай шартта тоо-кен иштетүү тармагын алгылыктуу иштетип, учурдагы күнүмдүк пайдасы эле эмес, жер алдында жаткан кендерибиздин кереги келечек муун үчүн да кызмат кылгандай абалды түзүү кажет. Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенамановдун кечээ жакында Жогорку Кеңештен билдирген маалыматына караганда, Кыргызстандын тоо-кендеринде жалпы жонунан 500 млрд. долларлык байлык жатат. Ал эми Кыргызстан тоо-кен ассоциациясынын башчысы Валентин Богдецкийдин айтуусу боюнча ал кен байлыктарды казып иштетүүдөгү алгачкы иш-аракеттер үчүн 4-5 млрд. доллар керектелет. Биздин жерде катылып жаткан кен байлыктардын куну канчалык экендигин элестетип көрүңүз.
Тоо-кен тармагынын экономикага тийгизген таасири чоң, адистер "мультипликативдик эффект" деп атап коюшкандыгы да жөн жерден эмес. Бул тармактын ийгилиги жалпы эле экономикабыздын жетишкендиги, демек өлкөбүздүн жеңиши, калкыбыздын турмушунун жогорулоосуна түздөн-түз түзүлгөн шарт деп айтууга болот. Маселен жакынкы келечекте ишке берилип, өз натыйжасын бере турган кен байлыктарды алалы.
2011-жылдын сентябрь айында Ала-Бука районундагы Иштамберди кенин иштетүүчү ишкананын курулушу аяктады. Ала-Бука районундагы алтын жана жез кендери жайгашкан Бозымчак кенин иштетүү боюнча курулуш иштери башталды. Мындан сырткары Чаткал районундагы Жамгыр кенинде курулуш иштери башталып, ал эми Караказык жана Левобережный кендеринде долбоорлор менен иштөө активдүү фазасын аяктап калышты. Аталган ишканаларда 1200 жумушчу орун түзүлмөкчү. Мындан сырткары 2011-жылы республика боюнча көмүр, кирпич, гипс өңдүү продукцияларды чыгара турган 36 чакан ишкана ишке кирип, активдүү иштеп жатат. Алсак Жалал-Абад областында 8, ошто 12, Баткенде 6, Нарында 2, Ысык-Көлдө 4, Чүйдө 6 ишкана ишке кирди. Бул ишканаларда жалпысынан 850 адам туруктуу иштесе, жыл аягына чейин кыйыр түрдө эмгектенгендердин саны 2975 адам болмокчу.
Жакынкы келечек демекчи, 2012-2014-жылдары жаңыдан ачылып, ишке бериле турган ишканалардын эсебинен 7220 жумушчу орун түзүлүп, кыйыр түрдө эмгектенгендердин саны 25270 адам болмокчу. Анын ичинде Жалал-Абад областында 7350, Таласта 5635, Ошто 1575, Баткенде 1785, Нарында 635, Ысык-көлдө 3675, ал эми Чүйдө 4495 адам ишке тартылмакчы.
2012-жылга карата болгон болжолго ыла-йык тоо-кен өндүрүш тармагындагы ишканалардын продукциясынын көлөмү 125,5 млрд. сомго, 2013-жылы 132,2 млрд. сомго, 2014-жылга карата 150,5 млрд. сомго жетет. 2012-жылга карата 10,2 млрд. сом түзө турган салыктын көлөмү 2014-жылга 12,2 млрд. сомго жетиши күтүлүүдө.
Мындай оптимисттик маанай учурдагы кырдаал шарттан улам пландаштырылууда. Ал эми азыркы абал жөнүндө айта турган болсок, 2011-жылдын 10 айынын көрсөткүчтөрүнөн улам тоо-кен ишканаларынын дүң продукциясынын көлөмү 95,8 млрд. сомго жетүүсү күтүлүүдө, болжол боюнча 92,7 млрд. сом күтүлгөндүгүн эске алсак, жакшы жетишкендиктер орун алгандыгы айдан ачык болуп турат. Ал эми 6,2 млрд. сом болот деп күтүлүп жаткан салыктын көлөмү 7,5 млрд. сомго жетээрин айтышат.
Инвестиция демекчи, 2010-жылы түз инвестициялардын көлөмү 10470 млн. сом болгон. 2011-жылдын 6 айына карата түз инвестициялардын көлөмү 7577 млн. сомду түзду, жыл аягына чейин бул көрсөткүчтүн 12,5 млрд. сомго жетиши күтүлүүдө. 2010-жылы геологиялык чалгын иштерине болгон жеке инвестициялар 2,1 млрд. сомду түзгөн болсо, 2011-жылдын 6 айынын жыйынтыгында 1381 млн. сом болду, жыл этегине чейин бул көрсөткүч 2,2 млрд. сомго жетиши күтүлүүдө дешет адистер. Болсун деп туралы.

Мирлан Өмүралиев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??