Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Адамдын тагдыры
"Манас деген аты үчүн, инимди
18 жылга кесип жиберишти"


Редакциябызга, ак жеринен темир тор артына жөнөтүлгөн инисинин тагдырына кейип, Кызыроев Самат баш бакты. "Бу заман эмне болуп баратат, адилеттик, акыйкаттык кайда?" деп, күйүнүп жаткан Самат мырзанын көздөрүнөн адамдарга болгон көңүл калуу менен катар үмүт учкундарын да байкоого болоор эле. Аргасы түгөнгөндө, бийлик башындагы аттуу баш-
туулардан жардам сураган Самат байкеден окуянын чоо-жайын угуп отурдук.

Окуя кандайча
башталган?
2010-жылдын 4-апрелинде бир канча милиция кызматкери Кыргызстанда иштеп жүргөн Кытай жарандарынын үйүнө кол салып, тоноого алышкан экен. Беткап кийип, удургутуп кирип барган "пагончон карышкырлар" ал жерден бир кытай жаранынын өлтүрүп алышып, изин жашырууга жетишишкен. Укук коргоочулар бул иш боюнча иликтөө баштап, окуя болгон үйдөн Ж.у. Адилетке таандык банкоматтык картаны таап алышат. Бир ай өтпөй картанын ээси өзү келип, ал окуяга аргасыздан катышып калганын баян этет. Тагыраак айтканда ал такси айдоочусу болуп баргам деп түшүндүргөн. Башка ашыкча сөздү оозунан чыгарбаган Ж.у.Адилет ошондо эле камакка алынган. Ал эми кытай жарандары болсо адегенде беткап кийип кирип келген тоногучтарды тааный албай коюшкандыктарын, ур-токмоктон ээстери ооп жатканын айтышып, тоногондор үчөө болгонун гана билдиришкен. Тергөөчү Алибиев Каныбек жүргүзгөн ал сурактардын баары кагаз бетине түшүрүлгөн. Бирок кийин экинчи суракта, кытайлыктар аларды тоногондор, "Манас" деген ысымды айтып кайрылып жатышкан болчу деп мурда айтылбаган жаңы көрсөтмөнү беришкен. Тергөөчү бардык укук коргоо органдарында иштеген Манас аттууларды чакыртышат. Бирок эч ким деле келген эмес экен. Дал ушул убакта менин укук коргоо органдарында иштеген иним Кызыроев Манас жаңы эле отпуск алып, көлгө түшүп келүүгө камданып жаткан. Аны да начальниги тергөөчүгө кайрыла кетчи дегенинен, оюнда эч нерсе жок эле кирип барыптыр. Ал жактан тергөөчү Алибиев Каныбек, кытайлардын маңдайына инимди коюп ушул окшош бекен деп сураганда. Тигилер "похож" деп айтышкан экен. Ошону менен "похож" деген сөздүн аркасында, Манас деген аты үчүн башка эч бир далили жок эле камап салышкан. Ошондон бери бир жарым жыл бою иним СИЗОдо жатат. А берки кытайлар ооба ушул болчу, биз муну таанып калганбыз деп башка көрсөтмөлөрдү бере башташкан. А биринчи көрсөтмөлөрүндө ээсибиз ооп жатканбыз деп айтышкан да. Анан эмнегедир эле баягы кирип келген тоногучтар үчөө болчу деген сөзүнөн тайышып, төртөө болгон деп жаңы сөздөрдү кошо башташты. Кийин бул тергөө иши башка Валимамедов аттуу тергөөчүгө өткөрүлгөндөн тарта окуяга катышкан Ж.у.Адилеттин Манас аттуу адам жок болчу, бул бала ал жерде болгон эмес дегенине карабай эле иш сотко ашып кетти. Жыйынтыгында сот ошол окуяга катышкан Ж.у.Адилетти 15, күнөөсү эч далилденбеген иним Кызыроев Манасты 18 жылга кесип жиберди. Күйбөгөн жер күл болот экен. Апам ооруп, атамдын кан басымы көтөрүлүп не кылаарыбызды билбей калдык.

Мындай кылмыш
инимдин колунан
келмек эмес
Иним Манас кой оозунан чөп албаган жигит. Өзү бойлуу, олбурлуу болгону менен, бир аз коркогураак да болчу. Анын башканын үйүн тоноп, кимдир бирөөнү өлтүрүп коюушун элестетүү мүмкүн эмес. Себеби кыз ала качып, үйлөнтүп коелу десек ал деген мыйзамга каршы келет болбойт деп чочулаганы бар. Анын үстүнө Манас аттууларды тергөөчү Алибиев чакырганда, оюнда эч нерсе жок эле кирип барган, кылмыш кылган адам антпейт эле го. Жашырынат, сактанат эле. Инимдин жооштугунан пайдаланып камап коюшкан боюнча, жаңы бир кошумчаларды киргизип жатышып, темир тор артына салып коюшту, апам боздоп калды.
Кытайлыктар көрсөтмөлөрдү түрдүүчө беришкен. Биринде тоноп жатышканда беткапчан болушчу, эч кимди тааныган эмеспиз, көрсөтсөңөр да тааный албайбыз деп жатышса, кийин тааныйбыз, дал ушул Манас болчу деп чыга келишти. Баягы беткабы бар эле деген сөздү унутушкандай. Баса окуя болгон жерде видокамералар коюлган экен. Ошол камералардагы маалыматтар менен таанышалы десек, ал күндөрдөгү тасмалар жок экенин айтып чыгышты.

Кыргыздар кайдыгер болуп бүтүппүз
Иним камакка алынган күндөн тарта, үй жайды таштап ушул жакта жүрөм. Колубузда болгон оокатыбызды сатып, жактоочуларга жумшап жатабыз. Кичинекей балдарым жүрөт жанымда, аялым Россияга жумуш издеп кетти. Бир тууган дегенде кантип четте карап турасың. Анын үстүнө иним баарыбыздын сүймөнчүгүбүз болучу. Өкүнүчтүүсү айрым кыргыз адвокаттар таптакыр көңүлдү калтырышты, ишти алдыга жылдырып, иликтөө жүргүзүүнүн ордуна акча гана талап кылышат. Бергенден кийин таптырбай жоголушат. Бирөө 500 доллар алган, кийин бош эмесмин деп эле келбей койду. Андан кийин бир эже менен сүйлөшүп, иштеше баштадык, эки ай бою акчасын төлөдүк, сот ишине кечигип келип катышып, акча доолаганы болбосо кадимкидей кайдыгерлик жасап жатты. Акыры бөлөк улуттагы эле адвокат менен сүйлөшүүгө аргасыз болдум. Ушуга чейин бир сом ала элек, иниңдин күнөөсүздүгүн далилдейли анан ыраазычылык билдиресиң деп жүрөт. Кыргыздар бири-бирибизге болгон күйүмдүүлүгүбүздү жоготуппуз.

Кылмыш болгон
күнү иним күзөттө
болгон, сот муну
этибар албады
Ал эми сот залында, чырылдап боздогонубуздан айла деле болгон жок. Свердлов районунун соту Жаңыл Мамбеталиева айым, эмне мынча оор чечим чыгарып койгонун түшүнүп болбойт. Анын алдына, бардык такталган документтерди жайып берсек да аларды кароодон баш тартты. Биринчиден кылмыш болгон 4-апрель күнү, иним күзөттө болгон экен. Муну анын 9 кесиптеши тактап бере алабыз деп келишкен, аларды да уккан жок. Ал эми кытайлык жарандардын жактоочуларынын бардык чоо-жайларын карап отурду. Фактылар дал келбеген учурлар аябай көп болду.

Кытайлардын сөзү
угулуп, бизге
көңүл бөлүнбөдү
Баарынан да окуяга түздөн-түз катышкан Ж.у.Адилет ошол сот залынан: "Жолдош судья бул отурган жигитте эч күнөө жок. Окуяда ал жок болучу. Карапайым, бир күнөөсүздүн тагдырына балта чаппаңыз" дегенин кулак сыртынан эле кетиргендей болду. Мурда сурактарда да Адилет Манас абдан олбурлуу экендигин айтып, тоноого катышкан балдар мынчалык чоң эмес болчу деп какшап айткан. Кандай гана сот иши болбосун, эки тараптын тең оюн угуу керектир. Эмне үчүн өз сөзүнөн бир канча жолу тайган кытай ишкерлеринин сөзүн угат да, далай дал келбестиктерди аныктап жаткан биздин жактоочуну этибар албайт.
Алибиев Каныбектин алгачкы сурагында, кытай ишкерлеринин орусча айтылган сөзү даана так жазылып турат"их было трое в масках. Нет, не смогу опознать" деп. Буга кошумча окуя болгон жердеги кол издеринин (отпечатки пальцев) бириси да Манастыкына туура келбейт. Андай нерселер таптакыр каралган жок. Акырында 18 жылга кескени аз болгондой, дагы жүз миң сом штраф, 30 миң сом дагы бир нерсесине, кайра каза болгон кытай жаранына жылына акча төлөп берүүнү милдеттендирип койду. Кыжаалат болуп жатып, кимге канча суммадагы акча бергиле деп мойнубузга илгенин элес албапмын.

Урматтуу Алмаз
Шаршенович,
Акыйкатчы
Турсунбек Акун!
Айла жоктон бул окуяны айтып, силердин гезит аркылуу бийлик төбөлдөрүнөн, ошол эле жаңы шайланган президент А.Атамбаевден, Акыйкатчы Турсунбек Акундан жардам сурайын деп келдим. Башка эч аргам калган жок. Жапжаш инимди күнөөсүз жерден, жалган жалаа менен далилденбеген кылмыш иштерине кошоктоп, тагдырына балта чабылышына жол бербеңиздер! Мен сиздерден суранам! Бүгүн карапайым адамдардын үнүн эч ким укпай калгандай, элес албагандай. Бардыгы акча, мансапка карап мамиле кылууга өтүшүптүр. Минтип отурсак балдарыбыздын Кыргызстан мамлекетинде жашап өмүр сүрүүсү коопту болуп калат. Манас деген атты алып жүргөнү, "похож" деген кытай ишкерлеринин божомол сөзүнөн чыккан уч-кыйырсыз бул иш, инимди чүнчүтүп жиберди. Анын да балким мамлекетине кереги тиймек, ал кылмыш жасаганга жөндөмсүз болуучу. Жасабаган кылмыш үчүн 18 жыл абакта отурууну сиздер деле каалабасаңыздар керек. Көз кырыңыздарды салып, адилеттүү чечим чыгышын көзөмөлдөй көрүңүздөр!

Мирлан Өмүралиев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??