Сөз сурайм, сөз бергиле
Тыюу салып, бут тосуудан ким утат?..

Тилекке каршы, кийинки кезде Кыргызстанда айрым мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча чечимдер ар кандай топтордун, митингке чыккандардын жана ким бийигирээк кыйкыргандар менен өмгөгү күчтүү опузачылардын кысымы алдында, терең ойлонулбай, ар тараптан талданбастан кабыл алынып калчу болду. Жогорку Кеңеш бир отурганда үч окумда кабыл алып, президент Р.Отунбаева кол койгон рес-публика аймагында оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам мына ошонун айкын мисалы.

Арийне, бул да болсо иши кылып эле мыйзамдын тез арада кабыл алынышына жетишүүнү көздөгөн тараптардын мамлекеттин кызыкчылыгы менен кымындай да коошпогон, жеке кызыкчылыктарга жетеленген катуу далбастарынын натыйжасы экенинде талаш жок. Журтчулукка ар тараптан терең талданбаган бир жактуу пикирди таңуулоо жана коомубузда чынында эле орун алган айрым көйгөйлөрдүн пайда болушун чолок түшүндүрүү аракеттери жай чилдесинде башталды да, шашылыш жана чийки иштелип чыккан мыйзам Жогорку Кеңеште чагылгандай тездик менен кабыл алынып, мамлекет башчысы кол койгонго чейин басаңдаган жок. Ал эми бул мыйзамды кабыл алуунун зыяндуу жактарын так далилдер, күчтүү аргументтер менен негиздешкен көз каранды эмес эксперттерди, бул тармакта эмгектенишкен адистерди мындай кой, көптөгөн мамлекеттик органдардын аттуу-баштуу жетекчилеринин да пикирлери эске алынбай кала берди.
Мисалы, бул маселенин чечилиши туура эмес багытта бара жатканына баарынан мурда рес-публиканын премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов тынчсыздануусун билдирген. Ал оюн автоматтары орнотулган бардык залдарды жоюп, салык салуунун өзгөчө шарттары менен казинолорду калтырууну сунуш кылган. "Калк көңүл ачуучу жай катары караган оюн-зоок залдарынын саны кес-кин көбөйдү. Эгерде биз аларды жаап салсак, андан эч нерсе жоготпойбуз",- деген ошондо Ө. Бабанов. Казинолорду жаап салуу алардын көмүскөгө кетишине түрткү болот, андан көрө азыр иштеп жаткан казинолорго жогорулатылган салык салып, ал эми жаңы ачылгандары 1 миллион АКШ долларынан кем эмес салык төлөй тургандай кылышыбыз керек деген оюн айткан ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу. Ал бул каражаттарды бир жерге топтоо үчүн атайын эсеп ачып, чогулган каражаттын ар бир сомун кары-картаңдар жана балдар интернаттарын каржылоого жумшоону сунуш кылган.
Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында каржы чөйрөсүн жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматы (Госфиннадзор) оюн-зоок мекемелери жабылса, быйыл республикалык бюджет 550 миллион сомго жакын каражаттан кол жууй тургандыгын эскерткен. "Бул тармакта иштеген 15 миңге чукул кызматкерлер жумушсуз калышат. Мурда 10 жылга берилген лицензияларды жокко чыгаруу инвесторлордун мамлекетке болгон ишенимине доо кетирет. Оюн-зоок мекемелеринин иштөөсүнө бир жактуу тыюу салуу бул бизнести көмүскөгө түртүп, жашыруун оюн-зоок притондорунун көбөйүшүнө, алардын фискалдык, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен тамырлашып кетишине алып келет", деп эсептешет каржы көзөмөлү кызматынын адистери.
Белгилүү экономист Жумакадыр Акенеевдин ою боюнча, Кыргызстандын экономикасы эңшерилип турган учурда казына үчүн оюн-зоок бизнесинен түшкөн аз эмес каражаттар эч убакта ашыктык кылбайт. Ушундай оор шартта бул каражаттардан кечип коюш керек дегендик - бул демагогия. "Мындан бир нече жыл мурда да оюн-зоок ишмердигине тыюу салган мыйзам кабыл алынган болчу, бирок, андан эч кандай жакшы майнап чыккан эмес",-дейт ал.
- Оюн-зоок жана көңүл ачуучу комплекс-тердин Ассоциациясы казинолордон түшкөн кирешелерден төлөнүүчү салыктардын көлөмүн 1 миллиард сомго жеткирүүнү сунуштап жатышы көңүл бурууга арзыйт,-дейт экономист Ж. Акенеев. - Менимче, экономика маселелерин жакшы түшүнгөн өлкөнүн жаңы шайланган президенти бул маселеге бир жактуу мамиле жасабастан, кабыл алынган мыйзамды кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүшү мүмкүн.
Адам укуктарын коргоочу абройлуу мекеменин жетекчиси катары Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун да мыйзамдын кабыл алынышы менен миңдеген жумушсуздардын пайда болушуна каршы чыккан.
Акыйкатчы өз кайрылуусунда мыйзамдын кабыл алынышы улуттук мыйзамдарга гана эмес, республика таанып, кол койгон көптөгөн эл аралык конвенцияларга жана башка эл аралык актыларга карама-каршы келерин, анын натыйжалары өлкө үчүн чечилиши өтө кыйынчылыкка тургудай чоң проблемаларды жаратаарын эскерткен. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу чоң шаарлардын борбордук көчөлөрүндө кадам сайын жайгашкан оюн автоматтарынын коомго орчундуу зыяны бар экендигин, ириде ошолордун айынан көптөгөн адамдар, айрыкча жаштар жашоого каражатсыз калып, нечен үй-бүлөлөр кыйрап жаткандыгын жакшы билет. Ошондуктан ал биринчи кезекте оюн автоматтарына тыюу салып, казинолордун ишин жөнгө салууну жана катуу көзөмөлгө алууну сунуш кылган. Турсунбек Акун 25 жашка чейинки жаштарды казинолорго киргизбөө, казинолорго кирүү акысын көтөрүү жана казино ээлерин социалдык маселелерди чечүүгө кол кабыш кылууга, кайрымдуулук иштерине жигердүү катышууга милдеттендирүү керек деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин 21-ноябрда өткөн отурумунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов "оюн-зоок мекемелерине тыюу салынышы менен 2012-жылы шаар бюджети 450 миллион сомдон кол жууй тургандыгын" билдирди жана депутаттардан анын ордун толтуруунун жолун таап берүүнү өтүндү.
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынышынын терс таасирлерин айтып, оюн-зоок жана көңүл ачуучу комплекстердин Ассоциациясы да Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өлкө жетекчилигинин кулактарына бир нече жолу күмүш сырга илген. Ассоциация президенти Мирлан Ташманбетов мындай дейт:
- Мамлекеттик Салык кызматынын, Улуттук статистика комитетинин жана биздин Ассоциациянын маалыматтарына таянып жүргүзүлгөн Борборазиялык Эркин Базар институтунун (CAFMI) изилдөөсү көрсөткөндөй, оюн-зоок ишмердигине тыюу салуудан мамлекеттик бюджет 16 млрд. сом чыгаша тартат. Толук эсебин алуу мүмкүн болбогондуктан, бюджеттин кыйыр чыгымдары буга кирген жок. Демек, мамлекеттик бюджеттин чыгымдары жогоруда көрсөтүлгөндөгүдөн бир кыйла жогору болушу мүмкүн. Мисалы, жумуштан бошотулгандарга Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөк пулдун жалпы суммасы 20 миллион 360 миң сомго жетет. Мындан тышкары Граждандык кодекстин жоболоруна ылайык менчикке болгон укукту тыйган мыйзам актылары кабыл алынган учурда бул актыларды кабыл алуудан улам менчик ээсине келтирилген чыгымдар менчик ээсине мамлекет тарабынан толук көлөмдө төлөнүп берилүүгө тийиш(КР Граждандык кодексинин 292-беренеси). Башкача айтканда, оюн-зоок ишмердигине тыюу салууга байланыштуу мамлекет бардык чыгымдардын ордун толтурушу керек. Айрыкча 10 жылга эсептелген лицензиялардын мөөнөтү аяктаганга чейин алынбай калган кирешелер (упуңенная выгода) 10 миллиард сомдон кемибеген сумманы түзөт. Капиталдык салымдардын ордун толтуруу үчүн 2-3 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Ал эми жыл сайын республиканын казынасы 520 миллион сомдон кем эмес каражаттан куржалак калат.
Өкмөттүн, мамлекеттик органдардын жана адистер менен эксперттердин пикирин, Жогорку Кеңештин иштөө регламентинин кээ бир жоболорун этибарга албай кабылданган бул мыйзам өлкөдөгү инвестициялык маанайга терс таасир этип, жаңы инвестициялардын келишине жана туризм тармагынын өнүгүшүнө бөгөт болоору жөнүндө көп эле айтылууда. Маселен, бул мыйзамдын күчүнө кириши менен кошуна Казакстандын Капчыгай өрөөнүндө жайгашкан оюн-зоок мекемелери чоң утушка ээ болуп, андагы бир нече жылдан бери анчалык өнүгө албай келген бизнес дүркүрөп өсөөрүндө шек жок. Анткени буга чейин биздин шаарларыбызда жайгашкан казинолорго байма-бай каттап келишкен капчыгы калың адамдар эми аттарынын башын Капчыгай тарапка бурушат. Миңдеген "көк чолоктор" (доллар) биздин аймакты, биздин чөнтөктөрдү кыйгап өтүп, баурдастардын байманасын арттырат. Жогоруда сөз болгон Борборазиялык Эркин Базар институтунун (CAFMI) изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы казинолорго келип-кетүүчүлөрдүн 70 пайыздан ашууну четтен келгендер - Казакстандын, Россиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн жарандары. Алар жыл сайын республикага оголе көп накталай валюталарды алып келип жатышкан, анын жалпы суммасы Кыргызстанга келип жаткан кыйыр инвестициялардын көлөмүнө барабар. Сурамжыланган 300дөн ашуун биздин жердештерибиздин 72 пайызы оюн-зоок жайларына эч убакта барбагандыгын айтышкан. Ал эми бардык респонденттердин жарымына чукулу казинолорду эмес, оюн автоматтары орнотулган залдарды жабуу керек деп эсептейт, 80 пайызы оюн автоматтарынын социалдык жактан эң эле зыяндуу экендигин белгилеген. "Кайсы оюн-зоок мекемелерине барып жүрөсүз?" деген суроого жооп иретинде респонденттердин басымдуу көпчүлүгү оюн автоматтары орнотулган залдар менен букмекер контораларын аташкан.
Сурамжылангандардын 90 пайыздан ашууну оюн-зоок мекемелерине тыюу салынганы менен алардын көпчүлүгү жашыруун иштөөсүн уланта берет деген пикирди айтышканы эмнени каңкуулайт?.. Адистердин баамында да, мыйзам күчүнө кирген соң жарым жыл өтүп-өтпөй ар кайсы шаарлардын жертөлөлөрүндө көмүскө оюн-зоок жайлары жайнап, анын убайын бир ууч криминалдык чөйрө көрөт, алардын кирешеси эселеп өсөт. Мамлекет казынасы болсо миллиондогон акчалардан куржалак калат. Кумарпоздук мамлекеттин, коомчулуктун көзөмөлүнөн жылмышып чыгып, бул илдетке чалдыккандардын тарткан азабы он эселеп, жүз эселеп көбөйүп, "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" демекчи, кылмыштуулук өсүп, коомубузду убайым тарттырат, беймаза кылат. Көмүскөдөгү оюндарга мамлекеттик, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү айгак болушуп, бул чөйрөнүн корупцияланышы күчөйт.
Мына ошол мурдагы кемчиликтерди кайталабоо максатында оюн-зоок мекемелеринин Ассоциациясы иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө жолдогон сунуштар көңүл бурууга арзыйт. Анда парламент кабыл алган "Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенден кийин ага оюн автоматтары жана көңүл ачуучу залдарга тыюу салуу, казинолордун ишмердигине талаптарды күчөтүү чараларын, ошондой эле казинолордун, букмекердик конторалар менен тотализаторлордун ишин жөнгө салуунун натыйжалуу ыкмаларын камтыган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы айтылат. Маселен, Кыргызстандын жарандары үчүн казиного кирүү акысын 300 АКШ долларына чейин көтөрүүнү, 25 жашка чейинки жарандарга казиного кирүүгө тыюу салууну мыйзамдаштыруу сунуш кылынат.
Казинолордун ишмердигин социалдык тармакты колдоого багыттоо боюнча да иштиктүү сунуштар айтылган. Бул максатта акчалай кор түзүүгө, анда чогулган каражаттарды кары-картаңдар менен балдар үйлөрүнө жана башка социалдык мекемелерге жардам көрсөтүү максаттарына сарптоого ар бир казинону милдеттендирген беренелерди киргизүү каралган. Ошол эле учурда казино ээлеринин кумарпоздукка берилип кеткен адамдарга жана алардын жакындарына милдеттүү түрдө психологиялык жардам көрсөтүүсүн мыйзамдаштыруу белгиленген. Ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо үчүн ар бир оюн-зоок мекемеси квартал сайын белгиленген суммадагы каражаттарды бөлүп туруусу каралган.
Кандай болгон күндө да, бул маселеге олуттуу мамиле жасоо менен ийри отуруп, түз кеңешип, ар тараптан салмактанган чечим кабыл алчу мезгил бышып жетилгендиги анык болду.

Мелис АЙДАРКУЛОВ,
журналист