Тажигүл Өзгөн Күнтүз, этникалык кыргыз, сүрөтчү:
"Түркияда бизди Өзгөндөрдүн үй-бүлөсү деп таанышат"

Бишкекте түркиялык кыргыз айым Тажигүл Күнтүздүн "Кыялымдагы кыргыз айымы" аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Биз Түркиядан келген сүрөтчү эжекебиз менен чакан маек уюштурдук.

- Кыргызстанда өткөргөн көргөзмөңүз тууралуу айта кетсеңиз? "Кыялымдагы кыргыз айымы" деп аталышынын себеби?
- Кыргызстандагы бул көргөзмө Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган. Мени Түркиядан "Шоокум" журналы жана "Ыйык Ата-журт" коомдук жаштар фонду чыкырып, көргөзмөнү уюштуруп беришти. Көргөзмө 25-ноябр-да ачылып 30-ноябрда аяктады. Эми көргөзмөнү Ош калаасында өткөрүүнү баштадык. Өзүм авангард стилинде иштейм. Авангард стили аркылуу кыргыз аялдарынын сулуулугун, назиктигин чагылдырдым. Мен кыялымдагы кыргыз кызын, башкача көз караш менен тартууну туура көрдүм. Кыргыз кызынын өң-келбетин тартып коюу менин купулума толмок эмес. Ошондуктан, тарткан сүрөттөрүмө кол менен мончокторду тизип, оймо түшүрдүм. Оймолор, мончоктор аркылуу сүрөтүмдү байытууга аракет кылдым. Кыргыз кыздарынын сулуулугун, кыргыз элинин байлыгын, тарыхы бар, уңгулуу, баатыр эл экенин даңазаладым. Мен четте төрөлүп өскөн кыргыз кызымын. Бөтөн жерде жүрсө да биздин кыргыз кыздар маданиятын, үрп-адатын унутпай жүрөрүн айткым келди. Элге жакты деген ишеничтемин.
- Кыргызстанга канчанчы ирет келип жатасыз?
- Кыргызстанга төртүнчү жолу келип отурам. 1976-жылы атам менен келип, ошондо кыргыз элим менен таанышып, кыргыз тилин үйрөнүп кеткем. Арадан 27 жыл өткөн соң 2003, 2004-жылдары келгем.
- Сүрөттү качантан баштап тарта баштадыңыз эле? Сүрөт тартуудан тышкары, башка жумушта иштейсизби?
- 6 жашымда эле сүрөт тарта баштадым. Сүрөткө кызыгуум ошондо башталган. Түркиянын мыкты сүрөтчүлөрүнөн тарбия алдым десем болот. Түркияда менин өзүмдүн жеке өнөрканам бар. Ал жерде башка шакирттериме сүрөт тартууну үйрөтөм.
Өзүм экономист кесибинде окугам. Сүрөтчүлүктөн башка, мугалим болуп иштедим. Элчилик, консулдуктар менен кызматташып турабыз. Үч балам бар. Аларды багып, окутуп, жакшы адамдардан кылууга аракет кылам
- Сиздер Түркияда турат экенсиз. Ата-бабаларыңыз ал тарапка кантип барып калганы тууралуу маалыматыңыз барбы?
- Чоң аталарым 1933-жылы Кыргызстандан чыгышкан экен. Ал учур өтө кыйын кез болчу дейт. Алар Кыргызстандан чыгып Кашкарга өтүшүптүр. Жолдо ар ким менен урушуп, аябай көп кыйынчылыктарга туш болуп, чоң атам аялынан ажыраптыр. Андан Индияга, Индиядан Түркияга кетишиптир. 77-жылдары туугандар табышып, Москвадан жолукканбыз. Азыр катташып турабыз.
Бизди Түркияда Өзгөндөрдүн үй-бүлөсү деп таанышат. Бул да кызык окуя: чоң атамдар Түркиянын чек арасынан өтүп жатканда, "силер кимсиңер" деп түркчө сураса атамдар түшүнбөй, "каяктан келдиңер" десе чоң атам "биз Өзгөндөн келдик" дептир. Ошентип, чек арачылар биздин фамилиябызды Өзгөн кылып жазып коюптур. Эми бизди Түркияда Өзгөндүн балдары деп таанышат.
- Кыргызстанда кайсы сүрөтчүлөрдү тааныйсыз? Кимисине жогору баа бересиз?
- Баарын тааныйм десем калп болот. Бул жакка келип-кетип тургандыктан аларды көп биле бербейм. Улуттук сүрөт музейиндеги Юристанбек Шыгаевди гана билет экем. Бирок, алгач Шыгаевдин өзү менен эмес, анын картиналары менен таанышкам. Сүрөтчүлүк талантына таң бергемин. Кийин бул кишинин картиналарын көргөзмөлөрдө көрүп жүрдүм. Бир ирет Ю.Шыгаев үйүнө чайга чакырып калды. Үйүнө барып, өнөрканасындагы картиналарын көрүп, ""мен сизди тааныйм, асмандан издегенимди, жерден таппадымбы" деп, дагы бир ирет өзү менен таанышкам.

Маектешкен
Нуржигит Болотбек уулу