Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кыргызстан
Атамбаев менен!
Сүйүнүч жана толкундануу. Кечээ, 2011-жылдын 1-декаб-рында Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында өзөгөчө окуя болуп өттү. Миллиондогон элдин маанайлары сүйүнүчтөн албырып, жүрөктөрүн толкундоо дүкүлдөтүп турду. Себеби, биздин Эгемен өлкөдө биринчи жолу бийлик башчысы тынчтык жолу менен алмашты. Алмашканда да жогорку деңгээлдеги шаң-салтанат менен коштолуп, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева ак тилек, аруу максаттарын энчилөө менен жаңы шайланган президент Алмаз Атамбаевге Президенттигин тапшырды.

Ошентип, 15 жылдан бери Кыргызстанда адилеттикке, ыймандуулук менен тазалыкка, ачык айкындуулук менен калыстыкка умтулуп, бул сапаттардын бирин карманбаган бийлик менен күрөшүп, Акүйдүн "ажыдаарлары" менен аеосуз кармашып келген Алмазбек Атамбаев мамлекеттин башчысы, Республиканын Президенти кызматына киришти. Ал бул бийик кызмат, жогорку жоопкерчиликти мойнуна алып жатып, ал "Жетекчилерге болсо алдын ала бабалардын ыйык сөзүн эскертким келет: "Ыймандуу бийде - тууган жок! Туугандуу бийде - ыйман жок!". Муну унутпагыла!" деп, алдын ала мамлекетти өз менчигиндей пайдалангысы келгендерге эскертүү жасап, "Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчаларына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы! Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт! Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз! Жашасын Эгемендүү Кыргызстан!"деген жалындуу сөздөр менен аяктады.

Эмесе, орун кут болсун, башыңызга кут консун, элдик Президент болуңуз, урматтуу Алмаз Шаршенович!

"Алиби"
гезитинин эмгек
жамааты






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??