Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мен айтпасам ким айтат?
"Камокчунун" деңгээлинен качан көтөрүлөбүз?
Кыргызстанда акыркы бир жылда жаңылбасак бир дагы ишкана ачылган жок. А жабылгандары, жабылууга кезекте тургандары ырас эле. Жаңы жылдан кийин Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Отунбаева кол койгон мыйзамга ылайык Кыргызстандагы казинолор жана оюн-зоок жайлары тымтыракайы чыгып жабылат. Казино жана оюн-зоок жайларынын жабылышын талкаланган тагдырлар менен байланыштырышып жатышат. Ким билет, анын деле бир чындыгы бардыр. Акыркы 20 жылда адам тагдыры эмес, бүтүндөй бир мамлекеттердин талкаланган тагдырын көрүп жатабыз. Кыргызстандын тагдыры деле кыйрап кеткени жок. Кылыч мизинде, найза учунда турат. 20 жылдан бери ушул. Депутаттарыбыздын, асыресе Отунбаеванын талкаланган тагдырлар тууралуу ойлоп койгонуна албетте ич жылыйт. Ошентсе да, андан да тереңирээк көз жүгүртсө болмок экен. Бүгүн адамдардын тагдырын бир гана казинолор жана оюн-зоок жайлары талкалап жаткан жери жок. Ошол эле менчиктештирүү процессин алалы. Ленин заводунун менчиктештирилиши менен, анда иштеген 20 миң жумушчунун тагдыры бырчалана талкаланганда, ал убактагы депутаттар да, мамлекет башчысы да эмнеге ойлонгон жок болду экен. Ал убакта бир эле Ленин заводу менчиктештирилген жок, баары чекесинен жеке колдорго өтүп кетти. Жүздөгөн жеке менчикке кеткен завод жана фабрикаларда миңдеген жумушчулар иштээр эле. Анан колхоз менен совхоздор тарады. Эгерде Кыргызстандын калкынын 70%ти элет жеринде жашай турганын эске алсак, өлкөнүн калкынын 70%тинин калкынын тагдыры ошондо эле талкаланган. Кыргызстандын калкынын 1 миллионго жакыны Россия, Казакстан, Корея, Америка, Европада жүрөт деп айтабыз. Бул 1 миллион адам тагдыры талкалангандарга киреби же кирбейби? Албетте, кирет. Анда адам тагдырын, барып-келип мамлекет тагдырын эмне талкалап жатат? Ал - казино жана оюн-зоок жайларынан мурда да, биз жашап жаткан система. Ооба, Кыргызстандын жана анын адамдарынын тагдырын биз жашап жаткан система аеосуз талкалоодо.
Алыс барбай, шайлоолорду айталы. Президенттик жана парламенттик шайлоолор Кыргызстанды түндүк менен түштүккө, оң менен солго, аймак менен аймакка, уруу менен урууга бөлгөнүн айтпаганда, ата менен баланы, кайненеси менен келинин, күйөөсү менен аялын экиге бөлгөнүн ким тана алат? Эгер, ушул өңүттөн алсак, бизге элди бөлүп-жарган, үй-бүлөгө жарака салган, мамлекеттүүлүккө доо кетирген шайлоолордун кереги барбы?
Ошол эле партиялык системаны алалы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясый партиялардын саны 200дөн ашты. Кырк уруудан турган кыргыз эли 200гө бөлүнүп-чачырады. Биздин саясатчылар партиялык система, парламенттик башкаруу деп эле ооз көптүрүшөт, айталы, бир адамдын "саясый камогуна" айланган саясый партиялар, фракциялар аларга эле жакпаса, элге жеке адамдын менчигине айланган саясый партиялар да, анын ичинде фракциялар да чынын айтканда жакпайт. Кереги да жок.
Ошентип, изги ниет, илгери үмүт менен казино жана оюн-зоок жайларын жапканы жатышат. Албетте, мындан казино ээлери эч нерсе деле уттурбайт, башка өлкөгө чыгып кетет, же акчасын башка ишке жумшайт. Биз биерде, казино жана оюн-зоок ээлерине жан тартып жаткан жерибиз жок. Болгону биздин депутаттардын саясый деңгээлине күлкү келет. Алар талкаланган тагдырлар тууралуу ойлонгондо, Кыргызстандын жана анын адамдарынын тагдырын иралды казинолор эмес, биз жашап жаткан система талкалап жатканын, бийликтин алысты көрө албаган чоркок саясаты, парламенттеги ич ара бөлүнүп-жарылуулар, саясый интригалар да талкалап жатканын кеч болсо да айтып коелу дедик.
... Казино жана оюн-зоок жайларында иштеген жүздөгөн жумушчулар жаңы жылды жумушсуз тосушат. "Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" дейт, аман болсо, дагы бир кудайдын буюрган ырыскысы тургандыр. Маселе анда эмес, казинолор жабылгандан кийин эле тагдырлар талкаланбай калса кана?

Болотбек Таштаналиев




Ап-бали
Ботом, депутаттар
бензин жыттанабы, ыя?
Эсиңерде бекен, өлкөнүн вице-премьер-министри Ибрагим Жунусовдун Куйручуктун 140 жылдыгында сүйлөгөн сөзү. Ошондо ал айтпады беле, эгер Куйручук депутат болсо, ал жакшы депутат болмок деп. Анысы кандай, Ибрагим Жунусовчо айтканда, эгер парламент аял болсо, анда башынан таяк кетмек эмес окшойт. Акаев тушунда эле парламентти тепкилеп жатышчу. Акаеви баш болуп, калганы төш болуп. "Хитроумный" Акаев оң колу менен башынан сылап, сол колу менен жакка чапканды таптакыр унутчу эмес. Парламентти каалаган учурда таратып ийип, каалаган учурда кайра чакырып алчу. Карапайым эл, шайлоочулар деле парламенттин ишмердигине такыр эле ыраазы болгонун көргөн жокпуз. Байкуш парламенттин башы-көзүнөн токмок кетпеди.

Бакиевдин парламентке жасаган мамилесин жакшы билебиз. А киши ушунча сүйүүгө бекем экен, "Акжолдон" башка эч бир партияны, фракцияны сүйгөн жок. Ошондон уламбы, Курманбек Салиевич кыргыз парламентиндеги башка фракцияларга, дегеле Кыргызстандагы башка саясый партияларга токолуна жасагандай да мамиле жасаган жок.
Анан ал экөө кеткенден кийин карапайым элдин да, бийликтин башка бутактарынын да парламентке болгон мамилеси өзгөрөт деп ойлогонбуз. Кашайып өзгөргөн жок. Парламенттик-президенттик башкаруу системасына өттүк дегенибиз менен, азырынча башынан токмок кете элек. Бирок, бул жолу парламентти президент эмес, эл токмоктоп, басма сөз ур-токмокко алып жатат.
Парламенттин терезелерине эле тагылган пардалардын баасы 5 миллион экени айтылып, ЖКнын "көзү-башындагы көгү кете электе" парламент 2012-жылдын бюджетине бензин үчүн 30 миллион сом салышканы белгилүү болду. Өзү үй-бүлөдө мындай эмеспи, тамак-ашка акчаң жетпей тырпырап атсаң, анан аялың тапкан-ташыганыңы таксиге түшүп коротсо, ким эле ошондой аялды жакшы көрмөк эле.
Парламенттин жүргөн-турганы да ошол үй-бүлөнүн бюджетин элестетип жатат. 2012-жылга бир күнгө эле парламент спикеринин эки машинасына гана ("Лексус" LV-470 и "Мерседес" S-550) 60 литр бензин каралыптыр. Эсептей келгенде, бир жылда спикердин машинасына 853,2 миң сом сарп-талат экен. Эмнеге эле баарысы спикердин ордун талашып, саясый интригалар күндөн күнгө күч алып баратат десе, кеп бул жагында экен да. 853,2 миң сом чакан мектептин бир жылдык бюджети.
"Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев Дубайда "Тойота-Камрини" жалаң таксисттер минет деди эле. Бизде "Тойота-Камрини" депутаттар минет. Депутат мырзалар менен айымдардын ошол 65 "Тойота-Камрисине" күнүнө 12 литрден бензин кетет дегенде, бир жылда эле бул сумма 10 миллион 670 миң сомду түзөт экен. Бул суммага бир мектеп курса болот. Бүгүн Баткенде, Жалал-Абадда чатырларда сабак окуп жаткан балдар бар. Бирок, минип жүргөн машиналарына акча сураган депутаттар ал окуучуларды ойлогон-эткен жери жок. Депутаттардын "элим менен элим үчүн" деген ураандарын угуп туруп, анан жасаган иштерин карап олтурсаң, асман менен жердей айырманы байкайсың. Тамашанын баары ушул жакта бекен? Анан мектепке бербеген миллиондорду машиналарына бензин куюу үчүн бюджетке бекиткен эл депутаттарынын кылган ишин көрүп, алиги чатырларда окуп жаткан балдардын ата-энелеринин жини келиши мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн. Жини келмек тургай…
Бензин үчүн Жогорку Кеңештин бюджетине бекиген акча муну менен бүтүп калбайт. Депутаттар минип жүргөн 24 "Дэу-Эсперо" унаасы бар. Албетте, жылы эскирип баратат. Депутат баштары менен жылы эскирген машиналарды мингени үчүн албетте аларга рахматтан башка айтарыбыз жок. Бирок, биз мына ушул 24 машинага 3 миллион 283 миң сом бензин үчүн каралганын карапайым шайлоочулар үчүн айтып коюуга тийишпиз. Эми ушерден токтоп туруңуз, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу деген бар. Бул союзга кыргыздын атагын дүйнөгө чыгарган Чыңгыз Айтматов да мүчө болгон. Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Эгемберди Эрматов да ушул союзга мүчө. Жаңылбасам, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Бирок, ушул күндө көзү тирүү мүчөсү эле 500гө чамалаган бечара акын-жазуучулар улам ар кайсы жакка кат жазып кайрылышып, бир жылга 1 миллион сом бөлдүрө албай жүрүшөт. А депутат мырзалар менен айымдар минген 24 "Дэу-Эсперонун" бензинине бир жылда эле 3 миллион 283 миң сом кетет эмне деген шумдук. Жаманбы-жакшыбы кыргыздын улуттук 500 жазуучусу чет элдин жылы эскирип калган 24 машинасынчалык кадыр-баркы жок болгондугу башкаларды билбейбиз, маселен бизди абдан эле ардантат. Машинанын тетиктерине каралган акчаны айтпай эле коелу.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңеште "привлеченные машины" дегендер бар. Андайлар Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында 60. Бул кимдин машинасы болсо, ошолорго мамлекет эсебинен бензинине акча каралат деген сөз. Мына ушул 60 машинаны бензин менен камсыз кылууга 9 миллион 850 миң сом кетет. Мындан тышкары, ЖКнын кызматтык машиналарын кармоого 2012-жыл үчүн 5 миллион 450 миң сом каралган. Андан тышкары да бардык депутаттардын машинасынын дөңгөлөгүнө кеткен чыгым менен спикердин "Мерседес" S-550инин дөңгөлөгүнө кеткен чыгым бир тең.
Ушундай. Депутаттар тууралуу жазбайын эле дейсиң, бирок алардын кызматтык машиналарынын соргоктугун көрүп туруп, көрмөксөн болуп коюу таптакыр мүмкүн эмес. Мурда да президенттик-парламенттик башкаруу системасы учурунда жаман да болсо Акаев менен Бакиев ЖКнын алкымыңарды тыйгыла дечи эле, эми антип айта турган президент жок. Өкмөт болсо, өзү Жогорку Кеңештен көз каранды. Анан алар өз билгенин жасабаганда, ким жасамак эле. Ибрагим Жунусов айткандай, эгер парламент аял болгондо, ушул ысырапкорлугу үчүн сөз жок башынан токмок кетмек эмес деп айтканын ойлоп алып, ошого бир жылмайып күлүп аласың, аргасыз.

Болотбек Таштаналиев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??