Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кызга бергис жубан бар
"Ата баркы менен кыз өтөт, соодагердин баркы менен бөз өтөт" дейт. Мамлекеттин кадыр-баркы жок экен, "Альфа Телеком" ЖАКнын 49% мамлекеттик акциясы аукциондон сатылбай калды. "Кыздын себин" камдап атабыз, кымбат сатабыз деп, бир "күйөөдөн" чыккан Мегакомду "кыз эле кыз" дешип, жакшы эле бакылдашып жатты эле. Саталбай коюшту. Болгону "Альфа Телеком" ЖАКнын 49% мамлекеттик акциясынын колун бирөө гана сураптыр. Старттык баасы араң эле 108,1 миллион акцияны эч ким алгысы келбей жатат. "Кызыбыз" кымбат болуп жатабы, же анын биринчи "күйөөсү" Максим Бакиевден коркушуп жатабы, анысы табышмак бойдон калды. Бир "күйөөдөн" чыккан байкуш Мегаком быйыл сатылбай калса, "карадалы" болду го. "Карадалы кыздын" жаманаттысы көп болчу эле, ар ким бара берип...


Текебаев-Келдибеков чатагы эмнеге алып келет?
Коомчулук жана саясатчылар бүгүн, Өкмөттөгү жана КРнын ЖКсындагы кезектеги өзгөрүүлөр кандай болоорун күтүп турушат. Өткөн жылда "мен саясий серепчимин" дегендердин бир далайы коалициянын урап калышын эле божомолдоп отурушчу. Албетте, кээде коалиция мүчөлөрү андай ойлорго өздөрү да түрткү берип койгондору болгон, мунун айынан түрдүү саясий интригалар да чыгып кетер эле.
Албетте, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери ЖКнын төрагалык кызматын эңсегенин кое элек, кыялданып жүргөнү жүргөн дешет. Ошондон улам ушу тапта күндөп-түндөп коалицияга кошулуп калуунун амалын көрүп, жаңы шайланган президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отурат. А бирок, коомчулукка, коалицияга кирүүгө эч кандай шарттары жок экенин какшап жатышат. Кызык?! Бирок, бул деген табышмагы көп чоң саясат, ар бир сүйлөшүүнүн өзүнчө мааниси бар. Ооба, 25 жылдык саясий ишмердигинде Өмүрбек Чиркешович саясий карьерасынын негизги приоритети катары башкасынан да өз кызыкчылыгына басым жасагандай.
Ушул тапта да Өмүке карышкырлыгына салып, төрагалыкты оңой ээлеп алууга ыктап, Акмат Келдибековду катуу жөөлөп, анын былыктарын чубап баштады. Бирок, ушул тапта мындай радикалдуу карама-каршылыктардын карапайым элге кереги жок эле. Колдон келсе, ушуга чейинки коалицияны оңдоп түздөп, кадрдык гана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ишти алып кетүүгө неге болбосун. Кептин чынына келгенде, Келдибековдун партиясы шайлоодо Өмүкеден оголе көп добуш менен алдыга чыккан. Азыр "Ата-Журтту" карандай эле күч менен омуроолоо өлкөгө кайрадан нааразычылыктардын жаңы учкунун пайда кылышы да мүмкүн. Андыктан Келдибековду кетирүүдөн мурун келечекти ойлонуп көрүш керектир...


Тептим терекке чыктым
Кыргызстанда эмне арзан? Албетте, адам. Калганынын баары кымбат. Адам дегенде биз карапайым адамдарды айтып жатабыз. Мамчиновниктер бизди да ушул узун тизмеге кошуп койду деп таарынбасын.
Мына ошол арзан адамдар үчүн электр энергиясына болгон бааны кымбаттатканы жатышыптыр. Бирок, быйыл эмес экен. Сыягы, жыл аягына чейин электр энергиясына болгон бааны кымбаттатканга жетишпей калышат окшойт. Осмон Артыкбаев энергетика минис-три болчуда, Манас айтчудан бетер, бизде өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы кымбат экенин арзан адамдар аны арзан сатып алганын бакылдаган. Эми кезек Шадиев мырзага жетсе керек, келаткан жылдан баштап электр энергиясына болгон бааны кымбаттатабыз дейт.
Эмесе, Кыргызстандын калкын келаткан жаңы жылы менен, анан эң башкысы электр энергиясынын кымбаттай турганы менен куттуктайбыз!!!


Алтын балык кармап алдыңыз дейли, эмне сурайсыз?
Алтын балык тууралуу жомокту уктуңуз беле? Укпасаңыз, анда сиз бактылуу адамсыз. Өтө бактылуусуз. Эмне үчүн дейсизби? Эмне үчүн дегенде, сиз алтын балык кармап алсаңыз, андан эмне сурарыңызды билбей айлаңыз алты кетмек. Маселен, Кыргызстанда милициянын үлкөн ачендиги алтын балык кармап алса, алтын балыктан эмнени сурар эле деп ойлойсуз? Генералдык чиндиби, же 80 миң долларбы? 80 миң долларбы дегенибиз, алтын балыктан генералдык чин сураган менен 80 миң АКШ долларын сурагандын эч кандай деле айырмасы жок экен. Эгер ишенбесеңиз, анда аны Чүй ИИБсынын начальниги Бакыт Жусубалиевден сурап көрсөңүз болот.


Ура-а, коррупция алдыда!
Кыргызстан дагы да алдыда. Бул жолу коррупция боюнча. Башкы прокурор айымдын айтымында, 2011-жылдын 9 айында эле коррупция фактысы боюнча 453 кылмыш иши ачылган. 2010-жылы бул көрсөткүч 365 болчу. Демек, сүйүнө берсек болот, коррупционерлердин саны былтыркыга салыштырмалуу арбып калыптыр. Болсун. Башкасы болбосо да, коррупция боюнча алдыда экенбиз. Экономикабыз өспөсө да, коррупционерлердин катары өсүп турганына эмне жетсин.
Бирок, биз бир гана нерсени түшүнбөй жатабыз, кылмыштуулук менен жан аябай салгылашкан мамлекеттик кызматкерлер коррупцияны кылмыш деп эсептешпейт окшойт. Эгер, кылмыштуулук боюнча капиталисттик мелдеште ОПГлардан озолу деп жатса, анда айла жок. Ишиңер илгерилей берсин, эл үчүн жашап жана эмгектенип жаткан Кыргызстандын каймактары менен сары майлары.


Мадумаров инаугурацияда болдубу?
Инаугурация өттү кечээ эле. Күн чайыттай ачылып, жолдор "пробка" болуп, сонун десеңер тим эле. Жумушуна, сабагына кечиккендерге сонун шылтоо табылып отурду. Көчөлөрүбүз ушундай тар, чоң-чоң жолдорубуз жок экенине кейигендер, Европанын эски машинелери толуп, ага кубангандар табылды. Айтор, баарында майрамдык маанай. Мындай учурда ой келет экен, "инаугурацияга Мадумаров келди бекен" дегенчи. "Атамбаев алдыга чыкса дароо чепкен жаап, куттуктайм" деди эле анысын аткарбады. Эми жок дегенде жигитчилик кылып, инаугурацияда колун кысып, ийгилик каалап койду бекен деген?


Бүтпөгөн "керектер"
Бир мүнүшкөр жоруга "билем" дегенди үйрөтүп койгон жомокту баарыбыз укканбыз. Ошол жомокту окуган же билген бирөө биздин чиновниктерге "жасаш керек, кылыш керек, чара көрүш керек" дегенди үйрөтүп койгон өңдөнөт. Кайсынысына барып, көйгөйлүү маселени айтпа, күпүлдөп чыгат бул боюнча "чара көрүш керек" деп. Мектеп рэкетчилиги тууралуу маселе көтөрүлсө Ибрагим Жунусов деген байкебиз "жакшы кийинип келген кыздын бетин аймап атса, чачың жакшы болуптур минтип келбе деп уруп атса, чара көрүш керек да" деп чыйпылыктап чыкты. Аны телевизордон карап отурган 5-класстын баласы "ооба, чечкиндүү кадамдарды жасаш керек" деп кошулуп коет дейт, үйүнөн. Эми апасы кубанып жүрөт "менин балам чиновник болот окшойт. Мамчиновниктердин сүйлөгөн сөзүн балам деле сүйлөй алат экен" деп.

"Алиби-пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??