Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Табигый окшоштук
Өткөн жылы шайланып, жарак-жабдыгын байланып, чечекейлери чеч болуп, "элдик болуп төрөлүп, элдик бойдон өлөлүк" деген өлөңдү өкүрө ырдап, Акүйдүн астанасын аттап, парламенттик бийликти жактап келишкен беш партиянын расмий иш баштаганына жакында бир жыл толгону турат. Ушул бир жыл ичинде булардын жасаган иштерин баарыбыз көрүп турдук. Жакшы мыйзамдар болду, чийки мыйзамдар болду, жаңылыш чечимдер болду, жаакташкандары болду, жакалашкандары да болду. Кыскасы, саясат ушул жерден башталып, ушул жерден аяктап турду. Не деген гана ноу-хаулар болгон жок. Сооданын жүрүшү жагынан базардан кем калышпады. Бир партиядан экиге бөлүнүп, биз бар жерде күлүп, биз жок жерде сөгүнүп жүрүшкөнү да болду. Айтор, парламенттик бийликтин акесин таанытышты, буларың эй. Ушу сыртынан карап туруп, беш фракцияны беш мамлекетке окшотуп да койдук, позициясы, ички түзүлүшү, өздүк саясаты жагынан. Анда абай салалы...

"Ата-Журт" фракциясы - Тажикстан
Тайларыбыз деп тамашалап жүргөн Тажистан мамлекетинде азыр абал кооптуу. Сыртынан карап турган серепчилер "Бул өлкөдө саясий күчтөрдүн кагылышуусу болуп кетиши мүмкүн. Сырткы күчтөр менен болгон алакасы дагы анчалык жакшы эмес" деген бааны алдыртан берип турушат.
Ошол сыяктуу эле азыр "Ата-Журт" фракциясынын ичиндеги абал жакшы эмес. Мына, коалицияга кирүү боюнча эле расмий түрдө эки башка топ, эки башка келишимдин долбоору сунушталганын ачыктап жатышат. Мурда бул фракцияны жеке бийлеген Камчыбек Ташиев менен төрага Ахмат Келдибековдун ортосундагы достук да, саясий да ажырымдын пайда болгону ушулбу? Экинчи жагынан, бул фракциянын ичинде үчүнчү дагы бир блок Түлеевдин блогу келип чыкты. Булар дагы чылгый олигархтардан жана чыгаан адамдардан туруп, өздөрүнүн таасирин фракция ичинде чоңойтуунун камын көрүп жатышкандай. Ошондон улам, фракция менен башка күчтөр ымала түзүүдөн чочулап, кимиси менен ынак болорун билбей баштары маң. Кудум эле Тажикстандай, тобоо?!


"Ата Мекен" фракциясы - Өзбекстан
Өзбекстан мамлекетин жакшы билебиз. Эгемендик алгандан бери жападан жалгыз бийлик, Каримовдун бийлигинин алдында күн көрүп келе жатышат. Каримовдун айтканы айткан, дегени деген, анын позициясынан башка бир кыйшык кеткен адам жок. Эгер эле андайлар чыга турган болсо, "жалп" дей түшүшөт. Анан дагы Каримовуң криминал дегенге ушунчалык өч. "Өлкөдө жалгыз вор бар, ал-мен" деп айтканын дагы угушкандар бар.
Кудум, ошол Өзбекстандай болуп, "Ата Мекен" партиясы дагы партия болуп түзүлгөндөн бери Өмүрбек Текебаевдин жеке бийлигинин алдында жашап келе жатат. Партия ичинде лидерге кайчы пикир айтып, анын саясий "диктовкасынан" чыгып кеткен эч ким жок. Бардыгы тең анын гана көз карашына жараша иш кылып, көлөкөдө басылып жүрүшөт. Бул партиянын ичинде чынында, потенциалы бийик, саясатта көз карашы, тажрыйбасы каныгып калган адамдар толтура. Бирок, Өмүрбек Чиркешович аларды өзүнөн жогору койбот, жок, дегенде саясатка ээрчитип чыгып, сүрөп койгонго мойну жар бербейт. Өзбестан менен ушул жагынан айрып тааный албайсың...


"КСДП" фракциясы-Казакстан
Казакстандын ооматы жүрүп, келкели келип турат. Кошуна өлкөнүн мамлекет башчысы Казакстанды дүйнөдөгү алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кошуп туруп, анан кызматынан кетем деген убадасы бар. Ал өз сөзүнүн өтөсүнө чыгарына казак агаиндерди билбейбиз, биздин, кыргыздардын көзү жетип эле турат. Эл үчүн иштейм, атым тарыхта калсын деген адам Нурсултан Абишевичтей иштесе. Албетте, анын артынан ээрчиген сөз жок эмес деңизчи, антсе да ал күнүмдүк көроокатына караганда да, "казагым" деп, казагы үчүн ичкен ашын жерге кое коет.
"КСДП"ны Казакстан менен салыштырганыбыз менен, ага азырынча Казакстан болууга али эрте. Бул аларга "аванс" менен, "КСДП" Казакстандай болсо, элдин үмүт-тилегин актаса деген ниетте айтылган кеп. Дегенибиз, фракцияда жакшы жигиттер жок эмес, бар. Башка фракциялар жалаң бизнесмен менен базаркомдордон турса, бул фракцияда таланттуу эки акын бар. А акын деген ким экенин жакшы билесиңер. "Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү менен өтөт" деп коет. Кыскасы, ушул себептүү да, "Үмүт акыркы болуп өчөт" дегендей, эки тизгин бир чылбыр колуна тийген бул фракциядан азырынча үмүт өчө элек. Фракция эми Алмаз Шаршеновичтин колуна кол, бутуна бут болуп бере алабы, маселе ушунда. Анан да Атамбаев президент катары тарых алдындагы өз озуйпасын кандай аткарат, аны убакыт көрсөтөт.


"Республика" фракциясы-Кытай
"Кытай козголсо кылым козголот" деп кылымдардан бери айтылып келген. Акыркы жыйырма жылда козголгон Кытай мамлекети дүйнөнүн ири державаларынын жүрөгүнүн үшүн алып, чочутуп койду. Аз гана убакытта экономикалык жактан дөө-шаа мамлекетке айланган улуу кошунабызда потенциал чоң экени анын кошунасы бизди да кубантпай койбойт. Кошунаң канчалык күчтүү болсо, ал ошончо жакшы эмеспи.
Ушул өңүттөн алганда, "Республика" башын көтөргөн ажыдаарга окшош. Элдин эсинде болсо керек, өткөн жылы парламенттик шайлоонун жуп алдында түзүлө калган "Республика" саясый партиясы экинин бири болду. Бул жагынан алганда, партиянын башында тургандардын уюштуруучулук жана тактикалык чеберчилигине баа бербей коюуга болбойт. Экинчиден, саясый партиянын, анын ичинде фракциянын ичиндеги ынтымак жана тартип. Парламенттеги башка фракцияларды көрүп жатабыз. Ошол эле, "Атажуртту" алсак, аларда ынтымак да, тартип да бошоң. "Ар-Намыс" деле бул жагынан мактана албайт. "Ата-Мекен" да Ысык-Көл сыяктуу, кээде жымжырт болуп, кээде толкуп, тынчы кетип калган учурлар бар. Өмүрбек Абдырахманов эле канча турат?
Айтор, кай жагынан албайлы, "Республика" азыр бойго жеткен кызга окшоп, чырайына чыгып, көзгө толуп келатат. "Себин" эмитен камдабай кое туралы, сулуу кызга жуучу көп болгон менен, көп учурда күйөөгө тийбей, "карадалы" болуп калчу эле.


"Ар-Намыс" фракциясы-Кыргызстан
Кыргызстан деген биздин мамлекетибиз, байкуш. Эгемендик алгандан бери эле башыбызды бириктире албай, уйдун бөйрөгүндөй болуп, бөлүнүп-жарылып, өнүгө албай келе жатабыз. Анан да ашкере саясатчыл болуп, абышкабыздан балабызга чейин саясаттын чайын ичип, нанын жеп, саясат жыттанып калганбыз. Бизде эмне көп? Саясий популисттер, митаамдар, куулар, анан ашкере айкөл адамдар көп. Көңүлчөөктөр да көпчүлүктү түзөт. Азыр дагы кош бийлик, президенттик жана парламенттик болуп, кимиси кыйын экени белгисиз.
"Арнамыс" фракциясына абай салган адам аны албетте, так ушул Кыргызстан мамлекетине окшоштурат. Анткени, партиянын ичинде биримдик жок, бир тобу Феликс Куловду лидер катары көрүшсө, экинчи тобу Камила Талиева деген эжекебиздин этегине намаз окуп келишет. Партиянын ичинде Акылбек Жапаров, Кожобек Рыспаев, Токон Мамытов, Анвар Артыков, Каныбек Иманалиев, Бөдөш Мамырова сыяктуу ашкере популисттер да арбын. Учурда коалицияга киребиз дешкендери менен ар кимиси өз бетинче кызмат сурап отурушат. Партияны түптөгөн Эмил Алиев сыктуулар болсо, революцияны жасап, сыртта калган адамдар сыяктуу эле унутта калышты.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??