Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

МЧСти өлтүргөндөр, Кыргызстанга келет
Коңшубуз Тажикистан жакында бир канча кылмышкерди Кыргызстанга өткөрүп бергени турат. Эске салсак МЧСтин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип жаткан Мирлан Шакулиев, Чыңгыз Жумалиев жана Джинго каймана атын алып жүргөн Кодирбек Досонов 14-сентябрда Душанбеден кармалышкан. Маалыматтарга караганда бул үч эргул адегенде Араб эмираттарына качышкан, андан соң Афганистан аркылуу Тажикистанга өтүп келишкен. Коңшу өлкөнүн укук коргоочулары аларды кабаттуу үйлөрдүн, жер төлөсүндө (подвалында) жашырынып жаткан жеринен капканга түшүрүшкөн экен. Эми булар да келсе, бир далай кишинин абийирин ачаары ажеп эмес.


Россия Кыргызстанга ишенбейби?
Россиялыктардын үч гана пайызы Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш деп эсептейт экен эй. Россиядагы коомчулуктун ой пикирин талдап билүү борбору ушундай жыйынтыкка келиптир. А эң ишенимдүү өнөктөш болуп Казахстан(37%), Беларусия (36%) Украина (15%) табылды. Кокуй өнөктөштөрдүн да ишениминен тайып баратабызбы деген чочулоо пайда болот. Сырткы мамилени чыңдоо өлкөнү өргө жетелөөчү негизги приоритет экенин эске алып, бийлик башчылары чечкиндүү кадамдарды жасабаса болчудай эмес.


М.Эралиевдин 4 паспорту бар
ИИМнин кызматкерлери тарабынан "Мото" соода-борборунда жайгашкан "Баркод" барынын ди-джейи Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө шектүү делген Максат Эралиевдин мыйзамсыз бир нече жолу өзгөртүлгөн 4 паспорту бар экендиги белгилүү болгон.
КРнын жараны атын, фамилиясын өзгөрткөнгө укугу бар, бирок, туулган жылын жана жерин өзгөртө албайт. Максат Эралиевдин (Аскарбеков) паспортторунда туулган жылы- 1983төн-1984кө, туулган жери- Ак Суу районунан -Каракол шаарына өзгөргөн.
Ал Эралиев Максат атына жазылган биринчи паспортун 18ге толгондо. Экинчисин Аскарбеков Максат атында 2009-жылдын февралында, үчүнчүсүн ушул эле ат менен 2010-жылдын 20-майында (жоготуп алгандыгы үчүн) Түркиядан депортациялангандан кийин алган. Андан бир жума өтпөй эле шашылыш түрдө Аскаров Максат деген ат менен төртүнчү паспортун алган. Учурда изкубарлар тарабынан бул кылмыш изилденүүдө.


Журналистке кол салышыптыр
"Азаттык" радиосунун кызматкери Мирбек Айтикеевди 30-ноябрь күнү, Таласта белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Окуя Талас шаарынын Нуржанов көчөсүндө болгон. Айрым маалыматтар боюнча журналистке беш адам кол салган. Эмнеден улам мындай чыр чыккандыгы азырынча белгисиз. ИИМ болсо, жөнөкөй турмуштук маселелерден гана келип чыккан конфликт деп божомолдоодо. Учурда шектүү делгендердин экөө кармалып, калганы издөөгө алынды. Чын-бышыгы жакын арада айкын болоор.


Эч ким кыялын көрсөткөн жок
Кечээ күнкү инаугурацияга башка чет мамлекеттердин бийлик бутагындагы, саясатта төбөсү көрүнгөндөр келе тургандыгы айтылып, негизги конок катары Россиянын президенттик аппаратынын жетекчиси Сергей Нарышкинди күтүп жатышкан. Бирок, айрым бир себептер менен келе албай кала тургандыгы Атамбаев президенттик кызматка киришерде белгилүү болду. Мына ушул жерден айрым бир адистер Нарышкин мырзанын келе албай калгандыгын түрдүү божомолдорго жоруп жиберишти. Алардын айтымында, кыргыз бийлиги Грузиянын президенти Михаил Саакашвилини да инаугурацияга чакырып койгондугунан улам, Россия атайын ушинтип кыялын көрсөтүп жаткан имиш. Бирок, бул божомолдор суу кечпей калды, себеби, Россиянын президенти Д.Медведев Атамбаевди президенттик кызматка кириши менен куттуктап өттү. Таарыныч болсо минтпейт эле да.




Ашуудан ат алмаштырбайт
Өткөөл жылдын бюджети толук аткарылды
Эске сала кетсек, жаңы президентибиз Алмазбек Атамбаев өкмөт башына жаңыдан келгенде алдына опол тоодой болгон милдетти, тактап айтканда, тешик бюджетти толтуруу милдетин жүктөнгөн. Ал аңгыча ажо жарышка аттанганда "бюджеттин аткарылбай калышынан чочулап жатат" дегендер да чыккан эле. Бирок, 2011-жылдын бюджети үчүн керт башым менен жооп берем деген Алмазбек Шаршенович сөзүн эки кылбады өңдөнөт. 1-декабрдан тарта президенттик кызматты аркалай баштаганында да, эми бюджеттин жыйынтыгын айтуудан чочулап жатса керек деген маалыматтар кеткен. Көрсө, Атамбаев иштин өтөөсүнө чыгып, бюджет толук аткарылган соң гана жаңы кызматына аттанууга бел байлаган экен. Анткени үстүбүздөгү жылдын бюджети 100 пайызка толук аткарылып, жаңы кирип келаткан 2012-жылга 2 миллиард сом ашып калган каражат менен бара тургандыгыбызды премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди. Мындай ийгиликтүү жыйынтык үчүн Атамбаевдин өкмөтү өтө так жана туура кадамдарды жасай алган. Эми айрым көз карандысыз саясый эксперттердин айтымында, кийинки өкмөттүн башына да азыркыдай системаны колдогон жетекчи келсе, Кыргызстан бир-эки жылда бир топ бутуна туруп калат. Ал эми бул системанын башында тургандардын бири азыркы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ө.Бабанов болуп эсептелет. Анда "ашуудан ат алмаштырбаш" керекпи?

Сабиров бир нерсени билет
"Ата-Мекен" фракциясы ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө боюнча вотумун билдирди. Алардын ыр-чырына жалпы калайык күбө болуп туру азыр. Бирок биздин айтайын дегенибиз башка, парламентте 18 депутаты бар Ата-Мекенчилер бир добуштан жанагы ишеним көрсөтпөө вотумун колдоп жатса, депутат Равшан Сабиров унчукпай гана тим болду. Колдобойм да, колдойм да деген жок. Эми аны "өздөгү жат катары" көрүп баштагандар четтен чыгаары анык. Антсе да, башкалары ала көөдөндүк менен опурулуп жатканда Равшан мырза бир нерсени кулагы чалып калгандай, кыязы. Унчукпай койгонуна караганда бир билгени бар го...

"Алиби" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??