Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ЖоКедеги жолбүгүн...

Ушул тапта Жогорку Кеңештеги беш фракциянын ичи кайнап турат. Кайгылары эле жаңыдан түзүлгөн коалицияга кирүү менен жаңы Өкмөттүн жакшыраак жеринен орун алуу. Расмий сүйлөшүүлөр башталганга чейин эле өз ара сүйлөшүүлөр башталып, бир канча варианттагы келишимдердин долбоорлору катуу талкууга алынып, адаттагыдай эле мамлекеттик кызматтар тээ төмөндөн жогоркусуна чейин жиликтенип, камчы сап аркылуу бөлүнүп башталган. Бул бийлик, саясат дегениң кумардын бир түрү эмеспи, биздин "элге ак кызматын кылып берет" деген эл өкүлдөрүбүз ушул жерден өздөрүн шахмат ойноп отурган кумарпоздой эле көрсөтүшүүдө. Айрыкча, ошол беш фракциянын баш бакандары өз көмөчүнө күл тартуу жагынан бири биринен өтүп, ашкере амбициялуу адамдарга айланышканын айтып жатышат. "Саясаттын сасыктыгына эми көзүм жетти, бул жердегилердин баары эле саясий проститутка экен" дейт, бир жаш депутат кесиптештерине баш чайкап. Демек, бул жерде соодалашуу катуу жүрүп, премьерлик, спикерлик үчүн ортодо опол тоодой үймөк акча тургандай. Эми биз канчалык какшаган менен "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей, кайсы партияга эмне кызмат тиет, албетте, өздөрү чечет деңизчи. Бирок, ошол жашыруун сүйлөшүүлөрдүн ичине кулагын таштап койгон кепкорлордун сөзүнө кулак түрүп, биз чынында нааразы эле болдук. Себеби мында...


Ак терек, көк терек,
коалицияга ким керек?
Биринчи меселе бул-коалициянын курамына ким кирет деген суроо. Бул жерден буга чейин айтылып кеткендей эле "КСДП" менен "Республика" "бир тууган". Экөө негизги таяныч катары "Ата Мекен" партиясына кол сунуп, "өткөн өттү, кеткен кетти, кечиришели, кел дешели, элдешели" деп обон созуп турушат. "Ата Мекен" деле өткөндөн сабак алса керек, сунушка азырынча макул болуп, биримдиктин бир бутагы болууга даяр экени айтылууда. Бирок, күчтүү коалиция болуу үчүн бул үчөөнүн кудурети аз. Демек, дагы бир фракция керек. Ал ким болушу мүмкүн? Албетте, "Ар-Намыс". Себеби, булар президенттик шайлоодо өз талапкерин алып чыгымыш болгону менен Атамбаевдин пайдасына иштегени, жазында коалиция тарайт болуп жаткан учурда булардан он "ак карга" коалициянын сакталып калышына "эмгек сиңиргени" бар. Ошентсе дагы, аларда ич ара биримдик болбой, ар кимиси эле "мен лидер" болуп, бирин-бири укпай жатканына байланыштуу толук курамы менен коалицияга киргизүү анчалык пайда алып келбейт шекилди. Ушундан улам адаттагыдай эле "арнамысчылардын" ашып кетсе 10-12 депутаты коалициянын курамына кабыл алынары мүмкүн деп жатышат. Демек, "Ата-Журт" оппозицияда калабы? Анда эле алардын ичиндеги Нарынбек Молдобаев айткандай, Өкмөттө "уйку жокпу" деген суроо туулат. Балким ошондой, анткени, Кыргызстанда бийликти сындагандан ашкан жеңил жумуш бар беле?! Жо-ок. Алдын ала айтылган кептерге караганда, бул идеалисттер дагы эки жээкке бөлүнүп, "ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек" деп жатышыптыр. Демек, булардан дагы коалицияны урагыс кылып бекемдөөгө белсенгендер бар экен да. Бул бир чети жакшы, анткени, коалициянын таркап кетүү коркунучу абдан эле азайып, туруктуулук узакка созулат. Бирок, жаман жери, анда конструктивдүү оппозиция ким болот? Ашкан-үшкөн атажуртчулар менен арнамысчыларбы? Мындай болсо парламенттин корпусу баягыл эле 90 депутат "Ак жолдон", 9 депутат КСДПдан турган бакиевдин парламентине окшоп калбайбы, ыя?!

Билим берүү
министрлигинен КУУнун
ректорлугу "майлуубу"?
Ошентип, кандай болгон күндө да коалиция түзүлдү дейли. Беш партияданбы, үч партияданбы, баары бир. Анда эле кайсы партиянын энчисине кайсы кызматтар тиет деген чо-оң маселе узун-туурасынан ортого ташталат. Анан ыйкы-тыйкылар башталат. Акүйдүн мрамор дубалдарынын жаңырганын тыңшасак, ушу тапта министрликтерди "менчиктөө" ишинде бир топ чыр-чатактар чыгып жатыптыр. Биринчиси, бийликке жетишкен КСДПнын айрым депутаттары, фракция лидери баш болуп, бир топ министрликтерди "бербейбиз" деп тырышып жатат имиш. Беркилер дагы көкбеттикке салып, "уят эмеспи, кичине топук кылгылачы, байболгурлар. Мына, Президенттик силерде, демек Башкы Прокуратура, Соттордун үчтөн бири, эсеп палатасынын үчтөн бири, эң башкысы УКМК силердин колуңарга автоматтык түрдө тийди. Эми Өкмөттөн анчалык сурабагыла" деп турушат дейт. Азыр Өкмөттүн үчтөн бирин ээлеп турган "Атажуртчулар" болсо, таптакыр куржалак калгандан сактанып, азыркы ээлеп турган министрликтердин айрымдарын өз эрктери менен сунуп эле, бирок, ИИМ менен ТИМди, вицеликтин бирин, экономиканы жөндөө сыяктуу орундарды жалбара сурап жатканы белгилүү болду. Ай таң, беришээр бекен?! Карап турсаң, калгандары деле ошол. "Республика" "Өкмөт башчылыгы бизге ыйгарылса, биз анчалык деле сурабайбыз, болгону энергетика менен табигый ресурстарды калтырып коеттурсуздар" дегендей сылык сыпаа турганын айтып жатышат. "Ата Мекен" менен "Ар-Намыстын" деле көз артканы ошол-ИИМ, каржы, энергетика, табигый ресурстар, соцфонд, ТИМ. Ушу жерден бир нерсени байкадыңарбы? Булардын ичинен эч кимиси шымаланып, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо министрликтерин сурашкан эмес. Анткени, алардын түйшүгү түмөн, аларды жаркыратып оңдоп кетүүгө өздөрү дагы күмөн. Анткени, алардын бюджети аз. Өөнөп турганга "бовойт". Азыр атын атасак, эртең абийири ачылат, андыктан анонимдүү эле айталы, кайсы бир фракциянын коалиция боюнча сүйлөшүү тобундагы бир белдүү эле Эл өкүлүнө Билим берүү министрлиги сунушталса, "Ошол жерге барганча, Улуттук университеттин ректорлугу майлуу эмеспи" деп, топту жарды дейт. Демек, булардын көздөгөнү эле майлуураак кызмат, көбүрөөк акча, көбүрөөк кызмат орун болуп, "эптеп жетсем, ошо жерден байып, жакындарымды орнотуп кетсем" деген жеке кызыкчылыктардын жетеги тура деп түшүнсөк болот тура. Ушундай кептерди укканда, "уялбагандан өзүң уял" болуп, айткан алар эмес, уккан биз уялып кетип жатабыз. Үшкүрүнүп, кол шилтегенден башка арга таппай. Мына, биздин иштеп берет, кызмат кылып берет дген эрендердин жоругу!

Кыскасы...
Ошентип, кырчылдаган кыл чайнаштар башталып, расмий аталган "соодалашуулар" башталганга чейин, парламенттеги беш партия бирин бири алдыртан сынап, кимисинин амбициясы кайсыл бийиктикте экендигин билип алышты. Эми калган аракет ошого байланыштуу жүрүп, жамандыр-жакшыдыр коалициялык көпчүлүк түзүлө тургандай. Эмне болсо ошо болсун деңизчи, бирок, бизге, карапайым элге азыраак сүйлөп, көп иштеген, жан баккан эмес, эл баккан министрлер келип, өлөсөлүү экономикага жан киргизип, социалдык миңдеген маселелердин чиесин чечип кирсе эле болду эмеспи. Биримдикти сөз жүзүндө башташып, иш жүзүндө чачташып оту-рушса, анда эле көргөн күнүбүз куруду. Кайрадан митингдер уланып, кайрадан шайлоолордун желаргысы согуп... Андан Кудай сактасын!


Тынчтык Алтымышев
60ev.alibi@mail.ru




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??