Төлөбек Итигулов, Маданияттын мыкты кызматкери, обончу, аккардеончу:
"Карамолдо менен Райканды гана көргөн жокмун"

Төлөбек байке 16 жашынан баштап филармонияда 25 жыл эмгектенген. Кыргыз күүлөрүн алгач ирет аккардеонго салган инсан. Бир топ залкарлар менен иштешип, биринин кеңешин, экинчисинин батасын алган. 15-20га жакын обон, күүлөрдүн ээси. Учурда, пенсияга чыкканына карабай "Алтын балалык" ансамблинде жана мектептерде өспүрүмдөргө музыкалык билим берип келет. Эмгеги "Эл артистине" татыктуу болсо дагы, "Эмгек сиңирген" наамын ала элек мындай инсандар арабызда жүргөндө, кечээ эле чыга калып, эки ыры үчүн наам алгандар уялса...

Алгач аккардеондуу болгондо...
Бала чакта Абаскан Мамытов деген мектеп деректири бар эле. Өзү искусство адамы болбосо да, мени ушундан бирдеме чыгат деп жүрчү экен. Мектептен ошо киши аккардеон сатып берген. Мурун аккардеон кармап да көргөн эмесмин. Деректир: "Бир дем алыш мектепке келбе, он обонду үйрөн" деп, кетирип жиберген. Ага чейин орус трактористке жардам берип жүрүп баян, гармошка ойногонду үйрөнгөм. Искусствого келип калганым да ошо кишинин жардамы го деп ойлойм. Болбосо, "учкуч болом" деп экзамен да берип, баарын даярдап койгом да.

Филармонияда иштеп калганым…
Мектепте окуп жүргөндө Э.Турсуналиев баштаган бригада барып калып, мени чакырышып, талантымды көрүп, "жарайт, 18-мартта филармонияга кел" деп кетишкен. Барсам, Бакен Ашымбаев деген деректири бар экен. "Кибиретип муну эмне кыласың? Болбойт бу, жоголуп кетсе, башым менен жооп берем" деп албай койду. Анан Эстекем экөөбүз эшикке чыктык. Аңгыча тармал чач бирөө келип калды. Эстебес байке: "Ай, Акыбай бул бала аккардеонду жакшы ойнойт экен филармонияга алалы десем, "кичине"- деп деректир болбой атат. Бир балакет кылчы ай" деди. Деректирге кайра кирдик. "Ой муну эмне алып келдиң кайра?" - деп баштаганда эле (Акыбай дегени ошол кездеги филармониянын көркөм жетекчиси, композитор Акмат Аманбаев экен) Акмат Аманбаев: "Бакен, Эстебеске жаккандан кийин, ал. Жоголуп кетсе, мен жооп берем"- деп макул кылдырган. Жумушка кирдим, сүйүнгөндү айтпа.Филармонияда иштеш деген ал убакта укмуш болчу. Айылдан столбанын башына байланган радиодон комуздун үнүн, артист, дикторлорду угуп эле таң кала берчүбүз. Анан даана ошол жерге барып түшүп калбадымбы.

Күүлөрдү аккардеонго салуу
Эки жылдан кийин аккардеонду бир топ жакшы ойноп калдым. 1965-жылы Бакен Ашымбеков да, Акмат Аманбаев да өтүп кетишти. Бир күнү Кочкордо отурсак, Шекербек аксакал колумду кармалап: "ай, ушу сенин колуң аябай жакшы. Илгери, Айманбетов деген аккардеончу попури ойноду эле. Колуңдан эле байкап турам. Сен комуз чертип, аккардеонго күү салсаң келтирет окшойсуң " деди. Бир жыл тигилер отурушта, гастролдо комуз чертип ырдагандарын көрүп, автобуска улам чуркап кайрыктарын чертип атып, комуз үйрөнүп алгам. Ошентип, Шекемдин айтуусу менен "Ибаратты" аккардеонго салдым. Жакшы чыкты. Ошол бойдон концертке номур болуп кирип калды. Ал убакта азыркыдай ММК, техника өнүккөн эмес. Карапайым элдердин баары кол чаап, аябай жакшы кабыл алчу. Бир күнү, Асанкан (Жумакматов) "Ибаратты" нормальный ойноп берчи"-деди. Отуруп ойноп бердим. Анан колумду кысып: "эми оркестрге салам. Ошондо угасың" - деп, иштеп чыгып, оркестрге салды. Андан ары Токтогулдун "Миң кыялын" салдым. Казакстандан Орунтай Мусакеев деген жигит бизге иштеп калды. Анын сунушу менен казактардын "Таттымбектин сары жайлоо", "Сары арка" деген күүлөрүн салып, ал домбура, мен аккардеон менен концерттерде аткарып жүрдүк. Ошону менен казактын дагы, кыргыздын дагы күүлөрүн аккардеонго салып жүрдүм.

Үй-бүлө күтүү
Жубайым Салима Калдарбекова башта ырчы болчу. Ысмайыл Борончиев филармонияга келип:"жакшылып тарбияла, мектепти жаңы бүттү" деп деректирге жээнин тапшырган экен, деректир мага тапшырды. Кыз тепкичтен түшүп келатыптыр, карасам, айланайын, чачы томукта жүрөт. Ошентип таанышып, репетиция кылып , анан Асанканга (Жумакматов): "Байке жакшы кыз келиптир, ушуну алып коёлучу" десем. "Сага жактыбы" дейт. "Жакты" десем, кол коюп өткөрүп койду. Деректирге барып: "байке бизден бир кызды алып, муну мага бериңиз, репетиция кылып, жакшы ырчы кылып берейин. Кийин оркестрга бараар" десем "макул" деди. Ошентип, 4-5 айдан кийин бири-бирибизди жактырып, үйлөнүп калдык. Тоюбузда Ысмайыл Борончиев тамашалап атпайбы: "атаңды, мен тээтиги Алчалуудан бери жалаң эле сага алып келип турган турбаймынбы, я, айланайын" деп. А киши мени "күйөө бала" деп койчу. Иштеп жүрүп, артисттердин турмушун көрдүм да. Ошол себептен, акылдашып байбичем мед.училищаны аяктады да Мамакеевде иштеп калды. Кудайга шүгүр, төрт балам, небер-чөбөрөм бар.

"Алтайдын ошол поезди"
Бир нече күүлөрүм, обондорум бар. Кыргыз радиосундагы Турсун Уралиев деген байкенин айтышы менен эми-эми обондорумду радионун фондуна жаздырып атам.
Кайсы бир жылдары биздин акын, жазуучулар Алтайга барат. Поезддин проводниги аябай сулуу кыз экен да. Ага баары ашык болушуп, Кыялбек (Урмамбетов), Шакем баш болуп ашыктык ырын жазышат. Шайлообектин жазган "Алтайдын ошол поезди" аттуу ашыктык ырына өзүнүн айтуусу менен "Айталиевдин "Нарындан жазган салам кат" деген ырынын тибинде обон жазгам. Себеби, "Ошонун тибинде обон чыгарсаң чыгар, бирок, эстрада кылып жибербе" деп айткан. Кийин, обон чыгарып, өзүнө келип ырдап берсем: "болду, болду айланайын Төкө, эми муну бузба. Ушуну 60 жылдыкка чейин оркестрге салып бер" деп жактырып, оркестрге салып, Бакыт Шатеновдун үнү туура келип, Шайлообектин 60 жылдыгында ырдап чыкты.

Залкарлар менен иштешүү
1969-жылга чейин Э.Турсуналиевдин тобунда иштедим. Бурулча Какишева, Зейнеп Шакеева, Гулмайрам Момушевалар менен чогуу. 1969-жылы "Керегем сага айтам" деген топ ачылып, ошондо Эстекемден бөлүндүм. Орозбек Кутманалиев, Асанкул Шаршенов, Тууганбай Абдиев, мен болуп сатира ойночубуз. Кийин К.Ниязов келип, өзүнчө сатиралык топ түзүлүп калды. Ошол арада Маданият министри К.Кондучаловалар филармонияга Рыспайды алып келишти. Рыспай менен үч жыл бирге иштедим. Кыскасы залкарлардан Карамолдо Орозовду, Райкан Шүкүрбековду көргөн жокмун. Калгандарынын бүттүгү менен иштештим. Ыбрай Тумановго комузумду буратып жүрүп, пиво ташып, О.Бөлөбалаев, Алымкул аксакалды көрдүм. Ал киши ооруп атканда Эстебес байкемди эрчип, спец. ооруканага учурашканы баргам. Мени "бул кайсы бала?" деди. "Алыке, бул баланын аты Төлөбек, генерал Самсалиевдин айылынан экен. Жаңы алдым ушул баланы" деп тааныштырды. "Аа, айланып кетейин жакшы иште. Өмүрүң узун болсун, искусствого жаңы аттанып атыпсың. Чыда кыйынчылыктар болот. Айланайын адам болосуң" деп ошентти. Андан кийин эле 4-5 айга жетпей ал киши каза болду. Эми ойлосом, булардын бардыгы кыргыздын каймагы болгон экен да.

Кызыктуу окуялар
Бир жолу Жалал-Абадга баарыбыз гастролдоп барганбыз. Мейманканадан чыгып, базарга мени ээрчитип барып, бышкан уйдун тилин сатып алды, анын оюн кайдан билейин жейбиз го деп ойлоп койдум. Мейманканага бардык, эшикке чыгып кетип кайра кирсем, Асакем көзүн акшыйтып, эки колун эки жакка таштап, чалкасынан түшүп эле жатып калыптыр. Тили тимеле эки карыш. Көрсө, уйдун тилин оозуна салып коюптур да, өлгөн кишидей чалкалап жатып калыптыр. Менин жүрөгүм түшүп калды башында. Анан Эстебес байкем көзүнөн жаш агып, боору эзилип күлүп "ыйлап" атат. Мен бер жакта кыйрап күлдүм. Анан бет маңдайыбызда амбулатория бар болчу. Анда Эстебес байкенин инилеринин бири врач экен. Аны чакыртып, Асакемди жанагынтип жаткырып, чекесин сүлгү менен жаап, керебеттин жанына тамырын карматып, врачты коюп койдук. Мени үстүнөн кыздарды чакырганга жиберишти. Тим эле боорум эзилип араң бардым да, эшикти ачып туруп "Асакем, жаман болуп атат" деп күлүп ийбейин деп эшикти дароо жаптым да качтым. "Ой, эмне болду өлүгүңдү көрөйүн" деп эле төрт аял түшүп келишти. Бөлмөгө кирип келишип, Асанкулдун кебетесин көргөн аялдар "айланайын, садагаң кетейин Асаке эле Асаке" деп ошол жерден бакырышты. Бакырып баары ыйлап атса, сулк жаткан Асакем: "ай, болду ай, токтоткулачы тумчугуп кеттим" деп коёт. Баягы аялдар бир топко нес болуп туруп, анан урушуп, сөгүп атышат тимеле "ушундай да тамаша кыласыңарбы?"- деп. Ошентип, баарыбыздын боорубуз эзилип, баягы врач көзүнөн жашы агып ыйлаган бойдон кетти.

Нурайым Рысмамбетова