Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Бул кимдин кишиси ыя?
Байзаковго "баатыр" деп баа коюуга болобу?
Эсиңерде болсо, былтыр, 25- майда ЖАМКтын төрагалыгына Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен Ш.Байзаков конду. Жетекчи болуп иштегенине 10 күн болбой, анын орун басары , шефине мыйзамсыз "ички кызматтын полковниги "деген наамды ыйгарып койгон.Бул наамды ошо кезде эки чылбыр бир тизгинди кармаган, Өкмөт, президент болгон Р.Отунбаева бериш керек эле...
Учурдун чындыгын узартпай элге жеткирген "Слово Кыргызстана" гезитине эле Өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Шейшенбек Байзаков жөнүндө 7-8 сын макала жазылса да аткаруу бийлигинин реакциясы - нөл. Же өлкө башчысы, же өкмөт башчысы үн катпайт, ушунчалык дагы кайдыгерлик болобу?
Быйыл 16-май, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укуктук,мыйзам жана коррупция менен күрөшүү комитетинин төрагасы Т.Мадылбеков, мындан ары ЖАМКтын башчысы Ш.Байзаковду кызмат ордуна калтыруунун зарылчылыгы жоктугун айтып, бир эмес эки жолу Өкмөткө расмий токтомдун чечимин жөнөткөн.Байзаковдун жамаатында иштеген, профессионал, иштин көзүн билген жогорку, ортоңку, төмөнкү звенодогу жаза аткаруу системасындагы коллективдүү каттарды пачкеси менен Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ө.Бабанов,Ш.Атахановго жолдой беришип, жоон топ акыйкат издегендер суй жыгылды. Мыйзамсыз бошотулган 16 офицердин 10ну бүгүн соттун биринчи инстанциясынан утуп алды. Булар майор Ж.Бостоналиев, полковник А.Нишанбаев, полковник Т.Токтосунов, подполковник Ш.Ашымбаев, полковник М.Миңбаев, майор Н. Усенбеков, майор Т.Анаркулов. Ыксыз кызмат ордунан бошотулгандар жана алардын ордуна кызматка алынгандарга маяна төлөө 700 миң сомду чапчыды. Т.Токтосунов соттун 1-2- инстанциясынан утуп алып, бош жүргөн күндөрүнө эми бюджеттен 114 миң сом өндүрүп алууга акысы бар. Байзаковдун "беспредельңинасына" эмне үчүн мамлекеттин капчыгынан акча төлөнүш керек? Жаңыдан кабыл алынган Шекенин сөзүн сүйлөп, кетменин чапкан "любимчиктери" 100 миң сомдук айлыкты алып, ашап койду. Байзаковдун кадр саясатындагы өзүм билемдиги уланууда. Айталы, Өкмөттүн (22.08.11) токтомуна ылайык, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратына 30 кызматтык бирдик бөлүнсө, Өкмөттүн токтомунан ашып түшүп, Шейшенбек мырза,(14.09.11) өз буйругу менен органдын өздүк курамын, Жаза аткаруу департаментине караштуу 2 миңден ашуун адамды кызматтан бошотуп, ЖАМКтын кадрлар бөлүмүнө тескөөгө жөнөткөн. Мыйзамга ылайык бул бошотулган адамдар 3 ай бою кызматтык оклад акчасын алыш керек. Бул айлык акыны бюджет кайсы булактан төлөп берет? КР Өкмөтүнүн (04.10.11) №611 токтомуна негиздеп, Жаза аткаруу департаментин жоюп салган. Эгер мындай болсо, КР Граждандык кодексиндеги 97- статьянын 2 -пунктунда: "Юридикалык тарапты жоюу чечимине барса, Өкмөт ликвидация комиссиясын түзүп, ал эми ликвидатор кодекске ылайык, Департаментти жоюунун мыйзамга ылайык эреже-мөөнөтүн аныкташы керек эле, бул процедура аткарылган эмес, эгер чечилсе, ГСИНдин борбордук аппараты 205,5 кызмат бирдигине көбөйүп, айлык акыны төлөө 600 пайызга өсүп жатпайбы? Өлкө боюнча мамкызмат ордулары кескин кыскартууларга дуушар болуп, 2012- жылдын бюджети 19 млрд сом чыгаша менен чыгып чырылдап атса, Байзаков башкы өз кызматчыларынын айлыгын көтөрмөй менен алпурушууда. Бул албетте айлык акы төлөө фондусун 722696 сомдук ашыкча чыгымга кириптер кылат. Президенттик шайлоого чейин, июнь айында, жогорку офицердик, орто, төмөн звенодогу нааразы болгон жоон топтогу ЖАМКтын жамааты Акүйдүн алдына пикетке чыгууга камданып калганда, эки вице: "Чоң шайлоо алдында силер самсаалап саясий акцияга чыгып жатсаңар, соттолуучулардын чырагына май таамп, биттей жайылып, ошондо шорубуз шорподой кайнайт, бардык арыз дооматтарыңарды карап, чукул арада чечебиз" деп жаш баланы соороткондой жолго салат. Андан бери 3 ай өттү, ал убаданы уй жеп кетти. ЖКнын профилдик комитетинин токтому, премьер министрликтин тартмасында чаң басып унутулганы аз келгенсип, Ш.Байзаковго генерал-майор наамын колтойтуп көкүрөгүнө илип коюшту.
Баса, эми түштөн кийин эсине келгенби, баягы № 611-токтомдогу "Ликвидация деген жерин- Реорганизация" деп алмаштырып коёлу деп Байзаков аткаруу бийлигине ат тезегин кургатпай негиздеме жазып чуркап жүрөт. Шейшенбек Калилбековичтин (18.10.11)№230; (19.10.11)№233,233; (20.10.11)№234,235,236 буйругу боюнча ЖАМКтын борбордук аппараттагы кызмат ордуларына чыгарылган буйругун мыйзамсыз деп айтууга толук негиз бар.
Президенттик шайлоодо Байзаков байкебиз буту жооруп, түштүктө жүрдү.Буга байланыштуу бир окуяны айта кетпесек, шорпонун тузу супсак болчудай.Оштогу №5 - СИЗОдогу 400дөн ашуун тергөө абагында жаткан суракка алынгандар шайлоодо өздөрүнүн Конституциялык укугунан пайдаланып добуш берүүгө катышпай калган. Демек бул бийликке каршы иштегенби деген бүдөмүк ой келет. Буга да айла амал таап, " мага жанагы жумушсуз калган, мага оппонент болгон көчөдө солоктоп жүргөн душмандарым ушундай иттик кылды" деп камырдан кыл сууругандай кутулуп кетсе боло?! СИЗО деген жабык мекеме болсо, сизге каршы 150дөн ашуун адам президент-спикер-премьерге арызданып жатса, алар эмне "дымоходдон" түшүп, анан Карлсондой болуп сыртка учуп чыгыптырбы? Сизди эч ким Атамбаевге барып добушуңарды бергиле деп үндөгөн киши жок, бирок шайлоого алардын добушун тизмеге киргизип, шайлоого шарт түзүш керек эле ,бул жагы аткарылбай калган, ал жердеги кармалгандарды президентти тандоо укугунан ажыраткансыңар.
2010-жылы Жаза аткаруу департаментине (ЖАК) караштуу мекемелердин капиталдык ремонтуна "Имарат жана жабдууга" делген статья боюнча 10 млн сом бөлүнгөн, бирок бул акчалар максатсыз жумшалган,ЖАКтын акчасын Байзаков өзү отурган контораны административдик имаратына 10 млн 243 миң сомду жумшаган.211 миң 430 сомго автостоянка курган.Автоунаалар турчу жайды кирпич менен дубалын көтөрүүгө 320 миң 34 сом жумшаган, Кызматтык автостоянкалардын үстүн чатыр менен жапканга 579 миң 844 сом ажыраткан.Бир млн 907 миң 304 сомду жаңы обьектилерге жумшадым дегени менен буга тендер жарыяланбай, келишим да түзүлгөн эмес. ГСИНдин тегерегин түрмө өңдөнтүп темир тосмо курган (389 миң 449 сомго) Шейшенбек деген акебиз кабылдамасын реконс-трукциялоого, ага кошуп 2 кабинетти хан ордого окшотуп ремонттоого 532 миң 474 сомду короткон.Флагштоксуз иштебеймин деп буга 62832 сомду чачкан.
Түзөтүү мекемелеринин өндүрүштүк участкаларынан иштеп табылган 887 миң 771 сом зоналардын тарпы кеткен имараттарына жумшалбастан, Байзаков отурган административдик имаратка картиналар илинип, анын алкагын (рамкасын) кооздоо үчүн 361 миң 714 сом коротулган.Медаль, төш белгиге 237 миң 970 сом, баннер, панного 288087 сом чыгымдалган."Абакиров" деген жеке менчик фирма менен келишим түзүп, конторасына республиканын аттуу-баштуу адамдарынын картинасын илип алган , бирок бул мекемеде иштеп кеткендер бул сүрөттөрдү жасоодо Байзаковдун аялы менен уулу катышкан деп, өкмөттүн аппаратына жолдогон каттарында жазышкан. Шейшенбек мырза, өзүм дегенде өгүздөй иштеген букачар экенсиз. Кызматтык машинеңиз кирпич гаражга кирбесе, өпкөсүнө суук тийип ,жүрөгү инфаркт болуп өлөбү? Кыргызбай кызматка келсе эле, офис менен машинесин оңдоп, түзөп ремонттоодон баштайт, ушинтип тергөө изоляторун, түрмөлөрдү оңдогонуңузда, матрац, кровать, ажаатканалардын канализациялык түтүктөрүн пластик менен алмаштырсаңыз болбойт беле,каңырсып сасыганын айтпа, ичине киргенден заарканасың.Сиздин кеңсеңизге эмес ошо зонаны оңдосун деп 10 млн сом бөлүнгөн.Ушул оголе көп акча түрмөлөрдүн муктаждыгына багытталса, соттолгондор бетиңизден эмес, орой айтсам кечириңиз, көчүгүңүздөн өпмөк. Көпкөндүктүн да чеги болот. Түрмөдө же карды тойбой, же коопсуздугу корголбой, 5 адам Султан Сасыев, Айдарбек Шамурзаев,Сабыркул Батыров, Махмут Рузиметов, Ильяс Жабиров "асылып, суицид" болду дегениңиз менен денесинен көгөргөн токмок, келтектин изи калганын көргөндөр бар. Байзаков баш -этегин темир коргонго салып, жеке коопсуздугуна кам көрүп жатат.Тарых күбө,илгери Макен Абылов МЧС министри кезинде Акүйдү темир торго салып, 2 революция, темир коргондун быт-чытын чыгарып, Ак ордону алеки заматта талкалап, 2 президенттин жанын темир тосмо сактап калалган жок.Сизге окшогон ысырапкерчилер турганда, чор тамандардын шору шорподой кайнайт экен.
Өкмөткө караштуу ЖАМКтын (25.03.10) токтомуна ылайык бюджеттен каралган каражаттын бардык агымын департаменттин начальниги бөлүштүрүш керек эле, ал финансылык агымды өз колуңузга топтоп, кожоюн болуш үчүн атайын жоюп салууга бардыңыз. УИС системасында иштебеген таанышыңызды , жаш курагы кызматка туура келбеген М.Рахматовду Баткен облустук кылмыш жаза аткаруу инспекциясына начальник кылып дайындагансыз. Ал эмес бир ай иштебей жатып, мыйзамсыз түрдө медаль бергенсиз. Ошондой эле, Бажы комитетинен прогул жасап, кызматынан куулган Н.Орунтаевди Балыкчыдагы кылмыш жаза аткаруу инспекциясынын улук инспекторуна дайындагансыз, анын жаш курагы да бул системага иштөөгө жол бербейт.
Өкмөттүн (22.08.11) токтомунун негизинде ЖАМКтын борбордук аппаратына 30 кызматтык орун бекитилген, бул документке эч ким өзгөртүп же оңдоо киргизген эмес, бирок Байзаков деген эргул аппараттын жаңы структурасын бекитип, анын санын 235 бирдикке жеткирип, жаңы кызматкерлерди кабыл ала баштады.Кыскасы, мыйзамсыз 54 офицер жумушка алынды. Бул ыгы жок кадр саясаты Горбачевдун перестройкасына окшоп жыдып калбагай эле, айлык акы төлөө фондусун 720 миң сомго жогорулатып, бюджетти сызга отургузаары айгине болуп калды.
Аты өчкүр №611-токтомдун долбоору бир нече ай өкмөт аппаратынын башчысы Н.Момуналиевдин ага караштуу оголе көп бөлүмдөрүндө топтой тебилип, акыры төркүнгө батпаган кыздай болуп, агездеги премьерибиз Атамбаев "пример" көрсөтүп кол койбой койсо, байкабай калганбы же башкалар шыкакчы болгонбу убактылуу келген премьер Бабанов кол коюп салыптыр. Президенттик шайлоонун алдында ЖАМКтагы жаза аткаруу департаментин кыскартуу кайсы оёндун башына келди, эки ыңкылаптан ээси чыккан элди, түрмөдөн түрүлүп чыккан зэктердин бунтуна тебелетейин дедиңерби?
Кеп соңунда айтаарыбыз департаменттин компетенциясына караштуу материалдык-техникалык камсыздоо; ыкчам- режимдик; кадрлар; кылмышы үчүн түзөтүү инспекциясы деп аталган 4 БАШКАРМАЛЫКТЫ,Колония-поселениелерди Жаза аткаруу департаментинен алып чыгып, Байзаков өз буйругу менен жалгыз гана өзү башкарууну көздөп жатат.Бул деген Стакемдин кезиндеги жеке адамдын керт башына гана кыңк этпестен баш ийип, учурдагы учкул сөз "Мен начальник, сен жинди"деген жыйынтыкка апкелет.ГУБОПто жүрүп, интриганын желесин токуганды абдан мыкты өздөштүргөн экенсиз. Сиз түптөгөн реформа сөрөй "чокусу жерге тийип , буту асманга салаңдаган" акробаттын трюгуна окшоп калыптыр.Бул реорганизация Шейшенбек мырзанын башына бумеранг болуп кайтпагай эле. Бийликтеги Шамилжон Атаханов да өтөт кызматтан, ликвидатор-реорганизатор болуп, Байзаков да өтөт кызматтан. Сиз башкарган жамаатта кадрлар байбиче менен токолдун балдарындай болуп экиге бөлүнүп калды.Баягы урушчаак короз, сүзөөнөк текедей болуп. Бирин колтугуңузга имерип,экинчисин өгөйлөбөй, баарына тегиз караш керек эле.

Нураян Залкарова,
эркин журналист






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??