Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Элесине гүлдесте!
Кыргызым дагы бир
кыраанынан айрылды

Белгилүү оор атлетчи "Митал Шарипов каза болуптур"- деген суук кабарды 28-ноябрда угаарыбыз менен сай сөөгүбүз сыздап, үнү жок ыйлап кала бердик. Кыргызымдын намысын нечен ирет татыктуу коргоп, желегин желбиретип келген атактуу агабыздын ашказан оорусуна чалдыгып, операция жасалганына жарым жылдай убакыт болгон.

Мындан бир нече жыл мурда Митал байке менен жолукканымда, "Улан, азыр Бишкек МАИсинин жанында машыктыруучу зал ачып, ошону иштетип жатам. Келип, булчуңдарыңды чоңойтуп турбайсыңбы?"- дегенде, "Ой Митал байке, айтканыңызга рахмат, ага убактым да жок, анын үстүндө үйүмө алыс да экен"- дедим. Экөөбүз кафеге кирип, 2 сааттай баарлашып, анан таркаганбыз. Ошондо, чоң спорттон кеткен Митал байкенин кыйналып-кысталып жүргөнүн, өз ордун таба албай жатканына жана азып кеткенине кейип, анын ийгиликтерин колдонгон спорт жетекчилерин ичимден сөктүм эле. Ошол бойдон Митал байке экөөбүз такыр кезиккенибиз жок.
Кийинчерээк Спорт интернатына машыктыруучу болуп иштеп жүргөнүн уксам, үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде анын Онкология борборуна түшкөнүн, ооруусу айыкпай тургандардын катарына кирерин Таалай байкеден (Раимбеков) укканда көздөрүм тунара түшкөн. "Таалай байке, анда эртең экөөбүз Митал байкеге барып, ден соолугун сурап коелу, мени алып барыңыз"- десем, "Ой иним, азыр бир туугандарынын баары айылдан анын жанына келишти, сен да барып калсаң Митал эмне дейт? Оорусу тууралуу өзү эч нерсе билбейт, ага айтышкан жок"- деп токтотуп койду. Тилекке каршы, досунун ден соолугу үчүн аябай чыйпылыктап жүргөн Таалай байке да Митал байкеден мурда эле оо дүйнөгө сапар тартып кетти.
Бир кездеги бука моюн, буура сан агабыз өмүрүнүн акырындагы оор күндөрдү башынан кечирип жатканда мамлекеттик аткаминерлердин ичинен менин билгенимден Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун гана 100 миң сом өлчөмүндө жардам бергенин угуп, өзүмчө ага аябай ыраазы болдум. Адамдын адамгерчилиги башка иш түшкөндө билинет эмеспи.
Айылдаш агабыз ооруга тизе бүгүп, баш бербегенине карабай шум ажал аны арабыздан ажыратып, муздак жердин кучагына салып берди. Кээде Митал байкебиздей жан дүйнөсү таза, колунан келсе жакшылыгын аябаган адамдар көп жашайт деп ойлочумун, көрсө, жакшылардын өмүрү кыска болот тура. Митал байке жарык дүйнөгө келгенде эле анын атасы Балтабай (Кыргызстандагы оор атлетика боюнча эң биринчи спорт чебери болгон адам) "темирди багындырсын!"- деген тилек менен атайы Митал деген ысымды ыйгарган экен. Уулу атына заты жарашып, дүйнөнү багындырды да, бир ооруну багындыра албай бул жалган дүйнө менен кош айтышып кете берди. Митал байкенин кийинки муунга үлгү болчу эрдиктери тууралуу айта берсе сөз учугу үзүлбөйт, ал тууралуу али арбын сөздөр алдыда.
Эң башкысы, анын сөөгүн жерге берүүдө топурак салууга бара албай калган айылдаштарынын атынан М.Шариповдун үй-бүлөсүнө, туугандарына көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Балбан агабыздын жаны жаннаттан орун алсын! Кош болуңуз Митал байке, жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Айылдаш иниңиз
Улан МАМБЕТОВ




Митал Шарипов, Эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери:
"18 ЖАШЫМДА СССРдин ЧЕМПИОНУ БОЛГОМ"
- Митал байке, маегибизди алгач спортко кантип келип калганыңыздан баштасак.
-Анда мен 3 жашта элем. Өзүмдүн атам Балтабай Шарипов Кыргызстанда алгачкы болуп, "оор атлетика боюнча спорттун чебери" деген наамды алган алп адам эле. Бала кезимде жыгачтан кичинекей штанга жасап берип, күндө эртең менен машыктырганы такыр эсимден кетпейт. Алгачкы машыктыруучум Эркебай Боромбаев деген адам окуучулук кезимде штанганы көтөрүүнүн ыкмаларын үйрөттү. Негизинен, Кыргызстанда күрөш боюнча көбүнчө Талас облусундагы балдар машыгышса, кичи мекеним болгон Көк-Сай айылында оор атлетикага басым жасалып келет. Мага атамдан тышкары ушунун да таасири тийген. 15 жашка келгенимде атам ордо калаабыздагы спорт мектебине киргизди. Бирок, анда оор атлетика боюнча секция ачыла электигинен, бир жыл дзюдо менен машыгып калдым. Кийин оор атлетика секциясы ачылганда андагы алгачкы окуучулардан болдум. 1989-жылы спорт мектебин бүтүргөн соң, армияга спорт ротасына жиберишти. 1990-жылы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөр арасында чемпионат өтүп, анда 1-орунду жеңип алдым. Андагы чемпиондорго "СССР спортунун чебери" деген наам ыйгарылган. Ал учурда чет өлкөгө баруу үчүн СССРдин чемпионатында байгелүү орунга жетүү керек болчу. Ал эми СССРдин чемпиону болгон балбан сөзсүз түрдө дүйнө чемпионатында ийгиликке жетчү.
Ошентип жүрүп күндөрдүн биринде Бишкекте Өмүржан Молдодосов деген тажрыйбалуу машыктыруучуга кезигип, анын кол алдында машыга баштадым. 1993-жылы аракетим өз жемишин берип, эл аралык турнирден 1-орунга ээ болдум.
- Жеңиш оңойго турбаса керек?
- Кудайга шүгүр, мен Өмүржан агага туш болуп, багым ачылды десем аша чапкандык болбос. Анткени, мендеги дараметти сыртка сууруп, ийгиликке жетүүмө машыктыруучумдун салымы чоң. Ишенсеңер, кичинемде мени менен бирге машыккан иним Ринат мага караганда оор салмактарды көтөрө алчу. Андыктан, спортсмендердин келечеги машыктыруучусунун колунда деп айтат элем. Мисалы, алгачкы жолку жетишкендигимде 1000 доллар гонорар алган элем. Машыктыруучум Өмүржан ага болсо: "Бойдокчулук кезде акчаны оңго-солго чачып жок кылып коёсуң. Андан көрө мага бер, акчаңды чогултуп квартира алып берейин" деп алган. Бир жылдан кийин сөзүнө туруп, бир бөлмөлүү квартира алып берди.
1994-жылы Кыргызстандын командасы биринчи жолу эгемендүү мамлекет катары Японияда өткөн Азия оюндарына катышты. Ошондо 75 килограмм салмак боюнча мелдешке чыгып, 145 килограммды жулкуп, 175 килограммды булкуп көтөрүп, коло медалды моюнга тагынгам. Талыкпаган эмгектин аркасы менен 2000-жылы Азиянын чемпиону болууга жетиштим.
- Спорттук аренада төбөсү көрүнүп калган спортсмендерди чет өлкөлөр өзүнө тартып алышчу эле. Сизге мындай сунуш болгон жокпу?
- Бардык шартыңды түзүп беребиз, биздин өлкөнүн атынан чык деп Малайзия менен Казакстандын спорт жетекчилери кайрылышты. Бирок, менде патриоттуулук сезим күчтүү болгондуктан, барган жокмун. Ошентип жүрүп 2004-жылы Грецияда өткөн Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын капитан командасы болуп бардым.
- Сизди Грецияда "допинг менен кармалып, мелдешке катышпай калыптыр" деген айың кеп таркады эле. Бирок, ал жактан келгенде да бул тууралуу эч кандай комментарий жасаган эмессиз. Ошонун чоо-жайын түшүндүрүп берсеңиз?
- Менин астма ооруум бар, жыл сайын май айынан сентябрга чейин кармайт. Олимпиада оюндарына эки ай убакыт калганда ооруум спорттук формама терс таасирин бергендиктен, Бишкекте дарыланганмын. Афинадагы мелдешке эки күн калганда Эл аралык Олимпиада комитетинен "сенин анализиңден тыюу салынган дары-дармектердин бар экендиги белгилүү болду" деген кагаз келди. Көрсө, 2 ай мурда колдонгон дарыда тыюу салынган заттар бар экен. Ызы-чуу болуп жатканда мындай маселени Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети жеринде чечиши керек болчу. Бирок, аларга кайрылсак, "өзүңөр чечкиле" деп сөзүбүздү кулактарынын сыртында калтырышты. Ал эми оюнга катышуу үчүн барган экс-премьер министр Н.Танаев бизге көңүл бурганды кой, жаныбызга да басып келген жок.
- Жакшы спортсмендерди өстүрүп, алар ийгиликке жетсе, сизге да гонорар бөлүнөт да…
- Ошондой болушу керек, бирок, иш жүзүндө андай эмес да. Мен бардык аракетимди жумшап өстүргөн спортсмен ийгиликке жеткенден кийин автоматтык түрдө Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусунун колуна өтөт. Ошентип, чоңойткон балаңдын берген жемишин анын чыныгы машыктыруучусу эмес, башкалары жешет.
- Кайсы өлкөлөрдө болууга жетиштиңиз жана сизге кайсынысы башкалардан жакын сезилет?
- КМШ өлкөлөрүн эске албаганда Япония, Кытай, Корея, Тайланд, Иран, Түркия, Греция, Австралия өлкөлөрүндө болдум. Бирок, эмнегедир Иран жандүйнөмө жакын туюлат. Себеби, 85 килограмм салмак менен мелдештерге чыгып жүргөндө Иранга барып калдык. Эл аралык турнирге бир күн калганда өзүмдү начар сезип, кечке маал көл жээгин бойлоп көпкө ойлонуп жүрдүм. Мейманканада уктап жатып, кызыктуу түш көрдүм. Анда мен кайырчыга акча берсем, "балам, кыйналып жатыптырсың, мен сага батамды берейин" дегени эсимде. Анан эле ойгонуп кеттим. Мелдеш учурунда кытайлык балбан менен атаандашып отуруп, жалпы эсеп менен кантип 352,5 килограмм штанганы көтөрүп койгонумду билбей калыптырмын. Жыйынтыгында, алтын медалды утуп алдым. Ошентип, Ирандагы турнирдин эң мыкты спортсмени аталып, "эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери" деген наамга татыктуу болгом.
- Митал байке, айтыңызчы, чоң спорттон кетишиңизге эмне себеп болду?
- Чындыгын айтсам, Олимпиададан кийин спорт жетекчилигине көңүлүм сууп калса, экинчи жагынан спорт менен коштошоорго убакыт деле келип калган.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Үй-бүлөм бар. Жубайымдын аты Асел. Бир очоктон түтүн булатуу менен бир уул жана бир кызды тарбиялап өстүрүүдөбүз.
- Турмушта аялыңызды кызганып, мушташкан учуруңуз болгон жокпу?
- Андайлар боло элек жана болбой эле койсун. Негизинен, мен жубайыма ишенем. Ал башка айымдардан айырмаланып, эркектерге тиешелүү иште, милицияда иштейт.
Маектешкен
Улан Мамбетов






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??