Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" кызматкерлеринин кайрылуусу

Акыркы бир нече күн өздөрү жана өз үй-бүлөлөрү үчүн оор эмгек менен нан таап жеп жатышкан бир нече миң адамдын тагдыры оңой кадыр-барк табууга жулкунган бир ууч "патриоттордун" колунда экендигин көрсөттү. Коомдук кыймылдар деп аталып алышкан уюмдардын лидерлери өздөрүнүн жеке керт баштарынын кызыкчылыктарын көздөшүп жана өлкөдөгү көптөгөн адамдардын оор абалынан пайдалануу менен фактыларды да, кырдаалды да билбей туруп, а кээде маалыматты бурмалоо менен өлкөдөгү жападан-жалгыз туруктуу иштеп жаткан тоо-кен ишканасынын ишин токтотууга аракеттенишүүдө!

Ошол эле учурда бул коомчул лидерлер өздөрүн өлкөнүн патриоттору деп атап алышып жана коомдук пикирди адаштыруу менен алардын аркасында миңдеген ушундай эле патриоттор турушат дешип тастыкташып, кээде патриотизмге эч кандай ылайык келбеген талаптарды коюшууда.
Ишенип коюңуздар, мекендештер, биз, компаниянын кызматкерлери, Кыргызстандын алардай эле патриотторубуз. Биз өзүбүз туулуп-өскөн, жашап жаткан жана балдарыбыз окуп жатышкан өлкөбүздү сүйөбүз. Биздин патриотизм жолдорду бөгөөдө, митингдерди өткөрүүдө жана акылга сыйбаган талаптарды коюуда эмес. Биз жөн гана иштеп жатабыз, биздин компаниянын туруктуу иштөөсүнөн улам өлкөнүн бюджети каражаттарды алып жатканын, алардын бир бөлүгү карыларыбызга пенсияларды, балдарыбызга жөлөкпулдарды, мугалимдер менен дарыгерлерге эмгек акыларды өз убагында төлөп берүүгө жумшалып жатканын эң сонун түшүнөбүз. Биздин бекем ынануубуз боюнча, чыныгы патриотизм мына ушундай болууга тийиш! 2011-жылы эле "Кумтөр" бюджетке 150 миллионго жакын доллар которду.
Бизде Кыргызстан үчүн күйүп жатабыз дешкен "чыныгы патриоттордон" бир артыкчылыгыбыз бар: биз "Кумтөр" кен ишканасындагы иштин абалын жакшы билебиз, анткени "Кумтөрдө" күн сайын эмне болуп жатканын өз көзүбүз көрүп турабыз.
Популисттер, фактыларга таянбастан туруп, Кумтөрдүн миллиарддаган долларлык миң тонна алтыны жөнүндө кайта-кайта айтуудан тажашпайт. Ал тоолорубузда даяр куймалар түрүндө жатат деп ойлоого болот. Ошол эле учурда "адис" сөрөйлөр бир грамм алтын алуу үчүн да канча күч жана каражат жумшоо керектигин айтышпайт! Бул алтындын запасын анын дүйнөлүк биржадагы баасына калькулятор менен көбөйтө салгандай оңой нерсе эмес.
Сиздерге расмий эмес маалыматтар боюнча "Кумтөрдө" 600 тонна алтын өндүрүлгөн деп айтышууда. Бул абсурд экендигин расмий билдирип коёлу. Алтын бул картошка эмес, аны расмий эмес түрдө, анын үстүнө мынчалык көлөмдө казып ала коюуга мүмкүн эмес. Кен ишканасында 3 миңге жакын адам иштейт. Алардын бири да металлдын контрабандасын байкабай калмак беле? Кыргызстан тонналаган продукцияны мыйзамсыз чыгарып кете тургандай каалгасы жок алачык эмес. Биздин самолетторубуз, жашыруун ташууларыбыз, андан да жер астындагы туннелдерибиз жок. 1997-жылдан 2010-жылга чейин кен ишканасында 242,5 тонна алтын өндүрүлгөн. "Кумтөр" - бул күнү-түнү алтын кумдарды казып алып жатышкан жеке алтын казуучулардын артели эмес, а жогорку технологиялуу ишкана. "Кумтөрдө" алтын рудадан химиялык реагенттердин жардамы менен татаал технологиялык ыкма аркылуу бөлүнүп алынат. Жана муну жашыруун жасоого таптакыр мүмкүн эмес. "Кумтөрдө" бардык казылып алынган алтын граммына чейин Кыргызстандын контролдоочу органдары тарабынан эсепке алынып турат.
Биз өндүргөн акыркы продукт "Доре куймасы" деп аталат. Анын курамында 80 пайызга чейин алтын, ошондой эле күмүш жана башка металлдар болот. "Кумтөр" кен ишканасында өндүрүлгөн алтын "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКы, "Кыргызалтын" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимде каралгандай, аны аффинаждык ишканада кайра иштетүү жана андан ары сатуу үчүн "Кыргызалтынга" берилет. Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатуу укугуна "Кыргызалтын" ААКсы гана ээ. Кен ишканасы иштеген мезгил ичинде Канадага бир грамм да алтын же күмүш ташылып чыккан эмес. Компаниянын баалуу металлдарды экспорттоого лицензиясы жок.
Сиздерди канадалыктар сейрек кездешүүчү химиялык элементтерди казып алышып жатышат жана андан ары сатуу үчүн аларды эч тоскоолдуктарсыз өлкөдөн чыгарып кетишүүдө деп ынандырышууда. Бул келесоолук жана акылга сыйбаган калп, себеби жок нерсени ташып чыгууга жана сатууга мүмкүн эмес. Бул советтик геологдор тарабынан илгери эле далилденген жана кыргыз адистери тарабынан дагы тастыкталган, аларга ишенбөөгө силерде жүйөө жок. Ал адистердин баарын сатып алууга же алдоого мүмкүн эмес. Өлкөбүздө эң сонун адистер бар, алар кандайдыр-бир баалуу сейрек металлдар жок экендигин көп жолу тастыкташкан. "Кумтөрдөгү" бардык технологиялык процесс алтынды казып алууга гана ылайыкташтырылган.!
Компания иштеген жылдар аралыгында канадалыктар алышкан жомоктогудай пайда жөнүндө имиштер көп. Бул дагы калп! 2007-жылга чейин алтынга баанын төмөн болгондугунан улам, 1997-жылдан 2010-жылга чейин 3,9 миллиард долларга продукция сатылган. Бул акчалардан "Кумтөрдүн" ишинен өлкөнүн бюджети алган 500 миллиондон ашуун салыктарды жана таза кирешени кошо алганда 1,5 миллиард доллары Кыргызстанда калды. Канадалыктардын пайдасы бул мезгилде 86 миллионго жакын долларды түздү. А калганы бүт бойдон кен ишканасынын ишине салынууда: жаңы техника, жумшалуучу материалдар сатылып алынууда.
Патриот сөрөйлөр биздин ишкананын ишинен Ысык-Көл областы пайда көрбөй жатат дешет. Алар "Кумтөрдүн" акчасына 2010-жылы Ысык-Көлдө 15 жаңы мектеп пайда болгонун байкагылары келишпейт. Ананьеводо жаңы оорукана курулду, клубдар, жолдор ремонттолууда. 2011-жылдын тогуз айында эле Областты өнүктүрүү фонду 8 миллиондон ашуун доллар алган.
Коомдук кыймыл деп аталгандын лидерлери компаниянын кызматкерлеринин укуктарын коргоого өзгөчө жанталашышууда. "Кумтөр" кен ишканасы иштеп жаткандан улам 3 миңден ашуун кыргызстандыктардын иши бар экенин эске салып коелу. Дагы бир нече миң адам кен ишканасына азык-түлүктөрдү, кийимдерди жана өнөр жай продукцияларын берүү менен алектенишүүдө, транспорттук жана ремонттук ж.б. кызматтарды көрсөтүшүүдө. "Кумтөр" -заманбап ишкана, анда коопсуздук техникасы жана жумушчулардын укуктары сакталат. Бизде татыктуу эмгек акы жана жакшы социалдык пакет бар. Мына ошондуктан он миңдеген адамдардын "Кумтөрдө" иштегилери келишет. Жана биздин укуктарыбыз үчүн "күрөшүүнүн" да кереги жок. Биздин күчтүү профсоюзубуз бар жана биз өзүбүздү өзүбүз коргой алабыз!
Экологиялык коркунуч жөнүндө калп дайыма көбүртүлүүдө! Кумтөр чиновниктер менен ар кандай коомдук кыймылдардын саясий оюндарында дайыма курал болуп келген. Майда кендин айланасындагы чуулдаң мындай резонанс жаратпайт. А кеп Кумтөр жөнүндө жүргөндө саясий кол чабууларга татууга же кезектеги грантты актап берүүгө болот. Бир дагы ишкана курчап турган чөйрөнү коргоого биздегидей көңүл бурбайт. Башка кендерге салыштырмалуу мында ишкананын жапайы жаратылышка таасири минимумга түшүрүлгөн. Албетте, ар бир тоо-кен казып алуучу ишкана - бул жапайы жаратылышка, табигый чөйрөгө кийлигишүү, аны тигиндей же мындай түрдө бузат. Эң башкысы - терс таасирлердин кесепетин төмөндөтүү. Жыл сайын ондогон адистер кен ишканасынын ишин текшеришет. Бардык текшерүүлөр ар кандай заттардын жол берилүүчү чектеги концентрациясы жол берилген деңгээлден ашпай тургандыгын көрсөтөт. Өз алдынча эколог болуп алгандардын Ысык-Көлдөгү экологиялык катастрофа жөнүндө бардык билдирүүлөрү - же түркөйлүк, же билип туруп айтылган калп. Ал эми жергиликтүү калкка түздөн-түз коркунуч жөнүндөгүлөрү - болбогон кеп.
Бүгүн көп адамдарды сиздерди конституциялык укуктарыңыздар бузулуп жатат деп ынандырышып жана аны менен каршылык акцияларына тартууга, кен ишканасынын жолун бөгөөгө чакырышууда. Бирок антип өндүрүштү токтотуу, укукка жат аракеттериңиздер менен сиздер биздин эмгекке укугубузду жана алардын пенсиялары жана эмгек акылары биздин ишкананын ишинен түздөн-түз көз каранды болгон башка миңдеген адамдардын укуктарын бузуп жатасыздар.
Ооба, биздин өлкөдө демократия. Бирок ал мамлекеттин экономикасын бүлдүрбөстөн, анын өнүгүүсүнө жардам бергенде гана жакшы. Экономикага байланышкан маселелер митингдер менен, анын үстүнө баррикадаларда чечилбейт. Бул баш аламандык кимдир-бирөөгө пайдалуу деп болжолдоо гана калат. Бирок, андай болсо мамлекет мындай эл бактысы үчүн "кам көрүүчүлөрдүн" жетегине дегеле барбашы керек.

"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" кызматкерлери: Н.Төлөбаев, Г.Мукамбетова, Н.Өскөева, А.Башкиров, Ш.Тыныстанов, А.Абдувалиев, Б.Раяпов, К.Шатманов, А.Раимбеков, Р.Рыскулов, А.Барыктабасов, А.Сабыракунов, К.Керимкулов, А.Салакунов.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??