Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Гүлгаакы Сагындыкова,
"Эл ырчысы Эстебес" тобунунун солисти, обончу, аткаруучу:
Фольклорго
элдин мамилеси жакшырды
- Эже учурда "Эл ырчысы Эстебес тобунда" ырдап жүрөсүз. Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Жаңылыгыбыз "XXI кылымдын жылдыздары" аттуу программадагы жаңы жылдык шоу концертке даярдыктар жүрүүдө. Бул концерттин жылдагыдан өзгөчөлүгү оркестрдин коштоосунда жандуу үн менен коштолот. Андан тышкары, Филармониянын чыгармачылык топтору жаңы жылга карата чоң программадагы концертке даярдануудабыз. Жеке чыгармачылыгымда болсо, обондор жаралып атат. Концерт, той-топур менен эле жүрөбүз.
- Мындан беш-он жыл мурункуга караганда,фольклор жаатында бир топ жылыштар бардай сезилет. Бул боюнча оюңуз кандай?
- Ооба, азыр жандуу үндү, комузду элибиз абдан барктап калды. Керек болсо, улуттук кийимдерибизге чейин уздарыбыз көңүл буруп, кайрадан иштеп чыгып атышат. Мурда оймо-чийме түшүрүлгөн кийимдер жалаң эле сахна адамдарына таандыктай түшүнүк менен жашап келсек, азыр көчөгө , ишке да дизайнерлер тарабынан оюу түшүрүлгөн кийимдердин коллекциялары чыгууда. Бир жакка концерт коюп барып калсак да элдер: " даңка-дүңкүдөн тажадык. Жандуу үн, комуздун үнү кандай сонун" деп ыраазычылыгын билдирип калышат.
- Репертуарыңызда ырларды кантип тандайсыз?
- Комуздун коштоосунда болгондон кийин көбүнчө элдик ырларга басым жасайм. Мисалга, Атай Огомбаевдин, Мыс-кал Өмүрканованын аткаруусундагы ырларга. Андан тышкары, обончулукту да кошо алып келатам. Менин чыгармачылыгымдагы ырларымды Н.Таабалдиева, Т.Черикчиева, А.Каленов, Лира Райымбекова ж.б. аткарып жүрүшөт. Эстрадага комуз, кыяк кошуп, эстрада-фольклордук ырларым да бар.
- Обон жазууга качантан баштап киришкенсиз?
- Атам комуз чертет, апам жакшы ырдайт. Үй-бүлөм музыка жандуу адамдар. Мен обончулукту 19-20 жаш курагымда баштагам. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуп жүргөндө сөзү, обону менен "Жалган-жалган" аттуу ыр жазгам. (күлүп) Ырым группалаштарымдын баарына жагып, ошол жылы хит болгон. Кийинчерээк обон жаратууда жазма акындарга кайрыла баштадым. Анткени, баары-бир алар сөздүн гүлүн терген профессионал эмеспи. Көбүнчө баалап-барктап окуган акындарым Надырбек Алымбековдун, Анатай Өмүркановдун, Азада Бегимкулованын, Абдылдажан Акматалиевдин ырларына кайрылам.
- Эми жеке жашооңузду сурагым келип турат?
- Үй-бүлөдө шүгүрчүлүк. Эки балам бар. Улуусу 9-класста, кичүүсү 2-класста окуйт. Экөө тең мектепти жалаң "бешке" окуйт. Мени кубантканы ушул. Бирок, экөө тең чыгармачылыктан алыс. Комуз үйрөнгөнгө көңүлү жок. Мен да аларды чыгармачылык адам болууга мажбурлабайм. Мүмкүн, алардын жолу башкадыр.




  Эзелкини эске салган эски сүрөт....

Финдер тарткан кыргыздар
Мезгил өткөн сайын качанкы бир тарыхый материалдардын баасы, баркы жогорулап, тарыхый элестердин куну учат. Мына, кечээ жакында борборубуздагы Мамлекеттик Тарых музейинде тарыхый ажайып сүрөт көргөзмөсү да көргөндөрдүн көөнүн толтурду. Бул тээ 19-кылымдын аягы, 20- кылымдын башында Фин саякатчы изилдөөчүлөрү тарабынан тартылган тарыхый, баалуу сүрөттөр экен. Ага кошумча ар кандай археологиялык материалдар, документтер, сувенирлер коюлган. 1906-жылы тартылган сүрөттөрдө биздин ата- бабаларыбыз көчмөндүк жашоосун улантып, тоо арасында боз үйлөрдө тирилик кылып жатышканын көрөбүз.
Маданий иш-чараны өткөрүп жаткан Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Микко Киннунен "Бул көргөзмө кыргыз-фин мамилесинин өнүгүшүнүн жаңы этабы болуп эсептелет. 1898-жылы биздин экспедиция Кыргызстандын Талас облусунда байыркы түрк кол жазмалары боюнча окууларды өткөрүшкөн экен. Бүгүн биз 1906-жылы Борбор Азияга келгендеги мекендештерибиз тарабынан тартылган укмуштай сонун сүрөт көргөзмөсүн уюштурдук"- деп баса белгиледи. Эмесе ошол тарыхый баалуу сүрөттөрдөгү кыргыз жашоосуна чогуу үңүлөлү...

Бетти даярдаган
Нурайым Рысмамбетова






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??