Чарбалык иштерди тескөө - Жогорку Кеңеш Төрагасынын милдетине кирбейт!
Жогорку Кеңеште ашыкча чыгымдар тууралуу чыр ырбап баратат. Таң калыштуусу бул каржылык-чарбалык иштерге байланыштуу маселе парламент ишин баштаган бир жылдан бери дымып жатып, так ушул жаңы президенттин антынын алдында, тагыраагы, жаңы Өкмөт түзүлөөр алдында жарыкка чыкканы болуп отурат. Чындап келгенде, төрага Ахматбек Келдибековдун деле ошончо депутат, кызматкерлерге отуруп алып, жалгыз айлык бөлүп отуруу озуйпасы берилген эмес. Анан дагы чарбалык иштер боюнча жалгыз ЖКдагы кожоюн ал эле эмес. Айталы бул боюнча төраганын орун басарынын бири, аппараттын атайын бөлүмдөрү да иш алып барат. Демек, бул чырдын чыгышы, анын баардык тараптан бир гана төрага багытталышына кызыкдар күчтөр турганы ачык билинип калды. Аттиң, бирок, ошол алдынан каршы чыккандан, бул маселени башталышында көтөрүп чыккандан жазганып, ыңгайлуу учурда артынан канжар шилтеген "азаматтардын" өздөрүнүн арты таза болсо кана?! Таза дегенибиз ошол берилип жаткан айлыкты ушулар, ушулардын эле жардамчы, кеңешчилери алып, ошолор эле төраганы жандап, иш сапарларда жүрүшпөдү беле...
Ушул маселе боюнча, айрым депутаттарга суроо узатып, төраганын ишке канчалык катышы бар экенин билүүгө аракет кылдык...

Надира Нарматова,
ЖК депутаты:
Төрага өз милдетин бийик аткарууда!
- Жогорку Кеңештеги чарбалык иштердин тегерегиндеги ызы-чуулуу жагдайдын чыгышына себеп болгон жагдайларды эмнеден улам деп түшүндүрөт элеңиз?
- Жыйындын жүрүшүндө көтөрүлгөн бул суроону депутаттар атайын төрага Ахматбек Келдибековдун дарегине кара пиар даярдаган топтун иши деп эле баалашканын айтышпадыбы. Чындыгында эле кайсыл бир топтун топту бузаар бул аракети мыйзамга деле, ыйманга деле жага бербеген көрүнүш. Бул менин жеке пикирим. Регламентте көрсөтүлгөндөй, парламент спикери эл аралык жолугушууларды өткөрүп, жыйындарды алып баруу-милдетин аткарат. Ал эми анын 5 орун басарынын аткара турган милдеттери регламентте так бөлүштүрүлгөн. Жөнү жок жерден терезе пардалардан өйдө төраганы илээштирип жаткан тараптарга таң бересиң, "бөйрөктөн шыйрак" чыгарган. Парламент чыгымдары иш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт. Аны да жоопкерчиликтүү адистер аркалап жатат. Негизи эле төрага Ахматбек Келдибековду Жогорку Кеңеш жаңыдан түзүлүп, өз ишин баштаганда 100дөн ашык добуш менен төрага катары жалгыз эле мен эмес, жалпы депутаттардын тандоосу менен шайлап алганбыз. Ал учурда бирөөнү бирөө үгүттөп, же болбосо зордоп добуш бердирген эмес. Ар бир депутат өз акылы менен жана каалоосу менен төраганы тандашкан. Менин пикиримде Ахматбек Келдибеков ошол добуш берген депутаттардын ишенимин өз абийири менен таза жана так аткарып келатат.
- "Айлык маяналары аябай көп тура" деп жатышат коомчулук?
- Буга кошулбайт элем. Башка мамлекеттердин парламенттери менен болгон кызматташуу сапарларына чыкканда алардын алган айлыктары 2 миң-3 миң долларды түзөөрүн угуп, кызмат абалындагы түзүлгөн шарттарды көргөндө, биздин шарттарды салыштырып, чындыгында уялабыз. Болгону айлыгыбыз 10-15 миң сом.
Башкасын айтпайын, өзүм барган Финляндияны эле алалы, андагы депутаттар 6700 евро алат экен, маяна катары .Бул 10 миң доллардан ашкан суммага барабар. Бул аз келгенсип, жол кирелерине, турак-жай акысына деп өз-өзүнчө төлөнө турган материалдык колдоолору бар экен. Коңшулаш Казакстандагы айлыктарды алганда, депутаттар 4 миң, 5 миң доллар менен акча алышат экен, эмгек акысына.
- Ушул каржыны артыкбаш атап жатышат го, кесиптештериңиз?
- Ушундай салыштырууларды алып караганда, ар бирибиз кылдат талдоо кылышыбыз керек эле. Тилекке каршы, кесиптештерибиздин айрымдары, атын ачык эле айта берейин, депутат Данияр Тербишалиев ЖК Төрагасы тууралуу материал даярдагандан мурда, өзүнө-өзү сын көз караш менен карап, мамлекет берген KG номерин албаш керек эле. Эл арасында абийири ак болсун десе, айлык акыдан дагы баш тартып, бекер иштеп бериши керек болчу. Чет элдик иш сапарларынан дагы чыныгы патриот болсо, баш тартып, үлгү көрсөтсө, анда башка кеп эле. Тилекке каршы, андай болбой, легитимдүү делген парламентти коом алдында жаман атты кылып жаткандыгы "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген эле депутаттын аракети болуп жатпайбы, Данияр инибиздин аракети, тиешелүү тараптын буйругун гана аткарып жатат.
Айта кетишибиз керек, азыркы 120 депутаттын үчтөн бири гана мамлекет берген турак-жайда турбаса, калгандары өз үйлөрүндө эле жашап жатышат. Машина жагына келгенде деле, 120 депутат толук машина алган эмес.

ЖК депутаты,
Абдумиталип Кочкорбаев:
Бул албетте,
саясый буюртма!
- Чарбалык иштердеги чырга не дейсиз?
- Чарбалык иштерге байланыштуу жагдайды жыйынга алып чыгардан мурда, мен ойлойм, ошол тармакка жооп берген вице-спикердин маалыматын угуш керек болчу. Ырас, андай эч нерсе болбогондуктан, бул саясый буюртма экендиги ачык эле көрүнүп турат.
Эсеп-кысап бөлүмү деген бар. Алар 1 тыйындан өйдө санап олтурушат. Айтылган айып тагууга аракеттенген аргументтердин арык аттабастыгы ЖК Төрагасы автоунаанын дөңгөлөгүнө ким канча каражат коротуп жаткандыгынан тартып, бардыгын майдалап түшүндүрүп бербедиби.
- Саясый буйуртма дешке эмне мисалыңыз бар?
- Мунун төркүнүнө барып-барып эле эртең түзүлө турган жаңы коалиция жана андагы төрагалыктын орду боюнча болуп жатканын биз билип турабыз. Мыйзамга таянсак, төраганын жаңы коалиция эмес, парламенттик корпус же 80ден ашуун добуш менен чечет экенбиз. Демек, Ахмат Келдибековдун кызмат ордунда калышы толук мүмкүн. Анткени ал өз ишин мыкты алып барууда. Ошондой эле аны колдогондор ар бир фракциядан бар. Ушундан улам булар төраганы коомчулукка "каракчы" көрсөтүп, элди ишендирип, ошону менен анын саясий рейтингин ылдыйлатуунун аракетин көрүшүүдө. Бул сокурга деле маалым. Канткен менен төраганын бир жылдык иши анын кызмат ордуна толук жооп бере аларын көрсөттү. Ошондуктан биз көралбастыкты алыс таштап, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кам көрсөк жакшы болмок....
Ошентип, учурда саясий интрига төраганын ордун талашуудан башталууда. Бирок, Ахмат Келдибеков ар кандай ыпластыктарга бара кое турган, жеке билемдикке жол берип, өз көмөчүнө күл тарта турган кызматкерден эмес экендигин, парламенттин жарымынан көбү айтып жатышат. Демек, баягы эле эски оору, саясий суу куйдулуктун курмандыгы болуудабы?!
Мирлан Өмүралиев





Урматтуу
Алмазбек Шаршенович!

Далай жыл кыргыз элинин, Кыргызстан элинин жашоо турмушу өзүнүн татыктуу ордун таба албай келет. Эмнеликтен? Жооп: кай жагын алсак да өзүбүз маселебиз, аны чече турган да өзүбүз. Корей, жапан, немис, кытай элдери өтө оор кантип чыгып, кантип өнүгүү жолуна чыккан болсо, биз дагы өзгөлөрдү туурай бербей, өзүбүзгө таандык өнүгүү жолубузду табышыбыз керек. Элибиздин, мекенибиздин келечеги деп, жапатырмак киришибиз керек болсо, анда ал учур келди. Акыл ой, жалпы элдик дем уюткулуу улуу күч болуп, чартарабыбызда жакшылыктын жарыгы жанып, жашообуздун кызыктуу болуусу өзүбүздөн. Жат көрүнүштөргө көнүп баратабыз, заман ушундай тура деп, ага моюн сунуп. Бул деген- келечексиз абал. Бул деген-катардагы маселе эмес. Миң миңдеген жылдар бою элибиз калыптанган, өнүккөн, муундан муунга мурасталып келген баалуулуктардан кол жууп арабөк калабызбы, же азыркы ааламдашуу агымынын зыяндуу жактарына, эл бузарлык, дил бузарлык сырткы таасирлерге туруштук берип, өз өзөгүбүздө гана өнүгө ала тургандыгыбызга түшүнүп, ушунун өзү мамлекеттик, жалпы элдик идеологиялык күч болуп берер бекен деген маселе.
Республикабыздын социалдык өзөгү-кыргыз эли. Падыша бийлигинен салт күчтүү деп, салтты туткан эл. Ийкемдүү элбиз. Манас дүйнөсүндөй улуу мурасты укумдан тукумга улантып келаткан тарыхы сырдуу элбиз. Бүгүнкү күндө бул эл, Кыргызстан эли калк кадырына жете билген, дем берип, кут жалгай алган даанышман жетекчиликке эки көзү төрт болуп турган кези. Жетекчилик кызмат орундарга, Алмазбек Шаршенович, анык татыктуулар тандалышы керек. Бул деген- тарыхый зарылчылык. Мамлекеттик кызматкерлерди тандоо элдин, коомдун кызыкчылыгын көздөөгө алуу- кыя өтө алгыс муктаждык. Ушул маселе колго алынбаса, анда эле баягыбыз баягы бойдон кала беребиз. Ар маселенин табиятын туя билген, ойлору тунук, дили таза, айткандары таамай жаштар, жаңы күчтөр жетилди. Биз, карыялар аларды баамдап жүрөбүз. Алардын өлкөсүнө кызмат кылчу мезгил келди. Өлкө, коом тазаланышы, жаңыланышы керек. Айла-амалга көнүп алгандар элибизге келечек түзүп бере албайт. Тармактык ири жетекчилик кызматтарга гана эмес, мамлекеттик катардагы кызмат орундарга чейин анык жөндөмдүүлөрдүн тандалышына, алардын караанынын калың болуусуна системанын өзүндө негиз түзүлмөйүн, оңолуубуз мүмкүн эмес.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге тарыхый жоопкерчилик жүктөлдү. Кандайдыр бир чөйрө эмес, калайык калкка үмүт жандырып, жалпы элдик колдоого алынууңуз абдан зарыл. Сиздин ар бир ишиңиздеги тереңдикке карап, эл түздөнөт. Издеп жүргөн идеологиябыздын учугу ушул жерде . президенттик кызмат орун аземи оорбасырыктуу өткөрүлсүн дебатканыңыз абдан туура. Элибиздин турмушунда ылайым жакшылыктын жарыгы жанып турсун, деп тилек кылалы.

Усубалиев Т.У, Кондучалова К.К, Эралиев С.Э, Жусуев С.Ж, Акназаров К.А, Сулайманов К.С, Оторбаев К.О, Айтматов И.Т, Дуйшеев О.Д, Сарымсаков К.С, Турсунов Ж.Т, Нарбеков О.Н. Шадыбеков Д.Ш, Айбалаев М. М, Жусубалиев И.Ж, Бегимкулов Э.И 50ден ашык аксакалдар кол койгон.