Талантбек Сооронбаев, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия
борборунун өпкө жана аллергия оорулары бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор:
Кыргызстанда 200 миң адам өпкө оорусуна кабылган
- Сиздердин бөлүмгө кайсы ооруга туш болгондор дарыланышат?
- Биздин борбордун ичинде жайгашкан өпкө жана аллергия оорулары бөлүмүнө өнөкөт бронхит, астма, пневмония жана башка оор ооруларга кабылгандар келишет. Алардын көбүндө дарты күчөп, өлүм коркунучу пайда болот. Түндө уктап жатканда коңурук тартып, дем алганы бат баттан токтоп, уктай албай кыйналгандар да, бизге кайрылышат. Бул "апноэ сна" деген оору. Бул дартты биздин жарандар жана көпчүлүк дарыгерлер биле беришпейт. "Апноэ сна -аныкталып жана дарыланып көзөмөлгө алынбаган, өлүм коркунучун туудурган өнөкөт өпкө оорусу.
Тери, мурун аллергиясына туш болгондор да көп кезигүүдө. Буга кошумча, акыркы жылдарда, өпкөсү жараксыз болуп, жасалма өпкө жабдыгы аркылуу дем алуусун женилдетип, денедеги кычкылтектин деңгээлин көтөрүүсү зарыл болгон бейтаптар көп учурап жатат. Белгилей кетсем, бизге өнөкөт өпкө оорулары менен келген ноокастар, кошумча кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары менен да жабыркашат. Мындай көрүнүш бейтаптардын басмыдуу бөлүгүндө, тактап айтканда 80%ында байкалат. Ошол себептен биз дартты так аныктап туруп, аларды комплекстүү дарылайбыз. Мисалы, бронхит болуп, ага кошумча кант диабети менен жабыркаса, анда бул эки илдетке тең түздө-түз таасири тийген дарыны беребиз. Ашыкча ийне сайбайбыз жана ашыкча дары бербегенге аракет кылабыз. Бүт дарыгерлер ушундай принципте иштеши зарыл. Кээ бирөөлөр дарыгерлер ашыкча дары берип койгон учурлар бар. Биз муну ачык айтышыбыз кажет. Бирок, оорулуу үчүн дарыдан мурун, дарыгерлердин жасаган мамилеси жакшы жыйынтыгын берет.
- Өпкө жана аллергия бөлүмүнө жылына канча киши кайрылат жана дарыланып чыгат? Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны канчага жетет?
- Биздин бөлүмгө жылына 1 миңден ашык оорулуу жатып, дарыланып кетет. Бизде дарыланган миңдеген ноокастар толугу айыгып чыгат деп ишенем. Болгону биз аракет кылып, жаны ыкмаларды колдонуп натыйжалуу иштешибиз зарыл. Мына жогоруда айткан 1 миңден ашуун киши бизде жатып дарыланса, андан 3-4 эсе көп адам кеңеш алып, үйлөрүндө дарыланууну жүргүзүшөт. Буга таянып, жылына 3-4 адамды дарылайбыз деп баса белгилей алам.
Азыркы учурда, Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдө өпкө оорусу менен ооруган же ага кабылган адам бар. Жалпы саны 1 миллионго барышы ыктымал. Расмий маалыматтарга таянсак, өпкө ооруларга чалдыккандардын саны 50 миң кишини түзөт. Бирок, биз жүргүзгөн изилдөөлөр, Кыргызстанда болжол менен 200 миң адам өнөкөт өпкө оорусуна кабылган деп табылган. Бул деген расмий маалыматка салыштырмалуу 4 эсе көп. Бир сөз менен айтсам, бул деген 50 миң адам дарыланып, калган 150 миң оорулуу эч дарыланбай жүрөт дегенди билдирет. Мына ушул өпкө илдетинен майып болгондор, өлүмгө дуушар болгондор да абдан көп.
- Бронхит же астма ооруларына туш болгон ноокастарга кандай кеңеш бере аласыз?
- Астма - аллергия ооруларынын катарына кирет. Ошондуктан, астма менен жабыркагандар аллергияны козгогон заттардан алыс болушу зарыл. Мисалы кээ бирөөлөрдө чаңга аллергиясы бар. Алар чаңдан алыс болуп, үйүн тазалыкта кармашы кажет. Себеби, чаңдарда аллергияны пайда кылуучу майда курттар бар. Өпкө оорусуна чалдыккандар тамеки чегүүнү тез арада токтотушу керек. Үйдүн ичи жана сырты таза кармалышы да өтө маанилүү.
- Силер бейтаптарга кандай жардам бересиңер? Өпкө оорусунун санын азайтуу үчүн кандай иш-аракеттер жүрүшү зарыл?
- Өпкөсү жараксыз болуп калган адамдардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Аларга тез арада жасалма өпкө жабдыктарын (кычкылтыкты камсыз кылып, дем алууга жардам берүүчү жабдыктар) колдонуп баштап, үйдүн шартында узак мөөнөт пайдалануу керек. Жасалма өпкө жабдыктардын баасы 1000 - 3000$ тегерегинде турат. Ушул сыяктуу алдыңкы ыкмалардын жардамы менен биз бейтаптардын жашоосун 10-20 жылга узарта алабыз деген илимий далил бар. Биз 100 дөн ашык өпкөсү жараксыз болгон адамга жасалма өпкө жабдыктарын колдонуп, алардын дем алганы женилдеп, жакшы жашап жатышат.
Саламаттык сактоо тармагында, өзгөчө көйгөйлүү деген өпкө оорулар маселесине жакшы көңүл бурулган жок. Биз өпкө ооруларынын алдын алып, тез аныктап жана дарылаган, биздин жарандардын ден соолугун бекемдей турган Республикалык илимий-практикалык борбор түзүшүбүз керек. Бул иш-аракеттер жүргүзүлбөсө, өпкө оорусуна кабылгандардын, андан өлүмгө дуушар болгондордун саны жогорулай бермекчи.