Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Туйгун эле... тулпар эле

Кожомжаровду унутуп коёбузбу?

Кыргыз эстрадасынын башатында Чоро Кожомжаров агабыз турганын билебиз. Агайыбыз катарыбызда болгондо быйыл өмүрүнүн 69чу жылын жашамак. 37 жашында өтүп кеткен тубаса таланттын өлүмүнүн негизги себебин бүгүнкү күнгө чейин эч ким так айтпагандыгы, албетте өкүнүчтүү. Эл сыймыктанган инсандын эрте кетиши бир арман болсо, ушу кезге чейин мамлекет тарабынан татыктуу эскерилбегени маданиятты сыйлабаган маңкуртчулук болуп турат. Биз бул талант тууралуу анын замандаштарынын ойлоруна орун берели дедик. Арбагы ыраазы болоор деген изги тилек менен...

Айша Базарбаева, кыргыздын
алгачкы эстрада ырчысы,
"Азыркы Ак үйдө ырдачубуз":

- Мен 1965-жылы "Карамолдо Орозов" атындагы оркестрге келдим. Чоро агай домбрада ойночу. Ошол кезде Чоронун: "мен кыргыз эстрадасын түзгүм келет" дегенин угуп калчумун. Кыскасы 1966-67-жылдары кыргыз эстрадасы түзүлө баштады. Алгачкы "ансамблде" Белек Эгембердиев, Сардарбек Жумалиев, Камил Мамасалиев, Окен Усубалиев ойноду. Аны кийин композитор Насыр Давлесов Канадага чейин алып барып жүрдү. Алгач "эстрада" деп эле Эдита Пьеханын ырларын ойноп калчубуз. Анан Сардарбек Жумалиев "Дзержинский бульварымды" жазды, аны эстрадага ылайыкташтырып Чоро агай оранжировка жасады. Ошентип, бул ыр кыргыз эстрадасынын алгачкы ырына айланды да калды. 1967-жылы байке менен биргеликте эстраданын алгачкы ырчылары Тимур Токоев, улуту азербайжан Якуб Жалиловдор болуп, азыркы Ак үйдүн ордунда жайгашкан жайкы театрда биринчи жолу концерт бергенбиз. 1969-жылы Ташкентте өткөн "Алтын күзгө" катышып, "Кыргыз эстрадасы" деп Союзга чыктык. Ушунун баарына Чоро агайдын эмгеги зор. Тилекке каршы, аны мамлекет унутту. 50, 60 жылдыгында деле жакшыраак эскерилген жок. Эми, 70 жылдыгы да келип калды. Чоро агай мүнөзү жумшак, "демок-ратичный" адам эле. Ар бир адамдын талантын баалап, аяр мамиле жасачу.


Келдибек Ниязов, куудул:
"Комузду укмуш чертчү"

- Чоро Кожомжаров Нарындын Учкун айылынан чыккан тубаса музыкант. Ал музыкалык туюм менен төрөлсө керек. Сахнада гитарада, барабанда, ионикада (азыркы ямаха сыяктуу аспап) өзүн эркин сезчү. Кайсы музыкант келбей калса, анын ордунда ойной берчү. Адамдын сулуусу эле. Мүнөзү жумшак, катуу айтчу эмес. Өтө ачуусу келгенде: "Ой, Кудай урган" деп койчу. Айылдашым, бир чети таякем болчу. Өзү: "Комузду Нияз жездемден үйрөндүм эле. Эми баласы менен иштешип калганымды карабайсыңбы" деп "Маш ботойду" черткенде жеталбай, күйүгүп калабыз" деп жанындагылар айтып калышканын укчумун. Бул кишинин дагы бир сапаты коллективине абдан карачу. Мынча болду, гастролдо жүргөндөгү бир кызык окуяны айтып берейин. Ансамблде аккардеондо, ямахада ойногон Аскар Тезекпаев аттуу чепейген, кичинекей арык киши бар болчу. Ал айлык алганда "Детский Мирден" эле кийинип алчу. Анан гастролдоп Кеминге келдик. Күндө эле эртең менен, таңатпай баягы Аскар мас. Чоро байке "Ай, бул каяктан эле ичип атат. Карагылачы муну. Же терезеден буга бирөө бирдеме берип кетип атабы?" деп калды. Аңдып баштадык. Анын эшигинин ачкыч салган тешигинен шыкаалап атабыз. Аппарык болуп майкечен, керебеттин кырында кружканы "отвёртка" менен аралаштырып отурат. Биз астынан Чоро байкени чакырып: "Аскар ач эшикти"- деп такылдаттык. Ал кружканы керебеттин астына катып: "Ой, таң атпай уктатпайсыңар. Эмне болуп кетти?" демиш болгончо кирип бардык. Акун деген администратор керебеттин астындагы кружканы алып чыгып эле жыттап: "энеңдурайы-ын, бул брага (самагондун ачыткысы) ичип аткан турбайбы. Муну кайдан тапты?" деп кирди. Шкафын ачсак жарымы ичилген 30 литрлик айнек идиште баягы ""брагасы" турат. Аскар тигиндейде телтейип, чала кызуу. Биз чурулдап атабыз. Чоро керебетке жатып алып ыкшып күлүп атат. "Бар, төк" деп баягы килтейген бутулду Аскардын өзүнө көтөртүп койдук. Арык, кипкичинекей Вициндей болуп көтөрө албай, телтектеп баратканын көрүп күлкүң келет. Туалетке төгүп чыгып: "сонун байлыгымды жоготтуңар. Киши эмес мыкаачы экенсиңер" деп эле сүйлөнүп аткан. Бир убакта Акун туалетке кирип эле, шилекейи куюлуп, көзүнөн жашы агып ыкшып, боору эзилип чыкты. Көрсө, Аскар барыптыр да тигинисин төккөнгө ыраа көрбөй, туалеттин суусун токтотуп, суу куйган челегине куюп коюптур. Акун туалтетке кирип даарат кылат да, сууну агызса брага аккан турбайбы. Ошентип, боорубуз эзилип жатып калдык. Биз чуру-чуу болуп атсак астынан кыздар(ошол кездеги ырчылар) жетип келишиптир. Окуянын чоо-жайын угуп, алар да түшкө чейин күлүштү. Чоро байке: "Ай, Кудай урган болду эми, ичпей жүр" деп күлүп боору эзилген.

Алтынбек Сапаралиев,
КРнын эмгек сиңирген артисти:

-1967-жылы Филармониянын алдында түзүлгөн эки жылдык Эстрадалык студияга келип окууга киргем. Ошол убакта Чоро байкелер жаңыдан эстрада түзө баштаган. "Булар кандай балдар болду экен?" деп, алардын кылган иштери да мага абдан кызык болчу. Ошентип, сабактан кийин алардын репетициясына барып катышып, аз-аздан тааныша баштадым. Мени менен тең чамалаш балдар экен. Чоро байке, С.Жумалиев бизден аз-маз улуу болчу. Күндө барып атып, алар менен бир жыл жүрдүм. "Ай, кандай баласың?Бат эле ичи-койнубузга кирип кеттиң"-деп Чоро байке күлүп калчу.



1969-жылы 2-курстун жарымында окуп аткам. Адатымча репетицияга барсам, бир жигит бир ырды ырдай албай атыптыр. "Мен ырдап көрсөм болобу?" деп ырдасам жакшы болду. Ошону менен Чоронун көзүнө көрүнсөм керек. "Эстрадалык ансамблде" ырдата баштады. Ал жердеги балдар менен бир комнатада жашап, бир туугандай жакын болуп калдык. Ошондо, репертуар тандаганды Чоро Кожомжаров үйрөткөн. Ал кезде композитор, музыканттар "менин ырым чыкса экен" дешип ырларын сунушташчу да.1989-жылга чейин 20 жыл бирге иштештик. Бул киши барабандан башкасынын баарын өзү ойночу. "Кой оозунан чөп албаган момун" болчу. Кээде ансамблге өнөрүн көрсөткөнү балдар-кыздар келип, өтпөй калса айталбай бизди чакырып алып "ырдай албайт экен айтып койгулачы" дечү. Биз да түз айталбай: "бир жылдан кийин кел" деп кетирип жиберчүбүз. М.Күрөңкеев атындагы окуу жайы ал кезде айылдарды кыдырып, таланттуу балдарды интернатка чогултуп келип окутушчу. Чоро байке дагы Нарындан 3-классында интернатка келиптир. Мүмкүн жетим өскөндүкүбү (?) бирөөнүн көңүлүн оорута албаган, өтө эле жумшак адам болгон.

Нурайым Рысмамбетова







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??