Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Таластан чыккан
"торпедолор"...

Кыргыздар абдан эле тууганчылбызбы же бизде бир туугандар арасындагы атаандашуу күчпү (?) мына ушундай суроо туулат эй. Себеби, бир үй-бүлөдөн тапаныраак бирөө чыкса, анын агасы же эжеси, болбосо иниси сөзсүз кыйындыгы жагынан ашып түшөт. Айтор, биринен-бири кем калбайт. Ырас кээде айыкпас трайбализм оорубуз кармаганда, жакшы кызматта турсак туугандарды шак-беделине карабай кресло кучактаттырып коймой жайыбыз бар. Бирок, кээде чындап эле айрым бир туугандардын биринен-бири өткөн тың чыкма болгондугуна күбө болуп жүрөбүз.
Төмөндө ошол үйүр тобу менен кыйын чыккан бир туугандарды санап өттүк. Кимиси трайбализмдин аркасында, кимиси ак эмгегинин аркасында көзгө көрүнгөндүгүнө баам салыңыздар...

Шерниязовдор
кыскартканга маш
Таластан чыккан тапандар көп. Ошол тапандардын арасында бир тууган Шерниязовдор бар экени талашсыз. Экөө тең эл көзүндөгү кыраандар. Улуусу Болот мырза - саясатчы. Эки революциянын ана башында туруп, Акаевдик-Бакиевдик режим менен акыр аягына чейин жан-алы калбай салгылашканы бар. Бир убакта Бокем Бакиевди баш, калгандарын төш кылып, алардын бийлигине куйкум сөз, какшык менен акаарат айтып турчу, чындыкты туу тутуп. Азыр бир аз тынчып калгандай. Анын үстүнө ден соолугу да олку-солку болуп тизгин тарттырып турат. Ал эми иниси Садык мырза саясатка бир капталы менен кайкып тийип өткөнү болбосо, маданияттын кишиси. Ындыны өчүп бараткан кыргыз киносуна салым кошуп, кино тартып, кинотеатр оңдоп колдон келгенин жасап келатат. Садык мырзанын алдыда жасай турган иши көп, сүйлөгөн сөзүнөн, тик караган көзүнөн айдан ачык көрүнүп турат. Анан Садыктан кийинки Баткен Шерниязов деген мырза бар. "Манас" темасына кайрылып, өзүнчө манасчылардын уюмун түзүп, керектүү иш жасап жүргөнү-жүргөн. Бирок, акыркы учурда көрүнбөй кетти. Айрым маалыматтар боюнча Америкада окуп жүрөт имиш. Баса, Шерниязовдордо фамилиясын өзгөртмөй өзгөчөлүгү бар. Адегенде ортончусу "ов" дегенин алдырып Садык Шернияз эле болуп алган. Кийин улуусу таптакыр эле "ниязов" дегенин алдырып, Болот Шер атка конуп алды. Кандайдыр бир ырым менен которушту окшойт, жакшылыкка үмүт кылып. Канткен күндө да булар атанын татыктуу уулдары, баары жараша берет.

Президенттин
жеке врачы
жана телеоператору
Айдаралиевдер
беле?
Кадимки Калыгул олуянын "атасынан баласы кыйын чыгаар" деген сөзү дал ушул Айдаралиевдерге куп жарашчудай. Алар Таластын Көпүрө-Базар айылынан. Атасы Рысбек Айдаралиев советтик-чарбалык кызматтарда иштеген. Анын тушунда "Каракол" колхозу бүткүл союзга атагы чыгып турчу. Айдаралиевдердин атасы Көпүрө-Базарды тоо арасындагы шаарга айланткан, бирден-бир чыгаан. Азыр айыл өкмөтү анын атында. Ал эми бир туугандардын улуусу, Гиппократтын антын берген мыкты врач Кубанычбек Айдаралиев. Өз кесибинин профессионалы болгон Кубанычбек мырза учурунда Акаевдин жеке врачы болгонго жетишиптир. Андан кийинки Болотбек Айдаралиев Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлык кызматында жүргөн адам, биз билгенден. Ал эми иниси Искендербек Айдаралиев кызматтык тепкичтердин дээрлик бардыгын басып өткөн кызматкер. Атап айтсак ал аким, губернатор, биринчи вице-премьер-министр, премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана айыл чарба министри болуп эмгектенген. Биз санабай кеткен кызматтары да бар чыгар. Булардан кем калбаган Бекболот Айдаралиев дегенин да айтып өтөлү. Ал таланттуу делген кинооператорлордун бири. Жакшы эле саясаттан алыс болоюн дегенине карабай учурунда Акаев аны жеке телеоператору кылып жүргөн экен. Ал эми кичүүсү Ыдырыс Айдаралиев областтык кызматтарда эмгек сиңирип келгендердин бири. Айтор, Айдаралиевдер "сенден мен кыйынмын" деп төш каккан бир туугандардын катарында. Иш жүзүндө да көрсөтүп коюшкан.

Сарыгуловдордун кимиси
Акаевге күйөө жолдош?
Сарыгуловдордун улуусу Дастан агай. Бирок андан мурун Баян Сарыгулов аттуу анын иниси тууралуу кеп козгогонубуз эп болот. Себеби Баян мырзанын аты чыгып, элге таанылып турган учурда Дастан жана дагы бир тууганы Аскар мырзалар тууралуу эч ким деле билчү эмес. Баян Сарыгулов таланттуу киносценарист. Кайсы бир убакта кыргыз тилине болгон кайдыгерлик күч алганда, алгачкылардан болуп эне тилге күйүп чыккан болучу. Ошондо эле анын мекенчил адам экендиги айкын болгон. Албетте андай адамдар төр төбөсүндөгү сыйга татыйт. Ал эми Дастан Сарыгулов болсо, саясат айдыңына Акаевдер менен биргеликте келген. Айрым бир такталбаган маалыматтар боюнча, Дастан агай Аскар Акаевдин үйлөнүү тоюнда күйөө жолдоштук милдетти аткарган экен. Кийин Майрам апченин күйөөсү президенттик тактыга отурган соң, Дастан мырзаны далай эле майлуу кызматтарга алып барды, губернатор, "Кыргызалтынга" директор дегендей. Бирок Дастан Сарыгулов премьер-министрликти самап жүргөндүгүн негедир Акаевдер элес албай коюшту. Бир туугандардын дагы бир тың чыкмасы Аскар Сарыгулов. Башка кызматтардан мурун, Мамлекеттик мүлк кызматына мүдүр болуп барганы элдин эсинде көбүрөөк калгандай. Айрым маалыматтарга таянсак Аскар Сарыгуловдун "Мистер десять процентов" каймана аты болгон. Бул ысымдын келип чыгыш себебин, Маммүлктү мыкчып турганда менчиктештирүүгө кетип жаткан мекемелердин 10 пайызын өзүнө алып калмай адаты менен түшүндүрүп жүрүшөт. Чын жалганын ким билсин?

Мирлан Өмүралиев






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??