Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жазалаган оңбу же тазалаган оңбу?

Айдоочулардын коопсуздугуна
ким кепилдик берет?!

Акыркы кездерде, Бишкекте таксисттерди сабаган, тоногон, өлтүргөн фактылар арбыды. Бирок, бул кылмышкерлерди майда барат, мисалы, хулиганчылык катары карап, женил жаза колдонуу жүрүп келет. Ошонун айынан уламбы, кылмышкерликтин бул түрү барган сайын өсүп баратат. Буга чейин мындай фактылар оголе көп айтылганы менен жыйынтык аз. Биздин гезиттин редакциясына да өткөн жумада эле таксисттерге аңчылык кылган адам карышкырлардын колуна түшүп, Алланын амири менен аман калган Бишкектик Аман Асанов(белгилүү жагдайлардан улам аты жөнү өзгөртүлдү) баш багып, өз башынан өткөргөн опурталдуу окуяны айтып берди. Алды менен ошол окуянын жүрүшүнө кезек берсек...

Акылдуу
кылмышкерлер
12 жылдан бери Бишкекте менчик унаам менен эл ташып иштеп, үй-бүлөмдү багып келем. Өткөн жумада адаттагыдай эле жумушка чыккам. Бир жамандык болуп кетет деген эч оюмда жок. Кардарларды жеткирип, иш өз нугу менен жүрүп жатты. Түн ортолоп калган маалда кардар күтүп, унаамдын ичине жылынып отурсам, үч жигит келип шаардын түндүк райондорунун бирине жеткирип коюумду өтүндү. Негедир бул балдарды жеткиргим келген жок. Бирок, болжолдуу сумманы айтсам эле, башка кардарлардай "кымбат го, түшүңүз" деп соодалашып отурушпай эле дароо макул болушту. Адатта, кандай кардар болбосун соодалашып, акчаны жеткенде беребиз дешип кыйылышчу да. Дагы бир алардын артыкчылыгы унаага баш багып отураары менен эле айтылган акчаны мага сунушту. Эч нерседен шекшинген жокмун. Унаамды от алдырып алар айткан тарапты көздөй айдап жөнөгөнүмдө, беттерин оолактатып катып, өз ара сүйлөшкөндө да күңк-мыңк этип кыска-кыска эле ой алышып жатышты. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей болду. Айтылган жерге жакындап калганда эле артта отурган өгүздөй жигиттердин бирөөсү "энең дурайын" деп сөгүнүп жибергенинен күзгүдөн карай салсам менин мойнума колундагы жипти салып келатыптыр. Башымды тартып алганым менен жетише албай калдым, жип мойнума ороло түштү. Калың күрмө кийип жүргөнмүн, жакасы тик. Ошонун да бир пайдасы тийди. Себеби калың жака жиптин ичинде болуп, муунтканга бир топ тоскоолдук болду. Жаным көзүмө көрүнө түштү. Караңгы жерге келгенде сыйыртмак салышыптыр, нараакта жарык көчө турду эле, оюмда эптеп ошого жетсем деп болгон күчүмө салып тартынып, машинени айдай бердим. Бирок жеткичекти эле алым куруй баштады. Капталымда, артымда отурган мыкаачы балдар да ойду келди ургулап киришти. Акыркы күчүм менен рулду көздөй бекем тартынып, кайра артка өзүмдү таштаганда жип саал бошой берди. Ошондо эки колум менен жипти тартып калганга үлгүрдүм. Алар менен алышып жатып, каалганы ачып бир бутумду сыртка таштап чыгууга аракет кылсам үчөөлөп кайра унааны көздөй тартышты. Күрмө башыма оролуп ар жактан сокку жеп жатканда, "болду ажалым ушул экен. Кайран балам, сени үйлөндүрбөй калбадымбы" деп уулумду эстедим. (Байке жашып кетти. Бир топко тунжурадык.) Бирок, ажал менен кармашканда адам күчтүү болуп кетеби же Кудай мага күч коштубу, билбейм, бар күчүмдү салып сыртка жулунуп чыгып кеттим, алды артымды карабай алысыраакта турган таксилерди көздөй жүгүрүп жөнөдүм. Артыман кубалап келишти да, кайра артка чуркап машинени айдап жөнөштү. Эптеп бир таксисини тосуп шаша-буша ага айта салдым. Анын унаасы менен артынан сая түшөлү деп таба албай койдук. Ошол түнү эле укук коргоо органдарына кайрылдым.
Чынын айтканда мен абдан сак кишимин кардарлардын ар бирин карап, ал жак бул жагына көңүл бөлөм. Буга чейин мас адамдар чыр салып, же башка болуп түрдүү окуяларды көргөм. Бирок, бу кылмышкерлер ашкан акылдуу жана сыр билдирбеген куу экен. Адамды ушундай ишендире сүйлөп, эч бир шек алдырбай анан да болушунча жүзүн көрсөтпөгөнгө аракет кылышат тура. Бир караганда эч бири кылмышкерге окшобогон эле жаш жигиттер.

Атамды өлтүрүп
коюшмак
Ал арада Аман байкенин уулу да сөзгө аралашып, жаңы жагдайларды айтып берди....
Атамды ошондо кудай чоң колдоптур. Сомодой болгон үч жигиттин колунан суурулуп чыкканга не деген күч керек? Аларда эч бир адамга боор ооруп коюу деген жок окшойт. эң башкысы унааны алып качып, күбө болгондордун көзүн тазалап салышат экен. Мен билип эле турам, булар мындайлардын далайын жасаган коркунучтуу кылмышкерлер. Атам дагы бир нерсени айтканды унутуп койду. Жанагы эргулдар, атама жолуккандан мурунураак, башка бир таксист байкени да айдатып баратышып, өлтүргөнгө аракет кылышыптыр. Аны муунтканда эси ооп калган экен. Тигилер бир жерге токтошуп, "бул өлүктү кайда алпарып таштайлы" деп нараакта сүйлөшүп жатканда байке эсине келип, качып кутулуптур. Машинанын ачкычын ала качса керек. Айтор жолу болбой калганда анан атама жолугушкан тура. Бир түндө эки чоң кылмыш. Ал байке менен телефон аркылуу сүйлөштүк, ушул балдар деп атат. Чынында атам качып кетпегенде, тигилер аямак эмес, өлтүрүп коюшмак. Бир жерге көөмп же сууга ыргытып, унааны чачып сатып жиберишмек. Кудай чоң сактады. Эми тигил кылмышкерлерге талап-тоноо эмес, адам өлтүрүү деген беренени коюп, катуу жаза бериш керек деп ойлойм. Анткени булар өлтүрүүнү максат кылганы көрүнүп турат.

Ууруну узатпаган
укук коргоочулар
Аталган иштин чоо-жайын уккандан кийин эле, Ленин РИИБси Республикалык бардык укук коргоо органдарына уурдалган унаанын маркасын, номерин жарыялашып, ыкчам аракеттерин көрүп башташат. Жыйынтыгында кылмышкерлер, 14 сааттын ичинде колго түшүрүлдү. Жабыр тартуучулардын айтымында, Чүй облустук ИИБнин жол күзөт кызматкерлери Кемин тараптан аталган унааны байкап калышып, артынан сая түшүшөт. Кылмышкерлер алардын токтогула деген буйругуна баш ийбей, куралдан ок чыгаруу менен эскертүү бергенине карабай, сүзө качырышып, өлөрмандык менен кутулуп кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, алардын артынан түшкөн кыраакы МАИчилер бир топ чакырымга чейин кууп барышып, акыры унааны да, кылмышкерлерди да торго илишкен. Учурда булардын үстүнөн иш козголуп, Ленин РИИБисинде, кылмышкерлер сурак берүүдө. Иштин кызыкчылыгынан улам алардын аты жөнүн атаган жокпуз. Бизге маалым болгону бул үчөөнүн арасында мурда да ушул өңдүү кылмыштары менен темир тор артына барып келгендери бар экен.

Эмне кылуу керек?
Кызыгы кармалгандар, эч бир кылмыш кылбагандай, өздөрүн күнөөсүздөй алып жүрүшүүдө. Алардын көздөрүнөн бир-эки жыл отуруп анан чыгып кетем деген текеберлик, кыйынсынууну көрүүгө болот. Себеби, биздин мамлекетте кылмышкерлерди болуп көрбөгөндөй бапестеп, аларга ар жылы ар шылтоо менен амнистия жарыялап, ар кандай оору-сыркоо деген мүнөздөмөлөр менен жаза мөөнөтүн кыскартып отуруп, өзүбүз өзүбүзгө ор казып келебиз. Ошондон улам ушул адам өлтүрүүгө катышкандар, адам өлтүрүү максатында кылмыш жасагандар жеңил жасага кириптер болуп, минтип сүйгөн кесиптерин кайрадан улантышууда. Буларың канча жылга кесилээрин, анын канчасын кайда өтөп, кантип чыгып келээрин алдын ала соттордон биринчи билип коюшкан. Бекеринен кыргызда "тоок уурдагандар тогуз жылга, адам уурдагандар алты жылга кесилет" деген сөз айтылбагандыр.
Эсиңиздерде болсо, тээ СССР дүйнөнү титиретип турган маалда, кыргыздын алгачкы белгилүү диктору жана обончу Жолдубай Кайыповду да жогорудагы кылмышкерлерге окшогон адамдар түн ичинде өлтүрүп кетишкенде, ошол 15 союздук республика "дүңк" деп, элдин баарынын төбө чачы тик турган. Бүгүн болсо мындай көрүнүш күнүмдүк нерседей кабыл алынып, кайдыгер болуп отурабыз. Ошон үчүн бизде сот, кылмыш жана жаза мыйзамдарын калыбына келтирип, капилеттен кол салып, канга кириптер болгон мындай түнкү мыкаачыларга эң оор жаза берип, керт башы, өз каны менен жооп берген нерсеге алып келишибиз керек. Жок, антпей эле, адам укугу деген батыштын ураанына жетеленип, бейкүнөө бирөөнүн өмүрүнө, саламаттыгына зыян алып келгендерди 5-10 жыл абакка киргизип, бапестеп багып отурсак, анда кылмышкерлерден дегеле арылбайбыз. Мына, капталыбызда уй түгүндөй кыжылдаган кытай калкы жашап жатат. Ууру-кески, адам өлтүрүү фактысы биздикинен аз. Анткени ал жакта темирдей тартип, аеосуз жаза. Биздечи?

Мирлан Өмүралиев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??