![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
SOS!!! К. Маликовду каңкуулаткан кайсы күчтөр? Кадыр Маликов деген кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө зор салымын кошкон кадимки акын Кубанычбек Маликовдун небереси бар. Өзү бир ооз кыргыз тилин билбейт. Бирок, теолог, ислам боюнча эксперт катары эки күндүн биринде экрандан чыга калмай оорусу бар. Мезгил кеч күз болуп калганына карабастан бул жолу да ошол оорусу козголуп, интернет сайттары аркылуу "Кыргызстанда жаңы саясый партия- ислам партиясы түзүлөт" деп кулак кагыш кылып жиберди. Бу, жигиттин Кыргызстанда ислам партиясы түзүлөөрүнө "күңкүл-мыңкыл" олуячылык кылып келатканына бир топ эле болуп калды. Анысын, ар кайсы бурчтан чыга калып берген интервьюларынан байкап калчубуз. Бирок, бүгүнкүдөй ачык чыккан эмес. Сыягы, ал кыялданган ислам партиясынын пайдубалы түптөлүп, эми көпчүлүктүн кулагын ушалоо, коомчулукту даярдоо максатында К.Маликовдун оозу менен айтылып жаткандай. Бул сыналган ыкма экени балага деле дайын. Ошентсе да, диний эксперт К.Маликов канчалык деңгээлде "кабатыр" болуп жатканына кайрылып көрөлү. Анткени эксперт деген эксперт. Айрым фактыларга, окуяларга таянуу менен өз пикирин айтат. Кыргызстан 20 жылдын аралыгында жеке гана саясый, экономикалык жагынан эмес дин ишеними, рухий жагынан да туңгуюкка кептелди. Буга эгемендиктин эртеси эле өзүбүз жол чаап бергенбиз. Дин эркиндиги боюнча Конституциябызга келиштире жазганбыз. Болгондо да дин аркылуу өз таасирин арттырып туруучу дөө-шаа мамлекеттердин кысымы менен. Анда жарандар кайсы динге болбосун кирүүгө укугу бар делген. Ошону менен ислам, христиан, буддизм өңдүү салттуу диндерди ичинен ириткен "микроб" секталар кыяндай каптап кеткен. Андан берки убакытта канчалаган жарандарыбыз бул секталардын курмандыгы болду. Келечекте ичтен жарылчу "бомба" ошентип түптөлгөн. Ал эми ислам динине келсек мектептер каралбай калып эле анын жанында шаңкайган 2 миңден ашык мечиттер салынып кетти. Мурда-кийин кыргызда болбогон, көрбөгөн, жаш курагына карабастан сакал койгон, дамбал кийген дабаатчы деген жамааттар пайда болду. Кыргыздын "атаңдан мурда сакал койбо" деген сөзү шоона эшпей калды. Эшигиңди каккылап келип калган дабаатчылардын айрым өкүлдөрүнүн ислам дини тууралуу түшүнүгү тайыз экенин байкайсың. Алардын бир өкүлү "үйүңдө тогуз чочко турат" деп эсимди чыгарганын унута элекмин. Ал эмне десем "телевизор", "радио" "гезит-журналдар" "китептер" ж.б.лар экен. Алар тескери маалыматтарды айтып, башыбызды айлантып жатыптыр. Эми сөз жок да. Жаңылбасам 2009-жылы кыргыз өкмөтү муфтият менен бирдикте дабаатчыларга байланышкан токтом кабыл алган. Анда дабаатчылар кыргыз салтына ылайык ак калпак, чепкен кийинип эл араласын делет. Бул туура кадам болчу. Татынакай кийинип, ислам динин терең билип алып, анын баалуулуктарын элге жайылта беришине ким каршы болсун. Азыр "Таблиг жамааты" аталган дабаатчылар уюму өтө массалык мүнөзгө ээ. Бул тейинде жүрүп отурса К.Маликов айткандай келечекте өз алдынча диний партия болуп кетсе деле кой дей албай калышың мүмкүн. Кыргызстан мусулмандары исламдын сунит багытындагы "ханафит" масхабын тутунабыз. Бирок, сыртка барып окуп келген жаш аалымдардын кайсы багытта билим алып келгенин билиш кыйын. Мунун баары Кыргызстандагы салттуу исламдын келечегине балта чаап, ич ара диний араздуушуларды пайда кылышы мүмкүн. Айталы, Турция мамлекети деле негизинен "ханафит" масхабын тутунганы менен аларда "алевиддер" "нуржулар", "сулайманчылар" деген агымдар бар. Турциядан диний билим алып келгендер бул агымдардын тырмагына илинбейт деп ким айталат. Ал эми Сауд Аравиясында "вахавизм", "салахид", Пакистанда "таблиг жамааты", "ахмедийлер" басымдуулук кылат. Ал жакка барып билим алгандар "ханафит" масхабынан адашпай, алардын таасирине кабылбайт деп кепил болуш кыйын. Бул маселенин өтө олуттуулугун байкаган Казакстан диний билим алууну каалагандарды өздөрүндө окутуп, окутуучу аалымдарды атайын чакырып келип, аларды текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана билим берүүгө уруксат бере баштады. Коңшу Тажикстан бул жагынан чукул кадамдарга барып, чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан жаш аалымдарын толугу менен чакыртып алды. Бизде болсо, жогоруда айтканымдай чаржайыт. Мындай жол менен жүрүп отурсак кесепетин тартып калышыбыз ыктымал. Анткени, түрдүү багыттагы ислам күчтөрү өз таасирин жайылтуу үчүн күрөшпөй койбойт. Анын бир жолу түздөн-түз мамлекеттин турмушуна, саясатына кийлигишүү. К.Маликов каңкуулап жаткан ислам саясый партиясын түзүү идеясы ушинтип баш көтөрүүдө. Бул жерден жалгыз таянчыбыз Конституция. Анын 7-статьясында Кыргызстан светтик мамлекет деп жазылып турат. Ал эми ушул статьянын 2-пункутунда дин жана башка культтар мамлекеттен тышкары делет. Ошентип, баарыбыз эле Кудай дейбиз. Ага ишеним ар кимибиздин жүрөгүбүздө. Бирок, мамлекеттин турмушуна динди кийлигиштирүү Кыргызстан үчүн келечексиз. Андыктан К.Маликовдун оозу менен айттырып жаткандар ашыгып жаткандай. Темирбек АЛЫМБЕКОВ
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||