Уй бөйрөк саптар...
Паракорлорго каршы турсаң, жөө каласың!
Учурда Өкмөт коррупция менен катуу күрөшүп жатабыз деп жар салууда. Бирок, көп тармактарда бул боюнча эмне иш болуп жатканы менен кабарыбыз жок. Биз билгенден "Манас" эл аралык аэропортунун учурдагы директору Эрик Шайдинов ички коррупция боюнча катуу иш алып барып, мурдагы коррупциялык схемаларды кан буугандай токтоткон. Мунун натыйжасында, ишкананын кирешеси 50 пайызга жогорулап, иш тартиби ийге келген болчу. Бирок, албетте, "алтын балыгынан" айрылып калган айрымдардын ичин өрт аралап, көралбастык менен өч алууну максат кылышаары турган кеп да. Айтор, өткөн жумада Эрик мырзанын баасы кымбат турган "Кадиллак Эскалейд" унаасын өрттөп кетишти. Атайын унаа токтотуучу жайга түн жамынып киришип. Бул окуя дегеле, аэропорттун жетекчиси кантип душмандарды пайда кылганы тууралуу кызыктуу маалыматтарды "Алибинин" кийинки санынан окуй аласыздар.

Баатырбековго баракелде!
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары эл аралык мамилелер боюнча жаңы мыйзам долбоорун жактырышты. Демилгечиси парламенттин эл аралык мамилелер боюнча комитеттинин төрагасы Алмаз Баатырбеков. Эл өкүлүнүн айтымында, буга чейин тышкы иштер министрлигинде кадр-дык жүрүштөр каалагандай жүрүп, жалаң эле өң-тааныштар элчилик, консулдук кызматтарды ээлеп келишкен. "Баарынан жаманы кайсы бир мамлекетке элчи болуп баргандар ошол мамлекеттин тилин билбей, түшүнбөй турганы. Ошол элдин тилин, маданиятын, жашоо турумушун билбеген элчи кантип Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт" дейт ал. Ошентип, жаңы мыйзам боюнча, эми элчилик кызматка барчулар алды менен тилди билип, ошол тармакта эки жылдан кем эмес тажрыйба топтоп, анан чоңураак кызматка тартылмакчы.

Ким эмнеге актанды, ыя?
Президенттик анттын тексти парламент тарабынан жактырылып, бекитилди. Бирок, алгач депутаттар арасында бир укмуштуудай талаш-тартыш жүрдү эй. Көрсө текстте Кудайдын аты келтирилиптир, муну укканда Ширин Айтматова менен Гүласал Садырбаева эжелерибиз безге сайгандай атып туруп, саясатчылардын тең жарымы Кудайды оозанганга акылары жок дегендей ойлорун айтып чыгышты. Айтор, бир нерсени кыйытышты. Бер жактан Ахматбек Келдибеков тээ илгертен эле антта Кудайдын аты келтирилгендигин айтты, актангандай. Элден кем каламбы дедиби Мыктыбек Абдылдаев деген депутатыбыз чыгып, анча болду анттын акырына "качып кетпейм" деп кошуп койбойсуңарбы дегендей оюн шардана кылды. Ошентип отуруп, акыр аягы кабыл алышты. Эми угабыз го аны, Атамбаев ант бергенде.

Эсеп палатасы эр экен эй
2010- жылдын 1-майынан 2011- жылдын 1- майына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында Эсеп палатасы "Интек" ЖЧКсы "Манас эл аралык аэропорту" ААКсына 2009 - жыл үчүн 17,6 миллион сомдук дивиндендди төлөбөгөнүн аныктады. Мындан тышкары улутташтырылган объектилердин да МЧСтин алдындагы Авиация Департаментинин менчигине өткөрүлүп берилбегени текшерүү учурунда ачыкка чыкты. Дагы далайын чукуган экен, баарын айта бербейли. Муну көрүп эсеп палатасына эреркеп кетет экенсиң.

Жалаалуу граната биздики эмес
Казакстан бийлиги Тараз шаарында жан кечти тарабынан жардырылган РПГ-5 гранатасы Кыргызстандан алынган деген билдирүү тараткан. Бу, кандай эле бизден барып калат деп кыргыз коомчулугу да ойлонуп калганбыз. Бирок, казак туугандардын бул жалаасы суу кечпей турганын Кыргызстандын ИИМи далилдеп берип кичине жеңилдей түшпөдүкпү. Карачечей "кызыл шапкелерибиз" апрель-июнь окуяларында беш граната жоголгонун, төртөө табылып, бирөө табылбай жатканын, бирок ал граната техникалык жактан Таразда жарылган гранатага кайнаса каны кошулбай турганын тастыкташты. Капырай, жалаанын да эби бар да. Эми эмне дешээр экен?

Коңшулардын кобуру
Казак президенти Н.Назарбаев Орусия ВТОго өтүп кетишин Кудайдан тилеп турган чагы. Эгер Орусия өтпөсө Казакстан Кыргызстандын абалында калат, анткени бул өлкө ВТОго киргени менен бизге окшогон коңшулары кирбегендиктен жалгыздык кылууда деди. Айтканында калет жок. Бирок, Орусия кийинки жылдан баштап кирсе, Казакстан 2012-жылдын аягында кирип калышы ыктымал. Коңшуңа карап коюңду жай деген ушул. Биз деле ошону күтүп, экономикабыз эртерээк оожалып кетсе деген тилектебиз.

Өкмөткө жаңы киши келеби
Парламенттеги күбүр-шыбыр кептерден жыйынтык чыгарсак, жаңы Өкмөттүн башына жаңы адам келе турган болуп калды көрүнөт. Жаңы адам дегенибиз болсо "Ак Шумкар" партиясынын лидери, экономист, саясатчы Темир Сариев. Азыр бул адамдын Өкмөт болушуна парламенттеги беш фракциянын төртөө макул болгон имиш. Темикенин баягы интернеттерге чыгып кеткен чыны-калпы белгисиз аудио сүйлөшүүсүн эске албаганда, текирең таскагы катуу эмеспи, үмүт чоң. Бирок, айрымдары бул жөн эле сөз, саясий атайын сыноо, саясатчылардын пикирин сыноо деп атышат...