Жылдыздарга саякат

Сагын cаймалаган экран

Кандай айткан күндө да КТРК кыргыз маданиятынын очогу. Ар бир телекөрсөтүүнүн артында ондогон адамдардын жан-этин жеген эмгеги тураарын баарыбыз эле биле бербейбиз. Алардын чыгармачылык уюштуруучусу, экранга алып чыкканы бул режиссер. КТРК телережиссерлордун уюткусу. Аларсыз бир да көрсөтүү тартылбайт. Ошого жараша мында режиссерлордун муундан-муунга өткөн мектеби калыптанган. Кезегинде КТРКнын көркү, сыймыгы болгон, азыр көзү өтүп кеткен Балташ Каипов, Амантай Ниязалиев, Орозбек Чолпонкулов, Абен Кашкаралиев ж.б. бул мектепти түптөп кетишти. Учурда улуу көчтү Бейшенбек Мамбетакунов, Айнура Алдашева өңдүү залкар режиссерлор улантышууда. Режиссердук ушул салтты төгүлтпөй да чайпалтпай алып бараткандардын бири Сагын Ниязалиева. Анын "Ырдап жүр", "Алтынчы күнү кечинде", "Ырга айланган өмүр", "ХI кылымдын жылдыздары" аттуу телекөрсөтүүлөрүн дайыма күтүп калабыз. Жакында атагы атпайга дайын режиссер айымга, атайы жолугуп айрым суроолорубузга жооп алдык.

- Сагын КТРКнын куттуу босогосун качан аттадың. Учурдагыдай улутту умсунткан телекөрсөтүүлөрдү тартууга чейин далай жолду басып өтсөң керек...
- Убакыт учкан куш экен КТРКга келгениме 26 жылдын жүзү болуптур. Ушул аралыкта кандай гана залкарлар менен иштешпедим. Алгач адабий-драмалык бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, маркум Амантай Ниязалиевичтин ассистенти болуп жүрдүм. А киши уулуна алып берип, кийин келини да болуп калдым. Мезгил өткөн сайын такшалдым дегендей. Кийинчерээк өз алдымча көрсөтүүлөрдү даярдаганга белсендим. Башкасын айтпаганда да "ХI кылымдын жылдыздары" телефестивалын экранга алып чыкканыма быйыл 15 жыл болуптур...
- "ХI кылымдын жылдыздары" чыны менен масштабдуу көрсөтүү. Аны уюштуруудагы максатыңар эмне эле?
- Ошол мезгилде, бүгүн деле жылдызмын дегендер асман бетин бербей жыбырап чыга калып жатпайбы. Көздөгөнүм ошолордун татыктуусун элге алып чыгуу, чыныгы "жылдыз" экенин таанытуу болчу. Ал эми алешемдери андай сыноолордон кийин, элдин назарынан чыгып, өздөрү эле сүрүлүп калчу. Мындан тышкары эстрада жанрына сөзү,обону айкалышпаган, чаканын калдыраганындай ырлар күргүштөп кирип, элдин кулагына сиңген 60-70-80-жылдардагы ретро, шлягер обондор калып бара жаткан. Ошолорду жаш эстрада ырчылары, жалпы эле жаш муун унутпай ырдап жүрсө деген да тилегим бар эле. Ошону менен А.Малдыбаев, Ж.Шералиев, Р.Абдыкадыров, А.Керимбаев, Т.Казаков, К.Тагаев сыяктуу алптар менен бүгүнкү жаш обончу, аткаруучулардын (улуу муун, орто муун, кичүү муун) табигый байланышын камсыз кыла алганыма сыймыктана алам. 15 жыл аралыгында аталган телефестивалда 600дөн ашык ырлар аткарылыптыр. Г.Мамашева, У.Полотов, Р.Аманова, К.Эралиева, А.Ибраев, Г.Сатылганова, С.Асанкадыр бул долбоордун дайыма көркү болуп келет. Быйыл, буюрса салт болуп калгандай "ХI кылымдын жылдыздарынын" 15 жылдыгы жаңы жыл алдында көрсөтүлөт. Анда адаттагыдай жаңы ырлардын тушоосу кесилет. Жаш, келечегинен көптү үмтөткөн таланттарды алып чыгабыз. Ага даярдык күч.
- Болсун. Дагы бир көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан, чыгармачыл инсандардын портретин ачып берген "Ырга айланган өмүр" аталган көрсөтүүң бар. К.Турапов, Н.Табалдиева, Г.Мамашева, М.Керим кызы өңдүү өнөр адамдарынын чыгармачыл бейнесин элге тартуулаганың жадыбызда...
- Бул көрсөтүүлөрдүн деңгээлине өзүмүн да көңүлүм толот. Анткени, аталган таланттардын өздөрү да ошондой бийик эмеспи. Мындай көрсөтүүлөр көп эле тартылды. Ал эми төрт аягы төп талант, төкмө акын, обончу, ырчы Майра Керим кызын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө тартып калдым десем болот. Бул ишти Байма Сутенова менен бирдикте бүткөрдүк. Майранын өнөр казынасынын чети оюлбай кеткенин, ошол тартып жатканда сезип калдык. Көрсөтүү Тоң жайлоосунда, айылында тартылды. Ал катуу оорулуу эле. Аны өзү да билчү. Ошондон уламбы баргандан-келгенге чейин 4-5 сааттык жолдо төгүп эле жүрүп отурду. Обондорун да муңкана ырдаган. Аттиң, бир себептер менен ошол учурларын тарта албай калдык. Эмгиче кур дегенде диктофон болсо жазып калбай деп өкүнүп кетем. Майра Керим кызы жөнүндө тартылган ошол көрсөтүүм КТРКнын алтын фондусунда сакталып турат. Дегеле баш-аягы 300дөн ашык телекөрсөтүүлөрүм алтын фондуга өткөндүгү мени кубандырбай койбойт.
- Сагын, режиссер катары чыгармачылык кудуретиңди туюп турабыз.Теле менен кино киндиктеш болгондон кийин, өз алдыңча кино тартууга да аракет кылып көрсөң болор беле?
- Болорун болот го. Бирок, учурдагы өздүк көркөм чыгармачылыктын деңгээлиндеги кинолорду көргөндө аллергиям кармап кетерин да жашыра албайм. Кинобу, телекөрсөтүүбү жеңил-желпи мамиле жасаганда болбойт. Мүмкүн мыкты сценарий болсо, аракет кылып көрөр белем. Азырынча андай ниетим жок.