Мурзалинин муңдуу кат

Оштун чоңдору "оптом" жооп берсин
КРнын Перизденти Р.Отунбаевага
"Алиби" гезитине Ала-Тоонун булуң-бурчунан ар кандай мазмундагы каттар келип турат. Окурмандарыбыздын назарын сындырбай, дайыма жарыялаганга аракет кылып келебиз. Кээ бири үнүмдү элге жеткирип койсоңор, балким Ак үйдүн деле кулагы чалып калаар деген ниетте атайы ат арытып алыстан келишет. Бул жолу Ош облусунан келген Мурзали карыянын арманын чогуу угалы. Сөздүн ачыгы чар учкандай жазылган бул каттын баш жагын жакшы эле иштеп келе жаттык эле, аягына келгенде айнып кете жаздадык. Оштун чоңдору "оптом" жооп берсин деп жаткан неме, "Алибини" да ала жатпасын деп кандай болсо ошондой бердик. Балким, араңарда түшүнгөн бирөө табылар.
Мен өмүр бою мектептерде үзгүлтүксүз иштеп, 2008-жылы пенсияга чыккам, иштеп да турамын. Жашым 66 да. Педагогикада үзгүлтүксүз иштегенимди эске алып 2007-жылы жайында мектептин педжамааты кайрымдуулук медалына көрсөтүшкөн. Ал боюнча №5 протокол жазылып Ош шаардык мэриясына берилген болчу. Бирок, башкы адис Нурлан Апиев сыйлоо баракчасын кантип толтурууну билбегендиктен президентке жөнөтмөк тургай документтерди жоготуп жиберген. Ал учурда Жантөрө Сатыбалдиевдин аппаратында иштейт. Ал иштерге Исамидин Бекенов күбө.
Экинчи жолу да мэр Мырзакматовдун катышуусунда документтеримди тапшырсам, аны да мэриянын ири, майда чиновниктери шалаакылыктын айынан дагы жоготушкан. Үчүнчү жолу 2011-ж. мэр М.Мырзакматов, аппарат башчысы А.Казиев ж.б. чиновниктердин катышуусунда ал документтер тууралуу катуу сөз болуп, иштин бүтүшү аппарат жетекчиси А.К.Казиевичке тапшырылган. Ошол иштерге И.Бекенов ж.б. майда чиновниктер күбө, алар конфликтти эптеп басып кетишкен.
Ошондо мэриядан баштап шаардык элге билим берүү , мектепке чейин чуу көтөрүлүп, мамлекеттик сыйлыкка үчүнчү жолу документтер даярдалып (06.09.2011-ж.) А.Тажибаевага А.К.Казиевдин көзүнчө тапшырсам, келип-кетип кабар алып турсам дагы иш ордунан жылбады. А.Казиев: "толук тапшырбапсың" - деп митаамчылык көрсөтүп жатат.
Ошондой болоорун мен күн мурун билип, ар бир жазылган документтердин көчүрмөсүн алып, 06.09.2011-ж. А.Тажибаеванын документтерди алгандыгы үчүн кол койдуруп алганмын, далилдөөгө баруудамын. Ошентип менин сыйланышыма ичи тардык, кызганчаактык, көрө албастык жана кызматтык бузукулук иштерди кылышканына таң калуудамын. Мындай иштерге вице-мэр Т.Сабиров да барган. Ушул иштерими мэриянын алдындагы укук бөлүмүнүн башчысы Т.Айтматова да карап чыгып, мени мамлекет менен мэриянын чала сабат кызматкерлери кыйнап жатканын айткан.
Ал эми мэриянын ири-майда чиновниктери кызматтык ыймансыздыктан, адепсиздиктен, жоопкерсиздиктен менин учурдагы конституциялык укугумун 37-беренесиндеги 2-ст., 53-беренесиндеги 1-пунктунун, ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" КРнын мыйзамдын 37-беренесиндеги 13-ст., Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү Президентке белгиленген тартипте өтүнүчтү аткарыша алышпаган (6-июнь 2008-ж. "Эркин-Тоо") жана билишпейт.
Булардан башка А.К.Казиев ж.б. чиновниктер "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамдын 8-ст. 3,5,6,8-пункттардын талаптарын 12-ст. 1,6,7,9,10-ст-дагы көрсөтмөлөргө каршы иш алып барышты, алар саясый жана моралдык жактан кетирген каталарына ылайык акчалай компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.Учуру келгенде сот жообуна тартамын, мэрия менден бир медаль карыз болуп калгандыктан жаза чараларды эскертемин.
КРнын кылмыш-жаза кодексиндеги 316-статьясынын 1-пунктунда "Шалаакылык б.а. кызматка ак ниетсиз же кош көңүл кош мамиле жасоонун кесепетинен... ойдогудай эмес аткаруу... олуттуу укук бузууларды алып келсе", КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте 1-берене: 1 Кодекстин 2-статьясы... кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо... укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын талабын атайлап аткарбоо... кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет". Жогоруда аттары аталган мэрия кызматкерлерин жоопко тартууну талап кыламын. Жоопко вице-мэр Таалай Сабиров, мурдагы начальник кадр Нурбек Кадыров да тартылууга тийиш. Мэриянын ири-майда чиновниктери элге кызмат кылып, жардам берүүнүн ордуна жогоруда жазылгандай мени кайра-кайра нотариустук документтерди түзүүгө, акча сарптоого, жол кирелерди кетирүүгө дуушарланткан. Ишенимден ажыраткан. Ошондуктан эки ортого көз карандысыз комиссия түзүп, текшерип, жоопкерлерди жоопко тартууну суранамын.

Мурзали Исаков,
Ош шаары, №48 орто мектебинин
мугалими, пенсионер