Эзелтен келген элечек

Элечек кыргыз зайыптарынын байыртадан кийип келаткан, калпактын катарында турган баш кийими. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө той топурларда эле болбосо эже-жеңелерибиз, энелерибиз өтө сейрек кийишет. Элечек - сыртынан бирдей көрүнгөнү менен оромуна жараша көп түргө бөлүнүп, аны кийген зайыптын жаш курагын, кайсы жерлик экенинен өйдө көрсөтүп турат. Айталы, түштүк, түндүк тараптарда элечектер негизинен үндөшүп турганы менен Памирлик найман кыргыздарында ээк алгыч болбойт.

Элечектин эл ичинде "илээки" же "челек" деген да аттары бар. Памирдик кыргыздарга барган саякатчы Б. Громбчевский "Элечектин өзгөчөлүктөрүн билип алсаң кыргыз аялынын (оролушунан, аркасындагы куйругунун саймасынан) кайсы уруудан экенин, жаш курагын жазбай аныктаса болот. Эгер алар бир уруудан болсо элечектери да бирдей окшош"деп жазган.
Бай оокаттуу айымдар элечекке 30-50 метрдей, өтө жука ак кездемени тайпы орогон. Натыйжада ал көлөмдүү чыккан жана тыкан көрүнгөн. Түндүк тарапта негизинен элечек ороонун 3 ыкмасы жолугат. Жаш келиндер маңдай жагы 3-4 бүктөлгөн, ээк алгычы бар, каптал же арка жагына турнанын же үкүнүн үлпүлдөгөн канаты тагылган элечектерди кийишкен. Күмүш кыргак, шуру же сайма, тасма менен кооздошкон. 30 жаштан өтүп калган аялдардын элечегинин жыгымы артында болуп, маңдайы түз тартылып, кооздолгон куйрукчасы чыгарылган. Ал эми орто жаштан өйдө ээк алгычы, куйрукчасы бар элечек кийишип, үстүнөн бүктөмөсү артына түшүп тургандай жоолук жамынышкан. Аялдар элечекти жайдыр кыштыр оронушуп башынан түшүргөн эмес. Аны жатаар алдында гана алып коюшкан. Элечектин астына негизинен түштүк тарапта туулга сымал кеп такыя же чач кеп кийишкен. Алар да көп түрдүү болгон. Ал эми элечектин бир эле кооздугу эмес пайдасы да көп. Мисалы, журт көчүп баратканда келиндер төрөп калса элечекке ороп, наристенин керегине жаратышкан. Адам улгайганда бели бүкүрөйүп калат эмесби, ошон үчүн белди түз алып жүрсүн деп оор элечекти кийишкен. Себеби жашы өткөндөр элечектин куйругуна кооз шуру-мончокторду тагышып, ал шуру- мончоктор бир топ оор келген.
Элечектин кайдан чыкканы азырынча жакшы изилденип, иликтене элек. Мындай баш кийимди кыргыз аялдарынан башка көчмөн өзбек, казак, кара калпак аялдары да оронушкан. Дегеле чалма сымал баш кийимдердин келип чыгышы Орто Азиянын тарыхынын Кушаң дооруна туура келет деген божомол бар. Ал эми жыйырманчы кылымдын баш ченинде элечекти бир байлам жоолукка айландыра баштаган.
Ошондой эле кыргыздар кыз - баланы айрыкча сыйлап, сылап-сыйпап өстүрүшкөн. Кыргыз кыздары секелек кезинде чачтарын кырк өрүп, баштарына топу, бойго жеткенде шөкүлө кийишкен. Бул кийимдер да өтө кооздолуп жасалган. Азыр ар кандай майрамдык салтанатта кийилгени болбосо, аталган ата-мурас асыл кийимдерди дээрлик кийбей калдык. Бирок, жарашыгын эч кимибиз тана албайбыз. Ошондон улам, кыргыз кыздары эмне үчүн массалык түрдө тегиз кийишпейт деген суроо туулат. Мүмкүн таппай жүргөн улуттук идеологиябыз, уңгубуз ушул жакта болуп жүрбөсүн?!

Бетти даярдаган
Бегайым Канат кызы