Ата тилегин аткарган Адылбек

"Жакшы уул атаны төргө сүйрөйт"-дегендей атанын уулу болуп, эл керегине жараган бул жалган дүйнөдөгү чоң жетишкендик экенин ким тана алат. Ооба, ата- эне үчүн баланын жакшы чыкканынан өткөн бакыт барбы. Бирок, жакшы уул же кыз аталуу ар кимдин тагдырына буйрубаганына турмуш күбө. Ушундай уулдардын бири "Пирамида" телеканалын түптөгөн Адылбек Бийназаров жөнүндө кеп учугун козгосок.

Акыры жеткен
максат
Ооба,бир кезде Таштанбек карыя, уулу Адылбектен көптү үмүт кылган. Анткени айтылган кеп бар эмеспи "ата балага сынчы"-деген. Таштанбек карыя санжыра, жомок, кыргыздын улуу инсандарынын жасаган иштерин жигине жеткире айтчу. Андан дагы айткандары так чыгып калган учурлары болгон. Адылбек Нарын районуна караштуу Куланак орто мектебин эң жакшы баада аяктап "Москвадагы Ломоносов атындагы университетинен окуйм" деген экен. Уулунун ишенимдүү айтылган сөзүн Таштанбек карыя жерге калтырбай, бир кезде Ломоносовдун өзүн атасы акыркы тыйынын берип узаткандай, болгон акчасын берип, Адылбекти окууга жөнөтөт.
Буга чейин үйдөн алыс чыгып көрбөгөн Адылбек көздөгөн окуусуна тапшырганы менен чет тилден начар баа алып калып, конкурстан кулап калат. Ал кезде айылдарда орус тилинен башка тилди окутчу эмес. Айылга келип, эч тартынбай эле "Алмаз жаштар" бригадасында иштеп, күзүндө армияга кетет. Бир жарым жыл кызмат өтөгөндө партиянын катарына өтүп, анан отпускага келип, эч кимге билгизбей керектүү документтерин алып кетет. Аскерде жүргөндө кулап калганга түрткү берген француз тилин намыстанып жаттап, өз алдынча үйрөнөт да, кызматты өтөп болгон соң, Чита шаарынан аскердик кийим менен Москвага барып, көздөгөн окуусуна МГУнун экономика факультетине өтүп, үйүнө телеграмма жиберет "окуга өттүм"-деп. "Балам аскерден келет" деп күтүп жүргөн эне-ата уулунун окууга өткөнүн угуп, сүйүнгөндөн эмне кылышты да билбей калышат. Мындай иш кандай баланын колунан келет.
Адылбек экономика факультетинде жалаң профессор-академиктин жана чоңдун балдары менен билим алат. Беш жыл ичинде окуганга жана иштегенге дагы жетишет. Түнү көчө шыпырып, күндүзү окуган баладан көптү үмүт кылган мугалимдер "аспирантурада кал" деп өтүнүшөт. Ал турсун "бизде калып иште"-деген дагы сунуштарды айтканда, Адылбек мырза "өз элиме кызмат кылам"-деп, мекенине келип, ишке орношот. Эгер кайран СССР кулабаган болсо, Адылбек Бийназаров алдым жуттумдардын жемине кабылбайт эле. Анткени таза иштегенди жана таза жүргөндү жакшы көрчү.

Эң жаш министр
Өлкөбүз эркиндикти колго алганы алдамчылар, эки сүйлөгөн калпычылар менен иштешүү албетте, табитине туура келген жок. Адылбек Бийназаров 31 жаш курагында Кыргызстандагы эң жаш министр болгонго жетишкенде, ошол кезде эле министрликти түндүк-түштүккө бөлүү жашагандыктан, көп узабай эле жогору жак ишинен алып тынат. Ошондо, Орто Азияда биринчилерден болуп "Пирамида" жеке менчик теле каналын ачканга үлгүргөнү жаамы журтту таң калтырат. Анткени бул идея эч кимдин оюна, ошол кезде келген эмес. Ооба, уулу Адылбектин министр болгонун уккандан эки күндөн соң Таштанбек карыя, ооруп дүйнө салат. Ооруп жатып ишенген уулу тилегин аткарганына сүйүнгөн ата "мен уулумдан ушуну күткөм"-деп акыркы жолу айтып, тилден калганы эле эмне деген улуулукту, бийиктикти айтып турат
"Бири кем дүйнө" деген ушул экен. Атанын тилегин аткарган, Адылбек Таштанбекович арабыздан узап кеткенине бир жарым жыл болду. Өзү жок, артында жасаган иштери жана өзү түптөгөн Пирамида телеканалы эки уулундай болуп жетим калды. Алдыга койгон нечендеген максаттардын өтөсүнө чыгып, тилегине жетпей калганы арман эмей эмне. Асыл адамдардын максаты убактылуу көр тирилик менен чектелбейт, улуу журттун улуулугун сактап калуу, чындыктан жана калыстыктан тайбагандык экенин акылмандар эбак эле айтып кеткен.

Атанын атын булгагандар
Бул, "ачкөздүк"-деген жаман сапаттын жетегине баш ийип, абийирин булгап алгандар дагы жашоонун бөксөсүн толуктап турат тура. Жашоо ак- карасы, өйдө-ылдыйы менен кызык эмеспи. Ошол ачкөздүктүн айынан эл эгеси аталган эки ажобуз ата мекенине батпай, чамындыны көл жээкке сүрүп салгандай, эл дагы экөөнү туулуп өскөн жеринен, мекенинен сүрүп салганына убакыт өзү күбө. Ошол жыйырма жыл ичинде биринин жоругун бири кайталаган ажолор эрке балдарынын азабын тартып, элине келе албай калганы эле алардын алган жазасы.
Учурунда Адылбектин жеке менчик "Пирамида" теле каналына алгач Акаевдин эрке уулу Айдар көз артып, жарга такап туруп, элүү пайыз акциясын тартып алганда, эл бул иштин аягы жаман бүтөрүн сезген. Эгер Аскарчик бул телеканалга көз артып, эрке уулу Айдарчикти ортого салбаганда, баары башкача болот беле ким билет. Бул жорукка ыраматылык Адылбек Таштанбекович дагы башын чайкап, ичинен сызып гана тим болгон. Бардык кыйынчылыктарды жеңип,мына эми үзүрүн көрөйүн деп турган учурунда тарттырып жиберип отуруп калды. Бул жерден кантип адам баласынын ден соолугу начарлабайт. Санаа менен ой кантип адамды мите курттай жебейт дагы, ооруга чалдыктырбайт. Өзүбүз эле калыс бололу "бирөөнүн эле салып алган тамынын теңин,күчкө салып меники"-деп тартып алып жатканын. "Жакшы адамды эл ээрчийт, жаман адамды сөз ээрчийт"-демекчи, бирөөнүн эле маңдай тери менен түптөп алган ишин тартып алган Айдарды азыр сөз ээрчип жатканына турмуш өзү тараза.
Арадан аз убакыт өтпөй Акаев куулуп, анын арам жол менен тартып алган мүлктөрүнө ким ээ болду? "Башкы көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат"дегендей, калган мүлккө тилин жаланган, байлыктан көзү каткан Бакиев алгач чабуулун "Пирамида"теле каналынан баштаган. Анын уулу Максимдин телеканалды күч менен тартып алганы дагы Адылбек мырзанын ден соолугуна терс таасирин тийгизди. Анткен менен булардын дагы аягы жакшы аяктабаганын баарыбыз билебиз. Учурда "Пирамида" теле каналы өгөй атанын колуна өткөн баладай, баштагыдай элдин сүймөнчүлүгүнө татыбай, ооруга кабылган адамдай абалы начар.

Жетимсиреген
"Пирамида"
Ооба, бир кезде бул телеканалды кандай гана азап менен түптөп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп,түн уйкудан калып араң жолуна коюп, жаңы тиккен дарак бүрдөп, тамыр ала баштагандай, элге алынып, ооз-го илинип калганда, ачкөздүк менен тартып алган адамга, бул телеканал алардын оюндагыдай иштеп бере алган жок. Адылбек Таштанбекович кезегинде мыкты иштеген журналисттерге жана кызматкерлерге телеканалды түптөгөнгө салымын кошкон, иш сапарында жүрүп каза болгон . улуту орус адамдын атынан атайын акчалай сыйлык берип, көзү өтүп кеткен башка улуттан болсо дагы анын арбагын эстеп, ага таазим этип, кызматкерлердин дагы көңүлүн алганы иш билгиликтин белгиси, Адылбектин бийик сапаты экенин жашыра албайбыз. Азыр Адылбек Таштанбекович түптөгөн телеканал жетим калган баладай, кунарсыз сезилет. Кандай жакшы тилек, бийик максат менен түптөгөн телеканалдан канчалаган журналисттер,операторлор, дикторлор даядалып, таалим алып чыкты. Жакшы адамдын артынан эсте калгандай иш калганын биз Адылбек Бийназаровдун жасап кеткен ишинен улам айтып жатабыз. Керек болсо кээ бирлер үчүн азыр достору, чөйрөсү дагы бөксөргөндөй байкалат. Эсимде,Бакиевдер телеканалды тартып алганда журналисттик чөйрөнү кенен түшүнгөн Мадумаров чоң кызматта туруп, калыс сөзүн айта албай, кайра бийликке тартып сүйлөп, тетирленген эле. Ошондо раматылык Дооронбек Садырбаев эч нерсе кыла албай абдан кейип "Адылбек капа болбо, баарын бир гана убакыт калыстайт"-деп көңүл айткан болучу. Ал киши айткандай убакыт баарын калыстап, кимдин ким экенин турмуш өзү билгизип, ачкөздөр өз жазасын алды, бирок канчалаган кыргыздын Адылбек өңдүү кыраандары, үй-бүлөлүк башкаруунун курмандыгына айланды. Кээсин каратып туруп атып кетсе, кээ бирин ден соолугунан ажыратып, ажалдын колуна салып берди. "Бекер табылган бир сомдон корк"-деген кытай элинин сөзү бар. Биздин эки ажо, бекер табылган миллиондордон коркпой, бөтөн элде баш көтөрүп, басып жүргөндөрү "кулаалыча салпактап учуп, миң жыл жашагандан көрө, бүркүтчө бийик учуп, бир жыл жашаган өйдө"-деген макал сөздү эске салат.
Адылбек Бийназаровдун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө эки ажонун кесепети тийгенин жашырып болбойт, ал эми "Пирамида" телеканалынын баркы кетип, кадыры түшкөнүнө Айдар менен Максим терс таасирин тийгизип, өсүп турган даракты кыйып салгандай эле болду.
"Бири кем дүйнө"-дегендей, быйылкы президенттик так талашта, сексенден ашык киши талапкер болгондон көрө, билими жогору, иш билги, эмгеги элге сиңген, ооз-го алынган, бийликтин курмандыгы болгон Адылбек Таштанбекович өңдүү кыраандардын көздөрү тирүү болуп, эл үчүн күйгөн адамдар талапкер болгондо, атаганат, шайлоо абдан кызыктуу болуп,жеңилгендер жеңилүү ызасын көтөрө билет эле, элди көтөрбөй. Көрсө, бул жалган дүйнөдө алсыздар бийликке келсе, өзүнөн артыктардын жолуна бут тосуп, далыдан бычак сайган коркок жоокердей, жолдорун билгизбей тазалаган адат калбайт тура. Сөз соңунда эмне дейбиз, биз адамдын жакшы сапатын көзү өтүп кеткенден кийин эмес, учурунда баалап жана пайдалана билсек, ишибиз алга жылат эле.

Б. Мусаев