Тулпардан калган туяк
Айтылуу Токтогул Сатылгановдун Бабажан аттуу жалгыз баласы, Гулсара (кыргыздын туңгуч режиссеру) аттуу кызы болгон. Бабажан ата да чоң комузчу эле. Өзү да комуз чапчу. Өмүрүнүн акырына чейин атасынын атындагы кыргыз филармониясында иштеп жүрүп өттү. Тирүү кезинде Бабажан ата болгону СССРдин маданият министрлигинин "Ардак Громатасы" менен сыйланган. Т.Сатылгановдун дүңгүрөгөн 125 жылдыгы өткөрүлгөндө да, баласы Бабажандын эмгеги мамлекет тарабынан баасын алган эмес. Ушул адамдын жаркын элесин эскерүү үчүн анын уулу КРнын "Ардак громатасынын" ээси, КТРКда 27 жылдан бери иштеп, жогорку категориядагы сүрөтчү-коюучу катары мамлекеттик иш-чараларда бир топ эмгеги сиңген Молдожан байке менен маек курдук.

- Молдожан байке, сиздин чоң атаңыз кыргыздын тарыхында өчпөс из калтырган инсан. Атаңыз Бабажан Токтогулов да комузда кол ойноткон адам болгон экен. Токтогул атанын учурдагы бала-бакырасы тууралуу айтып бересизби?
- Чоң атабыз тууралуу китепте 9 жашында каза болуп калган Топчубай деген баласы жалгыз уулу катары аты калган. Ал аялы Сибирден келгенче кетип калат. Кийин Бурма чоң апабыз кайра үйлөндүрөт. Ошол эле Кетмен-Төбөдөгү Балыкты айылындагы Матке деген кишинин Сейдимкан аттуу кызын алып берет. Ошо киши биздин чоң апабыз болгон. Он чактыдай балалуу болушуп, балдары улам кичинекейинде эле каза боло беришет. Аксы тарапта Бача-ата , Баба-Ата деген мазар болгон экен. Чоң ата, чоң апабыз ошол жерге барышып Кудай жолуна ырым-жырымдарын жасап, бала тилешиптир. (Бача-Атага мал тилегендер, Баба-Атага бала тилегендер барчу экен) Кайра келгенден кийин, бир кыз, бир уулдуу болушат. Кызы- эжебиз Гулсара 1961-жылы кырсыктан каза болду. Эжебиз каза болгондон кийин, биз Токтогулдан көчүп келдик.
- Сиздер Токтогулда жашачу белеңиздер?
- Эжебиз менен атам бул жакта жетимдер үйүндө чоңоюп, окушкан. 1949-жылы чоң атабызга арнап, өкмөт тарабынан И. Раззаковдун чечими менен азыркы Токтогул көчөсүндөгү Адабият музейи болуп турган үйдү куруп беришкенде, ошол үйдө жашашкан. Ал жерден үйлөнүп-жайлангандан кийин атам кайра Токтогулга кетет. Гүлсара эжем шаарда калат. Кийин эжебиз кайтыш болгондо кайра көчүп келип атпайбызбы. Чоң апабыз да үч неберелүү болгончо атамдын колунда болуп, анан кайтыш болгон.
- Чоң апаңыздын мүнөзү кандай адам эле?
- Небере үчүн чоң апа абдан жакын адам болот да. Мен үчүн андан өткөн мээримдүү киши жок болчу. Эки карындашым менен мени колтугуна кысып эле, набат, куйрук май берип, коруп отурчу. Бою кичинекей (атам да апасын тарткан го), аябай таза, ак жуумал, өңдүү кемпир болчу. Кыялы кичине чатагыраак болсо керек. Чоң атабыз эки жакка кыдырып ырдап кетип калат да, биягы Талас, тиягы Жумгал, Анжиянга. Атчан жүрсө, айлап жоголуп, анан келет да. Белек- бечкектерин артынып, малын айдап алып келип, чоң апабызга тапшырса, "тентип жүрүп, алып келген белегиңдин кереги жок" деп туруп ыргытчу экен. Абышкасы кайра-кайра ырдап берип, көңүлүн көтөрүп, жооткондон кийин барып, белектерди кайра алып келип, сандыгына салганын салып, бергенин элге берип сооронуп калчу экен. Бул киши персоналдык пенсия алып калды. Ошо пенсиясын алган сайын: "абышкам көзү өтсө да, мени багып атат"-деп койчу. Эски акча менен 1200сом алчу.
- Бабажан атабыз кандай билим алган, убагында кайда иштеген?
- Гүлсара эжем экөөнү балдар үйүндө жатып окуганга айылдан Ж.Бөкөнбаев алып келген. Илимдер Академиясынын маңдайында чоң айлампанын ордунда орустардын эски чиркөөсү бар экен. Совет өкмөтү орногондон кийин ал жерди балдар үйүнүн клубу кылышат. Азыркы Киев-Т.Үметалиев көчөлөрүнүн кесилишинин бурчунда балдар үйүнүн окуу, жатакана корпустары жайгашкан экен. Ошол клубдан музыкалык ийримдерге катышышчу экен. Анан кийин атам №5 кыргыз мектепте окуп, музыкалык билимди М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан 3 кылдуу домра (домбра эмес) аспабын чертүү боюнча билим алат. Бул аспап- орус эл аспаптар оркестринде ойнолот. Алган билиминин пайдасы Белорусияга армияга барганда аябай тиет. Өзү бою кичинекей киши болчу. Армиядан "солдатик", бизге ойноп берсин" - дешип, офицерлердин аялдары домраны ойнотуп алып, клубда бийлешчү экен. Атама форма табыш кыйын болот. Гимнастёрка, өтүктөрдү алып келе берсе чоң келе берип, " менин бактыма ага чейин Суворов окуу-жайынын балдары келип, алардын формалары калыптыр. Ошолордон мага берген"- деп күлүп калчу. Бирок, чоң апабыз бул жакта жалгыз болуп, эки жылга жакындаганда, Жогорку Советтин Президиумуна арызданып атып, кайра чакырып алыптыр. Ошентип, бул жерден Т.Кулатов аксакал Кетмен-Төбөгө да үй салдырып берип, жанагинтип 1961-жылга чейин аякта туруп калат. Мен 1-класстын жарымын Токтогулдан окудум. Атам райондук Маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштечү. Кийин, Жалал-Абад элдик театрында иштеп жүрдү. Бишкекке көчүп келгенден кийин филармонияга орношуп, пенсияга чыкканча иштеди.
- Сиз да комузду жакшы чертесизби?
- Мен комуз менен эл алдына 6 жашымда чыга баштадым. Үч жашымдан баштап кармалай баштаптырмын.Жаш бала кулагына кумдай куюла берсе, көкүрөккө жат болуп калат окшойт. Атам эртели-кеч комузун колунан такыр түшүрчү эмес. Үйрөнүп аткан күүсүн 20-30 жолу кайталап, ийине жеткирмейинче отура берчү. Чоң апам тирүү кезинде "өлүгүңдү көрөйүндөр көз тиет балама" деп эл алдына комуз черттирип мени чыгартчу эмес экен. Ал киши 1960-жылдын жазында каза болду. Ал киши кайтыш болор замат, эжебиз бияктан мени "алып келгиле" деп чакыртып калды. Ага чейин "Токтогул" деген фильм тартылган. Ошол фильмдин сценарийин жана романын жазып жатканда (тилекке каршы аягына чыкпай калды) кол жазмаларын улам рецензияга берип окутса: "кантип эле 9 жашар бала жамактап ырдап калсын, Токтогул ушунчалык эле вундеркиндби?" дегендер да болуптур. Эжебиз өзү орусча-кыргызча кыйын сүйлөгөн, тың, өткүр киши эле. Аларга: "мен силерге далилдеп берем" деп, мени алып келип черттирип, "мына ишендиңерби? 6 жашар Токтогулдун небереси" деп турган кербези экен. Чоң апамдын айтканы туура эле окшойт, үйгө келгендер "ай, Молдожан комуз чертип берчи бизге" дей берчү эле, кийин киши келгенде качып кетип калчумун. Ошентип жүрүп, музыкалык мектепте окучумун аны да таштап, башка кесипке кеттим. Комузду азыр деле чертем, бирок өркүндөткөн жокмун. Азыр КТРКда сүрөтчү-коючу (художник-постановщик) болуп иштейм. Жыйырма жети жыл болду.
- Бабажан ата төрөлгөндө чоң атаңыз канча жашта болгон экен?
- Атам паспорт боюнча 1928-жылкы, бирок, 1927-жылы туулгам деп айтып калчу. 1928-жылкы болсо деле чоң атам 63 жашында атамды көргөн. 1933-жылы атам 6 жашка чыкканда, 69 жашында каза болгон. Токтогул, атамдын китебинде, Сибирден келгенде Бурма чоң апамдын көзү көрбөй калыптыр дешет. Менимче, бул жазуучу тарабынан көркөмдөлүп берилип калган болушу керек. Болбосо көзү сопсоо эле болгон экен. Абдан кайраттуу кемпир болуптур. Сибирден келаткан баласын тээ алыстан беш-алты атчандын ичинен тааныптыр.
- Өзүңүздүн бала-бакыраңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Алгач бир-туугандарым тууралуу айтайын. Жети бир тууган болчубуз. Менден кийинки эки карындашым, бир иним бар. Андан башка эки иним чарчап калган. Бирөө кичинесинде, бирөө 1997-жылы өтүп кетти. Карындаштарым Күмүшай, Канышай, Чолпон бардыгы очор-бачар болуп калышкан. Эң кичүү инибиз Медербек музыкант. Ал М.Абдраевдан виолончель классын бүткөн. Кийин эстрада жанрына ооп, азыр жаз-музыканты. Каза болгон инимдин бир уул, бир кызы бар. Менин үч уул, бир кызым бар. Экөө чет мамлекетте иштеп атышат. Кичүүсү БГУнун акыркы курсунда, быйыл бүтөт. Үйлөнүп-жайланыша элек. Кичүү улум комузга, гитарага шыгы бар. Өзү да окуган жеринен КВН, коомдук-маданий иш-чараларга катышып жүрөт. Кемпирим аты Жамийла кесиби мугалим, бирок, "Кыялда" 25 жыл иштеди. Экөөбүз 30 жылдан бери бирге жашап келатабыз. Жалпысынан Токтогул Сатылгановдун 22 небере-чөбөрөсү бар.

Нурайым Рысмамбетова