Ө.Бабанов:

Кыргызстанда төрөлгөн ар бир наристе өлкөбүздүн келечеги.
Кыргыз Республикасы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен калкынын саны боюнча эң аз өлкө. Анысы аз келгенсип, 20 жыл бою кулач жайган коррупция менен жумушсуздуктун кесепетинен миграция толкунунда расмий эмес маалыматтарда 500 миңден 1 млн. чейин калк чет өлкөлөдө иштеп жүрүшөт. Анысы аз келгенсип, ичтен чыккан ийри жылан фирмалар, мыйзамдын көшөгөсүндө кыргыз кыздарын чет өлкөлөргө сатууда. Ушул фирмалар да билинбей туруп, элибиздин санын азайтууда.
Элет жерлеринде, эсил кайран СССР учурундагыдай 10-12ден төрөгөн энелер жок. Ал учурда шаар жериндегилер 5тен 7ге чейин балалуу болушкан. Азыр шаарда 2-3 төн ашпайт, элетте 3-5тен ашпайт.
Бул элибиздин азайып бараткандыгы тууралуу "сигнал" берип жаткан жокпу. Албетте, чындыкка тике караш керек.
Бирок, Жараткан өзү жар болуп, быйыл экономикабызда жылыштар бар.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Өкмөтү социалдык тармакта эмгектенген жарандарыбыздын маянасын 2-3 эсеге чейин жогорулатышы аздап болсо да миграциянын токтошуна өз таасирин тийгизет. Пенсиянын эки тепкичтүү көтөрүлүп башташы, бул Өкмөттүн алдында келечектүү кадамдар бар экендигинен кабар берет. Анткени 9 ай ичинде эле жасаган секириги, жүрөк жылытарлык.
Сан жагынан азайып бараткан элибизге, Жараткан өзү жакшы жышаандарын берүүдө.
Жалпы Кыргызстандыктар үчүн жакшы кабар бар. Жакында эле өлкөбүздө 3 эгиз төрөгөн эки үй-бүлө катталды. Биринчи үй-бүлө Мирбек Бахтабас уулу менен Айзада Акылбек кызы Айсулуу, Айчүрөк, Айназик аттуу 3 кыздуу болушту.
Экинчи үй-бүлө Эрмек Сакиев менен Назира Жумаевалар дагы Адина, Асел жана Адел аттуу 3 кыздуу болушту. Биринчи үй-бүлө Бишкек шаарынын Жал кичи районунда турса, экинчи үй-бүлө Аламедин районундагы Кайрыма айылында турат экен.
Бул жаш үй-бүлөлөргө, эч кандай кабар билдирбей куттуктап кирип барган өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановду көрүшкөн ата-энелер зор кубанычын жашыра алышкан жок. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу эң биринчи сөзүн жалпы энелерге арнады. Алардын коомдогу орду жөнүндө айтып, жаш энелерге ден соолук тиледи.
Адина, Асел, Аделдин чоң-атасы мектепте, чоң апасы медицина тармагында көп жылдан бери эмгектенишет экен. Имашова Күлбүбү апа: "Биз жолдошум экөөбүз канча жылдан бери социалдык тармакта эмгектенип чекебиз жылыган эмес. Өкмөткө ыракмат, мына жакындан баштап экөөбүздүн тең айлыгыбыз көбөйүп көп нерсеге жетип калды. Силердин иштеп жатканыңарды эл билет айланайын Өмүрбек" - деп, азыркы Өкмөттүн ишине алкыш айтты.
Ө.Бабанов Кыргыз Өкмөтүнүн атынан жаңы төрөлгөн наристелер үчүн 6 сотык жер жана 500 000 сомдон тапшырып жатып өз сөзүндө: "Кыргызстанда төрөлгөн ар бир наристе өлкөбүздүн келечеги. Элибиздин саны көбөйсүн. Эң биринчиден алардын ден-соолугуна көңүл бөлүп, татыктуу билим берүү ата-эненин жана мамлекеттин милдети. Буйруса кыска аралыкта өлкөбүздүн экономикасын оңоп, көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамдарды күчөтүп, балдарыбызга татыктуу билим беребиз - деди.
Чоң-ата, чоң-энелерибиз неберелерин окшош кийиндирип жетелеп мектепке алып барышсын. Тойлорунда ар дайым төрдө отуруп кубанычка батып жүрүңүздөр", деп каалоо тилегин айтып коштошту.

Бөрүбай
Айылчиев




  Шайлоонун натыйжасы жана ага кайчы пикирлер

Шайлоо: кайчы пикирлерге жооп...

Урматтуу окурман, кыргыз эли чоң сыноодон татыктуу өттү деп бааласак болот. Элибизде айтылып келгендей "арзандын тузу татыбайт" болуп, токсонунчу жылдарда Москвадан алган эркиндигибиз ойдо жок жерден эле колубузга тийген. Анын барк-баасына жете алган жокпус. Акаевдин, Бакиевдердин ачкөз, үй-бүлөлүк, талап-тоноочулук, диктатуралык бийликтери акыр аягында жүздөгөн кырчындай жаштарыбыздын канын төгүү менен аяктады. Демек, кыргыз эли жыйырма жылдан ашык бийликке каршы туруп, күрөшүп жүрүп, аягында кан төгүү менен элдик бийликти, убактылуу Өкмөттү орното алды. Бул бийликти коргоп калуу элдин милдети болчу.

Мына эми, Кудай берип, элдин эрки менен Президентибизди шайлап, тарыхыбызда биринчи жолу бийликти тынч, демократиянын нормаларына ылайык биринен экинчисине өткөрүп беребиз. Муну менен кыргыз эли өзүнүн тарыхынын жаңы, таза, тунук барактарын ачты десек болот. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча эки ача пикирлер жаралып жатат.
Биринчиси, өздөрүнүн дымактарын билбей, элде кадыр баркы канча экендиги менен эсептешпей шайлоого аттанып, арам акчаларды чачып, добуштарды сатып алабыз деген тилектери таш каап, жеңилүүнүн ызасын тартып калган талапкерлердин пикири. "Шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өттү", "фальсификация болду" ж.б. эч бир факты менен аныкталбаган дежур сөздөр. Мен айтар элем, бул саясатчыларда адамдардын аң сезиминде болуп өткөн өзгөрүүлөргө, коомдогу болуп жаткан саясий окуяларга талдоо жасап, тыянак чыгара билүү сапаттары жок, мурдунун учунан алыс көрө албагандар гана жогорудагыдай тыянак чыгарат. Ал эми азыркы Президенттик шайлоодо административдик ресурс же фальсификация чечүүчү фактор боло алган жок, жеңиштин сыры башкада.
1. Кыргыз элинин аң сезиминин өскөндүгүнүн жемиши. Күнүмдүк кара курсактын камын көрбөй, өлкөбүздүн келечектеги тагдырын жогору коюп, кийинки муундардын алдында жүзүбүз жарык болсун деген тунук сезимдин ойгонуп, элибиздин чыныгы намысты бийик туу туткандыгынын жеңиши деп бааласак болот.
2.Аймактык же уруучулукта "жаман да болсо өз улагыңдан теке сал" деген сыяктуу тайкы, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөбөгөн сокур принциптердин эскирип, азыркы заманга жооп бербей калгандыгы. Түндүк- түштүк картасын жасалма ойлоп тапкан саясатчылардын айрымдарынын көзү өтүп кетти, бул саясат менен өзүнүн бийлигин бекемдейм дегендер мекенинен тентип жүрүшөт, ал эми бул сапар ушул саясатты туу тутуп, бийликке жетем дегендердин тилегени таш капты. Демек, Кыргыз элинин биримдигинин, ынтымактын жеңиши болду. Кудайым буйруса мындан ары түндүк- түштүк илдетинен арылабыз. Анын диагнозу аныкталды. Ал-ынтымак жана биримдик.
3.Кыргызстандагы прогрессивдүү саясий күчтөрдүн биримдиги, алардын лидерлеринин өз амбицияларын артка таштап, элдин, мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчиликти бекем сезип, баш кошуп, бирдиктүү жүргүзгөн саясатынын жеңиши. Шайлоого 10-15 күн калганда өлкөдөгү ондогон жылдардан бери күрөштүн башында болуп келген эл арасында абройу бар, белдүү, саясий партиялардын лидерлеринин "Биз Атамбаевди колдойбуз" деген билдирүүлөрү коомчулуктун аң сезимине революция жасагандай болду. Элде ишеним жаралды. "Булар бириксе келечегибиз жакшы болот" деген.
4. Жеңишти камсыз кылууда талапкердин өзүнүн да үлүшү зор экендигин белгилебей коюуга болбойт. Жыйырма жылдан бери бир принципти кармап, элдик, таза бийлик үчүн күрөшүп келгендиги. Билимдүү, саясатта мол тажрыйбага ээ, таза, алдым жуттумдуктан алыс, ачык сүйлөгөн, айткан сөзүнө отчет берген, эл аралык абройу жогору болгон талапкер. Кыргыз элине мындан ашкан кандай талапкер керек эле. Жыйынтыгында жогорудагы факторлор Атамбаевдин биринчи турда эле жеңишин камсыз кылды. Жогорудагы саясатчы сөрөйлөрүбүз, саясатка аралашкандан кийин майда-чүйдөнү тоо кылып көргөзгөндүн ордуна саясий кырдаалга талдоо жасап, тыянак чыгара билсе жакшы болмок беле.
Мынча болду А. Мадумаровдун жана башка 5- 6 талапкерлердин шайлоонун жыйынтыгы чыга элек жатканда журналисттерге пресс- конференция өткөрүп, анда жасаган билдирүүсүнө токтоло кетели. Адахан Мадумаровдун жыйынтыгы: "Бул шайлоодо Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй "вопьиющий" мыйзам бузуулар болду". Эгерде 2007-жылдагы Парламенттик шайлоодо ал "Ак-Жол" партиясында тизмеде биринчи орунда туруп, "Ата Мекен" партиясынын Ош шаарынан алган добуштарын жокко чыгарып, аларды парламентке өткөрбөй койгондо кандай мыйзам бузуу болду эле деп сураса, эмне деп жооп берет. Оозу менен орок оруп, тили менен буудай кууруган, куру чечен адам уялбай туруп, буга деле жооп табат. Бирок, ынандыра албайт. Демек, бул шайлоодогу жеңиш жалпы элдин жеңиши. Муну менен эсептешпей коюуга болбойт.

Аманкул Молдалиев.
Бишкек шаарынын тургуну,
ардактуу пенсионер.