Грипп
Грипптин тарыхы
Грипп адамзатына көп кылымдардан бери белгилүү. Грипптин эпидемиясы биринчи жолу 1580-жылы катталган. Бирок, ал кезде грипп кандай оору экени тууралуу эч ким билген эмес.
1933-жылы Англияда Смит, Эндрюс жана Лейдлоу деген окумуштуулар алгачкылардан болуп, грипптин нак табиятын аныктап чыгышкан. Алар аны "А" гриппинин вирусу деп аташкан жана гриппке дем алуу органдарына таасир эткен вирус деген мүнөздөмө беришкен. Андан кийин, 1940-жылы Френсис жана Мэджил "В" вирусун, 1947-жылы Тейлор грипптин жаңы вирусу "С"ни ачкан.
1940-жылдан баштап грипп вирусун изилдөөгө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылган. Грипптин вирусун тооктордун эмбриондорунда өстүрө башташкан. Анын жыйынтыгында, грипп кандай учурда өзгөрүп кетери аныкталган. Эң башкы гриппке каршы вакцина чыгарылган.

Грипп деген эмне?
Грипп - алдыңкы жана жогорку дем алуу жолдорун жабыркаткан вирустук илдет. Грипп оорусунун күчөп кетиши кары же жаш балдарды өлүмгө дуушар кылышы ыктымал.
Грипп жана ОРВИ - бул эки илдет бири-бирине оорунун жугушу, жаралышы боюнча окшош келет. Бирок экөө бир оору эмес. Грипп өтө оор түрдө өтөт.

Грипптин жугушу
Инфекциянын булагы болуп оорулуу киши саналат. Вирус адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекейи аркылуу абага чыгат. Андан соң вирус адамга мурун, көз же оорулуу адам менен тыгыз байланышта болгондо жугат (оорулуу колдонгон гигиена буюмдары аркылуу). Вирус адамдын жогорку дем алуу жолдоруна (мурун, кекиртек, гортан, трахей) кирген соң, бат көбөйө баштайт. Бир нече саат ичинде вирус адамдын жогорку дем алуу жолдорунун былжырлуу катмарын жабыркатат. Грипптин вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу бөлүгүнө гана таасир этет жана калган органдарын жабырката албайт. Негизинен 2-5 күндөн кийин вирустун айлана-чөйрөгө чыгышы токтоп, вирус андан нары тарабайт.

Грипп менен көбүнчө ким ооруйт
Грипп менен иммунитети начар адамдар көп ооруйт:
2 жашка чейинки балдар (себеби, алардын иммундук системасы толук калыптана элек).
Иммунитеттин жетишпестиги менен жабыркагандар - тубаса иммунитеттин жетишпестиги жана ВИЧ.
Кары адамдар.

Гриппти ким
оор көтөрөт:
Жүрөк-кан тамыр өнөкөт оорулары менен жапа чеккендер
Өпкө өнөкөт оорулары менен ооругандар
Кант диабети менен жабыркагандар
Кан жана бөйрөк өнөкөт ооруларына кабылгандар
Боюнда барлар
65 жаштан жогорку адамдар (себеби, көп учурда карылар өнөкөт оорулар менен оорушат)
2 жашка чейинки балдар (себеби, алардын иммундук системасы толук калыптана элек).

Дарыланышы
Грипптин алдын алуу чарасы бул - эмдөө. Эмдөөгө колдонгон вакцинада грипптин вирусунун үч түрүнө каршы дары-дармектер бар.
Грипп өтө өөрчүп кетпесе, аны антибиотик менен дарылоонун кажети жок. Себеби, антибиотик менен бактериалдык инфекциялар гана дарыланат (ал эми грипп алардын катарына кирбейт). Гриппке туш болгондор, өзүн өзү дарылоо менен алек болбой, дарыгерге кайрылуусу кажет.