Кыргыз көчү кайда баратат?

Белгисиз маршрут
Ыйман кризиси
Кыргызстан экономикалык жана финансылык кризисти гана эмес, ыйман кризисин, абийир менен ар-намыс кризисин да башынан кечирип жатат. Ыйман кризисине мисалды алыстан издеп кереги жок.
Өткөндө маршруткада тыгылып, түртүшүп кетип баратсак, хижаб кийген чырактай болгон жапжаш кыз жол тосуп, биз бараткан маршруткага түшүп калды. Хижаб кийген кызды көргөн андан бир топ эле жаш улуу келин ордунан тура калып орун бошотуп берип жатпайбы. Кыз шып этип олтура калды. Нарыда элүүлөрдөн ашып калган ак чач эже колуна сумка, пакеттерин кармап келаткан. Ал эже маршруткага түшкөндө тиги келин бурулуп да карап койгон эмес. Келиндин бул кылганын көрүп, ак чач эже: "Ай кызым, жарым сааттан бери мен туруп эле келатам. Бурулуп да карап койгон жоксуң. А өзүңөн жаш кызга орун бошотуп бергениң кандай" деп жай сурап калды. Антсе берки келин үрпөңдөп, туура айтылган сөзгө чычалап: "Ал кыз деген жоолук салынып турбайбы. Сиз жылаңбаш экенсиз" деп, тапкан аргументи ушул болду. "Ай, айланайын, мен ал кыздын энеси менен тең болуп турам го. Картаң кишинин маршруткада туруп турушу кыйын экен, анүстүнө колумдагылар да оор. Ордуң бошотуп берсең, мен сага жок дегенде рахматымды айтып, батамды берет элем го" деп ак чач аялдын кейип сүйлөгөн сөзү келин менен тиги кыздын кулагынын сыртынан кеткендей болду. Орунга жай алган хижабчан кыз кулагына телефондун тыңшагычын тыгып алган окшойт, берки экөөнүн сөзүнө көңүл буруп да койбоду, рахмат деп айткандай болгон жок. Сөзгө териккен келин кашкайган бойдон: "Эгер сиз жоолук салынган болсоңуз, анда сизге деле орун бошотуп бермекмин" деп каяшасын бул жолу калың ыргытты. "Жайдын ысыгы бул болсо, анан мага орун бошотуп берсин деп башыма жоолук салынайынбы" ак чач аял актангандай сүйлөдү. Мөөрөй колуна тийген келин: "Жоолук салынышпайт, анан акылдуу сүйлөгүлөрү келет" деп, мына мени карагылачы кандай экем деп, койкоңдоп, эки жагын каранып койду. Ак чач аял кайра кайрылып жооп айткан жок. Маршруткада бараткандардын эч кимиси хижаб кийген чырактай жаш кызга кайрылып, "Бул эжеге орун бошотуп берип койсоң боло" деп айталган жокпуз. Маршруткада улуусу да, кичүүсү да бараткан. Айтсак деле болор эле, бирок айтпаса деле баарысы түшүнүктүү болчу, хижаб кийген кыз ак чач аялга өзү эле ордун бошотуп берет деп ойлодук. Азыр дин десе эле элдер ыйманды түшүнүшөт го. Ошол эле маршруткада сакал коюп, башына селде оронгон бир молдоке да бараткан. Ошол жаш кыз менен жашташ. Сакалдуу киши деле энесиндей болгон аялды чыркыратпай, ал деле өз сөзүн айтып койсо болмок. Ал сакалчан жигит деле ак чач аялды көрсө да, көрмөксөн болуп отурду.
Бул маршруткадагы окуяга кандай комментарий берүүнү да билбейбиз. Илгери, автобус, троллейбуска жашы улуураак эркекпи, аялбы кирип келгенде, кичүүлөр орун бошотуп тура калчу эле. Эркек киши аял кишиге орун бошотуп берчү, жашы улуу-кичүү экенине карабай. Азыр тескерисинче жаштарга улуулар орун бошотуп калды.
Жаштар улууларга орун бошотуп берүүнү эрөөн көрүшөт. Эгер ичип алган жаш жигит маршруткага түшсө, анда ал маршрутканы башына кийип алды дей бериңиз, ар кимге тийишип. Шопурлар да азамат 20-25 киши сыгылып баткан бусиктерине 40-50 кишини мал жүктөгөнсүп салып алышат. Тыгылышта, анда бараткан жүргүнчүлөр бири-бирине эмне гана сөздү айтпайт.
Ыйман кризисине сормо сазга баткандай сорулуп баратабыз. Ошондо да жерге түшкүбүз жок. Сүйлөсө ай-асмандан түшпөй, түгөлүбүз менен жалаң ылгый саясатты сүйлөйбүз. Ыйман тууралуу, тарбия-таалим тууралуу айткан бир киши жок. Илгери, улуу адамга салам айтпаган баланы: "бул ата тарбиясын көрбөсө керек" деп коюшчу. Ушерден бир окуя эске түшөт. Мындан эки-үч жыл илгери автобуска түшүп калсак, аксакал киши олтурган экен. Досубуз ал кишиге салам айтып учурашып калды. Тиги аксакал алик алганын алып, аны аябай тигилип карап калды. Чамасы тааныган жок. Бир топко бүшүркөп турду да: "Ай балам, өңүң эле жылуу учурайт. Сен кимдин баласы элең" деп сурады. "Коңурбайдын" деди досубуз. Аксакал андан бетер танданды: "Коңурбай" дейсиңби? Биздин айылда андай киши жок эле"?.. "Аксакал, мен Аксыдан болом. Атам өзүңөн улуу киши жолуктурсаң да, саламыңы үзбөй айт" деди эле дегенде, аксакалдын жүзүнөн нур төгүлүп: "Аа, балам атанын баласы турбайсыңбы. Жолборстой кайраттуу, арстандай айбаттуу, түлкүдөй айлакер бол. Асти кем болбо, элдин алды бол" деп батасын берди. Улуу адамга салам айтып, орун бошотуп берип койсо, андан жаштар кичирейип калбайт, тескерисинче, ата тарбиясын, эне тарбиясын көргөн деп улуу адамдын алкышын угуп, батасын алат. Өзүнүн маданияттуулугун, ата-эне тарбиясын көргөндүгүн көрсөтөт. Ата-энеге жаман сөз тийгизбейт.
Кыргыздын таланттуу акындарынын бири Байдылда Сарногоев: "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" деп жазды эле. Анысы кандай, көчөдө, үйдө өзүн алып жүрүү чоң маданият. Бул майда-барат нерсе эмес. Анткени, чоң саясатка деле көчөдөн барып жатышат. Парламенттин айылдын бир чолок көчөсүн эске салганынын өзү ушундан улам. Эгер, парламентке ата тарбиясын, эне тарбиясын көргөндөр келсе, бүгүн Жогорку Кеңеш азыркыдай чоң бардакка айланбас эле.

Менин тилим -
менин душманым
Айта келсе, сүйлөй келсе, экинин бири мекенчил. Кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калды, Отунбаева эмнеге жыйындарда жалаң гана кыргызча сүйлөбөйт, эмне үчүн парламенттин пленардык кеңешмелери орус тилинде өтөт деп чурулдагандарды четинен кезиктиресиң. Ошондой мекенчил кеп-сөздөрдөн кийин көчөгө чыгып көрүңүзчү, баары тегиз башка тилде сүйлөп жатканы. Маршруткада андан бетер. "Токтогуладан токтотуп коюңузчу" деп чекилдейт бир кыз. "Баканбаевадан токтотуп коюңуз" деп орус токоюнан чыга калган аюудай күркүрөйт бир жигит. Калык Акиев атаны сыйлашат окшойт. Акиевди атынан так айтышат. Ошентсе да, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алганына жыйырма жыл болуп калса да, "Моссоветтен" токтотуп коюңузчу" деп совет доорунда кала бергендер бар. Бир жолу №35-маршрутка менен "Арча-Бешикке" баратабыз. Жаныбызда бизден улуурак бир адам олтуруп калган экен. "Балам, "Термечикова" деген көчөгө барганда айтып койчу" деп калды. "Андай көчө "Арча-Бешикте" жок эле" дедик биз. "Силер өзү "Арча-Бешикте" жашайсыңарбы? Мага айыл өкмөттүн көчөсүнүн аты "Термечикова" деп айтышпадыбы" деп, аксакал киши чочуп кетти. "Ой аксакал, биз да ошол жакка барабыз. "Термечикова" көчөсү "Садыбакасова" көчөсү менен параллель жатат. Жеткенде айтып коебуз" деп жаныбызда турган жаш жигит биздин ордубузга жооп берип, аксакалдын сакалын сыйлаганын билгизди.
Анан жолдо баратып, жол кыскартканча эмне үчүн "Арча-Бешикте" "Термечикова" деген көчө жок экенин айтып бердик. Бул жаңы конушта "Термечикова" көчөсү жок болгондой эле, "Садыбакасова" деген да көчө жок. Жаңылбасак, "Арча-Бешиктеги" "Термечиков" көчөсү Шаршен Термечиковдун атынан коюлса керек эле. "Садыбакасов" көчөсү Шатман Садыбакасовдун атынан коюлган. Экөө тең эркек кишилер. Жанаша жаткан эки көчө - Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрү: Жоомарт Бөкөнбаев менен Токтогул Сатылгановдун урматына коюлган. Бири жазуучу, бири акын, бири комузчу, ырчы, бири куудул бул адамдардын ысымын башкалар менен чаташтырууга болбойт. Эркек кишиге этектүү көйнөк кийгизип койгондук, бул туташ сабатсыздыкты билдирет. Көчө толтура акын-жазуучулардын атын го коюп алдык, арийне сурай келсең, Шатман Садыбакасов ким экенин билбегендер четтен чыгат. Шатман Садыбакасов деген жазуучу болгон десең, жазуучу деген бизнесмен дегендин бир түрүбү дегендей маңыроо карашкандар бар. Шатман Садыбакасов Президент Роза Отунбаеванын мурдагы күйөөсүнүн бир тууганы болот десең, ошондо барып өзүнө келе түшүп: "Ошондой дейм да, болбосо жөнөкөй бир кишинин атын көчөгө коюшмак беле" дегенде, аргасыз баш чайкайсың. Шатман Садыбакасов Отунбаевага чейин эле, Кыргызстанга белгилүү болгон адам. Же Атамбаев чүйлүк болгону үчүн Термечиковдун ысымы көчөгө берилиптирби? Шаршен Термечиков менен Алмазбек Шаршеновичтин эч кандай деле байланышы жок. Адабий чөйрөгө тийиштиги бар дебесек эле.
Илгери, университетте окуп жүргөндө Бектурсун Алымов деген агайыбыз Токтогулду Улуу Ата Мекендик согушка колуна курал карматып согуштуруп койгон абитуриенттер болгонун айтып калар эле. Агай айткан заман да жакшы экен, азыр замандын ырайы бузулду. Айтматовду тааныбаган муун пайда болду. Манас десе Байтиктей баатыр болгон адам деп ойлошот. Манастын баатырлыгына караганда, анын мамлекетти мамлекет кылган даанышмандыгы өйдө экенин ойлогон, айткан киши жок. Манас дастанын - баатырдык эпос деп мектепте, жогорку окуу жайларында окутуп отуруп, ушул акыбалга жеттик.
P.S. Белгисиз маршрутка түшүп алып, белгисиз тарапка кетип баратабыз. Ыйман кризисине белчеден батып, өз тилибизге башкалар эмес өзүбүз душман болуп… Мындай чыккынчылыкты, кыянатчылыкты бизге душман адамдар да жасабас эле.
Болотбек Таштаналиев