Үйүм болбосо койсун, интернетим болсунчу...

АКШдагы айтылуу Сан-Франциско шаарынын көчөдөгү селсаяктары үчүн эми интернетсиз жашоо жок. Өнүккөн техника заманы, адам баласынын аң сезимине анын тийгизген таасири жана селсаяктар "Твиттейт" ...

Майкл Росс
Интернетке жипсиз байланган, үй жайы жоктордун бири 54 жаштагы Сан Францисконун жашоочусу Майкл Росс. Ал интернет дүйнөсүнө экраны 17 дюмдуу келген өтө чоң эмес ноутбугу аркылуу баш багып келет. Ноутбугунун эс тутуму 320 гигабайтты түзсө ага кошумча, көлөмү 1 терабайтты камтыган сырткы эс тутуму бар. Буга, ал адамдын фильмдерге болгон сүйүүсү себеп болгон. Ал ар түрдүү фильм-дерди "онлайн" аркылуу көрүп жана Сан Францискодогу улуттук китепканадан көчүрүп алып турат. Интернет торуна чыккыс болуп чалынган Майк Росс алачыкта күн кечирип келет. Компьютерин кара май менен кубаттанган генератору аркылуу энергиялап ,күнүнө ал үчүн 4-5 доллар каражат жумшайт.


Чарльз Питтс
Чарльз 37 жашта,Сан-Францискодогу көпүрөлөрдүн биринин алдын пааналап, жашап келет. Ал 37 жылдык өмүрүнүн көбүн социалдык түйүндөрдө өткөрүп келет. Селсаяк блокчу жашоосун интернетсиз элестете албайт. Facebook, MySpace жана Twitter сыяктуу соц түйүндөрүндө ар качан, ар жердеги достору менен маалымат алмашса Yahooдогу интернет форумду башкарып турат. "Адамдар эч качан телеберүүгө, радиого же гезитке муктаж болбойт, бирок адам үчүн интернетсиз жашоо жок" дейт Чарльз Питтс. Ал метродогу эсколаторлордун алдына олтуруп алып, бекер интернеттен пайдаланат жана ал ноутбугун энергиялоо менен бекер интернеттен колдонууга боло турчу шаардагы "жашыруун" жайларды жакшы билет.