Малабаев V S Сабиров

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын генералдык
директору А. Малабаев:

"Мен комиссияга эмес, жалган фактыларга каршымын!"
- Аргынбек Жумабекович, ЖКнын төрагасынын атына Сиздин үстүңүздөн арыз түшүп, ал боюнча профилдик комитеттин атайын комиссиясы ишканага барса киргизбей коюптурсуз?
-"Темир жолу" улуттук компаниясы менин менчигим эмес. Андыктан атайын мыйзамдуу түрдө келген кандай гана комиссия болбосун киргизбей коюуга, текшертпей коюуга акым да, укугум да жок. Бирок, бул жерде комиссия түзүүдөн мурда, ошол комиссия түзүп кароого мыйзамдуу негиз жок болуп жатпайбы. Анткени, менин үстүмөн Президентке, Премьерге, спикерге арыз жазып, жалган фактыларды жаадырып жаткандардын баары кызматтан мыйзамдын негизинде, бир канча эскертүүлөргө карабай, иштей албай койгондуктан кетишкендер. Мына мобул жерде ошол кимдир бирөөлөрдүн саясий бйругун аткарып жатышкан кызматчылардын ар биринин кызматтан алынуусу боюнча папкалар. Карап көрүңүз, ар бири өздөрүнүн шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана мыйзамга каршы иш кылгандыгы менен кызматтан кетишкен. Ошого карабай, темир жолдун жетекчилигин сотко беришип, бирок, баардык инстанцияларда жеңилип калышкандар. Ал тургай соттун атайын өкүмү менен мамлекетке, темиржолго компенсация төлөп беришкендери да бар. Анан ошолордун Жогорку Соттон утулуп калганына карабай, арыздарын кабыл алып, комиссия түзө калган парламенттин депутаттарына жол болсун. Ошол чуу чыгарып жаткандардын шыкагы мененби же дагы кимдир бирөөгө менин ордум керек болуп жатканбы айтор негизсиз эле кинелерди таратып жатышканына таң калып турам. Мисалы, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы "Аргынбек Малабаев темир жол ишканасынын башчылыгына мыйзамсыз олтурат. Анын мойнунда үч кылмыш иши козголгон", "Темир жолдо шектүү адамдар иштейт", "Темир жолдогу түзүлгөн оор кырдаалдан улам" деген сыяктуу маалыматты таркатыптыр. Азыр мен "ошол үч кылмыш ишин таап бергиле, мага, элге ачып көрсөткүлө, фактыңар жокпу, сөзүңөрдү кайра алгыла" деген талапты коюп жатам. Буга кошумча, темир жолдо эч кандай оор кырдаал түзүлгөн жок. Поезддер жүрүп атат, жүргүнчүлөр жолдон калган жок, жүктөр өз маалында келип жатат. Жумушчулардын айлык маянасы 20 пайызга көтөрүлгөн. Бизде азыр баары өз орду менен.
- Спортсмендер менен коргонууга эмне үчүн бардыңыз?
- Менде эч кандай спортсмен коргоочулар жок. Ал комиссияга келсек, иш мындай болду. Ооба, депутаттык комиссиябыз деп, бир эле комитеттен түзүлө калган топ, ошол бизден мыйзамдуу түрдө өз күнөөлөрү менен кызматтан кеткен адамдарды эксперт кылып алып, текшергени келишиптир. Мен ошол "текшерүүгө негиз берген арыздарды көрсөткүлө" десем көрсөтүшпөйт. "Финансылык-чарбалык документтерди текшеребиз, аны-муну текшеребиз" дешет. Мен каршылык көрсөтпөй, текшерүүгө уруксат берсем, алар тээ 2004-жылдагы документтерди казып туруп алышты. Эксперттери болсо ошол арыздын ээлери баш болгон жалаң темир жолдон кызматтан кеткендердин тобу экен. Теңи текшерип жүрсө, теңи ишкананы аралап, жумушчуларга "Малабаевдин иши бүттү, мына депутаттык комиссия келди, эми кызматтан алып түшөбүз" деп кыйкырып жүрүшөт. Анан айттым, "Биз деген стратегиялык объектилердин катарына киребиз. Силер мыйзамдуу текшерүү үчүн атайын тараптан "форма 2" деген уруксат документин алып келгиле. Болбосо тетигинтип эксперт кейпин кийген мүчөлөрүңөр ар кайсыны айтып жүрбөсүн. Экинчиден, силер 2004-жылдан берки документтерди казып отуруп алсаңар, бери жагы 4 ай убакыт өтөт. Анын баары архивде. Ырас, менин үстүмөн арыз түштүбү, мен иштеген мезгилди, 2010-жылдын апрелинен берки каржылык-чарбалык документтерди текшерип, жыйынтык чыгаргыла" деп. Эксперттик топтун башчы болгон КРСУнун юридикалык факультетинин деканы болгон жигит менин талабыма макул болуп, эртеси эле "алып келем" деген. Бирок, эч кандай уруксат кагазын алып келбеди. Беркилер болсо ар кайсыны сурап, профсоюз уюмуна чейин кийлигишкен экен, кызматчылар мыйзамдуу текшергиле деп сыртка чыгарып коюшуптур. Болгону ошол. Каршылык ушундан башталды.
- Ошол комиссияны мыйзамсыз деп эсептөөгө негиз барбы?
- Баарыдан мурда алардын мен жөнүндө тараткан жанагы жалган маалыматтары үчүн мыйзамсыз деп эсептейм. Экинчиден, алар өздөрүн депутаттык комиссия деп аташканы менен бир комитеттин ичинен эле түзүлө калышкан. Бул ишти жалпы парламенттин угуусуна коюп, анан комиссия түзүшкөндө мыйзамдуу болмок. Мен айттым аларга, "ошол таркаткан маалыматыңарды жокко чыгаргыла, калыс карагыла, мамлекетке мен кандай зыян келтириптирмин, мына менин мезгилимди карап чыккыла да айткыла" деп. Кудайга шүгүр былтыр жыл жыйынтыгын 506 млн. сом киреше менен жыйынтыктадык. Быйыл андан ийгиликтүү көрсөткүчтөр менен келе жатабыз. Менде да дос бар, тууган бар, куда-сөөк, эл бар. Алардын алдында жок жерден кылмышкер болуп, сот жообуна тартылган адам болуп кантип басып жүрөм?
- Арыз ээлерин мыйзамдуу кызматтан алынган деп атасыз. Мисал келтирбейсизби?
- Ошол арыз жазгандардын баары тең билети жок жүргүнчүлөрдү ташып, тиешелүү төлөмү жок жүктөрдү ташып, жүргүнчүлөрдөн негизсиз акча талап кылгандар. Комиссиянын колунда 8 адамдын колу бар экен, ал эми былтыртан бери ар кандай кызматтык ишин так аткара албай иштен айдалган дагы 70тей киши бар. Алардын баары ушул чууну чыгарып, шайлоонун алдында Малабаевди кетирели дешкендер. Мисал айтайын, арызданып жаткандардын ичинде поезддин начальниги, эки провод-ниги менен бар. Ошол Самудинов Улан баш болгон үчөө былтыр Москвадан келе жаткан эки Ноокаттык эжелерди Рязань деген станциядан түн ичинде түшүрүп салышыптыр. Жүгү кичине көрсөткөндөн ашык чыгып калса, 10 миң рубль талап кылышып, тигилер "акчабыз жок" десе билет-силети менен түртүп түшүрүп салышыптыр. Ээн жерде же алар жол билбесе, же тил билбесе, жанагы скинхед дегендер жайлап кетсе эмне болмок?! Жок дегенде алар челноктор, соодагерлер болсо бир жөн эле экөө тең Москванын метролорунда пол жуугуч болуп иштеген байкуштар экен. Кайра Москвага барышып, туугандарынан акча чогултуп, эптеп Кыргызстанга келишиптир. Алардын арызынын негизинде үчөө тең кызматтан алынган. Анткени, биз ар бир жүргүнчү үчүн жооп берүүгө милдеттүүбүз да. Андай алкымы чоң, таш боор кызматкерлер биздин ишмердигибизге дагы кандай доо кетирет эле, ким билет? Булар иштен кетээри менен сотко беришип, сотто тигил эки эжени эптеп Ноокаттан таап келип, тигилердин айыбын мойнуна койдуруп, жеңип чыкканбыз.
Дагы бир Майсалбек Раимбердиев деген сотто жеңилип, мамлекетке 110 миң сом компенсация төлөп берүү милдетин алган. Мыйзамсыз түрдө жер семирткич алып келгендиги ачыкка чыккан. Ар биринин мисалы алдымда турат.
- Сиздин Түлеевдин адамдарын куугунтукка алганыңызды айтышат?
- Мен ушул темир жолдо слесарлыктан баштап, ушул кызматка өсүп жеткен кадрмын. Түлеев менен чогуу иштеп, 2006-жылы ага орун басар болгом. Экөбүздүн ортобузда эч кандай каршылык болгон эмес. Ал тургай ал мэр кезде мени Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына алып барган. Ал жакта да ийгиликтүү иштешкенбиз. Бул кепти чыгаргандар саясий сасык ушактарды таратып, мени Атамбаевге да, Түлеевге да, башкаларга да жаман көрсөткүсү келгендер. Жанагы арыз жазгандар айрым кызматчыларыма айтышыптыр, "шайлоо алдында ура бериш керек, жеңиш үчүн, элге жагыш үчүн баары бир кызматтан алат да" деп. Андан дагы "Малабаев былтыркы апрелде Атамбаевге 350 миң доллар пара берип, темир жолдун башчылыгына барган" деп айтышыптыр. Мен айтып коеюн, менде эгер ошол акча болсо тынч эле айылга барып, ферма уюштуруп, жер айдап жата бермекмин. Бул карандай калп сөз.
- Малабаев вагондорду Казакстандан ремонт жасайм деп, мамлекеттен 31 млн. сом бөлдүрүп, бирок, аларды ремонтотпой эле, казактарга арендага берип, акча жасайт дешет?
- Муну да уккам. Мурда ремонтко жиберишкен экен, алар милдеттемелерин аткарбагандыктан, токтотуп койгом. Азыр вагондор бул жерде турат. 2006-жылы Түлеевдин убагында мен Казакстанда чогуу окуган досторума жалынып жүрүп, вагондордун чиймелерин, вагон куруу, ремонттоо боюнча баардык керектүү документтерди, 4 жащик кылып Кыргызстанга алып келгем. Мунун баасы атайлап сатып алсаң миллиондогон рубль турат экен. Ошону менен биз вагондорду капиталдык ремонттоону баштап, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду өзүбүздүн ДЕПОдон оңдоп-түзөй баштадык. Биринчи жолу купейный вагон жасап, презентация кылдык. Бирок, дароо эле баардык вагондорду ремонтоого мүмкүн эмес эле. Вагондун баары токтоп тургандыктан, Россия менен келишим түзүп, 60 вагонду келишим менен арендага алып келдик. Ар бир вагонго суткасына 90 доллар төлөйбүз. 2007-жылы Өзбекстандын 90 вагонун ремонт кылдырдык. Ошону менен 150 вагон жетиштүү болду. Бирок, биз ремонт кылып, 30дан ашык вагонду ишке киргиздик. Алар рейске ашык болгондуктан 30 вагон туруп калды. Биз аны Казакстанга суткасына 95 доллардан арендага берип, түшкөн акчаны кайра Россиядан алган 60 вагондун арендасына чаптап атабыз. Бул чыныгы чарбалык мамиле. Арендага бербе деген эч жерде жазуу жок да.
- Вагондорду кыскартып, кызматчылар да кыскарып, жумушсуздар көбөйгөнү чындыкпы?
- Ооба, мен вагондун санын кыс-карттым. Бирок, поезддердин каттай турган күнүн көбөйтүп койдум. Азыр чынында самолет менен темир жолдун билетинин айырмасы 1500 сомго жетип калды. Себеби, билеттер француз франкы менен өлчөнөт.Быйыл франктын баасы өсүп кетип, баа кымбаттады. Мына былтыр 900 вагон каттаса, быйыл 1251 вагон кетип жатат. Былтыр Свердловго дагы бир катам коштук, Москвага дагы бир каттам коштук. Ошону менен биз ийгиликтүү иш кылып жатабыз.
- Комиссияга киши салып жатыпсыз?
- Бул өздөрүнүн чыгарганы. Мен эч кимге киши салып, текшербесин деп сурана элекмин. Кылган ишим так. Коркунуч жок. Равшан Сабировго каршы чыкканым, анын эжеси транспорт прокуратурасында иштейт. Ошондуктан кызыкчылыгы бар деп эсептеп, болгону аны комиссияга башчы болбосун дедим. Башка кимиси болсо мага баары бир. Мунун спикер Келдибековго, фракция башчысы Канат Исаевге да айттым. Жумушчуларымды митингге чыгарган да мен эмес. Мыйзамсыз аракеттер үчүн өздөрү чыгып жатышат.

Жусуп Черик




ЖКнын депутаты Равшан Сабиров:
"Мынчалык
чоочуганына караганда, темир жолдун
жетекчилиги соо эмес..."
- Равшан Азатович, "Кыргыз темир жолу" ишканасын текшерүүгө эмне негиз болду эле?
- Буга Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековичтин атына түшкөн бир нече арыз-даттануулар негиз болду. Биздеги тартипке ылайык төрага өзүнө келип түшкөн кайрылууларды тиешелүү комитеттерге жөнөтүп, бул ишти карап чыккыла деген тапшырма берет. Ошону менен биз иш алып барган транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине аталган иш тапшырылган. Ошентип, биздин комитет 13-сентябрда өзүбүздүн комитеттин отурумунда атайын жумушчу топ түзүп, парламенттин регламентинин 16-беренесинин негизинде, темир жол тармагы боюнча адистерден өзүбүзгө тартып, эксперттик топко киргиздик. Ошентип, биз депуттаттык көзөмөл укугубузду пайдаланып, ошол эксперттерден турган топ менен темир жол ишканасына бардык. Жетекчилик а дегенде туура кабыл алып, таанышып чыккан соң, "макул, биз баардык керектүү документтерди беребиз, отуруп иш алып бара бергиле" дешкен. Бирок, эртесинен тартып эле, биздин текшерүүгө тымызын каршы чыгып, мага айрым адамдарды сала баштады. Мага тааныштарым, жакындарым, ал тургай айрым кесиптештерим чыгып, "Равшан темир жолду текшербей эле койчу" дей баштады. Мен аларга текшерүү али баштала электигин айттым. Эртеси биздин эксперттик топ ал жерге барса эле 20-30га чукул спортсмен жигиттер эшикти тосуп, киргизбей койду. Азыркы учурга чейин тияктан-бияктан адамдар мага чыгып, ушул ишти жөн эле коюуну суранышууда. Ал тургай алар ачык эле "комиссиянын башына Равшан Сабиров турбасын, башкасына макулбуз" деп талап кылып жатканы угулууда. Бул жерде ачыктан ачык эле менин адилет иштешиме каршы чыгууну байкасам болот. Балким башка бирөө болсо, аны "сатып алабыз, ишти жаптырабыз" деп ойлоп жатышса керек да.
- Аталган арыздарда кандай мыйзамсыз фактылар киргизилген?
- Бул арыздарда темир жолдун жетекчилиги материалдык-финансылык мыйзам бузууларга барып жаткандыгы, айрыкча материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жагында көп мамлекеттик казынаны зыянга учуратуу болуп жатканы, туура эмес кадрдык саясат болуп жаткандыгы тууралуу айтылган. Албетте, мунун баары тактала элек фактылар. Мисалга алганда, ишкананын "Мостотряд" деген органы бар. Булар "Локомотив" деген спорттук стадионун салабыз деп, али курулуп бүтө элек нерсеге 150 млн. сом жумшаганы айтылат. Андан тышкары үч көпүрө куруу үчүн 600 млн. сом жумшаганы жазылып турат. Эми өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, үч көпүрөгө ушунча каражат сарпталабы? Бул каражат менен кеминде 10 көпүрө салса болот го? Айтор, мындай коррупциянын кулагы көрүнүп турган фактылар өтө эле арбын экен.
Дагы бир факты боюнча, ишкана вагондорду, поезддерди Беловодскидеги атайын ремонттоочу жайдан эмес, Казакстандан ремонттоттук деп, мамлекеттин казынасынан 31 миллион сомду алышат экен. Ал эми арыз ээлеринин айтымында, азыркы жетекчилик Казакстандагы компаньондоруна ал вагондорду ремонттобой эле ички каттамдарга арендага берип, жыл аягында түшкөн пайданы бөлүп алып турушат имиш. Эми текшерип чыкмайын алдын ала бирөөнү күнөөлөш кыйын. Биз барганда "мен апрель айынан бери таза иштеп атам" деген Малабаевге ишенип жаткам. Бирок, кечээ кызматкерлерин митингге чыгарып, документтерди бербей, киргизбей жаткандан кийин шекшип калдык. Демек, бул жерде жашыра турган бир нерсе бар. Болбосо биз эч кимдин колун кармап иштетпей койбойбуз. Биз жетекчилик жана финансы жагына жооп берген тийиштүү кызматкерлер менен гана иш алып барып, бир кичинекей бөлмөдө иш алып бармакпыз. Алар айткандай кимдир бирөөнү ордунан ала турган жагдай жок азыр. Бүгүн ишкана кандай иштеп жатса, ошондой иштей беришмек.
- Эксперттик топко туура эмес адамдар, атайын адамдар кошулган дешти, митингчи-темир жолчулар...
- Эч кандай туура эмес адам жок. Бул жерде биздин бөлүмдүн башчысы, депутаттардын жардамчылары, юристтер, ошол тармак боюнча билген адистер, каржы полициясынын, эсеп палатасынын эле кызматкерлери киришкен. Баары мыйзамда көрсөтүлгөндөй иш алып барышат.
- Текшерүү азыркы жетекчиликтин ишмердигин эле карайбы?
- Биз азырынча азыркы-мурунку деп бөлбөйбүз. Себеби, биз кимдир бирөөнүн ишмердиги боюнча эмес, бизге жазылган арыздардын чын-бышыгына жетүү үчүн иш алып барабыз. Андыктан бөлүп кароого негиз жок. Бирок, азыр темир жолдун жетекчиси Аргынбек Малабаев өзүнүн иштеген учурун бөлүп кароону сунуштап жатат. Аны комитетте карап, анан жыйынтыкка келебиз. Ачыгын айтканда, азыркы жетекчиликтин учурунда жасалган деле фактылар бар. Айталы, 2011-жылдын 19-январында Бишкек-Москва каттамындагы поездге 4-вагон чиркелбей кеткен. Шалаакылыкпы же ичимдик ичип алагүү болгон поезддин начальнигинин күнөөсүбү? Ал казак жарандары тарабынан брондолгон вагон экен. Чымкентте жүздөгөн адамдар Москвага баралбай, жолдон калышат. Бул жерден мамлекет 3 млн. сомдон ашык каражаттан кол жууп, штрафтык санкция менен Казакстанга төлөп берет. Мындан тышкары темир жол башкармалыгы ширеңкеден баштап, баардык керектүү материалдарды, керек болсо вагондун дөңгөлөгүнө чейин бир эле фирма аркылуу, тендерсиз алынат экен. Бул дагы коррупциялык коңгуроону кагып турат. Бул маселелердин баарын ачык-айкын карап чыгалы десек, бут тосуп жатышат.
- Митингге чыгуу да темир жолдун башчыларынын уюштуруусубу?
- Митинг тууралуу айтсам, албетте, темир жолдун жетекчилиги кызматкерлерге тетири маалымат таркатып, "алар текшерүүдө атайын жалган иштерди таап чыгышат да, ишкананы захват кылып алышат. Баарыбыз жумушсуз калабыз" деген элди митингге түрткүлөгөн деген сөздөрдү айтканыны биздин атайын кызматчылар айтып жатышат. Кызык, биз деген демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Парламенттик бир ишкананы басып алаарына ким ишенет? Бул албетте, туура эмес. Биз бир дагы жумушчу тууралуу жаман пикирде эмеспиз.
- Мындан ары кадамдар кандай уланат?
- Биз өзүбүзгө тапшырылган иштин аягына кандай болгон күндө да чыгып, адилет чечим чыгарышыбыз керек. Бул боюнча мен кечээ өздөрүнө деле айттым. "шектүү шектенет" болуп, эч нерсе боло электе эле арага киши салып, митинг уюштуруп жатышкандыктары демек, дагы бир жолу атайын комиссияга шек берип койду. Болбосо иштин баары орду менен болуп жаткан болсо эмнеге мынча каршы чыгат? Азырынча алар айтып жатат, жанагы "Локомотивди" биз баштаган эмеспиз, көпүрөнү да биз курган эмеспиз, андыктан бизди текшербегиле" деп. Карап көрсөң, алар макул болбосо, биз кантип анан бул фактылардын аягына чыгабыз? Ошон үчүн азыр эки жак сүйлөшүп, бир чечимге келип, ишти ордунан жылдыралы деп сунуш берип жатам. Кечээ төрага жанагы митингчилердин башында турган профсоюз уюмунун башчысы менен жолукканда комиссия эч кандай мыйзамсыз эмес экенин айтып, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамды окуп берди. Таң калганым, балким алар тазадыр, балким арыздардын баары атайын каралоо максатында жазылган. Мунун баарын далилдеш үчүн биз текшерүү жүргүзүшүбүз керек да.

Жусуп Черик