Жүзүбүз күлүп, ичибиз ирип

Күнөөлүү күнөөсүздөр айылында
Кыргызда "жаманын жашырып, жакшысын ашырып" деген мааниси терең кеп бар. Бирок, бүгүн биз, бабалардын бул нускалуу сөзүнүн биринчи бөлүгүн гана, жаманды жашырганды мыкты өздөштүрүп алдык. Жакшыны ашыруу биз үчүн пайдасы жоктой. Баягы Киплингдин жомогундагы карышкырлар арасында чоңойгон Маугли жаныбарлар чөйрөсүнө ыкташып кеткен өңдүү, биз да арам, терс жоруктардын чөйрөсүнө жедеп көнүп бүттүк, бүгүнкү ызы-чуу түшкөн кымгуут жашоодо өзүбүздү суудагы балыктай эле сезип калдык. Жамандыкты жашыруунун бир башкача ыкмаларын ойлоп таптык. Моралдык, адамдык принциптер унутулду. Сыртыбыздан бакылдап адамгерчилик, патриоттуулук ыйык сезимдер туурасында сөз кылабыз, ичибизде эбак ит өлүп калган. Ушинетип кооз сүйлөп, жакшы таасир калтырып, куру убадаларга тойгузуп, мындайча айтканда ичи чириген конфетти, кооз кабыкка ороп туруп жеке пайдабыз үчүн иштеп кетебиз. Тим эле эч байкатпай, билгизбей жашырабыз. Бийликтегилер эле эмес, карапайым эл да ошондой. Муну мойнубузга алгыбыз келбейт, караманча танабыз, ошого үйрөнүп алганбыз. Жөнөкөй эле суроо, ким Жогорку сот болгусу келбейт? ким ажо болгусу келбейт? Бардыгы каалайт бийик кызматты. Бирок, чындап эл жер үчүн иштеп берүү үчүнбү? "Ооба" деп жооп беришет бир даары. Өзүңөрдү өзүңөр алдабагыла. Ар бир адам, айрыкча Кыргызстандыктар бийликке өз кызыкчылыгы үчүн, башкаларга, душмандарынын алдында көрүнүп мактаныш үчүн барат, эл үчүн иштөө максаттардын эң акыркы тизмесинде. "Жоок, кокуй андай эмес" деп каршы чыккандар оголе көп болору бышык. Себеби, бардык жаманчылыктарды, арамдыктарды татынакай кылып катканды үйрөнгөнбүз, өзүбүздү өзүбүз алдагаганга кынык алганбыз. Эч кимге айтпа, бул жаза тайганыбызды эл билбесин, абийирибизди төгүп албайлы деп көкүрөктүн ачылбас кара сандыгына катып, экинчи ирет жаман жолго баспай коюунун ордуна биз ошол ыплас иштерден "бренд" жасап койгонбуз. Жогоруда баары бийликти самашат деп айтып өттүк. Негизги себеп, ал жакта чоң акчалар айланат, саясый кызыкчылыктар ири-ири суммаларга сатылат, айтор эбегейсиз байлык топтоого бардык шарттар түзүлгөн. Анан карапайымдар алардын минген капкара далдайган кымбат машинелерин, чыкыйган кийимдерин көрүшөт, Кыргызстан кипкичинекей эле өлкө. Бирөө катуурак сүйлөп койсо эле угулат. Демек жанагы байлыктын баары атка минээрге пара алуудан, бирөөгө кызмат сатуудан, кимдир бирөөнүн күнөөсүн кечип, же тескерисинче күнөөлөп туруп, анан акчасын алып актагандыктан улам келип чыккандыгы маалым болот. Бирок, ушул арамдыктар тиги акыркы үлгүдөгү унаанын, калдайган особняктын жанында көрүнбөй деле калып жатпайбы!? Тескерисинче сын айтып ызылдагандарды мындай кой, сыйлагандар көбөйөт. "Маладес" кыйын экен кандай тапса да, иши кылып сонун жашап жатат дешет. Сонун жашоонун жанында абийир, намыс, адамгерчилик деген нерселер түккө арзыбайт. Анан карапайым ата-энелер өз балдарын көп акча таба турган, "шабашкасы бар" "татыктуу" жумушта иште деп көндүрүп, кулагына куюп бардык аракеттерди көрүшөт, окутушат. Ошону менен, кымбат унаа, хан сарай, капчык толгон жашылбайлар саймаланган көшөгө артына, бардык арамдыктарыбыз жашырылат. Элиң түлкү болсо түлкү, бөрү болсо бөрү бол деген принциптеги жашообуз уланат, күчөйт. Ушулардын баары акыры бир күн өзүбүзгө муш болору анык. Бүгүн саясатты самаган жаштарыбыз, тоодой амбицияларды артынышып, аттанышканы менен эртең депутаттык куру сөз менен, же ар кимди соттоп, күнөөлөрүн акча менен жууп коюудан жалпы элди кой, өздөрүнүн кем карчысын толуктай албай калган күн келет. Биз ошого баратабыз, сокур сезимдерге ишенип. Акча-бийликтегилердин баркын кетирди, күнүгө ызы-чуу түшкөн митингдер буга толук далил. Сотторду тандоо узакка созулуп, ириген иштерин бири-бири чукуп чыгып жаткандыгы да белгисиз туңгуюкка кетип бараткандыгыбыздын белгилери. Мамлекет бул чоң механизм, андагы бардык нерсе бир-бирине байланыштуу, автоунаанын кайсы бир тетиги иштен чыкса жүрбөй калган сыяктуу, биздин системабыздагы бир бузулуу хаоско алып келери бышык. Эскерте кетчү нерсе ошол хаоско ириген-чириген ойлорубуз менен бардыгыбыз күнөөлүү болобуз, карапайымдар да бийликтегилер да. Эмнеге карапайымдар, күнөө кылса бийликтегилер эле кылат деген түшүнүк жаралган бизде. Бирок, эл кандай болсо хан да ошондой болорун карт тарых эбак далилдеп койгон. Мойнубузга албаганыбыз менен күнөө баары бир жалпыбызда. Бирок, эртең кеч болуп калган соң, "сен кылдың, жоок сен кылдың" деп араздашуудан кандай пайда табабыз? Балким, ойлончу убакыт ушул секунд, ушул мүнөт, ушул саат, ушул күндөр болуп жүрбөсүн? Мамлекетти бир механизмге салыштырпадыкбы? Бул жагынан алып караганда кайсы бир тетиктин сапаттуу, өз деңгээлинде иштеп башташы, жалпы механизмдин жакшыраак иштеп башташына себеп болот. Биздин саясатчыларыбыз "келечек биздин колубузда" деп курулай популисттикке алдырып, сөздүн баркын кетиришкени менен, чындап эле бүгүнкү күндө ар бирибиз келечегибизди, эртеңибизди колго кармап тургандыгыбызды, биз бардыгыбыз мамлекет деген механизмдин тетиктери экендигибизди, биздин туура эмес багытта, же туура багытта иштегенибиз жалпы механизмге өз таасирин берерин жакшы түшүнөбүз. Бирок өлкө үчүн, эртеңибиз үчүн жоопкер болуудан көрө, эч нерсеге баш оорутпай кара башыбыздын кызыкчылыгын ойлоп, кыска өмүрдү сайрандап, шапар тээп, ойго келгенин жасап жүрүп өткөрүү алда канча таттуу, кызыктуу сезилип турат. Бүгүн жамандыгыбызды, арамдыгыбызды суу кечпеген шылтоолор, материалдык байлык, тануу, актануу, дүйнөлүк саясаттын өнүгүшү, цивилизациянын алдыга жылгандыгын шылтоолоп жаап - жашыргандыгыбыз чектен чыгып, сезимдерибизди бийлеп алгандай. Аң-сезимди ал илдеттен арылта алабызбы, жокпу, али белгисиз.

Бетти даярдаган
Мирлан Өмүралиев