Чокоев - карама-каршылыктын
биримдиги

"ФинансКредитБанкка" түздөн түз банк көзөмөлүн киргизүү боюнча НБКРдин (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы) төрагасынын орун басары карама-каршылыктуу түшүндүрмө берип жатат. Өлкөнүн башкы банкирлери болгон адамдын мындай эки анжылыгын, эки ачасын кантип түшүндүрсө болот дейсиз?

20.09.2011-жылы берген интервюсунда Чокоев: "Капиталдардардын легалдуу чыгыш теги боюнча күбө боло турган документтер биздин колубузда турат, бирок да көзөмөлдү алып таштаган жокпуз…саясый деңгээлде чечим чыкпаганга чейин алып ташташыбыз кыйын" деп жарыя кылды.
Ал эми кийинки 06.10.2011-жылы берген интервьюсунда болсо "Улуттук банк качан иран акционерлери документтерди биздин колубузга жеткизет деп эмдигиге дейре зарыгып күтүп жатабыз" деп чалкасынан кетип жатпайбы.
Оро пара эскертип кеткен артыкбаштык болбос, ушу жылдын 1-августунда "ФинансКредитБанкына" банкалык түздөн түз көзөмөл киргизилген болчу. Акционерлердин курамы жаңыланып жаңы башкаруу органы түзүлгөнүнө байланыштуу айтылган иш чара ишке салынган эле.
Банктын жетекчилери тарабынан бул кабар жөрөлгөлүү окуя катары кабыл алынган. Ал гана түгүл мындай процедура "ФинансКредитБанктын".айкын-ачыктыгы, финансылык туруктуулугу,ошону менен бирге мындай кардарлар менен өнөктөштөрдүн ишениминин артышына алып келери жөнүндөгү Улуттук банктын кайрылуусунда атайы бөлүп көрсөтүлгөн болчу.
Октябрь айы кирип келди, бирок Улуттук банк көзөмөлүн алып таштабай ушу күнгө чейин маалкатып чоюп келе жатат. Чокоевдин айтымында иш "банктын капитализациясына корогон каражаттарга байланыштуу, ошондой эле акционерлердин өз ара карым-катыштары жөнүндөгү маалыматты иран акционерлери бербеген" сыяктанган жумгактанган себептер каскак болгон имиш. Асресе Чокоевдин айткандары тудөн түз банк көзөмөлүн алып таштоого олуттуу каскак боло албастыгы алаканга салгандай ачык болуп турбайбы. Ал НБКРдин орун басары Заир Чокоевдин карама-каршылыктуу билдирүүлөрү айкын ачык далилденип турат.
- Мен банктын акционерлерин парламенттин депутаттарына күйүгүп жетип барып Улуттук банкка саясый кысым жасоону суранганды токтотууну өтүнүп кетээр элем. Эгер алар биз менен макул болушпаса НБКРды сотко беришсин да,туурабы!? Чет өлкөнүн атуулдары докумменттерди биздин колго тапшырып бергендин ордуна депуттарга алактап жетип барышып аларды башын чагып жатышканы жакшы жүрүм-турумга жатпайт. Биз закон менен иш кылабыз. Иранда болобу, КРда болобу сотко бере беришсин. Резидент эместер сотко бергенди жакшы көрөөрү башынан белгилүү -деп 6-октябрда өткөн пресс-конференцияда билдирип жатат чиновник.
Эки жума илгери маалыматагенттиктердин биринде ал "кырдаал мындайча: "ФинансКредитБанктын" Иран акционерлеринин капиталдарынын тек жайынын легелдуу экенин күбөлөндүргөн документтер биздин колубузга тийген, бирок көзөмөлдү алып таштаган эмеспиз. Маселе банк сферасындагы мыйзамдарга гана байланышпаган жагдайга байланыштуу каралып жатпаганы менен түшүндүрүлөт. Биз түздөн түз банк сферасындагы көзөмөлүн сактап, азрынча бир дем менен тыным алып жатканыбыз бул адамдар терроризм менен байланышы жок деген саясый деңгелде чечим кабыл алына электигине барып такалат.
Ошону менен катар кечөөкү пресс-конференцияда Чокоев Иран акционерлеринен процессти саясатташтырып жибербөөнү өтүндү. Деген менен маселени саясатташтыруу КР Улуттук банкынын чегидеги жоопкечиликке кирери айдан ачык болуп турганын танып кетүү кыйын.
Заир Чокоевдин аты менен Кыргызстандын Улуттук банкы ушу тапта адекватуу деп айтыш кыйыны болгон билдирүүлөрдү таратып жатканда Мамилекеттик тескөө жана көзөмөл кызматы "ФинансКредитБанктын" акционерлеринин бири да терросттик же экстермисттик уюмдарга кенедей тиешеси жок экендигин ырастаган маалымат бербегендигинин өзү кызык дечи. Акциялар алар тарабынан закондуу түрдө, кынтыксыз сактоо менен сатып алынган.
Айта кете турган жагдай парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКдагы "ФКБ" дан түз көзөмөлдүн алынып ташталышы жөнүндөгү чырдын пайда болушун атайы ойлонушулган кадам катары баалады.
Ошол бюджет жана финансы комитетиндеги ФКБнын тегериндеги пайда болгон маселерди талкуулоодо комитеттин орун басары Өмүрбек Абдрахманов: "Бизде ыйык болуп калган эки гана уюм бар-биринчиси сот, экинчиси Улуттук банк. Азыркы тапта Улуттук банктын консерватисттик жолоюу менен бизде банк сиситемасында инвесторлордун карааны да көрүнбөй калганын өзүңуздор билесиздер"-деп билдирди.
Бул жагдайды таразалап-тактап берген Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Игорь Гусаров: "Мен Улуттук банк "талкалап таштаган" кыргызстандык банктар менен болгон мамилемде жакшы тажирийбам бар жок ачыгын айтайын.Улуттук банктын аблоютттук түрдө эч бир негизге таянбай туруп жасаган ишин түшүнө албайм"-деп билдирди.Депутат мындай кырдаалдын келип чыгшын Улуттук банк "эконимика менен алектенүүнүн ордуна саясат менен алпурушуп кеткени менен" чечмелеп жатат. Экномика менен алпурушкан рыноктто конкуренцияга жөндөмдүү ири банк пайда болду дейли, андан кийин артынан ондогон банктар чыга калаары анык. Азыр деле кеч болуп кала бербейт, айткандарды эмитен четтетип койсок калгандарынын түшүнүп калаары анык, баштарына жетээри анык. Мындан кийин эч бир банк бизге келбейт,айтып коеюн. Негизди түзүп, негизги курал болуп турган банк системасы жок туруп экономиканы ордуна кою, өркүндөтүп өстүрүп кетүү мүмкүн эместиги айдан ачык эмеспи"-дейт депутат
Мына ушул айтылгандарга байланыштуу жападан жалгыз бир суроо пайда балат "Заир Чокоев өлкөдө ыраттуу иштеп жаткан банк системасын атайылап бут тосуп жатканы кандай жана кимдин кызыкчылыгы боюнча жүрүп жатат? Кызыкчылык дегнди эч ким, эч жерде алып таштаган эмес. Ал тилекке каршы боло берери айкын
Кыянаттык менен жасалып жаткан иштер банк көзөмөлүн киргизүү түпкүлүгүндө Кыргызстандын атуулдарына кендей да пайда бербестиги билген кишиге айкын ачык түшүнүктүү.Көп жылдан бери банктын клиенттери болуп жүргөндөр сызга отуруп калаары айтпаа да да белгилүү. Бул жасалган иш депозиттик жана топтоо эсепттерин жаап таштаганга алып келээри ачыктан ачык көрүнүп турат.Андан жаманы банк операциясы белгилүү лимиттен ашып кеткен өлчөмдөгү сумма көзөмөл органдардын макулдугу жок туруп жүргүзүлүп жатканына көңүл бурса болор эле.Эмитен эле НБКРдин бизнес-чөйрө менен ири келишмдерди түзүүдө иштин ашмалтайын чыгарып тыштаганы ачык болуп калды.Чет элдик инвосторлорду ичке киргизгенге тоскоолдук кылып жатып өз элибизге зыян кылып жатканыбызды акыры түшүнүбүз керек эмеспи

Айгуль Исаева