Путинден да бийик чоку бар...
Жеңиш чокусу
Жеңиш чокусу Кыргызстан боюнча эң бийик чоку атанып, КМШ аймагында экинчи орунда турат. Бийиктиги 7439 метрди түзөт. Ал Ысык-Көл областында, Кытайдын чек арасынан алыс эмес жерде жайгашкан. Тоонун түштүк-чыгыш бети Кытайдын аймагына кирет. Кытайлар Жеңиш чокусун Томур деп коюшат. Чоку, азыркы атын 1946-жылы, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин урматына алган.
1895-жылы Жеңиш чокусун биринчилерден болуп швед саякатчысы Свен Гедон Кытай тарабынан көрүп, анын бийиктигин болжолдуу түрдө 7320 метр деп эсептеп кеткен. Кийин 1938-жылы совет альпинисттери - Л. Гутман, Е. Иванов жана А. Сидоренко Жеңиш чокусунун бийиктигин 6930 метр деп эсептешип, ага ВЛКСМ - 20 жылдыгы деген ат ыйгарышкан. Чокунун так бийиктиги 1943-жылы аныкталган. 1949-жылы Жеңиш чокусун багындыруу аракетин биринчилерден болуп Алма-Атадан келген альпинисттер көрүшкөн. Бирок, алар тоодо болгон бир катар кар көчкүлөрдөн улам артка кетүүгө мажбур болушкан. Андан кийинки аракеттер 1955-жылы жасалып, анын аягы аянычтуу болгон: Казак жана өзбек туугандардан турган эки экспедиция биринчиликти алууга ашыгып чыгып, казактардын альпинисттери 6930 метр бийикке жеткенде, катуу бороонго кабылган. Анын жыйынтыгында, 12 кишиден түзүлгөн экспедициядан бирөө гана (Урал Үсенов) аман калган. Арадан жыл өтүп, 1956-жылы 30-августта Москвалык "Спартак" менен Казактардын дене тарбия жана спорт комитетинин бириккен тобу Виталий Абалаковдун башчылыгында алгачкылардан болуп Жеңиш чокусун багындырышкан. Алардын катарында кырсыктан аман калган Урал Үсенов да болгон. Азыр Жеңиш чокусун багындыруу максатында КМШ аймагынан көптөгөн альпинисттер келет.


Хан-Теңири чокусу
Хан -Теңири үч өлкөнүн - Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдын чек арасында жайгашкан чокулардын бири. Анын бийиктиги - мөңгүсү менен 7010 метрге жетет. Ал эми мөңгүсүн эсепке албаганда бийик чокусу 6995 метрди түзөт. Хан-Теңирдин чокусу мрамордон туруп, пирамида сымал келет. Ал Жеңиш чокусунан 20 км алыстыкта жайгашкан. Күн баткан маалда тоонун чокусу кызыл өңдөнө келгендиктен эл арасында Хан-Теңирди Кан-Тоо деп да коюшат. Хан-Теңирге алгачкы ирет чыгуу 1931-ж. болуп, ал экспедицияда Борис Тюрин и Франц Зауберер жана Михаил Погребецтер болушкан.
Хан-Теңири тууралуу биринчи жолу илимий маалыматтарды 1856-1857- жылдары Тянь-Шань тоолорунда саякатчылык кылган орус географы жана саякатчысы П.П. Семенов-Тянь-Шанский жазган. Ал Тескей Ала-Тоодон Хан-Теңирди көрүп, жаңылыштык менен аны Тянь-Шандын эң бийик чокусу деп аныктап, ага Хан-Теңир деген ат койгон. Бирок андан бийик болгон чыныгы Хан-Теңирди (азыркы Жеңиш чокусу) көргөн эмес. П.П. Семенов-Тянь-Шанскийдин бул жаңылыштыгы бир гана чокунун туура эмес аталышына алып келбестен, Кыргыз-Кытай чек арасын аныктоодо да бир канча талаш-тартышты жараткан. Мисалы, чыныгы Хан-Теңирдин (азыркы Жеңиш чокусу) ордун билген кытайлар Семенов-Тянь-Шанскийдин катасын пайдаланып, өз карталарында чек араны Хан-Теңир (Кан-Тоо) менен алып өтүп, Түштүк Энилчек мөңгүсүнүн жогорку бөлүгүн өзүнө киргизип алышкан.


Ленин чокусу
Ленин чокусу - Кыргызстандагы бийиктиги жети миңге жеткен үч тоонун бири. Чокунун бийиктиги 7134 метрди түзөт (1948-жылга чейин чокунун бийиктиги 7127 метрге барабар деп айтылып келген). Ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында орун алган. Чокуну алгачкылардан болуп, 1871-жылы орус саякатчысы, географ А.П. Федченко таап, ага К.П. Кауфмандын атын ыйгарган. Кийин 1928-жылы чоку В.И. Лениндин атын алып, азыркы күнгө чейин ошол атын сактап келет. Ал эми, Ленин чокусунун Тажикстан тарабындагы бети, 2006-жылы аталган мамлекеттин өкмөтүнүн токтому менен Абуали ибн Сина болуп өзгөртүлгөн. Тоого биринчилерден болуп 1928-жылы немец альпинисттери - Карлом Вин, Евгений Алвейн и Эрвин Шнайдерлер чыгышкан.
Улуу Ата-Мекендик согуштан кийин, 1950-жылы 14-августта Түркестан аскер аймагынын 12 альпинисти Ленин чокусун багындырышкан. 1967-жылы СССРдин 50-жылдыгына карата Ленин чокусуна массалык түрдө 300 кишини чыгаруу атайы уюштурулган. 1968-жылы Валентин Сулоев Ленин чокусунан лыжа менен түшкөн. Ленин чокусунда көп адамдын жанын алып кеткен кырсык 1990-жылы болгон. Ошондо катуу жер силкинүү жүрүп, 5400 - лагерди кар көчкү басып калып, 43 киши каза тапкан.


Путин чокусу
Путин чокусу - Кыргызстандын аймагында жайгашкан кырка тоолордун бири. Анын бийиктиги 4446 метрге жетет. Ал Чүй областынын Москва районунда жайгашып, Тянь-Шань тоо системасына кирет. Аталган чокуга Россия Федерациясынын премьер-министри В.В. Путиндин аты 2011-жылы ыйгарылган. Мындай демилгени Кыргыз Республикасынын премьер-министри Алмазбек Атамбаев (учурда президенттикке талапкер) көтөрүп чыгып, 2010-жылдын 24-декабрында Тянь-Шань тоолорунун бирөөнүн географиялык атын "Владимир Путин чокусу" деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорго кол койгон. Андан кийин жогоруда сөз болгон мыйзам долбоор КРнын ЖКсына кароого алынып, 2011-жылдын 17-февралында депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болуп, колдоого алынган.


Даярдаган Болотбек уулу Нуржигит