Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Президент Роза Отунбаева миссиясын кандай аткарды?
Президент Роза Отунбаеванын мөөнөтү аяктап, 30-октябрда жалпы элдик добуш берүү аркылуу шайлануучу президентке кызматын өткөрүп берүүчү күнгө аз эле убакыт калды. Эгерде жарым жыл мурда президент айымдын ишмердигине баа берүү эртелик кылса, азыр ага өткөөл мезгилдин президенти катары 1 жылдан ашык ишмердигине кандайдыр баа берип, пикир айтканга убакыт келди десек болот.
Албетте, кылынган ишке сынчы көп демекчи, өлкө башчынын ишмердигин сынга алгандар да, оң баалагандар да жетишерлик. Тарыхый турмуш, келечек да өз баасын бербей койбойт. Эгерде өткөн жылдагы саясый кыраалды эске алганда, ажо айым өзүнө жүктөлгөн кандайдыр бир миссияны аткара алды деп айта алабыз. Ал миссия өлкөдө саясый стабилдүүлүктү, туруктуулукту, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылып, анархиялык абалдан укуктук талаага түшүүнү камсыз кылып, жаңы өлкө башчысына кызматты мыйзамдуу жол аркылуу өткөрүп берүүдө эле. Буйруса ал күн да алыс эмес болуп турат.
Өткөөл мезгил деп аталган убакытта өлкө экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирип, бирок, айрымдар айтып, болжошкондой кризистик абалга кептелген жокпуз. Өткөн жылы улуттар аралык жаңжалдардан улам саясый дестабилдүүлүктүн орун алгандыгына карабай экономикалык өсүштөр орун алып, айлык, маяналар көбөйүп, бюджеттин киреше бөлүгү көбөйүп жатат.
Мында дагы бир белгилечү нерсе, Акаев, Бакиевдин тагдырын сабак кылган президент жакындарын, балдарын мамлекеттик башкаруу иштерине аралаштырмак тургай, жакындарын кызматтарга жолоткон жок. Бул жагынан Роза Исаковна кийинки президенттерге үлгү болорлук иш жасады.
Роза Отунбаева өлкө башчысы катары кыргыздын эгемен тарыхында калары шексиз. Анткени, ал Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде алгачкы айым президент болуп калды. АКШ мамдепартаментинин жыл сайын берилүүчү "Каармандыгы үчүн" медалын алган алгачкы президент айым болду. Ал эми кыргыз эли аны аял экен дебей, өлкө башчысы катары кабылдоосу менен бийиктигин, айкөлдүгүн, даанышмандыгын көрсөттү десек аша чапкандык эмес.


Анарбек Усупбаев,
Манас-Ордо коомдук
фондунун төрагасы:
- Кыйын, кысталыш учурда өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкө башына келип бергенине рахмат айтышыбыз керек. Чынында тобокелчилик кадамга барды. Себеби, мамлекеттин бүтүндүгү кылдын учунда турган мезгил эле.

Казат Акматов,
Кыргыз эл жазуучусу:
- Менимче, Роза Исаковнанын аял киши катары өлкө башына келүүсү мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген куйтум ойлуу күчтөрдүн аракеттерин тизгиндеп, алардын акыл калчоосуна таасир этти окшойт. Кыргызда аялды сыйлоо деген ата бабалардан келаткан сезим, салт бар да. Бул биздин улуттук касиеттерибизден. Аял турганда башаламандыкка барып, аша чаап кетмей жок. Эң бир коркунучтуу, опурталдуу учурда бул кишинин президент болуп калганы жакшы болду. Балким, азыр ажолукту самап жаткандардын бири болсо чатак эбак чыкмак.
Өлкө башчыбыздын дагы бир жакшы жагын айтып койгум келет. Жакында эле ал АКШдагы БУУнун конференциясына барып катышып келди. Ошондо ал конференцияда Кильюнен тарабынан Ош окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын чечимин аткарбай жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлдү. Роза Отунбаева унчукпай койду. Кильюнен бул боюнча аябай сүйлөдү. Кыргыз тарап чечимди аткарышы керектигин айтты. Президентибиздин унчукпай кутулганы эрдик болду. Муну менен ал чыныгы дипломат экендигин көрсөттү. Кильюненге жооп берем деп сөздөн адашып, туура эмес сүйлөп алуусу мүмкүн болчу да. Сөз көбөйүп, ашыкча маселелер чыкмак.
Жалпы жонунан алганда өткөөл мезгилдеги президенттин ишмердигин оң баалашыбыз керек.

Сейит Жаанбаев,
Билим берүү академиясынын
кызматкери:
- Роза Отунбаева бийликке абдан кыйчалыш, оор абалда келди. Ошол мезгилде анын келгени кыргыз элинин бактысы болду дейт элем. Себеби, анын ордуна эркек мырзалар келгенде, алигиче ит мышыктай тытышып, бири биринин абийирлерин төгүшмөк, өлкөдө башкача кырдаал болмок. Отунбаева эне, зайып, дипломат катары Кыргызстанды чайпалтпай, төгүлтпөй кармап турду. Албетте, бул оңой эмес кызматта ал жалгыз болгон жок. Эмилбек Каптагаев баш болуп, бир катар чиновниктер, саясатчылар жардам беришти. Колкабыш кылышты.
Экинчи эрдиги, убадасында бек туруп, өз мөөнөтү аяктаганда мыйзамдуу, жалпы эл тарабынан шайланган президентке бийликти өткөрүп берем деп турат. Кызмат мөөнөтүн узартуу оюна да келбеди. Узарталы, дагы иштеп бериңиздер дегендер да чыкпадыбы. Бирок, мыйзамды бир туу тутуп көрөлүчү деген принципти карманып жатат.
Биздин аткаминерлердин ар биринин ар кыялы бар. Аларды ийге келтирип, башын бириктирүү оңой иш эмес. Роза Исаковна аял киши экендигине карабай Текебаев менен Атамбаевди, Бекназаров менен Каптагевди ж.б. бир столго олтургузуп, өлкөнүн эртеңи үчүн аларды аракетке келтирип, иштетүү да эрдик. Бул нерсе ар кимдин эле колунан келе бербейт. Анткени, тигилердин амбициялары да бир топ. Ушундан улам, кээде ойлоп, тилек кылып калам, кийинки президент деле аял болуп калса деп. Дагы 6 жыл тынч, урушпай, талашпай жашайт белек...
Мындан сырткары, Роза Исаковнанын ишмердигинен бир байкаганым, ал өзүн карапайымдын үйүндө карапайымдай, королдун үйүндө королдой, президенттикинде президенттей алып жүрө берет. Бул анын дипломаттуулугу болсо керек. Тышкы саясатты да жөнгө сала алды. Алыскы, жакынкы өлкөлөр менен болгон кызматташтыгыбыз өнүгүп жатат. Кудаага шүгүр, өлкөбүздө стабилдүүлүк, туруктуулук орун алды. Бизге биринчи кезекте ушул нерсе маанилүү да.

Жумакадыр Акенеев,
Кыргызстан нефтетрейдерлер
ассоциациясынын президенти:

- Президентибиздин ишмердигине жогору баа берем.Анткени, бийликке өтө кыйын убакта келди, 1 ай өтпөй коогалаң болуп кетти. Ошолордун бардыгын аял башы менен татыктуу көтөрдү. Албетте, мындай учурда ар кандай кеңеш берип туруучу адам керек болот да. Анын милдетин Президенттик администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев жакшы аткарды. Жетекчилик тажрыйбасы бар экендигин көрсөттү. Ал эми Роза Исаковна чоң саясатчы, жетекчи, дипломат экендигин далилдеди. Роза Исаковна 1,5 жылга эмес, 3-4 жылга шайланганда абдан жакшы болмок.
Экономист катары айтсам, анын бийлиги учурунда экономикабыз артка кеткен жок. Жылуулукка, электр энергиясына болгон тарифтер эки эсе арзандады. Мындан тышкары мугалим, дарыгерлердин айлык маяналары 2 эсе көбөйдү. Айрым министрликтердин анча иштегендигин эске албаганда, экономикалык көрсөткүчтөр былтыркыдан жогору. Ишенимдүү, анан туруктуу экономикалык өсүш болуп жатат.

Турсунбек Чынгышев,
коомдук, саясый ишмер:
- Өткөн жылдагы саясый оор кырдаалды эске алып айтканда, Президент Роза Отунбаеванын 1,5 жылдагы өлкө башчылык ишмердигин оң баалайм. Кырдаалга жараша жакшы иш алып барды. Албетте, кемчиликтери да болбой койгон жок. Бирок, оң жактары басымдуулук кылды десек болот. Бул убакытта Роза Отунбаеваны сынга алгандар, ага чабуул койгондор болду. "Вазир жакшы хан жакшы" демекчи, президенттик администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев президенттин оорун ордон, жеңилин жерден алып келди. Жакшы кеңешчиси, сунушчусу болду. Президентке калкан катары кызмат кылды окшойт.

Роза Отунбаева бийликти өткөрүп бергенден кийин эмне иш кыларына кызыккандар көп. Бири дасыккан дипломат эмеспи, чет өлкөгө кетип калат дешсе, башкалары кайсыл бир эл аралык уюмда иштейт, , ТИМди жетектегени туура болот дегендер бар. Көзкарандысыз эксперт Темир Жумакадыров болсо Роза Отунбаева бийликти мыйзамдуу, тынч жолу менен өткөрүп берүүнүн жана өлкөдөгү саясый консолидациянын символдору катары Кыргызстанда эле калып, экс-президент катары коомдук-саясый турмушка аралашып турушу керек деп эсептейт. Буга чейинки эки ажо тең өлкөдөн сыртка чыгып кеткендигин эске алсак, Темир Жумакадыровдун пикири негиздүү.

Акылбек Курманалиев








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??