КРнын Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу
Өмүрбек Бабанов:
"Өлкөдө тынччылык болсо эле программа ишке ашат!"

Шайлоого байланыштуу убактылуу өкмөт башчынын милдетин аткарып аткан Өмүрбек Бабанов, алдыда жасалчу иштер туурасында маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өмүрбек Бабанов быйылкы жылдын 9 айы боюнча экономикалык абалды октябрь айында берип, эскертип өттү. Биз төмөндө Бабановдун айрым жоопторун сунуш кылабыз...

- Өмүрбек мырза, шайлоого чейин аткарчу эмне иштерди кыларыңызды аныктап алдыңызбы?
- Алдыда негизги саясый окуя тургандыктан, биринчи кезекте шайлоону тынч, таза, ачык, айкын өткөрүп алышыбыз керек. Өкмөт тараптан жергиликтүү бийликтердин ишмердиги тыкыр көзөмөлгө алынып, административдик ресурстарды колдонуу аракеттерине катуу чараларды көрөбүз. Андай фактылар аныкталса, кызматтан бошотууларга чейин барабыз. Шайлоодон пайдаланып дестабилдештирүү аракетин көргөндөргө да мыйзам негизинде чаралар көрүлөт. Коомдук тартипти камсыз кылуу жаатында план иштелип чыккан. ИИМ күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга элдик кошундар жардам берет. Улуттар аралык маселени козгогондорду да аябайбыз.
- Кышка даярдык кандай болуп жатат?
- Казак тарап менен ийгиликтүү сүйлөшүүнүн негизинде кошумча 1 млрд. кВт саат электр энергиясын экспорттой баштайбыз. Ушул жылы 3 млрд. 200 млн. кВт саат электр энергиясын сатабыз. Мындан биздин өлкө 90 млн. доллар киреше алат. 20 жылдын ичинде 1-жолу Казакстандан газ алууга келишим түздүк. Эгерде буга чейин Өзбекстандан миң кубометрин 305 доллардан сатып алсак, эми Казакстандан 195 доллардан ала баштадык. Карап көрсөңүз баасы 110 доллар айрыма чыгып жатат. Мындан 1 жылда 26 млн. долларды үнөмдөп кала алабыз.
Көмүр маселеси да чечилди. Казакстандан Бишкек ТЭЦи үчүн жетиштүү көлөмдө көмүр алып келинет. Быйылкы кышта көмүр тартыштыгы болбойт.
- Бюджеттин абалы боюнча маалымат берсеңиз...
Бюджеттин аткарылышы жөнүндө айтсам, ЖКга бюджеттин өзгөртүлгөн долбоорун киргизгенбиз. Анда салык жыйнамдарынын көбөйүүсүнүн эсебинен 1 млрд. 330 млн. сом кошулган. Бүгүнкү күнгө карата бюджеттин киреше бөлүгү толугу менен аткарылды. Бажы жыйнамдары 53 %га көбөйдү. Акчалай 5,5 млрд. сом жөнүндө сөз болуп жатат. Салык кызматынын жыйнамдары 16,5 %га көбөйүп, 2010-жылга караганда 3 млрд. сомго көп. Мамлекеттин дивиденддик саясаты 20жылдын ичинде болгону 2,5 млрд. сомду түзгөн эле. Мамлекеттик Мүлк министрлиги 9 ай ичинде 2 млрд. 891 млн. сом дивиденд түшүрдү.
2012-жылдын бюджети кылдат каралууда. Бюджеттин бул долбоорунда киреше бөлүктү 3 млрд. сомго көбөйттүк. Дефицит 2,8 млрд. сомго кыскарды. ИДПга катыштырып айтсак, дефицит 5,9 %ды түзөт. 2011-жылы 8% эле. Биздин милдет 3 жылдын ичинде дефицит көлөмүн 2%га түшүрүү. Салык жыйнамдарынын көлөмүн 4,2 млрд. сомго, бажы төлөмдөрүн 4 млрд. сомго көбөйтөбүз.
- Күйүүчү майдын контрабандасы маселесинин абалы кандай болуп жатат? Ага каршы кандай чараларды көрдүңүздөр?
- Бул боюнча бир топ ушактар жүрдү, саясат да болуп кетти. Атайын комиссия түзүлүп, контрабандага жол берген шалаакылыктары үчүн күч структураларынын бир топ жетекчилери кызматтарынан бошотулду. Бүгүнгө карата контрабанда сезилерлик азайды. Бажы кызматынан маалыматтарды алып жатабыз. Контрабанда дале токтобой, ага тигил же бул чиновниктин катышы бардыгы билинсе, кызматтарынан алынат. Контрабанданын башында Бабанов турат деген маалыматтар айтылып, жазылды. Жакында пахтанын баасынын көтөрүлүшүнүн артында Бабанов турат деген ушак уктум. Айтып коеюн, менин пахтага да, күйүүчү май контрабандасына да тиешем жок. Мыйзамсыз жолго эч качан барбайм. Тиешем болуп, ал далилденсе, кызматтан кетип жоопкерчилик тартканга даярмын. Башкысы, мен өзүмдүн таза экенимди билем. Убакыт кимдин айтканы чын, кимдики жалган, ушак экенин көрсөтүп атат.
- Казакстандан алган газдын баасы төмөн болобу? Түштүк аймакты көгүлтүр от менен камсыз кылуунун абалы кандай болуп жатат?
- Газдын баасы түндүктө да, түштүктө да бирдей болот. Эл төмөндөтүлгөн баадагы газды ала башташат. Жакынкы күндөрү газдын баасы арзандап, аны керектөөчүлөр сезишет. Ал эми Казакстандан алынчу газ эмитен келе баштады.
- Оюн автоматтарын, казинолорду жабуу маселелери көтөрүлүп жатат. Айрым депутаттар алыскы аймактарга гана ачып, Бишкектеги оюн автоматтарын жабыш керек деп жатышат. Өкмөттүн бул боюнча позициясы кандай?
- Казинолордон бюджетке жылына 550 млн. сом түшөт. Маселе жөн көтөрүлгөн жок. Акыркы убактарда мындай жайлар көбөйүп кетти. Аларды жаап койсок, андан эч нерсе болбойт.
Казино жөнүндө айтсам, биз аракеттеги казинолорго кошумча салыктарды киргизип, жаңы ачылып жаткандарына 1 млн. долларлык төлөм киргизүүнү сунуштап жатабыз. Түшкөн салыктар Финансы министрлигинде атайын ачылган эсепке түшүрүлүп, андан карылар үйлөрүнө, багар - көрөөрү жок балдар интернаттарына, майып балдар үйлөрүнө которуп бериш керек. Казинолорду жабуу көмүскө казинолордун пайда болушуна алып келет. Россияда казинолор жабылып, көмүскөдөгүлөр көбөйүп кетпедиби. Мен өзүм казиного барбайм. Бирок, мен билгенден казиного жашы жете электерди киргизбейт. Эгерде Жогорку Кеңеш казинолорду жабуу чечимин кабыл алса, анда бюджетти толтуруунун башка жолдорун бизге сунушташы керек.
- Сиздин премьер-министр болуу оюңузда барбы?
- Аны Парламент чечет. Менин максатым президент же премьер болуу эмес. Максатым - Кыргызстандын дүйнөдөгү эң өнүкккөн 5 мамлекеттин ичине кирүүсү үчүн кызмат кылуу.
- 2011-14-жылдарга экономикалык өнүгүүнү караган экономикалык программа кабыл алынды. Программанын автору, экономика маселелерине жооп берген вице-премьер-министр катары программадагылардын ишке ашуусуна кепилдик бере аласызбы?
- Ал программада биз инвес-тиция көлөмүн 8,5 млрд. долларга чыгарууну көздөп жатабыз. Бул биздин өлкө үчүн өтө чоң сумма. Мен буга бир гана шартта кепилдик бере алам. Алдыдагы шайлообуз тынч өтүп, жаңы өкмөттү курап алсак, ал өкмөт бул программаны колдоп, мамлекетте стабилдүүлүк болсо, анда сөзсүз инвестициялар келип, программа ишке ашат. Программадагы 40 долбоор толугу менен иштелип чыккандар. Мурдагы бийликтин тушунда инвестиция келбегендигинин себеби, бийликте отургандар "доля" сурашып, качырып жиберишкен.

Даярдаган
Мирлан Өмүралиев