Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
КРнын Жаштар иштери боюнча министри
Алиясбек Алымкулов:
"7 айдан бери маянасыз иштеп жатам"

Ушул жуманын шейшемби күнү "Алиби" гезитинин редакциясында Жаштар министри Алиясбек Алымкулов болуп, окурмандардын бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди. Албетте, жаштар темасы бүгүнкү замандын актуалдуу маселеси. Суроолор туш тараптан жаап турду. Апрель окуясынын баатыры, артка тартпаган көк жал министрдин түз байланыштагы жоопторуна абай салалы...

Салымов Азамат, шаар тургуну:

- Азыркы учурда министрлик эмне иш кылып жатат?
- Министриликтин түзүлгөнүнө 1 жыл 4 ай болду. Так фактылар менен айтканда, мамлекеттин казынасынан 4 млн. 800 миң сом алган болсок, 26 миллионго иш кылдык. Бул жылы 19 миллион алсак, 92 миллионго иш кылдык. Кыргызстан боюнча 22 районго жаштар үйү ачылып, ар кандай долбоорлордун үстүнөн иштегенге шарттар түзүлдү. Бул жерде жаштар тил үйрөнө алышат. Бир эле тил эмес, юридикалык жактан, медициналык жактан кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк бар. Андан сырткары Ысык-Көл дубанындагы Каркыра өрөөнүндө "Ата салтын колдоо" деген салтанаттуу кече болду. Таласта спортту көтөрүү боюнча кечелер өттү. Нарында, Баткен, Таласта жаштар үйү бүтүп жатат.

Майрамгүл Токтоназарова,
Балыкчы шаарынан:

- Жогорку Кеңешке жаштарга арналган мыйзамдарды сунуштадыңызбы?
- Үч долбоорду сунуштайлы деп турабыз. Мисалы, кандай кесиптин ээси болбосун ишке келгенде иш тажрыйбасы (стаж) болбосо ишке алышпайт. Эгерде аларды ишке алышпаса каяктан тажрыйба топтомок эле? Ошол боюнча Жогорку Кеңешке кайрылдык. Бул буюрса ишке аша баштады. Андан кийинки негизги үч талап бар:
1. Кандай аким, губернатор болбосун үч орунбасарынын бирин жаштардан кылып, ал тажрыйба алган соң, кийинки жаштарга өткөрүп берсе;
2. Негизинен эле жаштарды жумушка жеңилдетүү жолу менен алууну;
3. Жаштарга кесипти тандоодо туура багыт берүүнү мыйзамдаштыруу зарыл;

Мирлан, Сокулук айылы:

- Жаштар министрлиги өкмөттүн казынасын жегендин бир багыты дегенге кандай карайсыз?
- Ар бир адам ар кандай ойлорду айта беришет экен. Бизге сырттан келген 92 миллион менен мамлекет бөлүп берген 19 миллиондун айырмасын карагыла. Акча келип жатабы же кетип жатабы?! Биз эсептөө палатасы менен келишим түзгөнбүз, биздин кылган иштин баарын текшерип тургула биз ошону каалайбыз деп. 99-жылдагы Баткендеги кырдаалда жаштар керек экен, 24-март, 7- апрелдеги кырдаалда жаштар керек, Ош, Жалалабаддагы Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн күрөшкөндө жаштар керек, ал эми жаштарга шарт түзүп берүүдө жаштардын кереги жок болуп калабы деген менде суроо туулуп жатат. Мына ошондуктан "таяктын эки учу бар" калыстык менен карап, калыстык менен чечели. Эгерде убагында жаштарга туура чечим түзүлбөсө, Аравия өлкөлөрүн көрүп жатасыңар. Кыргызда жакшы макал бар "Көл толкуса эл токтотот, эл толкуса ким токтотот". Жаштарга кандай мамиле кылса ага да эртеңки муун ошондой мамилени көргөзөт. Мына мен 7 айдан бери айлык албай иштеп жатам. Жегенден Аллах алыс кылсын.

Алия, студент:

- Жаштар министрлигинин өкүлчүлүктөрү башка өлкөлөрдө барбы?
- Жок, өкүлчүлүктөрү жок. Бирок, жер-жерлерде миграция өкүлчүлүгү бар. Биз алар менен тыгыз байланыштабыз. Корея, АКШ, Япониядагы жаштар менен сүйлөшүп келдим. Баары жакшы. Биз четке чыгуудан коркпошубуз керек. Мисалы. Түркия мамлекети бир жылдары жаштарын чет өлкөлөргө жиберип, кайра 15 жылдан кийин чогултуп келген. Алар тажрыйба алган соң, мамлекетин бутунан тургузду. Биз чыгып кеткен жаштардын келишине жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Бизде не жаман, чоңдун баласы чоң болуп келе жатат.
- Жети айдан бери айлык албай келсеңиз, баскан турганыңызга каяктан алып жатасыз?
- Кудайга шүгүр мен кедей киши эмесмин, буйруган оокатым бар. Бай болбосом да үй-бүлөмдү бакканга акыбалым жетет. Бир эле айлык эмес сырттан келген сыйлыктарды да берем. Айылыма өз чөнтөгүмдөн мектеп салып жатам.

Залкарбек, Бишкек шаары:

- Эмне үчүн Казакстандын телеканалынан (КТК) Бишкекте өспүрүмдөрдүн алкоголго агылышы күч деп атат? Бул казактардын бизге карата атайын саясатыбы же чындыгында ошондойбу? Эгер андай болсо, Жаштар министринин муну токтотууга алы жетеби?
- Тетири саясат тууралуу айта турган болсок, алар сезон мезгилинде Ысык-Көлдү жамандап, эс алуучуларды келтирбөөгө аракет кылышат. Бул албетте саясат. Ал эми, ичкилик тууралуу айта турган болсок, Кудайга шүгүр орто муун эмес, жаштардын аракка мамилеси азайгандан азайып баратат. Ага бир эле мисал, Сиз мечиттерге барганда түшүнөсүз. Мечитке 90%га чейин жаштар барып атпайбы. Быйыл эле кедей-кембагал, шарты оор үй-бүлөдөн 1000 баланы Ысык-Көлгө эс алдырганбыз. Ошол балдардын 782 баласы арак, тамекини унутуп келди.

Айчүрөк, Бишкектен:

- Жаштарга ипотека менен үй берилеби?
- Бул суроо боюнча мамлекетке кайрылганбыз. Мисалы, Азербайжанда ипотека жеңилдетилип, жылына 4 пайыздык өлчөмдө ипотекалык үйлөр берилет экен. Биздин эң төмөн ипотекалык кредитти да жаштар көтөрө албайт. Өкмөт жаңыдан түзүлсө, бул сунушту кайрадан беребиз. Бул маселени көтөрүп келдик, дагы деле көтөрө беребиз. Үй куруу боюнча көптөгөн фирмаларга кайрылдык. Буларга кайрылган шартта, 3 нерсени так чечип, жаш үй-бүлөнүн мыйзам чегинде толугу менен корголушун, экинчиден фирманын берип жаткан шарттарын көтөрүп кете алгыдай жеңилдикте болушу керек. Үчүнчүсү ар бир коюлган шартта айлыгына ылайыктуу болушун да карашыбыз зарыл. Бул суроого бир эки фирма ойлонуп көрөлү деген. Эгерде макул болушса жазында баштайбыз.

Асель, Бишкек шаарынан:

- Алиясбек мырза, ден соолугуңуз, иштериңиз жакшыбы? Мен көптөн бери сиз менен байланыша албай жүрдүм эле. 7-апрелде жолдошум жарадар болгон, төрт жолу операция болду. Жарааты улам бир органга таасир берет экен. Буту ооруп аткан, анан белине берип өйдө боло албай калды. Билими болсо да иштебей үйдө оту-рат. Жаштар министри болгондон кийин жарадар болуп калган балдарга иш боюнча жардам берсеңиз? Үй берүү тизмесинен бизди алып салган. Үйлөр интрига менен бөлүндү...
- Сиз билесиз мага берилген квартираны мен муктаж болгондорго берип койгом. Кымбат балуу машинемди да жаштарга бергем. Керек болсо мен 7 айдан бери айлык албай иштеп келем. Бирок, мен ыңгайына жараша жардам кылууга даярмын, эртең министрликке келип, жолугуп кетиңиз. Мага бардык эле жаштар кайрыла алышат, чектөө жок.

Тургунбаева Ызаат, Арча-Бешиктен:

- Жаштар үчүн атайын мыйзам иштелип чыкса деп суранам. Анткени, педагогдор, мугалимдер директор болобу барсак, иштетип алып, аз акча төлөп берип, көңүл калууларды жаратышат да. Пенсия курагындагы адамдар отурушат. Жаштарды жумуш менен камсыз кылууда, программаларды дайындайсыздарбы? Мисалга, директор, завучтардын жашы 30-45 жашка чейин жаштардан болушу керек деп. Мектеп кызматкерлерине да көңүл буруп койсоңуздар?
- Стаж жок деп ишке албай жаткан боюнча, пенсия курагына келгендер иштен кетип, жаштарга орун бошотуп беришсе деп ЖКга кайрылуу жасап жатабыз. Сиздин бул сурооңуз боюнча бүгүн президент менен жолугушууда жеткирем.

Назгүл Насиева, шаар тургуну:

- Мен продюсер болуп иштейм. Жаштарга "Ата-Журт", "Ата Мекен" деген сөздөр кошулган ырларды, негедир конкурстарга, мааракелерге ырдоого уруксат берилбейт. Эмне үчүн?
- Мен бул жөнүндө так маалыматты билбейм, эгер мүмкүн болсо тактап чыгайын.

Максат, Бишкектин коногу:

- Мен сизге ийгилик, ден соолук каалар элем. Бир жылдан бери кылган ишиңиз көрүнүп атат. "Мекен шейиттери" сыяктуу уюмдар менен жаштар министрлиги кандай байланышта иш алып барып атасыңар? Айтайын дегеним, жарым жылдан бери эле соту бүтпөй атат. Ошолорго жардам берип койбойсуздарбы?
- Айтсам күлөсүз, бирок, мен "Мекен шейиттеринин" адвокаты болуп калдым. Мен өткөндө сотко жабыркоочу катары бардым. Алардын адвокаттары мени күнөөлөгөнгө аракет кылгандай сезилди. Мен сотко да ишенбейм, сотторго да такыр эле ишенбейм. Соттун акыйкат чечим чыгараарына ишенбейм.

Акматалиева Айзада, Учкун кичи району:

- Жаштарды, өзгөчө студенттерди бийлик алмашканда, революция болгондо курал катары эле пайдаланышып алчу эле. Бизди студент кезибизде эжелер бир аудиторияга киргизип алып, "мобу кандидатка добуш бересиңер. Болбосо, зачёт койбойм, экзаменден кулатам" деп коркутуу-үркүтүү менен далайды кылышчу эле. Жаштар министрлиги деген сиз башында турган жакшы система келип иштей баштады. Эми жаштарга, өзгөчө базарда отурган жогорку билими жок жаштарга алар курал эмес экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атасыздарбы?
- Көрмөк тургай кыдырып, көздөрүн ачып, "биздин ордубуз бийликте чоң, бирөөнүн ордунда курал жарак болбойлу" деп келе жатам. Бул багытта иштеп келе жатам.

Асель, ,Бишкек шаарынын өнүктүрүү агенттигинен:

- Жаштарды жумуш менен камсыз кылууда канча пайыз иш аткарылып атат? Статистика боюнча кара жумушта билими бар канча пайыз жаштар жүрөт?
- Негизинен жаштарды иш менен камсыз кылууга биздин күч жетпей, башка министрликтер менен иштеп жатабыз. Кылынган жумушту айтып кетсек, Табигат, байлык министрлиги менен бир долбоор үстүндө сүйлөшүп, 1200 жаштарга иш таап бердик. Азыр дагы 3000 жаш улан-кыздарга иш таап берүүнү пландаштырып жатабыз. Жалаң эле жогорку билимдүүлөргө эле эмес, бизде бардык багытта. Тейлөө тармагына, жыгач уста, шопур сыяктуу кызматтарга да тартып атабыз.

Түз байланыш учурунда Жаштар министрине келген суроолор менен жоопторго гезит бети чак келээр эмес. Буга кошумча, дал ушул суроо-жооп учурунда Урматтуу министрдин Президент Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда болору дайын болду. Министрдин айрым актуалдуу жоопторун кийинки сандарга жайгаштырмакчыбыз...

Даярдагандар
Нурайым Рысмамбетова,
Бегайым Канат кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??