Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Штабдар кээде тынч да, кээде толкун
Азыркы тапта шайлоонун шаңын чыгарган албетте, штабдар. Күжүлдөп эле кирип чыккан кишилер. Кагаз жеген эле кишилер. Биздин баамыбызда ушу тапта шайлоого эң эле жандуу киришип, батыл иштеп жаткан Алмаз Атамбаев менен Камчыбек Ташиевдин штабы. Качан барсаң эл тытышып ошерде. Адахан Мадумаровдун жан-жөкөрлөрү дуулдап келип эле тынчый түштү. "Каражат бүтүп калыптыр" деп ийишти ал жакты астыртан байкагандар. Андан башка талапкерлигин али ала элек Нариман Түлеевдин штабы шайма-шай турат, мандат колуна тийсе эле тапыратып калчудай. Эң биринчилерден болуп ачылган генерал Суваналиевдин штабы дагы негедир жансыз. Кызыган иш жок. Курманбек Осмонов, Алмамбет Матубраимов деген аксакалдардын штабдары деле жымжырттыктын туткунунда экен. Кубанычбек Исабековдун штабы аз-маз кыймылдап, жолугушууларды өткөрүп жатыптыр. Медетбек Шамшыбеков, Жумабек Токтогазиев сыяктуу Теңиртоонун азаматтары да азырынча ашыкпай турушат. Айтор, үгүттүн күчөшү акыркы жумаларда болушу күтүлүүдө.


Жапаровдун планы ишке ашпай атыр...
Башында "мен президент болууга толугу менен татыктуумун, көрөсүңөр ажого аттангандарды алтек-талтек кылам. Себеби, менде электорат деген баарынан көп" деп, кирген буурадай чамынып, ажолук аламанга түшкөн Акылбек Жапаров негедир үгүт иштерин баштай элек. "Бөксө чайнек бат кайнайт" болуп, Бишкектин көп жерин көк ала кылып, өзүнүн акылдуулугун даңазалап аткан. Чын эле бирдин ичинен чыгат го дегенбиз. Анте албады. Ал ошол акылын ажолукка эмес, эптеп эле бир ажо болоор шансы бар бирөөлөр менен соодалашууга жумшаганы камданыптыр да, кургурдуку.
Ушу тапта ажолукка талапкер Алмаз Атамбаевдин командасына ат тезегин кургатпай аткошчуларын жиберип, "мага премьерликти же вицеликти берсин, талапкерлигимди алып коеюн" деп, салам дубай айттыруу менен гана алек. Орус драм театрынын артында күжүлдөп аткан командасы да мындай максатты укканда, алакандарын шак коюп, шалдайып калышты деп атышат байкагандар…

Иманкуловдун ирбити
Чекисттердин четинен суурулуп чыккан Марат Иманкулов ушу тапта Чүй облусун түрө кыдырып, үгүттөп бүттү. Барган жерлери бапырап тосуп алып, бата берип узатып атышат дейт. Бирок, бир жаман жери аны ар кимдин долбоору катары карап, "бүгүнбү, эртеңби Мадумаровго кошулат, жоок ал Ташиевдин эле долбоору" деген саясий аңыздардын аягы тыйылбай койду. Же генерал үн катып, болгон оюн тарс айтып таштаганга жарабайт. Дагы бир тараптардын пикири боюнча, ушу тапта жер-жерлердеги атайын кызматтын кызматкерлери, ал тургай бул эле борбордук УКМКнын 80 пайыз чекисттери тымызын Иманкуловдун штабына иштеп, арбын добушту топтоп коюшкандай. Дүйшөбаевдин ишмердигинен тажашканбы? Чын эле Мараттын кадыры коллектив ичинде жогору турабы?!


Ботом, Бөдөш апчеге не болду?
Өткөндө ЖКнын бийик трибунасынан депутат, төраганын орун басарларынын бири Бөдөш Мамырова ансыз да араң турган кыргыз тилин "кабыргага бир сокту". "Ай ушу, шайлоого аттанып жаткандарга кыргыз тил сынагын алып эле салсак кантет" таризинде бакылдап. Ошондон бери биздин редакциябызга ондогон адамдар чалып атат, "Башкасы айтса да, Бөдөш Мамырова айтпашы керек эле, ушуну бир коомчулукка жеткирип койгулачы, кыргыз тилин билбеген президенттин барынан жогу артык" дешип. Ооба, дедик биз. Айталы, Орусияда Путин орус тилинде катыра сүйлөй албаса, Путин болот беле? Же каратерилүү Барак Обама англис тилин аябай жакшы билбей, кантип ажо боло алмак?
Айтор, бул айымдын эне тилге мындай мамиле кылганы, бир топ кадырын калпып түшкөнү ырас. Абайлаш керек да, айтаардан мурун. Же өмүр бою кыргыз тилинде эжелеп, эне тилин үйрөнө албай жаткан шефи Куловго бир жакшы көрүнүп алуунун аракетиби, бу?!


Сариев эмнени
иликтеп
жатат?
Угушубузга караганда, ушу тапта Темир Сариевдин маанайы пас. Буга анын саясатта ача пикирде жүргөнү менен күнүмдүк турмушта ынак досторунан болгон ыраматылык Мелис Эшимкановдун капылеттен дүйнө салышы да себепчи дешет. Саясатына да, ишкерлигине да кошкөңүл караган бул мырза азыр ошол жан досунун өлүмүнүн сырын чече албай, өз иликтөөлөрүн баштаганын эшиттик. Жүрөгү бир нерсени сезип калса керек. Ооба, көптөр Мелис Эшимкановдун өз ажалы менен кетишине ишенип-ишенбей, "кантип эле" дегендей кабатырланып калышкан. Ал эми Сариевдин иликтеп башташына караганда, Мекени ошол күндөргө чукул катуу сыйлап, калпак кийгизип, чапан жапкандардан шекшинип атса керек. Мүмкүн, азыркылардан баарын күтсө болот эмеспи?


Эрегишпесе болот эле…
Бул шайлоо дегендин шайтан оюндары ушу тапта катуу кызып баратат. Кызыганы курусун, талапкерлерибиз жаңы жарк эткен идеяларды айтып, ишке аша турган убадалар менен чыгышса эмне. Андай эмес. Атаандашуунун ыплас жоругуна өтүшүп, бири-бирине көө көтөрө чуркап атышат. Айрыкча, бири Ош жергесинен, экинчиси Жалалабаддан чыккан Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев бири-бирин жеп жиберчүдөй ызырынып, кол алдындагы гезиттер менен кара пиардын катыгын беришүүдө. Оюндан от чыгат болуп, эки тараптын эрегиши күчөсө, айланып келип эле элдин экиге бөлүүсүнө алып келээрин ойлошсо боло. Ошо гезиттер деле "кой, анчалыкка барбайлы, атаандаштык ак болсун, аброюбузга жараша бололу" деп, куру жалааларды жазбай коюшса деле болмок. Шайлоодон кийин да Шакебиз айткандай, "күндөгүдөй таңдар атып, Күн батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай" болуп, жашоо бар го акыры? Экөөнүн бирөө президент болсо эле, башка планетага учуп кетпесибизди билсек экен. Эң башкысы элдин тынчтыгы жеңиш эмес-пи, кесиптештер….


"Алиби" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??