Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Талапкердин классташтары:

"Алмазбек - илим-билимдүү, ыймандуу адам"
АКШнын ЮСАИД агенттиги каржылап, 24-августтан 10-сентябрь аралыгында кыргыз, орус, өзбек тилинде 18 жаштан жогорку Кыргызстандын жашоочуларынын арасында улуттук сурамжылоо жүргүзүлгөн.
"Кыргызстандын президенти кандай маанилүү сапаттарга ээ болушу керек?" деген суроого жооп бергендердин эң көбү - б.а. 64 % "жеке сапаттары" деп жооп беришкен. Кийинки орунда "Мындан мурдагы иш тажрыйбасы болуш керек" дегендер 48%, "билимдүү болуш керек" дегендер 45% түзгөн. Булардан кийинки орундарга "саясий программасы", "моралдык сапаттары", "таасирдүүлүгү", "улуту" деген сапаттарга маани беришкен. Бул сапаттардын ичинен Алмазбек Атамбаев кайсыларына ээ болду экен? Анын классташтарына, сыртынан билген кошуна айылдаштарына жолугуп, биз да иликтөө жүргүзүп көрдүк.


Эсенбек ТОКТОГУЛОВ - А.Атамбаевдин классташы, Чүй районундагы Он Бир Жылга айылынын жашоочусу, фермер:

- Алмазбек 9-10-классты өз айылында эмес, ага кошуна 6-7 чакырым алыстыктагы Кой-Таш айылындагы Таш-Мойнок орто мектебинде биз менен окуп калды. Өз айылындагы мугалимдери бир сабагынан "4" чыгарып койсо, бизден окуйм деп келиптир. Сабакка жөө келчи. Чачын желкесине чейин түшүрө өстүрүп, токтоо, басканы да чоң адамдай салабаттуу эле. Эки кыргыз, бир орус класс бар эле. Мен кыргыз класстын отличниги, Алмаз орус класстын отличниги болчу.
Ошол 1972-73-жылдары мектепке Новосибирск университетинде иштеп жүрүп пенсияга чыккан Дмитирий Григорьевич деген агай математикадан сабак берип калган. Биздин агай ооруп калып, үч классты бириктирип математика сабагы болду. Дмитрий Григорьевич доскага бир эсепти жазды да, чыгаргыла деп тапшырма берди. Биз баш катырып отура бердик, себеби чечилиши башкача экен. Бир убакта доскага Алмаз чыкты да, эсепти бөлөк вариант менен чыгарып берди. Алмаздын ошондо эле илим-билим деңгээли жогору эле.
Анын экинчи бир жакшы сапаты - кичи пейил, жапакечтиги. Орто мектепти бүтүп, ал Москвада окуду, мен Фрунзеде политехти бүттүм. 1985-86-жылдар болсо керек эле - айылдагы туугандарга учурашып, келинчегим, кичине балабыз менен кайра кетип баратканбыз. Артыбыздан бир жеңил машина өтүп кеткен, бир убакта узак өтүп барып, кайра артка жүрүп келди да ичинен Алмаз чыгып келип, биз менен жадырап-жайнап учурашып калды. Ыраазы болдум, себеби ал учурда Алмаз саясатка аралашып, белгилүү адам болуп калган. Каякта иштеп жатканын деле сураштырган эмесмин. Мен болсо катардагы адам, курулушта иштеп жүргөм.
Алмаздын дагы бир сапатына баа берем. Акаев учурунда Алмаз да депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бир буклет чыгарыптыр да, темасын "Биз жеңилсек мейли, Кыргызстан жеңилбесин" деп атаптыр. Окуп алып, патриоттук сезиминин күчтүүлүгүнө ыраазы болгом. Эки жыл бирге окуп, бирге чоңоюп, ошондой сапаттар ошол мезгилдин таалим-тарбиясы аркылуу баарыбызга сиңгенине сыймыктанат экенсиң.
Дагы бир жолу "Литературный Киргизстан" деген журнал колго тийип, барактап отурсам, редколлегия мүчөлөрүнүн ичинде "Алмаз Атамбаев" деп жүрөт. Анда бир таң калгам. Кийин Бишкектеги цирктин жанында автостанция бар эле, ошол жерден Алмазга жолуксам, том-том китеп көтөрүп жүрүптүр. Биздин муун К. Баялинов, Т.Сыдыкбеков, К.Жантөшев, Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп тарбияланбадыкпы. Алмазбек болсо орус тилинен кыргызчага, кыргыз тилинен орусчага которгон шыгы да бар экенин билбептирбиз, муну кийин угуп калдык. Бул да Кудай берген шык, жөндөм да.

Гүлбара БАКАСОВА - Аламүдүн районундагы Ш.Эркинбеков мектебинин мугалими:

- 1972-73-жылдарда Алмаз менен параллель класста окуп калдык. Ал учурдун талабы ушундай эле - бири-бирибиз менен атаандашып окучубуз. Математикадан эсеп чыгарсак агайлар бир эмес, бир нече жол менен чыгарууну талап кылышчы. Жакшы кадрлардын ошол убакта көп чыкканы да ошондон болуш керек. Алмазбек так илимдерге - химия, математика, физикага көбүрөөк кызыкчу. Сабактан тышкаркы убакта башкалардан айрымаланып деле жүрчү эмес. Баарыбыз бир кылка элек. Ал убакта азыркыдай болуп кийим кийинүү, буюм-тайымдуу болуу жагынан кыйынсынуу, атаандашуу, материалдык дүйнөгө, материалдык байлыктарга умтулуу деген жок эле. Андан көрө жакшы көркөм китеп окуп калсак, жакшы кино көрсөк ошону талкуулап, ошонун жакшы жактарын өзүбүзгө сиңирип алууга, ошол каармандарга окшошууга умтулчубуз.
Алмазбек өз ордун саясаттан таап жатат. Анын элден жашырган эч нерсеси жок.Элдин мүдөөсүн ойлогон киши саясатка аралашса, көп кыйынчылыктарга туш болот экен. Алмазбекке окшоп элдин жүгүн артып алган азаматтар көп элибизде. Бирок Алмазбек ошолордон айрымаланып, ишти так билгендиги менен, өндүрүштү уюштура алгандыгы менен адамды өзүнө тартып турат. Эл-журт деле байкап жатат - кимдин кандай экенин, кандай иштерди жасап жатканын. Бирок Алмазбектин колунан мындан да көп иштер келет. Эл Алмазбекти тандап алышса жашоо-турмушубуз мындан да жакшырат деп ойлойм.
Алмазбектин дагы бир касиети - ал орусча окуп-тарбияланып калганы үчүнбү, ишти билбесе деле жакындарын, тааныштарын, туугандарын ишке тартуу касиети жок. "Ыймандуу бийде тууган жок" деген дал ушул Алмазбекке ылайык. Ушул убакка чейин бир классташын, бирди-жарым жакын тууганын болбогон жерден көтөрмөлөп кызматка коюптур дегенин угалекмин. Ал эми 20 жыл ичинде 2 президентти кууп жибердик, аларды ишти билбейт деп кууп жиберген жокпуз, дал ушул бала-чакасы, тууган-уругу, тааныш-билиштерин ишти билсе-билбесе деле көтөрмөлөп, майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп алышканынан улам, алар мамлекетти талап-тоноп киргенинен улам кууп жибердик. Ал эми Алмазда андай сапаттар бар экенин көрө элекпиз. Же биз кичинебизден орус аралаш, интернационал чөйрөдө аралашып чоңоюп, ошондой тарбияланып калсак керек.

Бурулча ШАДЫКАНОВА - Аламүдүн району, эмгек ардагери:

- Президент болобуз деп алгач 80дей, азыр 20дай инсан жабылып жарышка чыгышты. Араларында "мен өтпөй калсам элди көтөрүп чыгам" дегендер да болду. Бул өтө эле аша чапкан уят иш! Алмаз менен бет келип учурашкан эмесмин, тааныштыгым деле жок. Бирок жасап жаткан иштерин гезиттерден окуп билип жүрөм. Эл-жери үчүн күйүп-бышып, көрбөгөндү көрдү, ууландырылды, камалды. "Ак менен кара жарышат, акка Кудай болушат" дегендей, ак ниети менен эл үчүн күрөшүп жүргөндүгү үчүн мөөрөй алып келатат. Жарышка чыккан инсандардан сурайт элем - ынтымакты бузбай, чет элдиктерге шылдың болбой, Атамбаевге эле жол бошоткула, ошого эле добуш бергиле дээр элем. Ал элди баштап кетет деп ишенем.

Батыш УМУРАЛИЕВА -
Кой-Таш айылынын
83 жаштагы тургуну:

- Мен суу чарба министрлигине караштуу Чүй СМУсунда 20 жылдай иштеп, Алмаз Атамбаевдин атасы Шаршен, апасы Канымгүлдү таанып калдым. Атасы илгери бир жактарда сотпу, прокурорбу-иштеп жүрчү, кийин эмне иштерде жүргөнүн билбей калдым, бирок карып калганда молдолук кылып, ооруп калган бала-бакырага дем салып коймою бар эле. Апасы Канымгүл бир убактарда Ташкендеги САКУну (Средне Азиатский Коммунистический Университет-ред. ) Кулатов менен бирге окуган экен.
Кайсы бир жылдары Стрельниковдогу ооруканада апасы бир небересин алып, доктурда бирге жатып калдык. Ошол жердеги келиндер балдарынын көйнөктөрүн жууп, жакасын ылдый каратып жайып коюшса, аларды урушуп, "балаңар келечекте мыкты болсун десеңер, жакасын эч качан төмөн каратып илбегиле" деп үйрөтөөр эле. Айрым келиндер унутуп, туш келди жайып кирсе, өзү барып жакасын өйдө каратып жайып койчу. Балдар-кыздарына да ушундай катуу тартипте билим алуусуна шарт түздү. Алмаз болсо биздин айылдагы орус мектепти менин кыздарым менен окуп бүттү, отличник болуп. Кийин окууну бүтүп келгенде ар кайсы жумуштарда иштеп жүрөт деп угуп жүрчүмүн. Эми минтип президенттикке аттанып жатыптыр. Болсун, болсун! Элди башкарганга акылы жетип калды.

Калмат Молдокулов








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??