Таза шайлоого жол ачканыбыз кайсы?!
Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин тарапташтары азыркы бийлик төбөлдөрүнүн ишмердигине нааразычылыктарын билдирип, маалымат жыйынын өткөрүштү. Негизги себеп баягы эле бүтпөгөн административдик ресурсту колдонуунун чектен ашып кеткендиги. Үгүт иштери башталганда эле, 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү Ташиев мырзанын автобустарга чапталган бардык үгүт материалдары Бишкек мэриясынын буйругу менен жок кылынган экен. Негизинен мыйзамдуу түрдө "Инсайдер" ЖЧКсы менен Ташиевдин үгүт материалдарын коомдук транспорттун, автобустардын капталына жарыялоо боюнча келишим түзүлгөн. Бирок, ошол жарыяланган күндүн түнү эле шаар башкармалыгы шашылыш жыйын өткөрүп, "Камчыбек Ташиевдин бардык үгүт материалдарын сыйрып салгыла" дегенинен улам, мыйзамдуу келишим боюнча автобустарга илинүүчү жарнактарды заматта жок кылышып, чапталып жаткандарын кан буугандай токтотуп коюшкан. Бийлик болбосоң кое кал! Эми бул жерден албетте бадырайган эле административдик ресурс көрүнүп турат. Ырас үгүт материалдарын дарактарга, жашоочу жайларга, аялдамаларга жайгаштырууга тыюу салынган. Бирок, автобустарга чектөө коюлган жери көрүнбөйт. Анын үстүнө Ташиевдин шайлоо кампаниясы ошол эле күнү БШКга кат жөнөтүп, сурамжылашканда, автобустарга чаптоо мыйзамдуу деп келип отурбайбы!? Ушундай жол менен шаар башкармалыгы талапкердин эле эмес, көптөгөн жарандардын да укуктарын тебелеп коюшту. Себеби, үгүт материалдарын, жасап, жасалгалоо үчүн, аларды жайгаштыруу үчүн канчалаган адамдар иш алып барды эле. Талапкер Камчыбек Ташиевге карата бут тосуулар Бишкек шаарында эле эмес, башка аймактарда да жүрүп жаткандыгы маалым. Мисалы, Кочкор районуна болгон үгүт сапарында жолду катар МАИ кызматкерлери коштоп бараткан унааларды жөндөн жөн эле тосуп, айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алышып, керек болсо "Ташиев үчүн чуркасаңар күбөлүгүңөрдөн айрып коебуз",- деп эскерткенге чейин барышкан дейт, Ташиевдин командасындагылар. Ал эми Ысык-Көл аймагындагы сапарда, эл менен жолугушуу Каракол шаарынын борбордук аянтында пландалган бирок, жергиликтүү жарандарга Ташиев менен жолугушууга барууга тыюу салышкан, айрыкча студенттерди аянтка барганыңарды көрсөк, "отчисление" кылабыз деп опузалашканы маалым болгон. Бирок, ар кандай тоскоолдуктарга карабай аянтка эл агылып келип, жолугушуу өз дңгээлинде өүптүр. Жогоруда айтылган бир катар мыйзам бузуулардын учугу уланып эле келе жатат. Бул айтылгандар айтылчу сөздүн бир чекеси гана, такталбаган маалыматтарга караганда, Сосновка айылында таптакыр эле чектен чыгып регионалдык штабды өрттөп жибергендер да болуптур. Мыйзамдуу үгүт иштерин жүргүзүүдө, административдик ресурсту колдонуп тоскоолдук кылуулар качан токтоору белгисиз. Кызык суроо туулат, эмне эле мынча Ташиев мырзаны колдон-буттан тартып, аким-губернаторлордун колу менен бүгүнкү бийлик башындагылар мынчалык тоскоолдук көрсөтүп жатышат? Кыязы Камчыбектин күн санап өсүп бараткан саясий рейтинги, аларга карата чындыкты айтып каяша сүйлөгөн сөзү жылуу креслодогуларды чочулатып жаткан окшобойбу. Дегеле, бийлик мындай кадамдары менен жакшы нерсеге алып барбайт. Ансыз да калкыбызга кара санаган "айрымдар" "ии, кандай өткөрөөр экенсиңер" деп кытмыр жылмайып сынап карап турганда, алардын чырагына май тамызып, абалды курчута берүү Кыргызстан үчүн эч бир пайдасыз көрүнүш экендигин бийлик бутагындагылар унутпаса! Таза шайлоого жол ачтык деп атпадык беле, аныгын көрсөтсөк болмок... Алапай-шалапайга жол бербей.

Материал КРнын президенттик кызмат ордуна талапкер К. Ташиевдин шайлоо фондунан каржыланды.