Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кытай Шинжаңдан чыгуучу "Тил жана Котормо" журналынын башкы редактору,
профессор, филология илимдеринин доктору Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу:
"Мен Кыргызстанга ат тезегин кургатпай
келсем, өз элиме, жериме келгендирмин…"
- Жүсүп Мамай "Манастан" башка элдик дастандарды билген океан адам эмеспи.
- Жүсүп Мамай "Манасты" эле көкүрөгүнө түйүп калбай, кыргыздын кенже эпосторунан: "Эр Төштүк, Курманбек, Жаңылмырза, Багыш, Толтой, Кызсайкал, Көбөөн, Мамеке - Шопок, Ажибек баатыр жана казактардын "Жети хан" эпосторун айтып басмадан чыгарган. Анын эпос айтуучулук жөндөмүн чыныгы билем деген киши 1960-жылы айткан үн табагынан, айтып жаздырган жүрүшүнөн кыйналбай эле билүүгө жетишет.
- "Манасты" Кытай алып кетти деген чуу өөндөн мөөн жаратуу тура анда?
- Аны айтканда эмне. "Манасты кытай алып кетти" деген сөз "Манаска" күйгөн, кыргызга боор тарткан сөз эмес. Эгемендүү Кыргыз мамлекети качан да болбосун "Манас" эпосу баштаган өз мурастарын ЮНЕСКОго жолдоп, тизимге өткөрүп коргоо укугу бар. Кытайда жашаган кыргыздарда 70 тен ашуун манасчы, анын ичинде, 8 муунга чейин көлөмдүү айткан Ж. Мамайдын айтымы бар. Кытайдагы кыргыздардын "Манасына" Кытай мамлекетинин демөөрчүлүгү, кыргыз жана башка улут илимпоздору жарым кылымдан ашуун убакыт ичинде элден чогултуп алуу, басмадан чыгаруу, которуу жана изилдөө иштерин иштеп, дүйнө тааныгандай мартабага жеткизди. Бул чындыкка карандай көз жуумп алып кыйкыргандык дүйнө алдында кара өзгөйлүк кылгандык, сабатсыздыгын билгизип алгандык болот. Ал кара сабаттык Кытай мамлекети ошончо каржы салып (ал каржыны жекеге бербейт, Кызылсуу кыргыз автоном областтык эл өкүмөтүнө берип), ошончо иштерди жасаганы "аны мен Ханзунуку кылып алайын" деген нээтте эмес экенине ишенбөөчүлүктөн, ал ЮНЕСКОнун да кимдин чыгармасын кандай мамлекеттин коргоосуна ылайык экенин баамдап табыштап жатканын айкын билбегендиктен көрүнүп калды. Чагымчылардын көөдөк баамында, 50 канча жыл өткөндө Кытай кыргыздары жоюлуп кетет, "Манас Кытайдыкы болуп кала берет" экен. (Анда ЮНЕСКОго тизимдетип койбодукпу, алар да таанып, "Манас" кыргыздыкы эмес, Кытайдыкы деп айтарбы?!) "Манасы" бар Кыргыз эч качан жер бетинен жоюлуп кетпейт (аны кылымдар ырастаган). Кеп келгенде айта кетели, "Кыргылчалдын балдары" качан да болсо кыргыздардын үрөйүн учуруп, "Кыргыздын тили жоюлат имиш", "Кыргызды палан улут басып алат", "Манасты Кытай алып кетти"деп, бабасы Кыргылчалдан мурас калган чуут сөздөрдү чыгарганы - чыгарган. Бул элдин үшүн алып, жарты токочко ээ болгон жетим баладай "колумдагыны ким ала качат экен" деп, эки жагына элеңдеме кылып салгысы бар, баатыр элди. Бирок Манас атанын өз тукумунан болгон балдары өзүнө бек ишенет, тилди сен колдонсоң, мен колдонсом, ким жоюп салмак эле, Кыргыз бар жерде "Манасты" эч ким ала албайт деген күч бар, акыл толук, аны кылымдар ырастап келди. Ал эми элдин оюн удургутуп, "Кытай алып кетти" деген ЮНЕСКОнун "Манас" эпосу боюнча чыгарган кагазында мындай жазуу турат: "Манас дүйнө адамзатынын заттык эмес маданият мурасы, аны ар кандай инсан коргоо ыйык милдети" деп жазылган. Бу ЮНЕСКОнун келишим күбөлүгүндө жазылган сөз болуп, бүгүн аталган күбөлүк Кызылсуу кыргыз автоном областтынын башчысынын колунда турат. ЮНЕСКОнун ал келишим күбөлүгүнүн күчү бул мурас-ты жалаң Кыргыз эле эмес, ар кандай инсан коргоого милдеттүү.
- "Манасты" киного тартуу идеясын да Кытай тарап көтөрдү эле жаңылбасак?
- 2004- жылы Кытайдан бир кампания каржылап, "Манасты" кино кылып тартабыз деп калды, ал жыйынга мен да катышкамын, ошондо дароо эле бул ишке Кыргызстан да катышуу керек, кадиресе Чыңгыз Айтматовду баш - кашына алып фильм тартпаса болбойт деген сунушумду илимпоз катары коюп, алардын ынанышы менен бул жумушка Кыргызстан жак да тартылып, атактуу драматург Бексултан Жакиев сыяктуу адамдар сценариясын жазган (кийин ал кампания баш тартып токтоп калды). Андан бөлөк, 1994- жылы Үрүмчүдө "Манас эпосу боюнча эл аралык илимий талкуу жыйынын" ачып, дүйнөдөгү "Манас" таануучуларды чакырдык. Ошондо Кыргызстандан Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Самар Мусаев сыяктуу 10 илимпозду бүт жыйын каржылап катыштырып, эпос боюнча чогуу сүйлөштүк. Ал 2005-жылы Артыш шаарында дагы бир жолу "Манас эпосу боюнча эл аралык илимий талкуу жыйынын" ачып, ага Кыргызстандан Дастан Сарыгулов (ошол кезде мамлекет катчысы эле), Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Аскарбек Бекбоев, Ташбоо Жумагулов, Абдылдажан Акматалиев, Кадыралы Коңкобаев, Раиса Кыдырбаева, Үмүт Култаева сыяктуу 20 илимпозду бүт жыйын каржылап чакырып келип чогуу талкуу жүргүзгөнбүз. Мындай көлөмдүү чогулуштарда кыргызстандык окумуштуулардын катышуусу ошол жыйындын беделин көтөрүп, талкуунун шаңын чыгарарына биз качан да болсо ишенип келебиз. Дүйнөлүк жазуучу Ч. Айтматов 2007- жылы "Шинжаң экономика гезитинин" кабарчысын кабылдаганда, Ж. Мамай айтымындагы "Манастын" томун кармап туруп: "көрүңүз, бул китептин оорлугу 10 килограмм келчүдөй, муну Шинжаңдагы кыргыздар мага белекке беришкен. Ар жолу чет элдик меймандар менен көрүшкөндө, оорактанып муну аларга көрсөтөм",- дегенин (караңыз, аталган гезиттин ошол жылдык 13- октабирдагы санына) эске алганда, Кыргыз Кыргыздын көзгө көрүнгөн жакшылыктуу иштерине сүйүнбөй койбойт.
- Сизди "ат тезегин кургатпай Кыргызстанга келип-кетип жатат" дебатышпайбы, буга эмне дейсиз?
- 1989-жылы Ч. Айтматовдун чакыртуусу менен Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык маарекесине катышып, Кыргызстандагы боордоштор менен кенен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алдым. Бирок такай кызматташтыкты жасоо 2003-жылдан башталып, Кыргызстанга көп жолу бардым. Анымды "тыңчылык кылып жүрөт" деген чуут сөздөр менен гезиттерге жазып, теледен айтып чыгышты. "Кыргызстан" деген сөзгө кыргыздардын баалуулуктары уюган деген түшүнүк менен жүргөн мен үчүн, "аттын тезегин кургатпай" эмес, "ат тезеги жерге түшкөнчө" барып туруу ажат деп билем. Кыргызстанда Манас атанын баскан изи, анын арбагы байырлаган "күмбөзү", Ысык Көлү кыргыздардын тооп кылып, тазара турган ыйык жери эсептелет. Ошол ыйык жергедеги кыргыздын тили, тарыхы, каада - наркы, адамдык сапаты мага баалуу. Чын эле, мен Кыргызстанга издеп барганга жараша, кыргыздын көптөгөн баалуулуктарына күбөдөр болдум. Анын биринчиси катары, "Манас" жана анын жомокчуларын Тыныбекти, Сагымбайды, Саякбайды, мына эмики эле Уркаш Мамбеталиевди, "Манасты" кагаз бетине түшүрүүчү Ыбырайым Абдыракмановду, "Жайсаң Манасты" айтып жатам. Анан кийин, Кыргызстанда пайгамбардай болгон, жергенин "кызырлары" катары жетилген адамдарга жолукканымды айта алам. Алардан мен аалымдык жолдон мурда адамдык жолду, кыргыздын акыл - эсинин үлгүлөрүн көрдүм. "Ат тезегин кургатпай" барып Чыңгыз Айтматов ага менен 9 жолу көрүштүм. Ал мен "ат тезегин кургатпай" барып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жүктөнүп келип, бул жактагы окурмандар менин колум аркылуу окуп турушту. Ал эми бул кишинин чыгармалары Кытайдагы кыргыздардын жана башка улуттардын окуулуктарына киргизилип окутулуп жатат. Ал мен чыгарып жаткан "Тил жана Котормо" журналында Ч. Айтматовдун тил жөнүндө айткан бардык макалаларын жарыялап турдук. Түгөлбай Сыдыкбек аксакалдын кыргыз адабиятындагы ордун, жетишкендигин кыргыз баласы катары чоң баалуулук катары санаймын. "Ат тезегин кургатпай" Кыргызстанга биринчи эле барганда, ал кишинин колун кармаганга насип болгон. Ал киши саламымды алик алгандан кийин эле айткан эки ооз сөзү эмдигичейин эсимден кетпейт: "Казыбектин чыгармалары силерде көп дейт, басмадан чыгарбайсыңарбы? Кыргыз тили нукура силерде сакталып калды деп угам, ошондон тайыбагыла деген. "Ат тезегин кургатпай" барганга жараша, биз Түгөлбай Сыдыкбек аксакалдын дил дүйнөсүнүн пайдасын абдан көрдүк. "Ат тезегин кургатпай" Сооронбай Жусуев үчүн барып жүрдүм. Көзгө жылдыздуу, олуянын кебетесин карманган бул киши менен, бир кырдын күңгөй бет жагындагы мөңгүнү мен ичип, тескей жак бетиндеги мөңгүнү Сокем ичип табиятыбыз туташканынан эмес, кыргыз поэзиясынын пирлеринин бирөө катары көргөндүктөн, ар жолу аганын оозунан алтын шилекей чачыратып алууга барам. Сүйүнбай Эралиевге "ат тезегин кургатпай" барып, бүткүл чыгармаларын жүктөп келдим. "Тил жана Котормо" журналынын бетин канча жылдап "Сага айткан сыры" кызытып берди. "Акмөөр" кытайлык кыргыздардын жазуусунда чыгуудан мурда эле, окурмандардын оозундагы жомок болуп айтылып жүрчү. Сүйүнбай Эралиевдин лирикасына дилин чайыбаган акын жок. Ал киши: "философияны кол жетпеген сулуу кыздай көрүп калдым" дегени менен, чыгармаларына кыргыздын эс тутумун жүктөп салганын биздеги кыргыздар баамдашып калды. Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын артынып келип, жакынкы заман кыргыз тарыхын көркөм сөз аркылуу түшүнүп, Курманжан датка, Токтогул сыяктуу адамдарды тарыхый таржымалынан көрөк, көркөм сөздөн көбүрөөк билүүгө жетиштик. Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларынан кыргыз каада - салты, дегеле, кыргыздардын сүйлөө таризин көрүп турабыз. Кеңеш Жусупов үчүн "ат тезегин кургатпай" барам. Кыргыздын кылымдардан бери бууп - түйгөн кенчин "Кыргыздар" аттуу "ала капка" салып койгон жеринен алып келдим. Ал кишиден кыргызга кантип эмгек кылуунун өрнөгүн көрдүм. Кыргызстанга мени тартып турган дагы бир баалуулук Бексултан Жакиев менен баарлашуу. Манастын каны түз ушул кишиге куюлуп калгандай сезем. Ачык сөзү, адамдык касиетке тартып турган сапаты менен, кыргыз мүнөзү кандай болот дегенди ушул кишиден көрдүм. Чоң акын Жалил Садыковдун кыргыз элине жасаган чыгармачылык жумуштары менен таанышууга Кыргызстанга канча жолу барсаң да өкүнбөйсүң. "Манастын уулу Семетей" баш болгон чыгармаларын бүт жеткизип алдык. Байдылда Сарногоев үчүн "ат тезегин кургатпай" баруу зарыл болгон. Ал кишинин басмадан чыккан чыгармалары бүт биздин колдо бар, кадиресе адабият окуулуктарында окутулуп жатат. Казат Акматовдон кулак молдосу болуу үчүн "ат тезегин кургатпай" барып жүрдүм. Бул адамдагы кишинин табиятын сактоо боюнча айтылган ойлору адамдын өзүн таануусуна өбөлгө болуп берет экен. Омор Султанов улуу акындын лирикасын алуу үчүн "ат тезегин кургатпай" бардым. Бул кишинин чыгармаларындагы лириканын алоосуна кактануу менен, ал кишидеги кыргыздардын боорукерлигинин жылуу эпкинине боор тосуп алган көп күндөр тояна катары эсте жүрөт. Асан Жакшылыков ат арытып барууга татыктуу. Ал кишинин акындыктан "оолугуп барып" жазган "Кыргыздын эс - тутуму", "Кыргыз жолу" биздеги кыргыздар "кызылдай союп" сызмалап окуй турган баалуу китеби болуп калды. Кубатбек Жусубалиевдун чыгармаларындагы кыргыздын сөз алым адаты, болуп да ал кишидеги адамды таануудагы ойлорун чыгармаларынан таап алып жүрөбүз. Абдылдажан Акматалиев менен киндигибиз туташып калган. Ага "ат тезегин кургатпай" барбасам болбойт. Камбаралы Бобулов, Эрнис Турсунов, Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев, Жолон Мамытов, Султан Раев, Каныбек Иманалиев, Турар Кожомбердиев, Шайлообек Дүйшеев, Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, Майрамкан Абылкасымова, Кален Сыдыкова, Чотурова Бактыгүл, Топчугүл Шайдуллаева, Калбүбү Сарыева сыяктуу акын - жазуучулардын чыгармаларын кыргыздын кенчин алган сыңары ар жолу барып ташынып турдум. Бул адамдардын чыгармаларын бир эле жолу барып чогултуп келүүгө эч кимдин дараматы жетпейт. Ал үчүн дагы "Кыргылчалдын балдарына" жаман көрүнүп, "ат тезегин кургатпай" барууга туура келген.
(Уландысы бар)

Болот Таштаналиев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??