Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кыргыз Республикасынын президенти
Р. И. Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин сот-укук маелелери боюнча
комитетинин төрагасы С. Н. Жапаровго.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф. З. Жамашевага
Кыргыз Республикасынын башкы прокурору А. Ж. Саляновага
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун
Зина Ашырбаева көчөсүнүн №31 үйүнүн
тургуну: Ниязбеков Темирбек-пенсионер
Ибраимова Гүлбайрадан (пенсионер)
тел. 0772 44-36-44
Нарын облусу Жумгал районунун
Миң-Куш айылынын Жусуп 3-2 үйүнүн
тургуну Адыранова Рыскүлдөн

А Р Ы З
Урматтуу Роза Исаковна,
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Феруза Зулумбековна, Аида Жеңишбековна, Сиздерге аргасыздан акыйкат издеп кайрылууга мажбур болуп жатабыз.
Сиздерге кайрылуубуздун себеби: биздин уулдарыбыз Ниязбеков Эркинбек Темирбекович 1986-жылы туулган, жана Үркүнбаев Гафар Алтымышович 1987-жылы туулган, балдарыбызды Бишкек шаарынын Ленин РИИБ нин опер кызматкерлери о/у Ногойбаев Арстан, о/у Акматов Ажымурат Шүкүрбекович, о/у Туманов Эдик Асанкадырович, о/у Сапарбаев Эрмек Рахатович, күбөлүгүнүн номери № 19883 жана ушул ИИБ нүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Джамангулов Токтосун Мирбекович, 2009-жылдын 26-сентябрь күнү кечки саат 00:30 чамасында Бишкек шаарынын Некрасов көчөсүндөгү темир жолдун жанынан уулдарыбызды кармашып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБне алып келишип, күч колдонуп уруп сабашып, баштарына полиэтилен баштыгын кийгизишип думуктуруп, буттарынын таманына дубинка жыгач таяк менен чапкылап сабашып, балдарыбыз тааныбаган көрбөгөн А.Холодов деген адамды сабадык деп мойнуңарга алгыла деп, опер кызматкерлери кылмышты моюндарына алдыруу үчүн мыйзамсыз күч колдонушуп, Ленин райондук соту аркылуу камакка алынган. Көрсөтүлгөн райондо үч ай тергелип, бирок далил жок болгондуктан Бишкек ШИИББ нин тергөө бөлүмүнө кароого жөнөтүлгөн, ал жерде Бишкек ШИИББнин тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү милициянын майору М.Ирежепалиев тарабынан каралган. М.Ирежепалиев 25.12.2009-ж. балдарыбыздын ишин Свердлов райондук сотунан дагы бир айга 26.01.2010-ж. чейин узартты.
Бирок ал жерден дагы туура чечип беришпей, эч далили жок ишти токтотпостон, кайта Ленин РИИБне жөнөткөн. Буга Ленин райондук прокуратура жана Ленин РИИБү мыйзам чегинде далили жок ишти кыскартпай, өздөрүнүн жанын ойлоп эмне болсо дагы сот чечсин, камаса же кое берсе өзү билсин дегенсип, жоопкерчиликтен качышып № 1-09-1511 сандуу кылмыш ишин КЖКнын 97б. 2б. 10п. айыбын угузуп, 2010-жылдын январь айында аягында Ленин райондук сотуна жөнөтүшкөн.
Ленин РИИБнүн жогоруда аталган беш опер кызматкерлери балдарыбызга кылмышты мойнуна алдырыш үчүн мыйзамсыз күч колдонуп уруп сабагандан, денелерине келтирилген жаракаттар Суд мед Экспертизанын кортундусунда №177, №3851 жана №3852 балдарыбыз: Эркинбектин денесине келтирилген жарака " менее тяжкий вред здоровью, т.к. расстройство здоровья непосредственно связано с травмой более трех недель"- деп чыккан. Гафарга "легкий вред здоровью,с кратковременным растройством"-деген жыйынтык чыккан.
02.12.2009-ж. Бишкек шаарынын прокуратурасынын кызматкери Р. Тагаев КЖК 305 беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, оор кылмыш ачуу боюнча кызмат өтөгөн опер кызматкерлерине карата 151-09-82 сандуу кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш 02.12.2009-ж. козголуп Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсү А. Н. Бейшенбаев, Ленин РИИБнүн беш опер кызматкерлерине 30-сентябрь 2010 жылы Кыргыз Республикасынын КЖК нин 305 ч. 2 п.3, ст. 325 ч. 2, ст. 322 ч. 2, ст. 324 ч. 1, беренелери менен айыптары угузулуп, айыпкер катары жоопко тартылуу токтомун чыгарган, бирок алар боюнча камакка алуу баш коргоо чарасын колдонбой, кайра аларга эч жакка кетпөө токтом чарасын чыгарган. Бул № 151-09-82 сандуу кылмыш ишти андан кийин Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.
2010 -ж. 16-июнунда Ленин районунун соту Т. Саатов, Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарып, анда Ниязбеков Эркинбек Темирбекович жана Үркүнбаев Гафар Алтымышович Кыргыз Республикасынын КЖК нин 97-ст. 2 б. 10,15 п. менен коюлган айыптары боюнча кылмыштын курамы жок, деп актоо өкүмүн чыгарып, ишке туура юридикалык баа берип, адилеттүү мыйзам чегинде караган.
Күбө деп келген таксист адам С. Бейшекеев сот процессинде тап-так жана түшүнүктүү бул балдар эмес болчу, мен көргөн балдар башка балдар болчу, жана бойлору узун дене түзүлүштөрү башкача эле деп кийген кийимдери ак түстөгү ботос жана ак түстөгү спорттук костюм болгонун айтып, орус улутундагы же "местный" шаардык балдар болушу керек деп түшүндүрдү. Ал эми бул айыпталып отурган балдардын бойлору мендей эле экен, тиги балдардын бойлору узун "здоровый балдар болчу", орусча таза акценти жок сүйлөшүп, сөгүнүп сүйлөшүп жатышкан, жука кийингенинен алар местный балдар экенин түшүндүм, мен машинанын печкасын иштетип бараткамын-деп көрсөтмө берген.
Ал эми Ленин райондук прокурору Кожогулова Г. бул акталган чечимди алгандан бери ар түрлүү амалдар менен жогорку инстанцияларга жазып, бирок 2010-жылдын 30-июлунда Бишкек шаардык сотунун кылмыш жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы, Джусупова Ж.Д. Жакыпбердиев Ж. Бейсекеев Э.Т. Кыргыз Республикасынын атынан Бишкек шаарынын Ленин райондук соттунун 16-июнь 2010 - жылы Ниязбеков Эркинбек Темирбековичке, Үркүмбаев Гафар Алтымышовичке карата чыгарган актоо өкүмү сот тарабынан ар тараптуу изилдеп, өзгөртүүсүз калтырылсын деп өкүм чыгарышкан.
Ленин районунун прокурору Г. Кожогулованын жогорку сотко жазган сунушу боюнча, 08.12.2010-ж. жогорку сот курамына Ж. Т. Абдырахманов, Ш. Ж Жакыпбаев, М. Осмонкуловдор Бишкек шаарынын жана Ленин райондук сотунун 2010-ж. 16-июнундагы өкүмүнө жана Бишкек шаардык сотунун кылмыш жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2010-ж. 30-июлундагы чыккан актоо өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайта биринчи инстанциядагы соттун башка курамына жаңыдан кароого жиберген.
Эмне үчүн Ленин райондук соту адилеттик менен 5-ай карап, ар бир жаза процессуалдык кодексин туура колдонуп, мыйзамдуу адилет чечим чыгарып жана Бишкек шаардык соттук коллегиясы дагы мыйзамдуу, ар тараптуу карап, Ленин райондук сотунун чыгарган өкүмү мыйзамдуу деп таап адилет карашса, иш боюнча Жогорку соттун соту Ж. Абдырахмановдун баяндоочу катары иш менен толук таанышпагандыгы сот отурумунан баарыбызга билинип эле турду. Соттук коллегия отурумунда процессуалдык мыйзам бузуулар болду.
Ошондой эле Жогорку соттун коллегиясы чыгарган чечиминде Ниязбеков күнөөсүн мойнуна алган жана сот тарабынан туура баа берилген эмес деп жазып жатышат. Бул эмне деген шумдуктуу сот коллегиясы, иштеги протоколдорду окуп чыкпагандыктары билинип эле турбайбы. Көргөзүшсүнчү бизге Ниязбеков мойнума алдым деген протоколду, бизде дагы иштеги сурак протоколунун көчүрмөлөрү бар да же болбосо аны да жок кылыштыбы?

Эгерде ишти жакшылап окуп таанышса мындай катачылыктарды жазышпайт эле да. Ушул жогорку сотто тажрыйбалуу, жогорку даражадагы соттор ушандай кемчиликтерди кетирип иш кагаздары менен таанышпай эле жаза беришеби!?
2011-жылдын январь айынан бери ишибиз кайтадан Ленин райсотунун соту Г. Аденованын кароосунда болду. 2011-жылдын 9- августунда сот Аденова Кыргыз Республикасынын атынан МЫЙЗАМСЫЗ өкүм чыгарып, анда Ниязбеков Эркинбек Темирбекович жана Үркүнбаев Гафар Алтымышович, Кыргыз Республикасынын КЖК нин 97-ст. 2 б. 10,15 п. күнөөлүү, деп балдарыбызды ак жеринен чыркыратып он эки жылга эркинен ажыратып отурат.
Бул Аденова эмнеге таянып мындай каралоо өкүмүн чыгарып, ишке туура эмес юридикалык баа берип, адилетсиз, мыйзамсыз чечим чыгарды. Күбөнү сурабай, мурдагы мен көргөн бул балдар эмес болучу, деп берген көрсөтмөсүн жана Судмед экспертизанын корутундусун, региондордон келип жасаган комиссиондук Судмедэкспертизанын кортундусун кайда жоготот. Ушундай иштеги жалгыз күбөнүн көрсөтмөсүн бурмалап соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин кылыктарын жаап жашырып отурат. Бул эмне деген акмакчылык. Сот айбандын тагдыры эмес адамдын тагдырын чечип жатат да. Аденовага адамдардын тагдыры оюнчукпу?
Сот Аденова өкүм чыгарганы өзүнүн кеңеш кабинетине кирип кетсе, аркасынан прокурор Н. Молдотаев кошо кирип, кайра чыгып, чөнтөк телефону менен сүйлөшүп кирип чыгып жүрдү, жана ошондой эле Аденовага ошол эле убакта сот Байсейитов бир канча жолу кирип чыкканына биз күбө болуп турдук. Мыйзам боюнча сот өзү гана жалгыз, кеңеш бөлмөсүнө эч кимди киргизбей чечим чыгарышы керек.
Ушул прокурор, сот Байсейитов, Абдиев, Аденовалар төрт адам чыгарган адилет таза мыйзамдуу өкүмбү??? Адамдын тагдыры менен ойногон сатылган соттор өздөрүнүн балдары жокпу?
Балдарыбызды сабаган милиция кызматкери Ногойбаев А. Б мен силердин балдарыңарды сотко акча берсем дагы соттотом деп ачык эле айткан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун соту Абдрахманов Ж.Т КР ЖКинен сот ишмердүүлүгүнө киришип жатып, ант бергендиги туурасында азыркы учурда Абдрахманов Ж. жогорку сотко талапкерлигин коюп, соттор кеңешинин айланасындагы сөздөрдөн угуп, Жогорку Кенешке запрос жөнөткөндө, сот укуктар маселеси боюнча комитетинин төрагасы депутат С. Н. Жапаров, Абдрахманов Ж. Конституцияга ылайык "Соттор статусу" негизинде Жогорку соттун соту Жогорку Кеңешке ант бериши керек эле, Абдрахманов Ж. Т. бирок бүгүнкү күнгө чейин, Жогорку Кеңешке ант берген эмес, Абдырахманов соттук коллегияда отуруп, өкүм чыгарууга укугу жок деп, официалдуу кат түрүндө жооп берген.
Абдрахмановдун Конституцияны бузуп, одоно түрдө КР атынан мыйзамсыз өкүм чыгарып жатат.
Балдарыбыздын Конституцияда көрсөтүлгөн укуктары бузулуп, соттор аны одоно бузуп жаткандыгынын негизинде биз Роза Исаковнага, Жогорку Кеңешке, Феруза Зулумбековнага, Аида Жеңишбековнага Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 384-беренесине таянып, жаңы ачылган жагдай боюнча 2010-ж 8-декабрында Жогорку соттун соттор коллегиясы Осмонкулов М., Абдрахманов Ж., о.э. Абдырахманов Ж. сотколлегияга катышууга укугу жок болгондуктан, Ниязбеков Э. Т.,жана Үркүмбаев Г. А. чыгарган окуму мыйзамсыз, легитимсиз болгондуктан бузулуп, райондук жана шаардык сот өкүмү күчүнө калтырылып, балдарыбызды камактан бошотуп, жаны ачылган жагдай боюнча Жогорку соттун легитимдүү соттор коллегиясында каралсын деп, арыз менен кайрылуу жөнөткөнбүз. Бирок, ушул күнгө чейин жооп ала элекпиз.
Урматтуу Роза Исаковна,
Садыр Нургожоевич, Феруза
Зулумбековна, Аида Жеңишбековна
1. Сиздерден көптөн-көп суранаарыбыз Балдарыбызга карата 2011-ж. 9-августта Ленин райондук сотунун соту Аденова чыгарган мыйзамсыз окумду жокко чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаардык соттор коллегиясы чыгарган актоо өкүмүн күчүндө калтырып берүүңүздөрдү суранабыз.
2. Жогорудагы соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин бири Ногойбаев экс-министр МВД, экинчиси Сапарбаев Ж. Р депутат ЖК. үчүнчүсү Батырканов К, экс нач. Ленин ИИБ. нач. ГУВД Бишкек. жогору жакта иштеген чондордун ага туугандары болушат. Алар бул ишке кийлигишип, ак жерден балдарыбызды чыркыратып жатышат. Булар байлардын балдары болгондуктан ишти акчанын күчү, тааныш билиштер аркылуу бүтүрүшүп, бизге окшогон карапайым элдердин балдары ак жерден кесилип, балдары ыйлап, энелери сыздап кала берет турбайбы.
Сиздерден жана Алла-Тааладан жардам күтөбүз.
Сүрөттө жабырлануучулар милициялардын кантип сабашканын көргөзүп берүүдө.
Сизди урматтоо менен
арыз ээлери:

(пенсионер)
Ниязбеков. Т


(көп балалуу эне, пенсионер)
Ибраимова. Г
(жесир аял)
Адыранова Р.
( II группадагы майып № 169047)
Ниязбекова А. Т.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??