Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мегаком: кардарларга калыс баа, мамлекетке арбын киреше!

Айтылуу апрель окуясынан бери карай, "Мегаком" компаниясынын айланасындагы айың кептердин аягы тыйыла элек. Мамлекеттеги бирден бир кирешелүү тармак болуу менен бирге элдин дагы жеңилин жерден, оорун колдон алган ийкемдүү да, пайдалуу да бул компанияга албетте, кызыгып, эптеп эле этегине эрмешип, жакасына жармашып, өз чөнтөктөрүн байытууну каалагандар чынында "иттин кара капталынан". Бирок, учурдагы бийлик, аталган ишкананын жаңы башчылары ортодон оңой олжого туйтунгусу келген бир топ кызыл кулактарга бул ишкананы кармата берүүгө караманча каршы туруп, ишти ийкемдүү жолго салып келет. Албетте, элдин кызыкчылыгын эске алганы үчүн. Болбосо, мурдагыдай "өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар" деген бийлик болгондо эчак бирөөлөргө ит бекер карматып, өздөрүнүн капчыгын кампайтмак да, алаканды ушалап отуруп калмак. Азыр учур башка, бийликтин жүзү, бийликтин ишмердиги элге бурулуп турган кез.

Ооба, түз айтканда-"Мегаком" компаниясы Кыргызстандын эли, кала берсе казынасы үчүн эң керектүү ишкана. Бирок, аны андан ары өнүктүрүп, заманбап нукта дагы жаңы нерселерди жаратуусун ишке ашыруу үчүн албетте, инвестициялоо учурдун талабы. Эсеби меселен, азыр өнүгүү ылдамдыгы укмуштай тездикке жетип, технологиялардын улам жаңы мууну өз артыкчылыгын арттырып турат. Эгер кокус, биз ушул ахыбалыбызга эле курсант болуп, "укмушпуз" деп отура берсек, эртең замандан артка калып, же "соткадан" же акчадан жок, жер муштап каларыбызды эске алган да ырас.
Ушу тапта, "Мегакомдун" 49 пайызын мамлекет ээлеп, талашка түшкөн 51 пайызы Мүлк министрлигинде арестте турат. Демек, ишкананын ээси эл. Анын ишмердигине көзөмөл кылуу озупайпасы Өкмөттүн колунда. Бирок, бул боюнча "Мегакомдон" мегасомдорду жеп келген жемкорлор далай айла-амалдарды колдонуп, соттон сотту азгырып, коомчулукту жазгырып кетсек деген аракетинен кайтыша элек. Ооба, кара кылды как жарган калыстыкты карманып, алардын арам оюн тизгиндээрибизге ишенич чоң.
Демек, калган 49 пайыз акциясын ишкананы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар, эл аралык ири инвесторлорго эч коркпостон сатууга болот. Ушундан улам аталган ишкананын 49 пайыздык наркын эл аралык сарэсепчи же аудитордук компаниялар баалап жатат. Албетте, ар нерсенин чыныгы баасы бар, ошого жараша кардары да чыгат эмеспи. Бирок, бир жаман жери, жашырганда эмне, чубактын чуусундай чубалган чыр-чатактардан улам, "Мегакомдун" наркы бир кыйла түшүп, атына доо кеткени чындык. Ошентсе да, аны өз маалында сатып, аны өнүктүрүү менен мамлекетке түшө турган каражаттардын суммасын арбындатуу керек. Антпейин десең, экономикалык жактан өнүгүү секиригин жасай албай, жазганып турган Кыргызстандын Өкмөтү "Мегаком" сыяктуу ири компанияны инвестициялоого келгенде чабалдык кылаары турган иш.
Ушул талаптан улам Өкмөт тарабынан дайындалган ишкананын жаш жетекчилери аз мезгилде ишкананын ишин алдыга жылдырып, киреше жаатын көбөйтүп, коомчулуктун оң баасын алганга татыды. Бу дагы жетишкендик. Бирок, четтен чыгып, улам коомчулукту да, ишкерлер дүйнөсүн да түкшүмөлгө салгандардын саны азайбай, азапты берүүдө. Анткени алардын көзү акчага кызарып, бекер акчага бүйүрлөрү кызый түшкөн да. Мисалы, эл да, бийлик да ыңкылап, ички чыр-чатактар менен алаксып турган маалда шылуундардын командасы "Мегакомдон" 25 миллиондон ашуун долларды оффшордук аймактарга алып чыгып кеткени белгилүү. Бул албетте, биринчиден айланып келип эле мамлекеттин кабыргасын майыштырган саясий негативдик ой жаратат. Ошон үчүн чыр-чатактарга чекит коюп, ошол эле маалда калыс, таза иштеп бере турган инвесторлорго ишеним артып, 49 пайызды кыймылдатпасак "бовойт" эй. Андыктан "аракетке берекет" демекчи, чочулап-чоочуркабай, инвесторлор менен ийгиликтүү кадамдарга барыш керек. Ошентели...
Жусуп Черик




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??