Эки тизгин бир чылбыр Бабановдун колунда
Ошентип, КРнын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Депутаттарын шайлоо" мыйзамына ылайык, Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев убактылуу кызматын өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабабновго өткөрүп берди. Чындап келгенде, учурда Өкмөттүн абалы анчалык жакшы эмес, бирок, мындай чоң жоопкерчиликти алган Бабанов мырза ишти ордунан шыр эле тартып кетет деп ишенгендер да арбын. Айтор, эки тизгин, бир чылбырды колго алган Өмүрбек Токтогулович, өзүнүн чыныгы иштермандыгын көрсөтүп, жыл аягына чейин Өкмөттө жылыштарды жасаса эле болду. Уят кылбай...


Сөз бербе, бердиңби аткар!
Көп менен бирге Акылбек Жапаров шайлоого аттанды. Баягы эле сүйкүмдүү жүзү, таттуу сөздөрү менен эл алдына эч нерсе болбогондой чыгып жатыр. Таң калдык. Капырай, кичине алды артын караса боло. Кэчээ, Бакиевдердин тушунда Кыргызстандын каржы, финансы тармагын башкарып турганда бир да жолу бир кездеги оппозициячыл досторуна кошулуп, бийликке акаарат айтып, бакиевдик режимдин туура эмес баратканы тууралуу оз ачканга жараган эмес. Бүтүндөй каржы булагын үй-бүлө өзүнө буруп, ЦАРИИ деген желмогуз чыкканда да "лам" деп ооз ачпады. Эл тезек жагып, ундун кымбаттыгы асманды чапчып турганда, "койлорго паспорт берем" деп, күйгүзгөнүчү.
Ошентип, Акылбек мырза азыр Президент болом деп опурулуп, митинг чыккан жерлерге жетип барып, элге убадаларды берип жүрөт. Бирок, канчасын аткарат ал белгисиз. Анткени, ал айткан сөздөрүнүн аягына эзели чыкпасын, убадалары айтылган жерде калаарын, эсепсиз байлыгы туруп, акчага келгенде кысылып калаарын көпчүлүк айтып жүрөт. Буга кыргыз журналисттери деле далай жолу күбө болушкан. Неге мынча кысынат? Айталы, азыр Акылбек мырзанын борбордогу бир эле менчик имараты айына 80 миң АКШ доллары менен киреше алып келет экен. Мындайлардын саны канча?


А-уу Аким, Арча-Бешикти карап койсоңуз!
Ушул Ленин районуна ким аким болуп келбесин, райондогу эң көп калк жашаган Арча-Бешик конушуна өгөй мамиле жасайт. Бул жолу дагы ошондой болду. Жаңы келген аким апчебиз Алтынай Өмүрбекова а дегенде райондун чегин кыдырып чыгып, маселелер менен жеринен таанышам, анан ишти баштайм деп жаткан эле. Бирок, антпеди, Арчабешикке келген жок. Ошондон уламбы, бул жактагы көчөлөр каралбай барат. Айталы, ушу тапта калк көп каттаган Түштүк магистраль жолу Д. Садырбаев (Баха) көчөсүнөн ары карай ишпалдасы чыгып, каттаган жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын жаратууда. Далай унаалардын дөңгөлөктөрү тешилип, тетиктери сынды. Бир карап, чара көрсөңүз боло, урматтуу Аким?! Же сөзсүз эле шаар башчысын чакырып, Өкмөткө каршы жол бууш керекпи?!