Нарын облусунун губернатору Канат Муратбеков:
"Эң негизгиси - элдин ишеничине ээ болдук"
- Канат мырза, адатта кыргызда "жөжөнү күздө сана" деп коюшат. Буга кошумча, кыргыз коомчулугундагы маалыматтуу электрондук сурамжылоолордо Сиз, эң мыкты губернатор катары тандалдыңыз. Айтыңызчы, бул ийгиликтин сыры эмнеде?
- Сурооңо рахмат. Бирок, мен айрым адамдарга окшоп, өзүмдүн кылган арадай ишимди чарадай кылып көрсөтүп, "мен жасап жатам"дегендерден эмесмин. Биз бардыгыбыз, эң ириде Теңиртоонун жалпы эли, район акимдери, айыл өкмөттөр, Кыргыз Өкмөтү биргелешип иштедик. Команда ынтымакта ырааттуу иш алып бармайын, жалгыз кишинин колунан эч нерсе келбейт. Ооба, мен жылдын башында Нарынга губернатор болуп барганда абал оор болчу. Эл бийликке ишенбей, ортодо байланыш начар болгон. Чынын айтыш керек, ал жактын эли өзү менен эле өзү оокат кылып жүрө берген эл болгондуктан, чынында мурдагы бийликтер карабай коюшуптур. Күйгөнүм, жок эле дегенде, Бишкектин төрттөн бириндей болгон Нарын шаарынын тазалыгы менен тартиби колго алынган эмес. Мен алгач бардык аймактарды таанышуу иретинде кыдырып чыгып, абалды толук түшүндүм дагы, ишти жумушсуздукту жоюудан баштасам, калганы ордуна келерин түшүндүм. Өкмөттүн көзүн карап эле, жумуш бер, акча бер деп отура бергенден эч пайда болбосу белгилүү болгондуктан, өзүмдүн алдыма ошол 11000ден ашуун жумушсуздарды, анын ичинде басымдуу бөлүгү болгон жаштарды жумуш менен камсыз кылуу максатын койдум. Ал үчүн ириде инвестиция тартып, ишканаларды ачып, жумушчу орундарын түзүү керек. Бизде инвестиция десе эле Кытайдан же Россиядан, же дагы бир чет өлкөлөрдөн жардамдын келишин түшүнүшөт. Жок, бизде азыр ички инвестициянын чоң потенциалы бар. Ошондуктан мен Кыргызстандагы ири компанияларга, ишкерлер жамаатына кайрылып, Теңиртоону көтөрөлү, кол кабыш кылгыла деген сунушту айтып, Нарында чоң бизнес-форум өткөрдүм. Чынын айтыш керек, Кыргызстандагы ташы өйдө кулаган, ал тургай Россияда ишканалары бар ишкерлердин арбыны Нарындан чыккандар. Алар бул сунушка макул болуп, биздин демилгени колдоп беришти. Анткени, буга чейин жергиликтүү бийликтерге, аким, губернаторлорго элдин да, ишкерлердин, инвесторлордун ишеничи аз болгон. Түшкөн каражаттар кимдир бирөөнүн эле чөнтөгүнө түшүп кетеби деген шектенүүлөр болгон да. Ошол бизнес-форумда биз ишкерлерге 32 социалдык долбоорду сунуштап, анын ичинен 19 долбоор жактырылган болчу. Азыр сентябрга карата 14 долбоор иш жүзүнө ашты. Бул чоң жетишкендик.
- Ишке ашкан долбоорлорду айтып кетсеңиз?
- Мен өзүм демилгечи катары, өзүмдүн каражатым менен Нарын шаарындагы "Алма бак" аталган 4 гектар паркты кайрадан калыбына келтирдим. Ал жерге үйбүлөлүк эс алууга эмес эле, арак ичкенге, карта ойногонго эле келбесе, эч ким деле келбей калыптыр. Ошондуктан биз бул паркты тазалап, гүлдөтүп, ар кандай эс алуунун шарттарын түзүп бердик. Мындан тышкары шаарда жаштар дээрлик бош жүрөт. Боштук албетте, ар кандай терс көрүнүштөргө түрткү болот эмеспи. Андыктан аларды спортко тартуу максатында шаарга атайын футбол аянтчасын заманбап шартта куруп бердик. Азыр карылар да, жаштар, окуучулар да үч смен менен футбол ойноп, ден соолуктарын чыңдап жатышат. Мен өзүм дагы эс алуу убактыларында жаштар менен эл катары футбол ойноп калам. Мындан тышкары, Исмайылов Алтынбек аттуу курулушчу досум өз каражатынан 500 000 сом бөлүп берип, биз ага Нарын шаардык ооруканасына кардиофизер деген аппарат сатып алдык. Мурда мындай аппарат болбогондуктан, оорулууларды текшерүү, дарылоо кыйынга турчу. Ошондой эле кыргыз хоккейинин мекени болгон Нарынга кышкысын хоккей аянтчасын курууну демилге кылганбыз. Бул ишти депутат Канат Исаев колго алып, азыр суу ташуучу жаңы унааны белек кылды. Биз болсо, шаардан жер бөлүп берип жатабыз. Буюрса кыш айларында, Нарын шаарында заманбап хоккей аянтчасы калкка кызмат кылмакчы. Ошондой эле "Мегаком" компаниясынын жардамы менен шаарга Түркиядан кубаттуу, заманбап нан жабуучу техника алынып келинип, кызмат кыла баштады. Биз бул цехти шаардык муниципалдык кызматка өткөрүп бергенбиз. Азыр мектеп, оорукана, интернаттарды нан менен камсыз кылууда. Ал жерден чыккан нан базардагыдан дээрлик 2 сомго арзан. Мындан тышкары "Аю" компаниясы Ат-Башы районуна бир кичиавтобус алып берди. Себеби ал жакта бир айылдын окуучулары 10 чакырым алыстыкта жолду жөө басып, экинчи айылдан окушчу. Азыр ал жерде автобус кызмат кылып, келечек ээлери болгон окуучуларды мектепке жеткирип, алып кетип жатат. Айтор, ар бирин санап отурсак көп сөз болоор, жакшы жылыштар болду. Нарын шаарынын ички жолдору жасалып, көчө чырактары коюлуп, таштанды төгүүчү атайын контейнерлер уюштурулду. Шаардагы жападан жалгыз коомдук мончону евроремонт жасап, ишке бердик. Учурда "Аю" компаниясы спорт залдын курулушун баштаганы турат. Мындан тышкары Нарын шаарындагы таза суу маселесин чечип алдык.
- Нарында өндүрүштүн ахыбалы кандай?
- Нарында иш алып барып жаткан 37 ишкана бар. Арасында көмүр казган, алтын казганы да бар. Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин демилгеси менен биз инвест-форум өткөрүп, ишканаларыбызды калкка жардам берүүгө макул кылдык. Ошону менен Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ошол ишканалардын кирешесинен пайыздык өлчөмдө фондго түшүп турмакчы. Азырынча фондго ай сайын 250-300 миң сом түшөт экен, бул биздин эл үчүн жакшы каражат. Буюрса, көп көйгөйлөрдү мамлекеттик казынадан акча сурабай эле, өзүбүздүн фондубуз аркылуу чечүүгө болот. Менин сүйүнгөнүм, ошол ишкерлер биздин сунушту өз ыктыярлары менен колдоп, элге каралашууга даяр экендигин билдиришкени болду.
- Мурдагы бийликтер Нарынды карабай коюптур дедиңиз, азыркы бийликтин жардамы кандай?
- Азыркы бийлик, Өкмөт Нарынга эле эмес, жалпы элге жакшы эле жардам кылып атканын көрүп турабыз го. Айталы, жазында өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев иш сапары менен келгенде көп маселелерибизди чечип кеткен. Анын жардамы менен 162 миллион сом мамлекеттик казынадан Нарынга өз убагында бөлүнүп берилип, биз мектеп курдук. Мурда беш-он жылдап бир мектеп ачышса, биз бир жыл ичинде Нарын облусунда алты мектеп куруп, ишке берип жатабыз. Бул бизде иш ыргагы менен жүрүп жатат дегенди билдирет. Ошондой эле балабакчалар, ФАПтар,клуб, коомдук мончолордон жалпысынан 30га чукул объект курулуп бүттү. Өкмөттүн жардамы менен дыйкандарыбыз 9 пайыздык насыяларды алып, жазында эгин эгишкен. Жалпысынан биз 60 миллион насыя алганбыз. Быйыл Теңиртоонун элине жаратылыш да жакшы жардам берип, жазгысын жаанчыл, күзгүсүн кургак, жылуу болуп, эмгектенгендердин акыбети кайтып турган чак. Азыр бизде алгачкы жыйынтыктар жакшы, дыйкандар 45-50 центнерден түшүм алып жатышат. Октябрь айын ортолоп, жыйынтык чыгарып, түшүм майрамын өткөрөбүз.
- Ошондо жалпысынан жыл ичинде Нарын облусуна канча акча жумшалды?
- Мен Өкмөттөн келген жардамдарды эле айтайын, жыл башынан бери бизге 230 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп келди. Мунун ичинен 57 миллион эл аралык уюмдар жардам берди. Мисалы, биздин демилгебиз менен Жапон элчилиги жардамга келип, "Жайка" уюму аркылуу 125 000 долларга Ат-Башы районундагы мектептерге инвентарлар алынып берилди. Нарын шаарына болсо 55 000 доллар өлчөмүндө инвентарларды алып беришти.
- Айылдарды өнүктүрүү ишинде кандай жаңылык?
- Мен жана башында айткандай бийликтин элге болгон түз мамилесин көргөзүп атабыз. Жалпы команда ошол максат менен иштеп, азыр ар бир айылдын өнүгүшү боюнча пландар түзүлгөн. "Ааламга кетчү жол айылдан башталат" деген атайын программанын алкагында семинарларды өткөрүп, иш-тажрыйбалар менен бөлүшүп, социалдык объектилерди чекесинен ишке берип жатабыз. Мына жакында Өкмөт башчысы жазында тапшырган иштин жыйынтыгын көргөнү келгенде, Жумгал районунда эки объектини ишке берип, биз семинарды аяктайбыз. Бийлик болгону ишти уюштуруп, шартты түзүп, колдоону өз убагында көрсөтүп бериши керек. Биз ушул максат менен иштеп, элдин ишеничин жандырдык. Мисалы, айыл өкмөттөрүн ишке кызыктырып, стимул берүү максатында атайын конкурс уюштурулду. Эң мыкты иштеген айыл Өкмөткө мен өз каражатымдан 7300 долларга автоунаа белек кылам. 2-орунду алган айыл Өкмөткө Дубайга эки адамга эс алуу жолдомосун "Кыргызстан аба жолдору" компаниясы белек кылат. 3-4-5-орунду алган айыл өкмөттөр да акча каражаттары менен сыйланат. Азыр ушул конкурска атаандаштык күч алып, иштин майын чыгарып жатышат. Бул да болсо бийликтин ишти уюштура билгени десек ашыкча болбос.
- Нарында 6 ай кыш болот. Даярдык кандай?
- Ооба, бизде кыш кычырап катуу болот. Ошондуктан биз ала жаздан эле кийинки кыштын камын жейбиз. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан бюджеттик мекемелерге отун даярдоо боюнча каражат өз убагында келип түшүп, биз 15 миң тонна көмүрдү керектөөчү жерлерге түшүрүп бердик. Негизинен 22 миң тонна бюджеттик мекемелерге керектелет. Демек, биз 1-октябрга чейин 100 пайызга камсыз кылабыз. Ошондой эле калкка 20 миң тонна көмүр керек, аны ноябрга чейин ташып келебиз деген план койгонбуз. Быйыл көмүр дагы жакшы сапатта экендиги бизди сүйүндүрүп жатат. Баасы болсо дээрлик өткөн жылдагыдай эле.
Ошондой эле быйыл Нарын шаарында кышкыга даярдык катары биринчи жолу айыл чарба жарманкеси уюштурулат. Октябрь айынын 12синен 15ине чейин жарманкеде жашылча-жемиш азыктары, эт, сүт азыктары арзан баада калкка сунушталмакчы.
- Нарын облусунда үч талаш маселе-Торугарт бажысын жылдыруу, Жетимтоо, Сандык кендерин кытайларга берүү жана Солтон-Сары алтын кенинин айланасындагы маселелер маал-маалы менен коомчулукка угулуп турат. Бул боюнча Нарындын бийлигинин позициясы кандай?
- Мен ачык эле айтайын, өзүм Арпа, Аксайды аралап, Торугарттын өзүндө болуп келдим. Чек ара жылат деген болбогон сөз. Бир кадам жылдырылбайт! Тескерисинче, биз ошол жакты чыңдаганга аракет жасап, чек арачылардын шартын жакшырталы деп жатабыз. Жайлоо, кыштоодогу 500гө чукул малчылар менен жолугуп, ошол жактагы чек арачыларга жардамдашууну сүйлөшүп келдим. Ал эми Сандык, Жетимтоо маселелери да болбогон кеп. Бул саясий ушак. Мага оозеки да, кагаз түрүндө да бул маселелер боюнча эч ким эч нерсе айткан жок. Өкмөт да андай маселени алдыма кое элек. Демек, кооптонуунун кереги жок. Ал эми Солтон-Сарыдагы алтын кени боюнча өз иликтөөбүздү жүргүздүк. Бул жакта да жашыра же корко турган маселе жок. Алтын казуу мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Маектешкен
Тынчтык Алтымышев