Шайлоо шорубуз болобу, же бактыбызбы?

Кыргызстан тагдыр чечер мезгилде жашап жатат. Президенттик шайлоонун тагдыры кандай чечилери, кимисинин ооматы келип, кимиси мамлекет башына келери азырынча белгисиз. Бирок, "сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей, эки экс-президенттин берген ысык шорпосун ичип, шору кайнаган Кыргызстан жана анын эли президенттикке талапкерлердин саны 83кө жетсе да, кимисине ишенерин билбей, жон терисинен ысык буу чыгып туру.

... Акыркы жыйырма жылда Кыргызстанды кызылдай эле жешкен экен. Анын баары "Кыңыр иш кырк жылда" дегендей эле, эми гана ачыкка чыгып олтурат. Карандай калп деген сөз болбосун үчүн, бирин-экин мисалдарды айта кетели. Акаев мезгилинин көзгө көрүнгөн долбоорлорунун бири Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо болду. Өз кезегинде, Акаев ар бир жыйын, курултай сайын мисалдаган бул долбоорду ишке ашырууга чет өлкөдөн олчойгон кредит алынып, 380 млн. АКШ доллары жумшалган. Эми бүгүн эксперттер эсептеп чыгып, Акаев мырза 380 млн. доллар жумшаган Бишкек-Ош жолун ашып баратса, 120 млн. АКШ долларына реконструкцияласа болмоктугун айтып жатышат. Анысы ал, долбоордун сметасын 60%га көп түзүп, аны кулкунга уруп ийгенине ыраазы болбой, бу жарыбагырлар жолдун курулушуна ары-бери барып-жүрүп, ачкалыгынанбы, же ачкөздүгүнөн уламбы, асфальттан да нанга сүйкөп жешсе керек. Бүгүн Бишкек-Ош жолу четинен кетилип, тигишинен ыдырап сөгүлгөн көйнөктөй айрылып баратат. Арадан болгону беш-он жыл өттү. Дагы бир-эки жылда жолго жамаачы салып, жамай баштабасак болду.
Эгер, ал бийлик ыйманын, абийирин жеп, элдин, мамлекеттин ашына ачкөз колдорун салбаганда, 380 млн.АКШ долларына Кыргызстандын бүтүндөй стратегиялык маанидеги жолдорун реконструкциялап койсок болмок окшойт. Акаев бийлиги, анын сүйүктүү жан-жөкөрлөрү эл ары-бери тынымсыз каттаган кан жолго чыпалагын, же баш бармагын эле салбай, кош колун билегине чейин матырып, ага да ыраазы болбой башын да салып, сугунуп ийгенин карабайсыздарбы! Ушундан улам, суроо жаралат, адам акыл-эси, колу менен кылганды мойну менен тартыш керек десек, анда Бишкек-Ош жолундагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануучулук, мамлекетке көп суммадагы зыян келтиргендиги үчүн, мамлекеттик кылмышы үчүн кимдер жооп бериши керек??? Акаевби, же анын тегерегиндегилерби? Бишкек-Ош жолун реконструкциялоого түздөн түз катышы бар адамдарбы? Биздин оюбузча, бул суроо күнөөлүүлөр табылмайын, ачык бойдон кала берет. Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо үчүн алынган 380 млн.АКШ долларын мамлекет өз чөнтөгүнөн төлөп жатат. Мамлекет башындагылар өздөрү мамлекетке мына ушунча чыгым апкелип, элди, мамлекетти төлөмөр кылбаса, ал акчалар бүгүн мугалимдердин, врачтардын айлык акыларын көтөрүүгө жумшалып, пенсионерлердин жарыбаган пенсиясын көтөрүүгө тыгынчык болмок.
Эксперттердин айтымында, Кыргызстан жыйырма жылда 3 млрд. АКШ доллары айланасында кредит алса, анын 20-25%ы гана пайдалуу жумшалыптыр. Калганы коррупциялык схемалар менен мамлекет башындагылардын жана алардын айланасындагылардын кулкунуна кеткен. Дагы бир мисал. Акаев мырза "Манас" аэропортун эл аралык статусу бар аэропорт кылабыз деп эле бакылдап жатчу. Ошентип, кылым курулушун куруп жаткансып, "Манас" аэропортун реконструкция жасадык. Аны реконструкциялоого эле 300 млн.АКШ доллары кетти. Ошентип, аэропорт реконструкциясы бүткөндө, бал тилге салынып, эмне деген гана сөздөр айтылган жок. "Манас" аэропортун реконструкциялаган Аскар Акаевди Манаска салыштырып салдык. Ошол эле учурда, кошуна казак агаиндер кыйкырып, ызы-чуу жасабай эле, Алматыда "Манас" аэропортундай аэропортту 80 млн. АКШ долларына куруп коюшту. Комментарий керекпи? Албетте, жок. Бирок, ошондой болсо да, айта кетели. Эгер, бийликте, ыйман болсо, абийир болсо, элди ойлосо, "Манас" аэропортуна чыгымдалган 300 млн.АКШ долларына Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларындагы аэропортторду да эл аралык мааниге ээ болгудай кылып, реконструкция жасап койсо болмок. Бирок, ата-бабалары жалаң ачкачылык менен ачарчылыкты башынан кечиргендей болгон азаматтар ушул биз мисал тарткан эки долбоор менен эле мамлекетти 680 млн.АКШ долларына карызга олтургузуп кетишти.
"Манастын арбагы ургурлар" дегендер антип, өздөрү беттерин крокодилдикиндей кылып, "Манастан" да жешкенин эмне менен түшүндүрүүгө болот? Эч нерсе менен. Мамлекетти, элди тоногон, чылгый карызга олтургузган долбоорлорду четинен эле тапса болот. Элдин эсинде болсо керек, айыл чарбасын талкалап, агрардык реформа жүргүзгөн мамлекет башындагылар анан эле бир маалда чуулдап чыгышты, Австралиядан кочкор апкелебиз дешип долбоор жазышып. Кийин, ал айткан австралиялык кочкорлор да келди. Кочкорлорду ким тандап, ким апкелгени эсибизде жок, анын жарымы "импотент" болсо, жарымы сифилис экен. Анүчүн деле эч ким жооп берген жок. Арийне, акыр аягы мына ушул чарбасыздык, кыянатчылык, кызмат абалынан пайдалануучулук, карөзгөйлүк, мамлекеттик деңгээлдеги кылмыш иштери үчүн ким-бирөөлөр жооп бериши керек болчу. Бирок, тилекке каршы, мамлекеттик чиновниктер мамлекеттик маанидеги кылмыштары үчүн алигиче жооп берише элек. Карга карганын көзүн чукубайт болуппу, же колу жетпейби, азыркы бийлик бул маселени күн тартибине кабыргасынан кое элек. Ал ортодо мамлекеттик кылмышкерлер мамлекеттик кызматтарда тайраңдап, дагы эле өз билгенин кылып, өтүктөрүн төргө илип жүрү.
Мамлекеттик жооптуу кызматта туруп, мамлекет үчүн, эл үчүн кызмат кылбай, мамлекеттик деңгээлде кылмыш жасап, анүчүн тийиштүү жооп бербесе, анын өзү андай мамлекеттик деңгээлдеги кылмыш иштеринин тенденцияга айланышын жаратат. Бул өтө коркунучтуу.
Кыргызстанды жана анын элин тебелеп-тепсеп, башка мамлекеттердин алдына басып берүү, башкаларга экономикалык жактан көзкаранды кылуу, элибиздин айкөлдүгүнөн пайдаланып, өз каалаганын жасай берүү акыркы жыйырма жылда кыргыз бийлигинин кредосуна айланган эле. Мындай кыянаттык эми токтоор бекен, бүгүн маселе ушунда турат. Жогорудагы мамлекетти 680 млн.АКШ долларына олтургузуп кеткен эки долбоорду ошон үчүн мисал келтирдик. Президенттик шайлоо алдында, ар бир адам мына ушуну ойлонушу абзел. Ач курсак тоюнат, жыртык кийим бүтөлөт, шайлоо алдында талапкерлер тараткан миң сом, эки миң сом шайлоонун тагдырын чечпеш керек. Эртеби-кечпи, ал бир миң, эки миң сомдор татыксыз, жарамсыз мамлекет башчысын шайлап алсак, кайра эле мамлекетке, элге миллиондогон, миллиарддаган чыгымдарды апкелип, өзүбүздүн эле шорубузга айланат. Кокту-колоттук саясат да мында башкы орунда турбаш керек деп ойлойбуз. Анда эле, өз кендирибизди өзүбүз кескен болобуз. Күнүмдүк кызыкчылыктарга алданып, мурдагы мамлекет башындагылардын жолоюн кайталай тургандарды президент шайлай турган болсок, анда өз шорубуз өзүбүздө. Анда эле, Кыргызстандын келечегине балта чаап, эл караган бетибиз жер караганы.
Бүгүн Кыргызстанды бүт дүйнө карап турат. Экс-президенттер А.Акаев менен К.Бакиев да мыйыгынан жылмайып, Кыргызстан жана анын эли дагы бир жолу шорлоп калса деп, табалаганы даярданып туру. Эл намысына келип, намысын колдон чыгарбай, татыктуу мамлекет башчысын шайлар алар бекен? Бүгүн биздин жүрөгүбүздү өйүгөн дал мына ушул маселе. Кыргызстанга анын карапайым эли күйбөсө, анүчүн күрөшпөсө, көпөлөк кыздардан бетер жеңил этек болуп, кимдин ооматы келсе, ошону ээрчип, жалпалактап алардын алдына төшөктөй жайылып, же камчысын чаба берген кыргыз саясатчыларына ишенич да, үмүт да жок.
Бек Мамашов